Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген |
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1946-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) артыкчылыктар жана кол тийбестик жөнүндө Конвенциясынын жоболоруна, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн (мындан ары - "Өкүлчүлүктөр" жана "Мекемелер") кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде (мындан ары - ТИМ) аккредитациялоонун тартибин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1. ТИМде төмөндөгүлөр аккредитацияланууга тийиш:
а) чет мамлекеттердин дипломатиялык Өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык, администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
б) чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
в) БУУ системасынын эл аралык уюмдарынын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, башка эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана башка аларга теңештирилген Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, анын жоболору менен мындай адамдарга тийиштүү көлөмдө артыкчылыктар жана кол тийбестикти берүү каралган эл аралык келишимдердин негизинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
г) өз ара мамиле принцибинин негизинде чет мамлекеттердин соода Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери;
д) Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна ылайык мындай адамдарга тийиштүү көлөмдө артыкчылык жана кол тийбестик берүү каралган өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлери;
е) чет мамлекеттердин ардактуу консулдары.
2. ТИМ жылына кеминде эки жолу Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин тизмесин 2-тиркемеге ылайык формада төмөндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен түзөт:
- кызматтык байланыш маалыматтары;
- кызматкердин аты-жөнү;
- ээлеген кызматы;
- функционалдык милдеттери;
- титул, рангы (эгер бар болсо);
- жарандыгы/үй-бүлөлүк абалы (аты-жөнүн жана туугандык даражаларын көрсөтүү менен);
- өлкөгө келген датасы;
- жашаган жеринин дареги.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана Өкүлчүлүктөрдө жана Мекемелерде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок адамдар, ардактуу консулдардан башкалар, ТИМде аккредитацияланбайт.
4. Мекемелердин жана Өкүлчүлүктөрдүн укуктук статусу Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат.
5. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү жеке маалымат купуялуу болуп саналат.
6. ТИМде аккредитациялоо эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
7. Анкетада билип туруп анык эмес, жалган жана толук эмес маалымат берүү документтерди аккредитациялоого кабыл алуудан баш тартууга алып келет.
8. ТИМ аккредитациялоодон баш тартуунун себептерин көрсөтүүгө милдеттүү эмес.
9. Аккредитациялык карточка ТИМдин жеке менчиги болуп саналат жана башка адамдарга өткөрүлүп берилбейт, ошондой эле аккредитациялоонун мөөнөтү (иштөөсү) бүткөндө, узартууда же Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясы аяктаганда милдеттүү түрдө ТИМге өткөрүлүп берилиши керек.
2. Аккредитациялык карточкалардын категориялары
10. Аккредитациялык карточкалар 4 категорияга бөлүнөт:
1) "D" дипломатиялык карточка;
2) "С" консулдук карточка;
3) "Т" техникалык карточка;
4) "О" кызматтык карточка.
11. "D" дипломатиялык карточкасы төмөндөгүлөргө берилет:
- 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык персоналдарынын мүчөлөрүнө жана алар менен чогуу жашаган (дипломатиялык паспорту бар) үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктар жана кол тийбестик жөнүндө Конвенциясына ылайык, статусу дипломатиялык агенттердин статусуна теңештирилген БУУнун мекемелеринин Өкүлчүлүктөрүнүн жогорку кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (БУУнун паспортуна ээ болсо);
- эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн жана статусу Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык аларга теңештирилген, 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык статусу дипломатиялык агенттердин статусуна теңештирилген Өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө.
12. "С" консулдук карточкасы төмөндөгүлөргө берилет:
- 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык консулдук мекемелердин консулдук жогорку кызмат адамдарына жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө (дипломатиялык паспорту болсо);
- 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык чет мамлекеттин ардактуу консулуна (чет мамлекеттердин Ардактуу консулунун үй-бүлө мүчөлөрүн жана Ардактуу консулдуктун башка кызматкерлерин кошпогондо).
13. "Т" техникалык карточкасы төмөндөгүлөргө берилет:
- 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык персоналдарына жана алар менен чогуу жашаган (кызматтык паспорттору болсо) үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык консулдук кызматкерлерге жана алар менен чогуу жашаган (кызматтык паспорттору бар болсо) үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн администрациялык-техникалык персоналдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине;
- 1961-жылдагы дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына жана 1963-жылдагы консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин тейлөөчү персоналдарына (кызматтык паспорту болсо).
14. "О" кызматтык карточкасы төмөндөгүлөргө берилет:
- 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктар жана кол тийбестик жөнүндө Конвенциясына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык БУУнун мекемелеринин Өкүлчүлүктөрүнүн жогорку кызмат адамдарына жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө (БУУнун паспорту бар болсо);
- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдардын, ошондой эле аларга теңештирилген Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин соода Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине (дипломатиялык же кызматтык паспорттору болсо);
жана/же өз ара мамиле принциби боюнча.
3. Аккредитациялык карточкаларды берүүнүн тартиби
15. Аккредитациялоодо аты-жөнү, кызматы, берилген датасы, анын жарактуулук мөөнөтү жана берилүүчү артыкчылык жана кол тийбестик көлөмү көрсөтүлгөн аккредитациялык карточка берилет.
Аккредитациялык карточкалардын категорияларынын сүрөттөлүшүн ТИМ бекитет.
16. Аккредитациялоо үчүн ТИМге төмөндөгүдөй документтер берилет:
- Өкүлчүлүктүн же Мекеменин аккредитациялоо же анын мөөнөтүн узартуу өтүнүчү жазылган нота же кат;
- паспорттун 2 көчүрмөсү (аккредитациялануучу адамдын паспортунун жарактуу мөөнөтү 6 айдан кем болбошу керек);
- кирүү визасынын 2 көчүрмөсү (визалык режим учурунда);
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз берүүчү, Өкүлчүлүктөрдүн же Мекемелердин жетекчиси тарабынан кол коюлган жана Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн 2 анкета;
- фону ак түстө, 2x3 см өлчөмүндө, жылмакай кагазда, электрондук форматын тиркөө менен, түстүү 3 фотосүрөт (көз айнексиз);
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин жубайлары үчүн нике күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же чогуу жашагандыгын тастыктоочу башка тийиштүү документ;
- кызматкерди алмаштыруучу кызматкердин аккредитациялык карточкасы (биринчи жолу аккредитациялоодо);
- мурун берилген аккредитациялык карточка (мөөнөтүн узартууда);
- консулдук патенттин же экзекватуранын түп нускасы жана көчүрмөсү (1-пункттун "е" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар үчүн).
17. Документтерди кароо жана аккредитациялык карточканы берүү ички Нускамага ылайык 14 иш күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
18. Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкеринин кызмат орду жоюлган, же ал кол тийбестикти жоготкон учурда аккредитациялык карточкалар ТИМге кайтарылып берилүүгө тийиш.
19. Кызматкерлеринин кызматтык абалы өзгөргөн учурда Өкүлчүлүк же Мекеме бул тууралуу маалыматты 10 иш күндүн ичинде ТИМге билдиришет.
20. Ушул бөлүмдө каралган аккредитациялык карточкаларды берүүнүн тартиби Өкүлчүлүктүн же Мекеменин кызматкерлери менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү. 18 жаштан жогорку балдарына өз ара мамиле принцибинде жыл сайын узартуу мүмкүндүгү менен 1 жылдык мөөнөткө аккредитациялык карточка берилиши мүмкүн.
21. ТИМде өз ара мамиле принцибин эске алуу менен, Кыргыз Республикасында туруктуу орунга (резиденциясы) ээ эмес чет мамлекеттердин Өкүлчүлүктөрүнүн 3төн ашык эмес кызматкери, Өкүлчүлүктүн башчысы жана аскердик атташе (полиция атташеси) кошо аккредитацияланат.
22. Визасыз режим колдонулуучу чет мамлекеттердин жарандары, эгерде алар бул Жобого ылайык аккредитацияланууга жатпаса, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарымдуу мамлекеттик органдарда белгиленген тартипте катталышат.
4. Аккредитациялоонун мөөнөттөрү
23. "D" дипломатиялык карточкасы эгерде кайрылууда андан аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
- "С" консулдук жана "Т" техникалык карточкалар 2 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
- "О" кызматтык карточка 1 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
Аккредитациялык карточканын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга бир ай (30 календарды күн) калганда ТИМ анын жарактуулук мөөнөтүн узартуу тууралуу маселени карайт.
24. Аккредитациялоо 6 айдан ашык мөөнөткө каралат.
25. Аккредитациялык карточка жоголгон учурда же аны жараксыз абалга алып келгенде Өкүлчүлүк же Мекеме бул тууралуу 5 иш күндүн ичинде ТИМге кабарлайт.
26. Аккредитациялык карточканын жоголгондугун тастыктаган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тийиштүү документтерин тиркөө менен, ошондой эле табылган буюмдар бюросунан берилген маалымкаттын негизинде аталган кабар алынгандан кийин 30 иш күндүн ичинде аккредитациялык карточканын дубликаты берилет.
|
| Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
АНКЕТА
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин ТИЗМЕСИ
Өкүлчүлүктүн/Мекеменин аталышы Дареги (өлкө, шаар, көчөсү, үй №, почта индекси жана е-mail дареги) Телефон жана факстын номери | |||||||
№ | Кызматкер дин аты-жөнү | Ээлеген кызматы | Функционалдык милдеттери | Титул, ранг (эгерде бар болсо) | Жарандыгы/Үй-бүлөлүк абалы (Аты-жөнүн, туугандык даражасын көрсөтүү менен) | Кыргыз Республикасына келген датасы жана Өкүлчүлүктө иштөөсүнүн болжолдуу мөөнөтү | Жашаган дареги (факты жүзүндө) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|