Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-сентябры № 182
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жободо:
- 3.2-пунктунун алтынчы абзацындагы "аккредитациялоо жана сертификациялоо чөйрөлөрүндө" деген сөздөр "аккредитациялоо жаатынан тышкары, шайкештикти баалоо жаатында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. Аккредитациялоонун улуттук системасында сертификациялоо боюнча органдар, шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндөгү сыноо лабораториялары жана инспекциялоочу органдар милдеттүү түрдө аккредитацияланууга тийиш.";
- 4.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.8. АУО аккредитациялоо боюнча орган, аккредитациялоо процесси, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору, аккредитациялоонун жыйынтыктарын таануу жана анын ишинин ар жылдык отчету жөнүндө маалыматтарды Борбордун расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же башка мамлекеттик маалыматтык ресурстарда жарыялоого жана зарыл болгон учурларда жаңыртып турууга милдеттүү.";
- 4.9-пунктунун экинчи абзацы "эксперттерге карата талаптарды" деген сөздөрдөн кийин "кеңейтүү же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- II бөлүмүнүн алтынчы абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
- III бөлүмүндө:
төртүнчү абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аккредитациялоо боюнча кеңештин курамы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.";
онунчу абзацы "кеңештин ишмердигине жетекчилик кылат" деген сөздөрдөн кийин "Кеңешти чакырат жана" деген сөздөр менен, "кеңештин төрагасы" деген сөздөрдөн кийин "же төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кеңеш анын ишинин, түзүлүшүнүн тартибин аныктаган Регламентти бекитет жана Кеңештин жооптуу катчысын шайлайт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 102 (3281) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |