Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-марты № 152
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасындагы калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, "COVID-19" коронавирустук инфекциясынын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "29 жана 227-беренелерине" деген сөздөр "34-беренесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктундагы "2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2021-жылдын 1-апрелинен 2022-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |