Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
17-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар департаменти жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин (мындан ары – Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин укуктук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, мамлекеттик сатып алуулар системасын жөнгө салууну камсыз кылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Департамент ушул Жобо менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет.
5. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык тутумунда жана коммерциялык банктарда алыш-бериш эсеби бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам башкаруу укугун ишке ашырат.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент государственных закупок при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Мамлекеттик сатып алуулар департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент государственных закупок”.
9. Департаменттин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2. Департаменттин максаты
10. Департаменттин максаты мамлекеттик сатып алуулар системасын жөнгө салуу болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин милдеттери:
1) мамлекеттик сатып алуулардын максималдуу үнөмдөөлүгүн, натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;
2) мамлекеттик сатып алуулар процессинде жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана катышуусун кеңейтүү;
3) бардык жеткирүүчүлөргө (подрядчыларга) жана консультанттарга карата адилеттүү, бирдей жана калыс мамилени камсыз кылуу;
4) сатып алуучу уюмдарга усулдук жана консультативдик жардам көрсөтүү.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү, анын ичинде сатып алуу тартибин жана жол-жоболору, келишимдерди түзүү жана аларга ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана Министрликке киргизүү;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды топтоо жана мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында (мындан ары – веб-портал) жайылтуу;
- Даттануулар жана нааразычылыктар боюнча Көз карандысыз Комиссиянын (мындан ары- Комиссия) катчылыгынын милдетин аткаруу;
- Комиссия тарабынан каралган даттанууларды веб-порталга жарыялоо жана Комиссиянын чечиминин аткарылышына байкоо жүргүзүү;
- мамлекеттик сатып алууларга катышкан сатып алуучу уюмдардан, жеткирүүчүлөрдөн (подрядчылардан) жана консультанттардан келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында, анын ичинде көз карандысыз комиссияга даттануу бергендиги жана анын каралышы үчүн электрондук каталогго мезгилдүү жазылуу үчүн төлөм түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын тийиштүү (депозиттик жана атайын) эсептерде топтоо жана башкаруу.
2) жөнгө салуу функциялары:
- сатып алуучу уюмдардын бирдиктүү республикалык реестрлерин, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдерди жана жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү;
3) координациялоо жана мониторингдөө функциялары:
- мамлекеттик сатып алуулар процессине аралашпастан, мамлекеттик каражаттардын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоо жана жөнгө салуу;
- мамлекеттик сатып алуулар боюнча бир айдын, кварталдын, жылдын ичинде сатып алуучу уюмдардын отчеттук маалыматтарын чогултуу жана талдоо, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алууга багытталган мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышына кварталдык, жылдык мониторинг жүргүзүү, ошондой эле каралып жаткан даттануулар жана кайрылуулар боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо;
4) колдоо функциялары:
- товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алууда сатып алуучу уюмдарга көмөк көрсөтүү, мамлекеттик сатып алуулар жаатында окутуу жана консультациялык жардам көрсөтүү;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сатып алуучу уюмдардын жана жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын кайрылууларына расмий жоопторду берүү;
5) кызмат көрсөтүү функциялары:
- веб-порталды жана веб-порталдын электрондук каталогун коштоо, өркүндөтүү жана башкаруу.
5. Департаменттин укуктары
13. Функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик же муниципалдык органдардан, кызматтардан, фонддордон жана ишканалардан, акционердик коомдордон жана башка органдардан анын компетенциясына байланыштуу маселелер боюнча керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
2) мамлекеттик сатып алуулар процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топторду түзүүгө;
3) тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитетинин, ведомстволордун, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-чараларды (кеңешмелерди жана семинарларды) белгиленген тартипте уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) долбоорлорду иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте Министрлик менен макулдашуу аркылуу, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана башка документтерге кол коюуга катышууга;
5) веб-портал менен иштөө боюнча конкурстун катышуучуларына техникалык колдоо көрсөтүү;
6) мыйзам бузуулар жөнүндө материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүүгө;
7) адистерди иш сапарларына жана стажировкаларга жөнөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
Департаменттин директору түздөн-түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш ийет.
15. Директордун орун басары бар. Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, белгиленген тартипте кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишин жүзөгө ашырат.
16. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишин уюштурат;
2) эмгек акы фондунун жана чектик штаттык сандын белгиленген чектеринде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун вице-премьер-министрдин – экономика жана финансы министринин бекитүүсүнө киргизет;
3) мыйзамда белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
4) Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын жана милдеттерин бекитет;
5) Департаментке жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) Департаменттин ар жылдык иш планын бекитет;
7) Департаменттин кызматкерлерине белгиленген тартипте тартип чараларын көрөт;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык ыйгарым укуктарын кемчиликсиз жана ак ниет аткаргандыгы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт;
9) өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат.
17. Департаменттин түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, алардын өзгөрүшү Департаменттин милдеттери жана функциялары өзгөрүшүнө гана байланыштуу болушу мүмкүн. Ушуну менен бирге директорду дайындоо Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
18. Департаменттин ишин каржылоо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
7. Корутунду жоболор
19. Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
20. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Департаменттин ишин токтотууда ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.