Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди
башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Агенттик мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) атынан бюджеттик кредиттөө жагында операцияларды жүзөгө ашырууга өзгөчө укукка ээ болгон, Министрликтин ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Агенттик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес коомчулугу, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен кызматташтыкта ишке ашырат.
6. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, өзүнчө мүлкү, казыналык тутумда жеке эсептери, ошондой эле коммерциялык банктарда бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте эсептери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн кыргыз, орус жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы- ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Агенттиктин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги»;
- расмий тилде: «Государственное агентство по управлению бюджетными кредитами при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики»;
8. Агенттиктин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик»;
- расмий тилде: «Государственное агентство по управлению бюджетными кредитами».
9. Агенттиктин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2. Агенттиктин максаты
10. Агенттиктин ишинин максаты бюджеттик кредиттерди натыйжалуу башкаруу болуп саналат.
3. Агенттиктин милдеттери
11. Агенттиктин милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык берилген бюджеттик кредиттерди башкаруу;
2) бюджеттик кредит берүүнүн жол-жоболорун жакшыртуу жана өнүктүрүү;
3) зайымчылар менен Министрликтин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууну камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Агенттиктин функциялары
12. Жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн Агенттик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- бюджеттик кредиттөө жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын ишке ашыруу;
- бюджеттик кредиттерди берүүнүн, пайдалануунун, тейлөөнүн жана төлөөнүн шарттарын көрсөтүү менен республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана Министрликке киргизүү;
- бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө өтүнмөлөрдү кароо жана алардын бюджеттик кредит берүүнүн принциптерине, критерийлерине жана шарттарына ылайык келүүсүнө карата корутундуларды берүү;
- республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кредиттик келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Министрликтин атынан кредиттик келишимдерди жана алар менен байланышкан башка келишимдерди, макулдашууларды түзүү;
- берилген бюджеттик кредиттерди жана республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча зайымчылардын карыздарын төлөө эсебинде берилген (өндүрүлгөн) мүлктүн реестрин жүргүзүү;
- зайымчылар менен Министрликтин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарына ылайык бюджеттик кредиттерди өз убагында кайтарууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- кредиттик, күрөөлүк келишимдерде жана макулдашууларда каралган финансылык санкцияларды, бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жоболорун жана соттон тышкаркы тартипте күрөөгө коюлганды өндүрүп алуу жол-жоболорун колдонуу;
- бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды реструктуризациялоо боюнча сунуштарды киргизүү жана операцияларды жүргүзүү;
- республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды которуу жол-жоболорун ишке ашыруу;
- карызды конвертациялоо жана тышкы башкаруу жол-жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу;
- республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча кредитордун бузулган укуктарын соттук коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;
- зайымчылар же үчүнчү жактар тарабынан бюджеттик кредиттер боюнча соттук актылардын өз ыктыяры менен аткарылышына багытталган чараларды ишке ашыруу;
- карызды мажбурлап өндүрүү жол-жоболорун ишке ашырууну демилгелөө, катышуу жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зайымчыларды жоюу жана банкроттук (кудуретсиздик) процесстерине катышуу;
- табигый кырсыктардан жабыркаган Кыргыз Республикасынын калкына кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүү, ошондой эле берилген узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды кайтарууну камсыз кылуу;
- кредит берүүгө байланыштуу мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечимдерин ишке ашыруунун алкагында юридикалык жактарды субсидиялоо;
- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды жүргүзүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
- республикалык бюджеттен бюджеттик кредит берүүгө жана/же субсидиялоого алына турган субъекттерди тандоо;
- карызкорлордун республиканын чегинен тышкары чыгуу укуктарын чектөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чараларды көрүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- бюджеттик кредиттердин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын, төлөнүшүн жана тейленишин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, аларды максатсыз пайдалануу тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- зайымчылардын экономикалык жана финансылык ишине мониторинг жүргүзүү;
- күрөөгө алынган мүлктүн абалын үзгүлтүксүз текшерүү, күрөөнү жоготуу, бузуу тобокелдиктерин же рыноктук конъюнктуранын өзгөрүүсүнө, суроо-талаптын жана баалардын төмөндөшүнө байланышкан башка тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредит боюнча зайымчынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн күрөөнүн курамын белгилөө, өзгөртүү, жаңылоо боюнча операцияларды жүргүзүү;
- зайымчыларга кредиттик жана күрөө келишимдериндеги өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кабарламаларды, билдирүүлөрдү, доо-талаптарды жиберүү;
4) колдоо функциялары:
- бюджеттик кредиттерди берүү жолу менен каржылануучу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- бюджеттик кредит алууга талапкер юридикалык жактардын финансылык ишине талдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарында Министрликтин бюджеттик кредиттер жаатындагы кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;
- бюджеттик кредиттөө максаттарын аткаруу үчүн Министрликтин ишинин чөйрөсүнө кирген багыттар боюнча тиешелүү ишти Министрликтин тапшырмасы боюнча жүргүзүү;
- бюджеттик кредиттөө менен байланышкан багыттар боюнча сунуштарды даярдоо үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илим-изилдөө жана башка мекемелеринин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) тартуу менен мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду Министрликтин тапшырмасы боюнча иштеп чыгуу;
5) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- зайымчылардын экономикалык жана финансылык ишине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча аларга консультация берүү;
- бюджеттик кредиттерди жана Министрлик кредитор болуп саналган, каржылоонун бюджеттен тышкаркы башка булактардын эсебинен берилген кредиттерди тейлөө боюнча чараларды мыйзамдарда аныкталган тартипте камсыз кылуу;
- бюджеттик кредиттер жана Министрлик кредитор болуп саналган, каржылоонун бюджеттен тышкаркы башка булактарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча зайымчылардын карыздарынын абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону ишке ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Агенттиктин ыйгарым укуктары
13. Функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде бюджеттик кредиттер боюнча милдеттенмелерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
2) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Агенттикке коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
3) зайымчылардын бюджеттик кредиттер боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн келишимдерди түзүүгө;
4) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте кол коюуга катышууга;
5) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, күрөөнүн жана башка мүлктүн баалоо наркын аныктоо үчүн көз карандысыз эксперт-баалоочуларды тартууга;
6) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, бюджеттик кредит берүү процессине, эксперттерди жана консультанттарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү акы төлөнүүчү негизде тартууга;
7) зайымчылардан, үчүнчү жактардан, сот аткаруучуларынан жана банкроттук процессте администраторлордон бюджеттик кредиттер боюнча карызды жоюу эсебине күрөөгө коюлган жана башка мүлктү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аны кийин ээликтен ажыратуу же Агенттиктин ишинде пайдалануу укугу менен кабыл алууга;
8) бюджеттик кредиттерди төлөө эсебине кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлктү сатуу боюнча сатыктарды, ошондой эле риэлтордук компаниялардын кызматын тартуу менен белгиленген тартипте өткөрүүгө;
9) банкроттук (кудуретсиздик) чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте зайымчыны банкрот деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга;
10) жарашуу макулдашуусун түзүү жана шартын аныктоо, анын ичинде банкроттук процессинде;
11) бюджеттик кредиттер боюнча сот актыларын өз ыктыяры менен аткаруу жөнүндө макулдашууларды түзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоого;
12) бюджеттик кредит берүүгө байланышкан маселелер боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарга жиберүүгө;
13) Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн маалыматтык системаларды жана маалыматтар базаларын иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө;
14) Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
15) Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын чакыруусу боюнча коллегиялардын ишине катышууга;
16) белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана ижарага алууга, юридикалык жана жеке жактар менен башка жарандык-укуктук мамилелерде болууга;
17) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бюджеттик кредит алуу үчүн кайрылган арыз ээлеринин, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча зайымчылардын жеке маалыматтарын чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону ишке ашырууга;
17-1) Министрликтин атынан юридикалык жактарды уюмдаштыруучунун укуктарын жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин укуктарын жүзөгө ашырууга;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
14. Агенттикти директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министринин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Агенттиктин директору түздөн-түз Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине баш иет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, белгиленген тартипте кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш ийишет жана өз иштерин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырышат.
16. Агенттиктин директору:
1) Агенттиктин ишин уюштурат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) Агенттиктин ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётту жана келерки жылга иш планын Министрликтин кароосуна берет;
3) эмгек акы фондунун жана чектик штаттык сандын белгиленген чектеринде Агенттиктин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министринин бекитүүсүнө киргизет;
4) Агенттиктин Коллегиясынын кароосунан жана жактыруусунан кийин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министринин кароосуна ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Агенттиктин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын өзгөртүү, Агенттиктин аймактык органдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизет;
5) Агенттиктин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик чараларды колдонот;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары, эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен мамилелерде Агенттиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын көздөйт;
7) Агенттиктин атынан ишеним катсыз бүтүмдөрдү түзөт;
8) Агенттиктин коллегиясы жөнүндө жобону, Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
9) Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
10) Агенттиктин ички укуктук актыларын бекитет;
11) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
12) Агенттиктин кызматкерлеринин жана анын аймактык органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
13) Агенттиктин аймактык органдарынын жетекчилеринин өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана Агенттиктин аймактык органы жөнүндө жобону бузуу менен чыгарылган актыларын жокко чыгарууга укуктуу;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Агенттикте курамына Агенттиктин директору, Агенттиктин директорунун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Министрликтин өкүлү, ошондой эле Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген, 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын төрагасы болуп кызмат орду боюнча Агенттиктин директору, ал жокто - ал ыйгарым укук берген директордун орун басары саналат.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри бекитет.
Агенттиктин коллегиясы жөнүндө жобо Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Агенттиктин мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү фонддор түзөт, алар Агенттиктин балансында чагылдырылат.
19. Агенттиктин түзүмү борбордук аппараттан жана аймактык органдардан турат.
Агенттиктин түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, алардын өзгөрүшү Агенттиктин милдеттери жана функциялары өзгөрүшүнө гана байланыштуу болушу мүмкүн. Ушуну менен бирге директорду дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Агенттикти күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырат.
7. Корутунду жоболор
21. Агенттик өз ишинде Министрликке отчёт берет.
22. Агенттик статистикалык отчётту жүргүзөт жана өз ишинин жыйынтыктарынын бухгалтердик эсебин Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчёттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырат.
23. Агенттиктин жылдык отчёту жана иш планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Агенттик өз ишин ачык-айкындуулук жана отчёттуулук принциптери боюнча жүргүзөт. Бул принциптерди ишке ашыруу үчүн Агенттик өзүнүн расмий сайтында төмөнкү маалыматтарды жайгаштырат:
- Агенттиктин ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды;
- Агенттиктин отчётторун;
- Агенттиктин иши жөнүндө башка маалыматтарды.
25. Агенттиктин ишин токтотууда ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.