Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
26-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун (мындан ары – Окуу борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Окуу борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жана аймактык органдары менен өз ара аракеттенет.
6. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ага бекитилген мүлккө карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
2. Окуу борборунун максаты жана милдеттери
7. Окуу борборунун максаты Министрлик системасынын кызматкерлеринин, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин билимдеринин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
8. Окуу борборунун негизги милдеттери мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик сектордогу финансылык отчеттуулуктун жана ички аудит системасынын эл аралык стандарттары, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболору, казыналык системасындагы эсепти жана отчеттуулукту автоматташтыруу маселелери жана башка багыттар боюнча Министрликтин системасынын, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат.
3. Окуу борборунун негизги функциялары
9. Аталган милдеттерди ишке ашыруу максатында Окуу борбору төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Министрликтин системасынын кызматкерлеринин, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
2) окуу куралдарын, маалымдама адабияттарды, плакаттарды, брошюраларды иштеп чыгуу, анын ичинде Коомдук сектордун финансылык отчеттуулугунун эл аралык стандарттары (мындан ары – КСЭСФО), мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча;
3) окутуунун натыйжалуу системасын түзүү;
4) окуу процессине инновациялык технологияларды киргизүү;
5) семинар-кеңешмелерди, тренингдерди, конференцияларды өткөрүү;
6) түшүндүрүү-консультациялык иштерди жүргүзүү;
7) окуу, илимий жана өндүрүштүк-коммерциялык иш, тиешелүү эки тараптуу келишимдердин негизинде илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана жеке адамдар менен түз байланыштарды ишке ашыруу;
8) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.
4. Окуу борборунун ишин уюштуруу
10. Окутуу Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү менен биргеликте түзүлгөн окуу пландары жана программалары боюнча жүргүзүлөт.
Окутуу тилдери: угуучулардын суроо-талаптарына жана Окуу борборунун мүмкүндүгүнө жараша кыргыз, орус тилдеринде.
Окутуунун узактыгы окуу пландары менен аныкталат.
Окуу борбору окуу процессин ишке ашыруу үчүн Министрликтин жана башка министрликтердин, ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу.
Министрликтин системасынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу Окуу борбору тарабынын акысыз негизде жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри тарабынан бекитилген тизмеге ылайык).
11. Окуу борборунда окутуудан жана кайра даярдоодон өткөн угуучулар белгиленген үлгүдөгү сертификат алышат.
12. Окуу борборун директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Директор:
1) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектүү штаттык сандын чегинде Окуу борборунун түзүмүнүн жана чектүү штаттык ырааттамасынын долбоорун вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине бекитүүгө киргизет;
2) белгиленген тартипте Окуу борборунун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
3) Окуу борборунун окуу-методикалык, өндүрүштүк ишин уюштурат;
4) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Окуу борборунун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Окуу борборунун директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрликтин жетекчилигине окуу процессин, окуу-методикалык иштерди жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) Борбордун атынан ишеним катсыз иштөөгө, анын кызыкчылыктарын коргоого;
3) Борбордун атынан юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, ишеним каттарды берүүгө;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга, Окуу борборунун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
5) Окуу борборунун ишине тиешелүү маселелер боюнча тийиштүү уюмдар жана мекемелер менен кат алышууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен жана белгиленген эмгек акы төлөө фондунун чегинде окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналдын эмгек акысын төлөө шарттарын өзгөртүүгө;
7) белгиленген тартипте өзүнүн кызматкерлерин кызматтык командировкаларга жөнөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Окуу борборунун штаттык кызматкерлерин которууга, материалдык жардам көрсөтүүгө, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрүүгө.
15. Окуу борборунун түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, аларды Окуу борборунун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот. Мында директорду дайындоо Окуу борборунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болбойт.
16. Окуу борборунун ишин каржылоо белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) окутуу үчүн төлөм түрүндөгү түшкөн каражаттардын;
2) мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын;
3) ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын адистерин, жеке адамдарды даярдоого жана кайра даярдоого карата келишимдерди аткаруу үчүн алынган каражаттардын;
4) уюмдар, ишканалар, мекемелер, жеке адамдар, анын ичинде чет мамлекеттер тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттардын;
5) илимий-изилдөөчүлүк, басылма, өндүрүштүк жана коммерциялык иштерден алынуучу өздүк каражаттардын;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген башка булактардын.
17. Окутуучулардын эмгек акысын төлөө аткарылган окуу жүктөмүнүн көлөмүнө ылайык белгиленген тартипте аныкталат.
5. Корутунду жоболор
18. Окуу борборунун ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
19. Окуу борборунун иши токтотулган учурда, иштин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.