Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-декабры № 302
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134, 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 15-сентябры № 510, 2023-жылдын 17-февралындагы № 83, 2023-жылдын 29-мартындагы № 175, 2023-жылдын 16-майындагы № 263, 2023-жылдын 10-августундагы № 401, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 22-майындагы № 256, 2025-жылдын 25-мартындагы № 150, 2025-жылдын 12-июнундагы № 334, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
81) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башкаруу схемасы 81-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык.
10) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;
11) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын башкаруу схемасы 11-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2023-жылдын 16-майындагы № 263, 2025-жылдын 25-мартындагы № 150, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1, 5-пункттарындагы “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр “Финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:
– аталышындагы жана 1-пунктундагы “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр “Финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы”;
– расмий тилде: “Государственная служба финансовой разведки при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.”;
– 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кызматтын төрагасы Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”;
– 17-пунктунун 17-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17) Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кызматтын төрагасынын орун басарын кызмат ордуна дайындоого сунуштоо үчүн талапкерди киргизет;”;
– 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Кызматта төраганын эки орун басарынын кызмат орундары каралат, алар Кызматтын төрагасына түздөн-түз баш иет жана Кызматтын ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
Кызматтын төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасында:
“Министрлер Кабинетине” деген сөздөр “Финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 175 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
“34. Финансылык чалгындоо органынын төрагасы жана төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Финансылык чалгындоо органынын төрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы, жетекчилик кызматта 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, ошондой эле талапкерлерге карата ушул Убактылуу жободо белгиленген талаптарга ылайык адамдар дайындалат.
35. Финансылык чалгындоо органынын төрагасы жана төрагасынын орун басарлары ушул Убактылуу жободо белгиленген учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.”;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө жободо:
аталышындагы жана 1-пунктундагы “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр “Финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 96 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарбалык коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
81-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
11-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)