Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
16-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
“Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти
жөнүндө” жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин (мындан ары - Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин укугун улантуучу болуп саналат.
3. Департамент Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (курамында баалуу металлдар жана асыл таштар бар кендерди казып алуу жана баштапкы иштетүү менен байланышкан операцияларды эске албаганда), пайдалануу, жүгүртүү, эсебин жүргүзүү жана сактоо Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияны ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрликтин ведомстволук бөлүмү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу органы болуп саналат.
4. Департамент өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактардын бирикмелери жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен ишке ашырат.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, көзкарандысыз балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, типтүү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыначылыктын жеке эсептери бар.
Уюштуруу укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде менчиктөө, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”;
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Баалуу металлдар департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов”;
9. Департаменттин жайгашкан жери: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тазабек Саманчин көчөсү 6.
2. Департаменттин максаты
10. Департаменттин иш аракетинин максаты - баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (курамында баалуу металлдар жана асыл таштар бар кендерди казып алуу жана баштапкы иштетүү менен байланышкан операцияларды эске албаганда), пайдалануу, жүгүртүү эсебин жүргүзүү жана сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин негизги милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун жана Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарын толуктоону жана түзүүнү камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарынын сакталышын жана эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу ;
3) Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарларын алып чыгууда мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы ченемдердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердеги талаптарынын сакталышын камсыздоо;
5) баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сынамык алуу, анализдөө жана эн тамгалоо.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык баалуу металлдарды, баалуу таштарды жана андан жасалган буюмдарды Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондусунан чыгарат;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын инвентарлаштырууну өткөрөт;
- белгиленген тартипте конфискацияланган жана башка негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн баалуу металлдарды, асыл таштарды, андан жасалган буюмдарды жана кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, баалоону ишке ашырат;
- чийки зат түрүндө Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайга келип түшкөн кондициялык эмес баалуу металлдарды, алардан жасалган буюмдарды жана металл сыныктарын кайра иштетүүнү аффинаждоочу жана башка ишканалар менен келишимдик негизде жүргүзөт;
- ички өндүрүштө жасалган, ошондой эле сатуу үчүн сырттан алынып келинген баалуу металлдардын эритиндилеринен жасалган зергердик жана башка буюмдарды мамлекеттик эн белги менен эн тамгалоо, анализдөө жана сынамык алууну жүргүзөт;
- белгиленген тартипте баалуу металлдардын жана асыл таштардын экспорту, импорту боюнча лицензияларды алууга эксперттик корутунду даярдайт;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операциялар боюнча эсепке алууну жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчеттуулукту берүү тартибин иштеп чыгат;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын каттоого алуу жана каттоого коюунун тартибин иштеп чыгат;
- зер буюмдарын жана баалуу металлдардан жасалган башка буюмдарды жасоочулардын аттарын каттоонун жана эсепке алуунун (реестрдин) тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
- баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын жана башка буюмдарды жасоочулардын аттарын каттайт жана жүргүзөт (реестр);
- бекитилген тарифтерге ылайык баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардан жана башка буюмдардан сынамык алуу, анализдөө жана мамлекеттик сынамык эн белги менен эн тамгалоо үчүн сынам жыйымын алат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ченемдик жана башка маалыматтарды алмашуу аркылуу чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары менен эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде, мыйзам бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык мыйзам бузууларга карата жазаларды колдонуу жана мыйзамдын кошумча кесепеттерин колдонуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгуу үчүн сертификаттардын бланктарын эсепке алуунун, сактоонун жана эсептен чыгаруунун тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
- Кимберли процессинин сертификатынын бланктарын даярдоону, эсепке алууну жана сактоону жана эсептен чыгарууну ишке ашырат;
- Кимберли процессинин сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген алмаздарды ташып чыгууга сертификат берүү жана тариздөө тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
2) жөнгө салуу функциялары:
- буюмдарда, куймаларда, жарым фабрикаттарда, чөгүндү, тыйындарда ж.б. баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо үчүн экспертиза жана контролдук анализдөө жүргүзөт;
- зергердик буюмдарды жасоочулардын аттарына, мамлекеттик пробирдик эн белгилерге экспертиза жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иштетилбеген баалуу металлдарды, баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кендерди жана баалуу металлдардын жана баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарлардын концентраттарын чыгарууда баалуу металлдарды эсепке алууну ишке ашырат;
- мамлекеттик уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, ошондой эле менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюмдардан, ишканалардан өндүрүү, аффинаждоо, сатып өткөрүү жөнүндө белгиленген формалар боюнча, приборлордун, жабдуулардын жана реактивдердин күтүлүшү жөнүндө, металл калдыктары, түшүүлөр жана сарптоолор тууралуу, ошондой эле металл сыныктары жана металл калдыктары түрүндө кайра иштетүүгө тапшыруу жөнүндө белгиленген формаларда баалуу металлдар боюнча отчётторду кабыл алат жана талдоосун жүргүзөт;
- көрсөтүлгөн жактарды реестрге киргизүү үчүн жыйым алуу болжолдонбогон баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт.
- асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлды камтыган чийки зат товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө алып чыгууда Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик контролдоо актысын берет;
- Кимберли процессинин сертификациялоо схемасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетилбеген алмаздарды ташып чыгууга сертификат берет;
- кум түрүндөгү алтынды (алтын камтылган концентратты) сатып алууга, сатууга уруксат берет;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- баалуу металлдардын чен, стандарт жана стандарттык эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;
- баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды жана башка буюмдарды сыноо жана эн тамгалоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;
- чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдарынын эл аралык кайрылуусунун негизинде баалуу металлдар жана баалуу таштар, алардан жасалган зергер буюмдар (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу адамдардын ишине текшерүү жүргүзөт жана зарыл болгон учурда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу контролдук (көзөмөлдөө) ишин камсыз кылуу максатында аларга жардам берет;
- асыл таштарды аныктайт жана экспертиза жүргүзөт;
4) колдоо функциялары:
- баалуу металлдарга жана асыл таштарга жана аларды колдонуу менен даярдалган буюмдарга улуттук стандарттардын жана техникалык шарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- алтын кен казып алуучу тармакты, зергердик өндүрүштү өнүктүрүүнүн жана республиканын баалуу металлдар рыногун калыптандыруунун программаларынын долбоорлорун жана болжолдорун иштеп чыгууга катышат;
5) кызмат көрсөтүү функциялары:
- кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүчү бланктарды даярдоону, эсепке алууну жана сактоону ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
5. Департаменттин укуктары жана жоопкерчилиги
13. Функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алууга;
2) баалуу металлдар, асыл таштар менен болгон операциялар чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Министрликке киргизүүгө;
3) бекитилген сметанын чегинде негизги фонддорго таандык болгон жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды жеткирип берүүгө чарбалык келишим түзүүгө;
4) Министрлик менен макулдашуу боюнча, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди, макулдашууларды жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте кол коюуга катышуу;
5) Департаменттин ишине байланыштуу маселелер боюнча квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн адистерди иш сапарларына жана курстарга жөнөтүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары – Вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри) сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Департаменттин директору башкарат;
Департаменттин директору түздөн-түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш ийет.
15. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана өзүнүн ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
16. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишин уюштурат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жекече жоопкерчилик тартат;
2) белгиленген эмгек акы фондунун жана штаттык санынын чегинде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине бекитүүгө киргизет;
3) белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана жоопкерчилик чараларын белгиленген тартипте колдонот;
4) Департаменттин ишинин ар жылкы планын бекитет;
5) өз компетенциясынын чегинде жогору турган органдарда кийин макулдашуу менен иш үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат.
17. Департаменттин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген дагы башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
18. Департаменттин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитилген штаттык бирдиктин жана эмгек акы фондунун чегинде вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри бекитет, ал департаменттин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директордун дайындалышы Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
7. Корутунду жоболор
19. Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
20. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
21. Департаменттин ишин токтотууда, анын иш аракетинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.