Загрузка документа…
|
| 24-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз Аккредитациялоо Борборунун (мындан ары - КАБ) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. КАБ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз Аккредитация Борборунун укугун улантуучу болуп саналат.
3. КАБ - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн макамында иштеген, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал шайкештикти баалоо боюнча органдардын (ШБО) компетенттүүлүгүн ырастоо, аларга ишеничти арттырууга жана алардын иштеринин натыйжасын таануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук органы болуп саналат.
4. КАБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. КАБдын уюштуруу укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. КАБ аккредитациялоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда калыстыкты камсыздоого тийиш.
7. КАБ юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, ошондой эле өзүнүн логотибине ээ.
8. КАБ белгиленген тартипте казыначылык системасында эсептешүү жана башка эсептерди ачууга укуктуу, өз алдынча баланска ээ, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды ээлейт жана милдеттерди аткара алат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
9. КАБдын расмий толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору";
- расмий тилде: "Кыргызский центр аккредитации при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики".
10. КАБдын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз аккредитациялоо борбору";
- расмий тилде: "Кыргызский центр аккредитации".
11. КАБдын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 421.
2. КАБдын максаттары
12. КАБдын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) эл аралык практикага жана стандарттарга ылайык аккредитациялоонун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
2) шайкештикти баалоо боюнча органдардын иш билгилигин ырастоо үчүн шарттарды түзүү, аларга ишенимди жогорулатуу жана алардын иш-аракетинин натыйжаларын таануу үчүн шарттарды түзүү максаттарында аккредитациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
3. КАБдын милдеттери
13. КАБдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) эл аралык талаптарга ылайык аккредитациялоо тармагындагы бирдиктүү саясатты камсыз кылуу;
2) эл аралык практикага жана стандарттарга ылайык шайкештикти баалоо боюнча органдардын техникалык иш билгилигин расмий таанууну жүзөгө ашыруу.
4. КАБдын функциялары
14. Коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн КАБ төмөнкү функциялары аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- аккредитациялоо тармагындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- аккредитациялоо, аккредитацияланган ШБОнун ишин инспекциялык контролдоо; аккредитациялоо аттестатын берүү, колдонулуусун узартуу, токтотуу жана жокко чыгаруу; аккредитациялоо боюнча эл аралык стандарттардын негизинде ШБОну аккредитациялоо жагын кыскартуу; эл аралык талаптардын негизинде даттанууларды жана апелляцияларды берүү, карап чыгуу эрежелерин жана жол-жоболорун иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- ШБОну баалоо боюнча эксперттерге талаптарды иштеп чыгат;
- ШБО иштерин өркүндөтүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
- Министрликке ШБОнун аккредитацияларын өз ара таануу жана аккредитациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууларды жана апелляцияларды карайт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- эл аралык талаптарга ылайык берилген арыздардын негизинде ШБОну аккредитациялоону уюштурат жана өткөрөт;
- ШБО белгиленген талаптарга ылайык келген шартта белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестатын берет, ошондой эле алардын күч-аракетин жокко чыгарат;
- аккредиттелген ШБОлордун, квалификациясын текшерүүнүн программаларын жана башка салыштыруулардын реестрин жүргүзөт;
- Бажы бирлигинин сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын (борборлору) бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзөт жана жүргүзөт;
- транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- шайкештик сертификаттарынын бланкаларын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланкаларын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын, тиркемелердин көчүрмөлөрүнүн бланктарын, шайкештик белгилеринин сүрөтү менен голографикалык маркаларды берет;
- Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигинин ырастаган, шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактыруу бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактырууга тиркемелердин бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактырууга карата кошумча баракчаларынын бланктарынын, шассинин тибин жактыруу бланктарынын, шассинин тибин жактырууга тиркемелердин бланктарынын, шассинин тибин жактырууга карата кошумча баракчаларынын бланктарынын, техникалык регламентке шайкештигин тастыктаган документти жокко чыгаруу жөнүндө билдирүүнүн бланктарынын, транспорттук каражаттын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын жана конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын, конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүккө кошумча баракчалардын бланктарынын бирдиктүү формаларын берет;
- аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн тартыла турган баалоочуларды жана эксперттерди тандоо, окутуу жана расмий дайындоонун жол-жоболорун белгилейт;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- аккредитацияланган ШБОнун ишине инспекциялык контролду уюштурат жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасында лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду жана өлчөөлөрдү өткөрүү боюнча ишти уюштурат жана координациялайт;
- аккредитациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик иш кагаздарды эл аралык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келтирүү жаатында иштерге катышат;
- аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин ишин координациялайт;
- баалоочулардын жана эксперттерди каттоого алат;
4) колдоо функциялары:
- аккредитациялоо эрежелеринин жана тартиптеринин жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу.
5. Укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги
15. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аккредитациялоо боюнча иштерге катыштыруу үчүн эксперттерди жана баалоочуларды белгиленген тартипте тартууга;
2) КАБдын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте арыз берүүчүлөрдөн, коомдук бирикмелерден, илимий жана башка уюмдардан жана ишканалардан керектүү материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
3) КАБдын компетенциясынын чегинде Министрлик менен макулдашуу боюнча аткаруу бийлик органдарынан керектүү материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
4) аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттерди түзүүгө;
5) Министрлик менен макулдашуу боюнча аккредитациялоо боюнча иштеген эл аралык жана региондук уюмдардын иштерине катышууга;
6) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер менен эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерге жана башка макулдашууларга жана башка документтерге белгиленген тартипте кол коюуга жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;
7) Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык аккредитациялоо тармагында акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүүгө ошондой эле катуу отчеттуулуктуктагы бланктын формаларын берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
16. КАБдын милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;
2) аккредитациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин объективдүүлүгүн, тактыгын жана калыстыгын камсыз кылуу;
3) аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мөөнөтүн сактоо;
4) акы төлөнүүчү кызматтарды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө нормативдик укуктук нормаларды сактоо;
5) аккредитациялануучу объектинин коммерциялык жашыруун сырларын түзгөн маалыматтарды жарыя кылбоо;
6) аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган адистердин зарыл болгон компетенттүүлүгүнүн деңгээлин камсыз кылуу;
7) өзүнүн кабыл алынган чечимдерге жооп берүү;
8) КАБ расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдар жөнүндө, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө маалыматтарды, аккредитациялоонун натыйжаларын таануу тууралуу маалыматтарды жана КАБ иш-аракеттери жөнүндө жылдык отчетту жарыялоого жана зарыл болгондо жаңылап туруу.
17. КАБдын кызматкерлери, техникалык комитеттердин мүчөлөрү жана чечим кабыл алуучу комиссиянын мүчөлөрү аккредитациялоонун талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Ишин уюштуруу
18. КАБды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министринин (мындан ары - Министрлер Кабинетимин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат. КАБдын директорун кызматка дайындоодо Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин сунуштамасы болушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Директордун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир орун басары болот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
20. КАБдын директору:
1) КАБдын иш-аракетине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
2) КАБга жүктөлгөн максаттарды жана иш-милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартат;
3) чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоонун аттестаттарына кол коёт, же бул укукту КАБдын жооптуу кызматкерине ыйгарат;
4) белгиленген штаттык бирдиктин жана эмгекке акы төлөө фондунун чегинде КАБ структурасын жана штаттык түзүмүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине бекитип берүү үчүн берет;
5) белгиленген тартипте КАБ кызматкерлерин дайындайт жана иштен бошотот;
6) КАБдын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
7) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, буйрутмаларды чыгарат, КАБдын бардык кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды берет;
8) Министрлик менен макулдашуу боюнча КАБ компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарда жана башка эл аралык жана региондук уюмдарда көрсөтө алат;
9) белгиленген тартипте КАБ өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлайт жана ушул кызматкерлерге ардак наам, ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Министрликке сунуш киргизет;
10) белгиленген тартипте КАБ кызматкерлерине жаза чара колдонот;
11) КАБдын аткарылган иштери жөнүндө квартал сайын отчётту Министрликке жөнөтөт;
12) Министрликке белгиленген тартипте чет өлкөлөрдүн аккредитациялоо боюнча улуттук органдары, ошондой эле тийиштүү эл аралык жана региондук уюмдар менен кызматташуу тууралуу келишимдерди жана макулдашууларды түзүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык КАБ иш-аракетин жетектөө үчүн керек болгон бөлөк иш-чараларын жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
21. КАБдын түзүмү жана штаттык саны, бекитилген штаттык бирдиктин жана эмгек акынын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, ал КАБдын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директорду дайындоо КАБнын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
22. КАБдагы кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары тиешелүү чечим менен өзүнчө ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
23. Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун улуттук системасынын принциптерин жана саясатын иштеп чыгуунун жана колдоонун объективдүүлүгүн жана калыстыгын камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди коллегиалдуу чечүү үчүн Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча Кеңеш түзүлгөн (мындан ары - аккредитациялоо боюнча Кеңеш).
Аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ал эми анын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
24. КАБ өз иши тууралуу жылдык отчетту бекитип берүүгө Аккредитациялоо боюнча Кеңешке берет.
25. Борбордун алдында ШБОну аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алуучу орган болуп эсептелген чечим кабыл алуу боюнча комиссия иштейт. Комиссиянын курамына каралып жаткан ишмердиктин түрү боюнча ошол ШБОну баалоого катышпаган аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин өкүлдөрү жана/же эксперттери кириши керек. Комиссиянын курамына аккредитациялоо тармагында билимдерге ээ болгон башка уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Комиссия аккредитациялоо боюнча калыс жана көз карандысыз чечимдерди кабыл алуучу орган болушу керек.
Чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссия тууралуу жобо жана курамы КАБ Директору тарабынан бекитилет.
7. Финансылык жана чарбалык иши
26. КАБ өз иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) оперативдүү башкаруу укугу менен ага бекитилген мамлекеттик мүлктү;
2) өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналган финансылык каражаттарын, мүлктөрдү жана башка объекттерди, интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин үзүрү болуп эсептелген материалдык эмес баалуулуктарды.
27. КАБды каржылоо булактары төмөнкүлөр болот:
- бекитилген кирешелер жана чыгымдар сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн жана башка иштерден түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор өлкөлөрдүн жана жеке инвесторлордун гранттары, ошондой эле демөөрчүлүк жардамдар жана башка булактар.
28. Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеси аныктала турган аккредитациялоо боюнча эл аралык (региондук) уюмдарга мүчөлүк акылар жана ага катышуу чыгымдары төлөнөт.
29. Аккредитациялоо боюнча ишке ШБОго акы төлөө монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилген тартипке ылайык прейскурант боюнча жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
30. КАБ өз иши тууралуу Министрликке отчет берет.
31. КАБды жоюу жана кайра түзүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.
32. КАБдын ишинин ишин токтотууда ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.