Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-майы № 194
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 15-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1. Кезектеги атайын класстык чин тартиптик жаза алган мамлекеттик кызматчыларга, ошондой эле кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же жазык иши козголгон кызматчыларга ыйгарылбайт.";
- 21-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Кызматчы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча атайын класстык чинден ажыратылат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |