Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-майы № 183
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
У.Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
"горизонталдык макулдашуулар - бир товардык рынокто товарларды сатууну ишке ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы же бир товардык рыноктон товарларды сатып алуучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу;";
2) 4-беренесинин 6-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "атаандаштыктын абалы" деген сөздөрдөн кийин "жана аларга атаандаштык эрежелерин бузууну алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 4-1-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндө:
"баадан ашпаган учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле инновациялык иштин, башкача айтканда жаңы бирин-бири алмаштырбоочу товарды өндүрүүгө алып келүүчү иштин натыйжасы болуп саналган товар баасы" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Салыштырма товардык рынокто, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары атаандаштык шартында түзүлгөн бааны аныктоого мүмкүн болбогон учурда чарба жүргүзүүчү субъекттин чыгымдарына жана пайдасына талдоо жүргүзүлөт жана товардын негиздүү баасы аныкталат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Монополиялык кымбат бааны табуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
4) 4-2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Монополиялык төмөн бааны табуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
5) 7-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Атаандаштыкты чектөөгө алып келүүчү же алып келиши ыктымал болгон горизонталдык макулдашууларга, анын ичинде төмөндөгүлөргө багытталган макулдашууларга тыюу салынат:";
б) 2-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-1. Ушул Мыйзамдын 7-2-беренесинде белгиленген жол берилген критерийлерге ылайык жол берилген деп таанылган макулдашуулардан тышкары, атаандаштыкты чектөөгө алып келүүчү же чектөө алып келиши ыктымал болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы башка макулдашууларга, анын ичинде төмөнкү макулдашууларга тыюу салынат:
1) рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттери менен мааниси бирдей келишимдерге басмырлоочу шарттарды белгилөөчү же колдоочу, анын ичинде товарларды сатып алуу жана (же) сатуу боюнча макулдашылган шарттарды белгилөөчү;
2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир эле товарга экономикалык, технологиялык жана башка жолдор менен негизделбеген ар түрдүү бааларды (тарифтерди) коюу;
3) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге товардык рынокко кирүүгө же товардык рыноктон чыгууга тоскоолдуктарды жаратуучу;
4) кесипкөй же башка бирикмелерде мүчөлүк (катышуу) шарттарын белгилөө жөнүндө;
5) товарды сатууну негизсиз чектөө же токтотуу жөнүндө.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-бөлүк менен толукталсын:
"2-2. Жеке жана юридикалык жактарга ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө тизмеленген кесепеттерге алып келүүгө жөндөмдүү, алып келүүчү же алып келген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоого тыюу салынат.";
г) 3-бөлүгүндөгү "жана 2-бөлүгүндө" деген сөздөр "2 жана 2-1-бөлүктөрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 11-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайда болуусун жана (же) атаандаштыкты чектөөнүн алдын алуу максатында монополияга каршы орган тарабынан төмөнкү учурларда мамлекеттик контроль жүргүзүлөт:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолдору менен кайра уюштурууда;
2) акциялардын (уставдык капиталда катышуу үлүшү) беш пайыздан ашыгы мамлекетке таандык чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүдө;
3) ушул Мыйзамдын 3 жана 5-беренелерине ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүдө;
4) мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзүүдө, жоюуда жана бириктирүү, кошуу жолу менен кайра уюштурууда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда чарба жүргүзүүчү субъектти түзүү, жоюу жана бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алууда монополияга каршы органдын макулдугун алуулары зарыл.
Монополияга каршы органдын макулдугун алууга документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык берилет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүлгөн, жоюлган жана бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулган учурларда, аларды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен гана каттоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуусуз каттоо органы тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чарба жүргүзүүчү субъекттерди каттоо (кайра каттоо) жараксыз деп эсептелет же токтотулат.";
7) мамлекеттик тилдеги текстинин 18-1-беренесинде:
а) аталышы жана 2-бөлүгү "эскертүү" деген сөзгө чейин "алдын ала" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндөгү "эскертүү (мындан ары - эскертүү)" деген сөздөр "алдын ала эскертүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндөгү "Эскертүү" деген сөз "Алдын ала эскертүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) төмөнкүдөй мазмундагы 18-2-берене менен толукталсын:
"18-2-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган иш-аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу тууралуу эскертүү
1. Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө, четтетүүгө жана/же ишкердик чөйрөсүндөгү башка жактардын (чарба жүргүзүүчү субъекттердин) кызыкчылыктарын басмырлоого же керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын басмырлоого алып келүүчү же алып келиши ыктымал болгон аракеттерге (аракетсиздиктерге) бөгөт коюу максатында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузуу белгилери аныкталган учурда монополияга каршы орган мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө катышуучу чарба жүргүзүүчү субъектке, мамлекеттик органга, өз алдынча башкаруу органына жана башка уюмдарга жазуу жүзүндө эскертүү берет.
2. Монополияга каршы орган тарабынан ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузуу жөнүндө ишти кароо тууралуу чечимди эскертүү бербестен жана аны аткаруу мөөнөтү бүткөнгө чейин кабыл алууга жол берилбейт.
3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароо учурунда ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузуу белгилери аныкталган жана алар мындай иш каралып жатканда белгилүү болбогон учурда, бул ишти кароо мезгилинде монополияга каршы орган тарабынан эскертүү берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|