Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
8-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана
финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары-МБК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МБК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МБК Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары-Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү статусунда иштеген, Кыргыз Республикасындагы бажы иштерине тикеден-тике жетекчиликти жүзөгө ашырган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларына жана куралдуу укук коргоо органынын статусуна ээ болгон аткаруучу бийликтин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МБК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МБК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
6. МБК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачылган эсептери болот.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы”;
- расмий тилде: “Государственная таможенная служба при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
8. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “МБК”;
- расмий тилде: “ГТС”.
9. МБКнын жайгашкан жери: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 4а.
2. МБКнын максаты
10. МБКнын максаты болуп бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу эсептелет.
3. МБКнын милдеттери
11. МБКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) тышкы экономикалык иш субъекттери үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттар аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү;
2) мамлекеттин экономикасына инвестицияларды көбөйтүүгө өбөлгө түзүүчү бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу;
3) бажы мыйзамдарын өркүндөтүү жана алардын аткарылышын камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүүдө мамлекеттик коопсуздукту, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
5) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы ишине тийиштүү бөлүгүн аткарууну камсыз кылуу.
4. МБКнын функциялары
12. МБК өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
а) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салуу функциялары:
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүлүүчү, анын ичинде эркин экономикалык зоналарынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдердин жана актылардын ченемдерин колдонууну камсыз кылат;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттар аркылуу өткөрүлүүчү товарларга, анын ичинде эркин экономикалык зоналарынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата бажы ишинин чараларын иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде ал чараларды ишке ашырууну уюштурат;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө бажы төлөмдөрүн бажы органдары тарабынан алууну уюштурат;
- өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында функциялардын кайталануусун жоюу жаатында мамлекеттик контроль жүргүзүүчү органдардын функцияларын координациялайт;
- бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн чараларды иштеп чыгат жана шарттарды түзөт;
- бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин жөнгө салат;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин жана бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдердин жана актылардын, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бирдей колдонулушун контролдойт;
- товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүүдө жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга бажы органдарынын катышуусун камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контролдоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарында салмак - көлөмдүк контролдоону жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар менен кызматташат жана өз ара аракеттенет;
- бажы иши чөйрөсүндө, анын ичинде бажы бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды аныктоо жана болтурбоо жаатында чет өлкөлөрдүн бажы жана башка компетенттүү органдары менен кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы иштерине тиешелүү бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылат;
- бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонуу практикасын жалпылайт жана талдоо жүргүзөт;
- чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан таризделген, бажы операцияларын аткаруу үчүн зарыл электрондук документтерди авторлоштурат жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын талаптарына жана эл аралык макулдашууларга ылайык электрондук кол тамганы чарба жүргүзүүчү субъекттин колдонуусунун укук ченемдүүлүгүнө шайкештигин ырастайт;
б) бажы статистикасын түзүү жана жүргүзүү функциясы:
- бажы иши жаатындагы статистикалык маалыматтарды жыйноо, иштеп чыгуу жана талдоо иштерин жүргүзөт;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдердин жана актылардын методологияга ылайык тышкы сооданын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынын атайын бажы статистикасын жүргүзөт;
- тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын расмий жарыялоону жүзөгө ашырат;
- Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү бажы укугунун мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзөт;
в) бажылык бузууларды, жоруктарды алдын алуу жана болтурбоо функциялары:
- бажы иши жаатындагы бузууларды, жоруктарды болтурбоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарда белгиленген тартипте, анын ичинде башка укук коргоо органдары менен бирдикте чаралардын тутумун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен жүргүзөт;
- мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында бажылык бузуулар, жоруктар жана кылмыштар боюнча маалыматтарды жыйнайт жана талдайт;
- бажы чөйрөсүндөгү бузуулар, жоруктар иштери өндүрүшүндө, изин суутпай-издөөнү жүзөгө ашырууда бажы органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдын ченемдеринин сактоосуна контроль жүргүзөт;
- бажы чөйрөсүндөгү бузуулар, жоруктар иштери өндүрүшү боюнча методология жүргүзөт;
- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
г) көмөкчү функциялар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы маселелери боюнча маалыматтар менен камсыздоо тутумун түзөт жана иши тышкы экономикалык иштин субъекттери жана алардын кесипкөй бирикмелери (ассоциациялары) менен консультативдик мүнөздөгү расмий мамилелерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жактардын арызданууларын жана кайрылууларын өз убагында жана толук кароону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумун түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
- башка мамлекеттик бийлик органдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүү жаатында кызматташууну жүргүзөт;
- бажы органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын түзөт жана өнүктүрөт;
- бажы органдарынын кадрдык ресурстарынын керектөө болжолун ишке ашырат;
- ички контроль тутумунун натыйжалуулугун жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, МБКнын компетенциясынын чегинде баалоонун натыйжалары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.
5. МБКнын укуктары
13. МБК төмөнкү укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдардан жана башка менчик түрүнө карабай юридикалык жана жеке жактардан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды суроого жана алууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бажы иши маселелери боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
3) бажы иши жаатында уруксат берүү жагындагы иш-чараларды жүргүзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин жүргүзгөн жактарды реестрлерге киргизүүгө жана алардан чыгарууга; квалификациялык күбөлүктү берүүгө, колдонууну токтотууга жана чакыртып алууга;
- бажы иши жаатында оперативдүү-издөө иштерин жүргүзүүгө;
- жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн функцияларын ишке ашырууга;
- эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүгө;
5) бажы ишине тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмелердин ишине катышууга;
6) Кыргыз Республикасына бажы ишине тийиштүү маселелерди чечүү үчүн келген чет мамлекеттик делегацияларды белгиленген тартипте кабыл алууга;
7) Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашырууга, белгиленген тартипте мүлктү, анын ичинде бажы органдарынын мүлкүн, МБКнын бажы кызматын өнүктүрүү фондун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактарды башкарууга жана тескөөгө;
8) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууга;
9) бажы иши маселелери боюнча консультациялык, координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;
10) бажы иши маселелерин чечүү үчүн илимий мекемелерди, илимпоздорду жана адистерди келишимдик негизде тартууга;
11) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары, чет өлкөлөрдүн бажы кызматтары, бажы иши чөйрөсүндөгү чет элдик мекемелер жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөгө жана кызматташууга;
12) бажы иши жаатында илимий жана изилдөө иштерин, министрликтер, ведомстволор жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен семинарларды өткөрүүнү уюштурууга, ошондой эле башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн семинарларга катышууга, өз тутумунда илимий-изилдөө мекемелеринин жана кесипкөй жана кошумча билим берүү окуу жайларынын иштөөсүн камсыз кылууга;
13) белгиленген штаттык сандын чегинде борбордук аппараттын жана ведомстволук бажы органдарынын түзүмүн түзүүгө, белгиленген тартипте аларды кайрадан түзүүгө;
14) бажы кызматынын тутумундагы кызмат адамдарын (мындан ары - кызматкерлер) жана жумушчуларды укуктук жана социалдык коргоо чараларын ишке ашырууга;
15) мыйзамдарда белгиленген акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө;
16) белгиленген тартипте кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана жүргүзүү;
17) кызматтык максаттарда маалыматтык тутумдарды, байланыш тутумдарын жана маалымат берүү тутумдарын, ошондой эле маалыматты коргоо каражаттарын пайдаланууга;
18) IT адистери менен келишимдин негизинде эмгек келишимдерин түзүү;
19) ички контроль тутумунун майнаптуулугун жана анын МБКнын максаттарына дал келүүсүн баалоого;
20) МБКнын укуктарынын чегинде чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, жана айрым документтерди Министрликтер менен макулдашуу боюнча иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;
21) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга жана МБКнын ыйгарым укуктарынын чегинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Министрликке кароого киргизүүгө;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Ишти уюштуруу
14. МБК төмөнкүлөрдөн турган борборлоштурулган системаны (бажы органдарынан) түзөт:
- борбордук аппараттан;
- МБКнын башкаруу схемасында аныкталган ведомстволук бажы органдарынан.
15. МБКны төрага башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри – экономика жана финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат (мындан ары – вице-премьер министри – экономика жана финансы министри).
Төрага түздөн-түз вице-премьер министр – экономика жана финансы министрине баш ийет.
16.МБКда төмөнкү кызматтар уюштурулган:
- вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри менен макулдашылып, МБКнын төрагасынын сунуштамасы боюнча төраганын биринчи орун басары, төраганын орун басарлары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалган жана бошотулган санариптик өнүктүрүү боюнча төраганын орун басары;
- тийиштүү чет мамлекеттин бажы кызматтары менен макулдашуу боюнча МБКнын төрагасы тарабынан дайындалган жана кызматтан бошотулган чет мамлекеттердин бажы кызматтарына караштуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын өкүлдөрү.
17. МБКнын төрагасы:
1) МБКнын жана бажы органдарынын иштерин бирдиктүү жетекчилик принцибинде башкарат;
2) МБКга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жооптуу болот;
3) МБКнын атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылат;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коет;
5) төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди жана функцияларды бөлүштүрөт;
6) МБКнын борбордук аппаратынын түзүмүн вице-премьер министри – экономика жана финансы министрине бекитүүгө берет;
7) белгиленген жалпы сандын жана эмгек акы фондунун чегинде төмөнкүлөрдү бекитет:
а) МБКнын борбордук аппаратынын штаттык ырааттамасын, ошондой эле борбордук аппараттын бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жоболорун жана функционалдык (кызматтык) милдеттерин;
б) ведомстволук бажы органдарынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын жана алар жөнүндө жоболорду;
в) МБКнын борбордук аппаратынын жана бажы органдарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын;
8) функционалдык (кызматтык) милдеттерине ылайык контракттардын негизинде борбордук аппараттын жетекчилерин жана кызматкерлерин, бажы органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
9) МБКнын тутумунда аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
10) МБКнын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүү жана бекемдөөгө карата, анын ичинде кызматтык имараттарды, дарылоо ден-соолукту чыңдоо объекттерин курууну каржылоону аныктайт;
11) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бажы органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат, белгиленген тартипте бажы органдарынын кызмат адамдарына жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамдарды ыйгаруу тууралуу сунуш киргизет;
12) МБКнын, бажы органдарынын өздүк курамын натыйжалуу пайдалануу максатында кызматкерлердин орун алмашуусун жүргүзөт;
13) белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана бажы органдарынын кызматкерлерин жана жумушчуларын, эл аралык уюмдардын жана чет элдик бажы органдарынын өкүлдөрүн сыйлайт;
14) кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуш киргизет;
15) МБКнын жана ведомстволук бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарын аттестациядан өткөрүү мөөнөтүн белгилейт.
16) МБКнын тутумундагы кызматкерлерге жана жумушчуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоолорду жана тартиптик жаза-чаралардын түрлөрүн колдонот;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Транзит боюнча улуттук координатордун милдетин аткарат;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырат;
18. МБКда 11 адамдан турган, курамында МБКнын төрагасы, төраганын орун басарлары, Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын алдындагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, Министрликтин өкүлү, ошондой эле МБКнын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бажы органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери кирген коллегия түзүлөт.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.
МБКнын коллегиясы тууралуу жобону МБКнын төрагасы бекитет.
19. МБКнын алдында бажы иши боюнча МБКнын алдындагы консультативдик кеңеш иштейт, анын курамы жана иши жөнүндө жобо МБК буйругу менен бекитилет.
МБКнын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.
20. МБКны каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен каралган булактардын жана каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
7. Корутунду жоболор
21. МБК өз иши тууралуу Министрликке отчет берет.
22. МБКнын иш планы вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.
23. МБКнын ишин кайра түзүү жана токтотуу мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
МБКнын иши токтотулгандан кийин, ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.