Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-майы № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тышкы соода жана тышкы соода жеткирүүлөр чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кеңештин курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун;
- тышкы экономикалык ишти жүргүзүү жана/же аталган чөйрөдө 3 жылдан кем эмес тийиштүү кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу бизнес коомчулугунун.
Бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн саны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн-мүчөлөрүнүн санынан ашпоого тийиш.";
- 7-пунктундагы "Экономика" деген сөз "экономика жана финансы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8 жана 9-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан бекитилет.
9. Кеңештин ишин уюштуруу-методикалык камсыздоо Кеңештин катчылыгы тарабынан ишке ашырылат. Кеңештин катчылыгынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жүктөлөт.
Кеңештин катчылыгы жети мүчөдөн, анын ичинде Кеңештин катчысынан турат. Кеңештин катчылыгына бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана эксперттер кириши мүмкүн. Кенештин катчылыгынын курамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан бекитилет.";
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кеңештин катчылыгы менен ыкчам өз ара аракеттенүү үчүн Кеңештин координаторлорун дайындашат.";
- 12-пунктунун он алтынчы абзацы "комитеттер/кеңештер" деген сөздөрдөн кийин катчылыктар" деген сөз менен толукталсын;
- 18-пунктундагы "кварталына" деген сөз "жарым жылда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктунун үчүнчү абзацындагы, 26-пунктунун тогузунчу абзацындагы "Экономика" деген сөз "экономика жана финансы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-майындагы № 62 жарыяланды
Төрага |
У.Марипов |