Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-апрели № 176
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды
турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз
ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасында калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, "COVID-19" коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
1. 2021-жылдын 1-апрелинен 2022-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (ташып киргизилүүчү) кум шекерди (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 коду) жана рафинаддалган өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) салык салынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | У.А.Марипов |