Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматчыларына атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 194, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 475, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматчыларына атайын класстык чиндерди берүүнүн, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын класстык чин - бул Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасында мамлекеттик кызмат ордун ээлеген ар бир адамга иш стажына, билимине жана ээлеген кызмат ордуна ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Атайын класстык чиндер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) орто атайын класстык чин:
кенже юрист;
3-класстагы юрист;
2-класстагы юрист;
1-класстагы юрист;
2) улук атайын класстык чин:
юстициянын 3-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 2-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 1-класстагы кеңешчиси;
3) жогорку атайын класстык чин:
юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Атайын класстык чиндерди ыйгаруунун тартиби
4. Атайын класстык чин билимине, ээлеген кызматына жана иш стажына ылайык ырааттуу тартипте ыйгарылат.
5. Юстиция органдарынын системасынын юридикалык жогорку билими бар жана белгиленген талаптарга ылайык келген ар бир кызматчысына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын класстык чин ыйгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасындагы мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын тобун эске алуу менен төмөнкүдөй атайын класстык чиндер туура келет:
1) кенже топтогу кызмат орундарына - кенже юрист;
2) улук топтогу кызмат орундарына - 3, 2, 1-класстагы юрист;
3) башкы топтогу кызмат орундарына - юстициянын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси;
4) жогорку топтогу кызмат орундарына - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6-1. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй атайын класстык чиндер ылайык келет:
1) юстиция министри үчүн - юстициянын 3төн 2-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси;
2) юстиция министринин орун басары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары) үчүн -юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары) үчүн - юстициянын 3төн 1-класска чейинки кеңешчиси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Атайын класстык чин алгачкы жолу, кезектеги тартипте же кезексиз тартипте ыйгарылышы мүмкүн.
Атайын класстык чин биринчи жолу атайын класстык чини жок кызматчыга ыйгарылат. Кызматчынын мурдагы кызматында ыйгарылган класстык чини, дипломатиялык рангы, аскердик же атайын наамы болгон учурда атайын класстык чинди ыйгаруу ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Биринчи атайын класстык чин болуп (мамлекеттик жарандык кызматчы ээлеген мамлекеттик кызмат ордунун административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кайсы тобуна киргенине жараша) төмөнкүлөр саналат:
1) кенже топтогу кызмат орундары үчүн - кенже юрист;
2) улук топтогу кызмат орундары үчүн - 3 класстагы юрист;
3) башкы топтогу кызмат орундары үчүн - юстициянын 3-класстагы кеңешчиси;
4) жогорку топтогу кызмат орундары үчүн - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
8-1. Саясий мамлекеттик кызмат орундары үчүн биринчи атайын класстык чиндер (атайын класстык чиндердин тобуна жараша) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) атайын класстык чиндердин улук тобунун алкагында - юстициянын 3-класстагы кеңешчиси;
2) атайын класстык чиндердин жогорку тобунун алкагында - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кызматчыга биринчи атайын класстык чин кызматчы мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин сыноо мөөнөтүн кошуп алганда, бир жылдан эрте эмес ыйгарылат. Ошол эле учурда эгерде кызматчы юстиция органдарынын системасынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт юстиция органдарынын системасындагы бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн бүткүл убактысынын жыйындысы боюнча эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кезектеги атайын класстык чин кызматчыга мурдагы атайын класстык чинде кызмат өтөө үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ыйгарылат.
Атайын класттык чинди ыйгаруунун кезектүүлүгү кызматчы кызмат орундарынын бир тобунун чегинде кызмат ордун ээлеген шартта сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кызматчы мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогорку категориядагы административдик кызмат ордуна дайындалган учурда кезектеги атайын класстык чин тиешелүү атайын класстык чинде кызмат өтөө үчүн ушул Жобонун 12-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок ушул административдик кызмат ордуна ылайык келген атайын класстык чинден жогору болбогон административдик кызмат ордун ээлеп турган мезгилден бир жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
Кызматчы мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогорку топтогу административдик кызмат ордуна дайындалган учурда ал кызматчыга ыйгарылган чинден жогору болгон, Жобонун 8-пунктуна ылайык кызмат орундарынын ушул тобу үчүн биринчи болуп саналган кезексиз атайын класстык чин ыйгарылышы мүмкүн. Мындай учурда атайын класстык чин ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы атайын класстык чинде өтөгөн кызматынын узактыгын эске албастан ыйгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ар бир атайын класстык чинде болуу мөөнөтү төмөнкүдөй:
- кенже юрист үчүн 1 жылдан кем эмес;
- 3, 2, 1-класстагы юрист үчүн 3 жылдан кем эмес;
- юстициянын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси үчүн 3 жылдан кем эмес.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр кызматчыны ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык башка атайын класстык чиндер каралган кызмат орундарынын башка тобуна кирген бир кыйла жогорку кызмат ордуна дайындоодо эске алынбашы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга кезектеги атайын класстык чин кызмат адамы мурдагы атайын класстык чининде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чини Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын юстиция министрине юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чини Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Башка атайын класстык чиндер Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматчыга тиешелүү атайын класстык чинди өз убагында ыйгаруу боюнча чараларды көрөт.
Орто жана улук атайын класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө сунушту өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине жүктөлөт.
Сунуш кызматчыга тиешелүү атайын класстык чинди ыйгаруу укугу пайда болгон учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде киргизилиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 194 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16-1. Кезектеги атайын класстык чин тартиптик жаза алган мамлекеттик кызматчыларга, ошондой эле кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же жазык иши козголгон кызматчыларга ыйгарылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кызматчыга атайын класстык чинди ыйгаруу жөнүндө маалымат кызматчынын эмгек китепчесине жана өздүк делосуна жазылат. Кызматчыны атайын класстык чинден ажыратуу же андан төмөндөтүү жөнүндө маалымат кызматчынын өздүк делосуна жазылат.
Атайын класстык чин Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматкеринин кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Атайын класстык чинди сактоо тартиби
18. Аскердик же атайын наамдары, класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасына мамлекеттик жарандык кызматка кирүүдө алардын жогорку юридикалык билими болгон учурда ушул Жобонун 6, 61, 8, 81, 9-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдү жана талаптарды сактабастан, ошол аскердик же атайын наамына, класстык чинине, дипломатиялык рангына ылайык келген атайын класстык чин ыйгарылат.
Аскердик наамдардын, класстык чиндердин, атайын класстык чиндердин жана атайын наамдардын катышы "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Аскердик же атайын наамдары, класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар юстиция органдарынын кызматчыларына ушул Жобонун 12, 13-пункттарында белгиленген атайын класстык чиндерде болуу мөөнөттөрүнө алардын аскердик же атайын наамдарда, класстык чиндерде, дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөтү (иштеген жылдары) кошуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Ыйгарылган атайын класстык чин кызматчыда ал атайын класстык чинден ажыратылган учурларды кошпогондо, өмүр бою сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Атайын класстык чинден ажыратуу, төмөндөтүү тартиби
20. Кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматчынын атайын класстык чини ал ээлегенден бир атайын класстык чинден көп эмес төмөндөшү мүмкүн.
Орто жана улук атайын класстык чиндерди төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын юстиция министринин тейлөөчү орун басарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан жүргүзүлөт.
Юстициянын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чинин төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын юстиция министрине карата юстициянын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чинин төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Кызматчы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча атайын класстык чинден ажыратылат.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, кызматчы Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугуна байланыштуу класстык чинден ажыратылат.
Атайын класстык чинден ажыратуу атайын класстык чинди ыйгарган кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 194, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы N 475 токтомдорунун редакцияларына ылайык)