Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-апрели № 153
"Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленген "Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 153 токтому менен жактырылган |
"Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык "Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылуучу жана бул Мыйзамдын иш чөйрөсүнө тийиштүү болгон мыйзамдын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Бул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын формалары колдонулат.
Мунун натыйжасында 2018-2021-жылдарга микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы менен биргеликте өз ишин жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзгөн банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар үчүн өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарды киргизүү мүмкүндүгү каралып жатканын белгилейбиз. Бул этапта финансы-кредиттик уюмдардын алдындагы өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын иши боюнча эл аралык тажрыйба изилденет.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле финансы-кредиттик чөйрөдөгү коопсуздукту камсыздоого байланышкан өзгөчө тобокелдиктерди эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде финансы-кредиттик уюмдар жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактар тарабынан уюшулган өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарды уюштуруу, ишин жүргүзүү жана токтотуу тартиби алардын ишин жөнгө салуучу банктык мыйзамдарга каршы келбеген бөлүгүндө бул Мыйзамга шайкеш келүүгө тийиш экендигин кароо зарыл деп эсептейбиз.
2. Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы субъекттердин ишинин өзгөчөлүгүн, ошондой эле Улуттук банктын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу органы катары статусун жана Улуттук банктын көз карандысыздыгын эске алып, ченемдик укуктук актыларда коллизиялардын же болбосо мыйзамдарда кенемтелердин пайда болуу мүмкүндүгүн жок кылуу үчүн Мыйзам долбоорунда Улуттук банк көзөмөлдөгөн жана жөнгө салган иш чөйрөсүндө өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар үчүн ыйгарым укуктуу орган болуп Улуттук банк чыгууга тийиш экендигин жана Улуттук банкка мындай өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишин жөнгө салуу боюнча тийиштүү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды бөлүп берүү керектигин кароо зарыл.
3. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 2-беренесиндеги "жөнгө салуучу мамлекеттик органдар" аныктамасынын мазмуну аныктаманын аталышын кайталагандыктан, ошондой эле тавтологияга жол бербөө максатында аталган аныктаманын мазмунун кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Алсак, "жетекчиликти жүзөгө ашыруучу" деген туюнтманы Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин талаптарына окшоштуруп, "контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери сунушталган Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предметине кирбегендигине байланыштуу Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - лицензиялоо-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө ишкердикти жөнгө салуунун бирдиктүү мамлекеттик саясатын иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин борбордук органы".
5. Товардык рыноктордо ак ниеттүү атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында төмөнкүнү сунуштайбыз:
- 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) рынок монополизмдин күч алышын жок кылуу, ак ниеттүү эмес атаандаштыкка жана ишкердик иштин эркиндигин чектөөгө жол бербөө;";
- 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) рынокто үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдаланууга, ак ниеттүү эмес атаандаштыкка, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) керектөөчүлөргө жана башка адамдарга моралдык зыян же башка чыгым келтирген аракеттерди жасоого тоскоолдук кылуучу талаптарды;".
6. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык өзүн-өзү жөнгө салуунун негизги принциптеринин бири ишкердик иштин тийиштүү түрүндөгү өзүн-өзү жөнгө салуучу кесиптик уюмдарды түзүүдө лицензиялоону алып салуу болуп саналат.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүнүн толук тизмеси аныкталгандыгын белгилей кетүү керек.
Мында Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бул уюмга катышуучулар тарабынан сакталышын контролдойт.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.
Укук колдонуу практикасында кеңири чечмелөөгө жол бербөө максатында, ошондой эле Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда лицензиясыз ишке ашырыла турган ишкердик иштин түрлөрүнүн толук тизмеги жок болгондуктан, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин алкагында милдеттенмелерди аткаруу максатында Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун алып салууну, ошондой эле Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пунктундагы ''лицензиялык-уруксат берүү системасы" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөндөй, өзүн-өзү жөнгө салуунун негизги принциптеринин бири өзүн-өзү жөнгө салуучу кесиптик уюмдардын ишмердигин республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана контролдоону жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 18-беренесинде өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишмердигин мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө текшерүүлөрдү жүргүзүү жана алдын алуучу контролдоо жана көзөмөлдөө жолу менен жүзөгө ашырылат деп белгиленген. Ыйгарым укуктуу орган жана жөнгө салуучу мамлекеттик органдар ыктыярдуу катышууга негизденген өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун катышуучусун контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда тобокелдиктерге баа берүү системасында мындай катышуунун болуу фактысын эсепке алышат.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-пунктунда баяндалгандай, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын финансылык отчеттуулугун жүргүзүү милдеттүү аудитке жатат.
Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта белгиленгендей, бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишине мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүргүзүүгө байланышкан ыйгарым укуктуу органдын жана жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын жаңы функциялары кошумча финансылык жана кадрдык ресурстарды бөлүүнү талап кылышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттин каржылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө; республикалык бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө, же болбосо анын ресурстарын кыскартууну караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл алынат.
8. Мыйзам долбоорунун 4 жана 14-беренелеринин ченемдери бири-бирин кайталагандыктан, аларды бириктирүүнү сунуштайбыз.
Ошондой эле Мыйзам долбооруна ылайык бир эле ишкердик же кесиптик иште эки же андан ашык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун иштөөсүнүн мүмкүн экендиги түшүнүксүз.
9. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2) өзүн-өзү жөнгө салуу субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча сунуштарды мамлекеттик органдарга киргизүүгө;".
10. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар өздөрүнүн катышуучулары үчүн милдеттүү болгон ишкердик же кесиптик иштин эрежелерин жана стандарттарын иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
Ушуну менен бирге 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 76-беренесинин 6-пунктуна ылайык коммерциялык эмес уюмдарга мүчө мамлекеттердин чарба субъекттеринин экономикалык ишин координациялоого, эгер мындай координация көрсөтүлгөн берененин 3 жана 4-пункттарына ылайык кайсы болбосун кесепеттерге алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо тыюу салынат.
Баяндалгандарга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 5-беренесин өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого тыюу салган бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
1) бааларды (тарифтерди) арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөм), кошмо бааларды белгилөөгө же кармап турууга;
2) тооруктарда бааларды жогорулатууга, төмөндөтүүгө же кармап турууга;
3) товардык рынокту аймактык принцип, товарларды сатуунун же сатып алуунун көлөмү, сатылуучу товарлардын ассортименти же болбосо сатуучулардын же сатып алуучулардын (заказчылардын) курамы боюнча бөлүүгө;
4) товарларды өндүрүүнү кыскартууга же токтотууга;
5) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (заказчылар) менен келишимдерди түзүүдөн баш тартууга.
Мында Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан мамлекеттик органдар тарабынан аткарылуучу белгилүү функцияларды милдеттүү катышууга негизделген өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга өткөрүп берүү боюнча демилгелерге алдын ала макулдугун алууну чагылдыруу зарыл деп эсептейбиз.
11. Муну менен Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар тарабынан иштелип чыккан өзүнүн катышуучулары үчүн милдеттүү болгон ишкердик же кесиптик иштин эрежелери жана стандарттары тийиштүү мыйзамдарда белгиленген стандарттардан төмөн болбошу керек.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"3) өзүнүн катышуучулары үчүн милдетүү болгон ишкердик же кесиптик иштин эрежелерин жана стандарттарын иштеп чыгат жана белгилейт, алар экономикалык иштин тийиштүү чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келиши керек;".
Мындан тышкары, жөнгө салуучу мамлекеттик органдар мамлекеттик башкаруунун өзүнчө тармагында же чөйрөсүндө жетекчиликти жүзөгө ашыргандыктан (Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацына ылайык), Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 5-бөлүгүндө милдеттүү катышууга негизденген ишкердик иш чөйрөсүндөгү өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын эрежелери жана стандарттары алар бекитилгенге чейин макулдашуу үчүн жөнгө салуучу мамлекеттик органдарга жибериле тургандыгын карап чыгууну сунуштайбыз.
12. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун катышуучуларын Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартуу төмөнкүдөй бөлүнүүгө тийиш:
- өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставынын талаптарын бузуу үчүн - бул уюм тарабынан;
- эрежелерди жана стандарттарды мыйзамдардын талаптарын бузуу үчүн - жарандык мыйзамдарда каралган тартипте, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"4) өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставынын жана башка ички документтеринин талаптарын бузуу үчүн өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун катышуучуларын жоопкерчиликке тартат;".
Мында белгилей кетсек, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыздоо максатында өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын мүчөлөрүнүн жоопкерчилик чараларын уставда же эрежелерде жана стандарттарда (Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту) эмес мыйзам долбоорунда кароо зарыл, анткени аталган документтер ченемдик укуктук мүнөзгө ээ эмес жана дайыма өзгөртүүлөргө дуушар болушу мүмкүн.
13. Мыйзам долбооруна ылайык, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун ишкердик же кесиптик иштин эрежелерин жана стандарттарын иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча функцияларды ишке ашырат. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар тарабынан натыйжалуу жана сапаттуу ишти жүзөгө ашыруу максатында минималдуу критерийлерди белгилөөнү сунуштайбыз, аталган стандарттар жана эрежелер аларга шайкеш келиши керек.
14 Мыйзам долбоорунда өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарды башкаруу органдарынын тизмеси берилген. Бирок аталган органдардын ортосунда ыйгарым укуктардын жана функциялык милдеттердин так жана натыйжалуу бөлүштүрүлүшү жок. Тактап айтканда. конкреттүү обочолонуу жана көз карандысыздык, ошондой эле отчеттуулук механизмдери жок. Практикада аталган жоболор бири-бирине каршы келүүчү кырдаалдарга алып келиши мүмкүн. Демек, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын башкаруу органдары бөлүгүндөгү Мыйзам долбоорунун жоболорун өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда балансты сактоо зарылдыгын эске алуу менен белгилөөнү сунуштайбыз.
15. Мыйзам долбоорунда өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун катышуучусун контролдоо жана көзөмөлдөө маселелери жок. Ушуга байланыштуу 6-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуштайбыз:
"4) өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун катышуучусун контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылуу тартибин.".
16. 7-беренесинин 2-бөлүгүндө өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын финансылык отчёттуулугунун милдеттүү аудити боюнча талаптар берилген. Мыйзам долбоорун милдеттүү аудитке карата талаптар менен толуктоону сунуштайбыз.
17. 8-беренесинде көрсөтүлгөндөй, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар ишкердик иштин кеминде 10 субъектисинин же кесиптик иштин кеминде 20 субъектисинин демилгеси менен түзүлөт. Мында ишкердик же кесиптик иштин субъекттери катышууга милдеттүү болгон өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмду түзүү маселесин демилгелебесе, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар үчүн мындай өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм кандайча түзүлө тургандыгы жөнүндө маселени карап чыгууну зарыл деп эсептейбиз.
18. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 12-бөлүгүндө жоюу комиссиясы өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын катышуучуларынын кезексиз жалпы чогулушун чакырууну демилгелей ала тургандыгын тактоо сунушталууда.
19. Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 3-бөлүгүнүн 11-пунктундагы жана 12-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктундагы катышуучулардын жалпы чогулушунун жана коллегиялык органдын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын эрежелерин жана стандарттарын бекитүү боюнча бир эле ыйгарым укуктарын кайталоону жокко чыгаруу зарыл.
20. Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү тапшыруу сунушталууда. Бирок Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгын белгилөө сунушталууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ушуну менен бирге, каралып жаткан Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта чагылдырылган эмес.
Эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, Мыйзам менен мыйзам актыларынын ортосундагы укуктук боштукту жокко чыгаруу максатында Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн көбөйтүү керек.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын талдоонун жыйынтыгы боюнча бул долбоорду кабыл алууга байланыштуу кайра каралууга же кабыл алууга тийиштүү чечимдер аныкталбаса, сунушталган мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу керек.
21. Мыйзам долбоорундагы бир катар туюндурмаларды "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтом менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
22. Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык мыйзам долбоорунун жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүлгөн.
23. Мыйзам долбоорунун беренелерин катар номерлештирүүнүн ырааттуулугун шайкеш келтирүүнү, ошондой эле расмий жана мамлекеттик тилдеги редакциялардагы айырмачылыктарды четтетүүнү сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө" Мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт жана жогоруда белгиленген сунуштарды эске алуу зарыл деп эсептейт.