Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-апрели № 173
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор" мекемесин жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор" мекемесин жойсун;
- жоюу комиссиясын түзсүн жана ага "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор" мекемесин жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 7-майындагы N 42 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |