Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
28-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана
финансы министрлигине караштуу Экономикалык
саясатты изилдөө институту жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун укугун улантуучу болуп саналат.
3. Институт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Институт юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган мөөрү бар. Институт жарандык-укуктук мамилелерде өз атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу. Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
5. Институт өзүнүн компетенциясына кирген функцияларды өз алдынча аткарат. Институттун ишин Министрлик контролдойт.
6. Институт обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында жана банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарды сатып алууга жана сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Институттун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту”;
- расмий тилде: “Институт исследований экономической политики при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”;
8. Институттун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Экономикалык саясатты изилдөө институту”;
- расмий тилде: “Институт исследований экономической политики”.
9. Институттун юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Институттун максаты жана милдеттери
10. Институт экономикалык жана социалдык процесстерге илимий-изилдөө жана эмпирикалык талдоо, экономиканын секторлорундагы мамлекеттик жөнгө салуу саясатына жана реформаларга талдоо жүргүзүү максатында түзүлгөн.
11. Институттун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) колдонмо эконометрикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) өлкөнү региондук жана дүйнөлүк бирикмелерге интеграциялоо стратегиялары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) долбоорлорду инклюзивдүү экономикалык өнүктүрүүгө багытталган экономиканын артыкчылыктуу багыттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик жөнгө салуу саясатын өркүндөтүү үчүн илимий-эмпирикалык сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Институттун функциялары
12. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) экономиканын актуалдуу жана артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-изилдөө жана аналитикалык иштерди жүргүзөт, экономика чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу саясатынын ченемдик-техникалык негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
2) улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча бөлүштүрүү менен макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жана айрым экономика түзүүчү ишканалардын деңгээлинде иштин индикаторлоруна эконометрикалык интерпретациялоо берет;
3) ченемдик-укуктук актыларды, мамлекеттик экономикалык саясаттын натыйжалуулугунун институттук жана башка рыноктук механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
4) экономика тармактарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлоруна сунуштарды иштеп чыгат, анын ичинде юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан даярдалган экономика чөйрөсүндөгү концепциялардын, программалардын жана пландардын долбоорлору боюнча аналитикалык ишти жүргүзөт;
5) экономика секторлорун диверсификациялоонун жана оптималдаштыруунун варианттарын иштеп чыгат;
6) тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
7) илимий эмгектерди басып чыгарат, илимий-техникалык маалыматтар банкын түзөт, илимий конференцияларды жана башка илимий-окуу иш-чараларын өткөрөт, илимий иштердин жыйынтыктарын камтыган басма продукцияларды жайылтат, анын ичинде чет тилдерде жана (же) электрондук форматта;
8) жетекчиликтин тапшырмасы боюнча өндүрүштү жана илимди интеграциялоо боюнча сунуштарды жана аналитикалык маалымдамаларды даярдайт;
9) туруктуу экономикалык өнүктүрүү жаатында мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышат;
10) Институттун интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарын жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын коргойт;
11) илимий изилдөөлөрдү каржылоо боюнча конкурстарга катышат;
12) эл аралык жана чет элдик уюмдардын жана фонддордун каржылоосундагы техникалык жардам берүү боюнча программалардын алкагында илимий изилдөөлөрдү жана башка иштерди жүргүзүүгө катышат;
13) өз ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
14) симпозиумдарды, конференцияларды, брифингдерди, консультацияларды, жыйындарды, семинарларды, форумдарды, көрсөтмөлөрдү жана башка уюштуруучулук, маалыматтык иш-чараларды уюштурат;
15) өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн кеңешүүчү, жумушчу жана аналитикалык топторду уюштурат;
16) өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматтарды сурайт.
4. Ишти уюштуруу
13. Институттун тийиштүү жылга иш планы Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.
14. Институттун ишин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
15. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
16. Институттун түзүмү жана штаттык ырааттамасы вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитилет, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү Институттун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мында директорду дайындоо Институттун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
17. Институттун кызматкерлеринин штаттык санына директор, анын орун басары, штаттагы кызматкерлер, ошондой эле контракттык негизде жалдануучу эксперттер (консультанттар) кирет.
Контракттык негизде жалданган эксперттерди (консультанттарды) күтүү эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат (имаратты ижарага алуу, эмгек акы төлөө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, транспорттук жана башка чыгымдар).
18. Институттун кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуу убактысы, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
19. Институт ишин уюштуруу максатында коомдук негизде кеңешчилерди, кызматкерлерди жана стажерлорду тартууга укуктуу.
20. Институттун кызматкерлери, анын ичинде директор мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбайт.
21. Институттун штаттык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Институттун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
5. Институттун директорунун жана
анын орун басарынын ыйгарым укуктары
22. Институттун директору:
1) Институттун ишин пландайт жана анын аткарылышын камсыздайт, Институтка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
2) бекитилген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык санынын чегинде Институттун түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине бекитүүгө киргизет;
3) вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри же Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча эксперттерге (консультанттарга) техникалык тапшырмаларды бекитет;
4) вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри же Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча Институттун эксперттерин (консультанттарын) жалдоо жана алар менен түзүлгөн контракттары бузуу боюнча иштерди жүргүзөт;
5) Институт тарабынан аткарылган иштер жөнүндө ар жылдык отчётторду Министрликке берет;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун директорунун орун басары, кызматкерлери жана эксперттери (консультанттары) үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
7) Институттун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу, ведомстволук жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
8) Институттун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды аткарат.
23. Институттун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
24. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин жүктөлгөн милдеттердин алкагында ишке ашырат.
25. Директордун орун басары:
1) административдик-чарбалык иштерге жооптуу;
2) финансылык маселелерге жооптуу;
3) изилдөө иштеринин маалыматтык базасын түзөт;
4) тартылган эксперттердин, кеңешчилердин жана башка консультанттардын ишин тейлейт.
6. Финансы-чарбалык иши
26. Институттун финансы-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Институт Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте эсеп жана отчётторду жүргүзөт.
28. Башкы бухгалтер отчеттуулук үчүн жооп берет жана бухгалтердик кызматтын ишинин кызматтык милдеттеринин аткарылышын уюштурат жана контролдойт, түздөн-түз Институттун жетекчилигине баш иет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
29. Институттун кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу максатында окуудан өтүүгө укуктуу.
30. Институт конференцияларга, семинарларга, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагындагы башка иш-чараларга катышуу үчүн кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүүгө укуктуу.
31. Институттун директорун жана анын орун басарларын күтүүнү каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Министрлик үчүн каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
32. Институтту күтүү жана анын ишин камсыздоо чыгымдарын каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан, келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде эл аралык уюмдардан алынган каражаттардын;
2) гранттык негизде алынган каражаттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, башка каржылоо булактарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чет өлкөлүк каржылоо булактарынын.
33. Институттун мүлкү оперативдик башкаруу укугунда ага бекитип берилет жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
34. Институттун директору Кыргыз Республикасынын жарандык, жазык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Институттун каражаттарын сарптоого жеке жоопкерчилик тартат.
7. Корутунду жоболор
35. Институт өзүнүн ишинде Министрликке отчет берет.
36. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
37. Институттун иши Министрликтин, сот органдарынын чечими, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн.
38. Институттун иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.