Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 173 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан чараларды көрсүн;
- кайра уюштуруу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2014-жылга республикалык бюджетте министрликке каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдардын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-тиркемесинин 9-пунктундагы «317» жана «242» цифралары тиешелүү түрдө «322» жана «247» деген цифраларга алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
«4-1. Департамент Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбордун укуктары жана милдеттери боюнча толук укук улантуучусу болуп эсептелет.».
5. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |