Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун
жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3, 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 183 Мыйзамы менен ратификацияланган Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууну (мындан ары – ДСУнун Макулдашуусу) ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.
2. Кеңеш ведомстволор аралык консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат, анын иши мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, тышкы соода жана тышкы соодадагы жеткирүүлөр чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, анын ичинде ДСУнун Макулдашуусунун жоболорун ишке ашыруу боюнча мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарын макулдашууга багытталган.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңеш төрагадан, теңтөрагадан, Кеңештин катчысынан жана Кеңештин мүчөлөрүнөн турат.
5. Кеңештин курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Сапариптик өнүктүрүү министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун;
- иши тышкы экономикалык ишти жүргүзүү жана/же коштоочу кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан, аталган чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар бизнес-коомчулуктун.
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн саны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мүчө өкүлдөрүнүн санынан ашпоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кеңешке мүчө болууга талапкер болгон бизнес-коомчулугу Кеңештин катчысына өз талапкерлигин сунуштап, ошондой эле уюмдун жана анын мүчөлөрүнүн ишин мүнөздөгөн маалыматты, анын ичинде тышкы соодадагы ишинин көрсөткүчтөрүн, тиешелүү чөйрөдөгү жетишкендиктерин, анын ичинде тышкы экономикалык иш менен байланышкан маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдар менен иштешкендигин тастыктаган көрсөткүчтөрдү же иштеринин натыйжаларын мүнөздөгөн маалыматты бериши керек.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри - Кеңештин төрагасы, бизнес-коомчулуктун өкүлү - теңтөрага болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3, 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3, 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Кеңештин ишин уюштуруу-методикалык камсыздоо Кеңештин катчылыгы тарабынан ишке ашырылат. Кеңештин катчылыгынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлөт.
Кеңештин катчылыгы жети мүчөдөн, анын ичинде Кеңештин катчысынан турат. Кеңештин катчылыгына бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана эксперттер кириши мүмкүн. Кенештин катчылыгынын курамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3, 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Кеңештин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн Кеңештин чечими менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистеринен, жеке секторлордун өкүлдөрүнөн, эксперттерден жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кеңештин катчылыгы менен ыкчам өз ара аракеттенүү үчүн Кеңештин координаторлорун дайындашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кеңештин Катчылыгынын, ошондой эле жумушчу топтордун ишин каржылоо республикалык бюджеттен министрликтерге жана ведомстволорго каралган каражаттардын, ошондой эле эл аралык уюмдар менен бизнес-коомчулуктун ыктыярдуу каржылык же техникалык жардамынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Кеңештин негизги милдеттери жана укуктары
12. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- тышкы соода (экспорт, импорт, транзит) жана тышкы соода жеткирүүлөр чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, анын ичинде Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ДСУнун Макулдашуусунун жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чараларды ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды координациялоону жана алардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- тышкы соода (экспорт, импорт, транзит) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, административдик жол-жоболорду жана ишке ашыруу практикасын, анын ичинде бажы жол-жоболорун, транспорт жүк ташууларын, логистиканы, финансы-камсыздандыруу маселелерин, техникалык жөнгө салууну, ветеринардык жана фитосанитардык маселелерди, электрондук документ жүгүртүү менен электрондук кызмат көрсөтүү жана башка өз ара байланышкан маселелерди Кыргыз Республикасынын чыгымдарына жана эл аралык соодадагы атаандаштыкка туруштук берүүсүнө таасирин тийгизген көйгөйлөрдү аныктоо максатында талдоо жана изилдөөнү жүргүзүү;
- тышкы соода жана тышкы соодалык ташуулар чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- эл аралык стандарттардын негизинде Кыргыз Республикасында тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча стратегиялардын, пландардын долбоорлорун жана практикалык чараларды иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, анын ичинде тышкы экономикалык иштерди ишке ашыруу үчүн ачык жана акылга сыярлык чөйрөнү түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- "Тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, анын ичинде ДСУнун Макулдашуусун ишке ашыруу боюнча чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- ДСУнун Макулдашуусун ишке ашыруу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун комитети менен өз ара иштешүүнү камсыздоо;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жеке сектор үчүн тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн ыкмалары жана артыкчылыктары, ошондой эле бул чөйрөдөгү мыкты эл аралык практика туурасында маалыматтык кампания өткөрүп туруу;
- тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча колдонмолорду жана башка маалыматтык материалдарды даярдоо;
- тышкы соода чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистеринин жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн тышкы соода чөйрөсүндөгү эл аралык соода жүргүзүүнүн принциптери, тышкы соодадагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча алдыңкы тажрыйба менен чаралар жөнүндө билимин өркүндөтүү аркылуу дараметин арттыруу үчүн семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча маалымат базаларынын түзүлүшүнө жана актуалдаштырышына мониторинг жүргүзүү;
- ресурстарды артыкчылыктуу милдеттерге багыттоо максатында тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча техникалык же башка колдоо көрсөткөн эл аралык донор уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча эки тараптуу, аймактык жана эл аралык кызматташтыкка катышуу;
- тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча аймактык жана эл аралык комитеттер/кеңештер катчылыктар менен маалымат жана тажрыйба алмашууну камсыздоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана сунуштарды киргизүүгө;
- Кеңештин жыйындарында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча маалыматын угууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин, эксперттерди тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча эксперттик баа берүүлөрү үчүн ишке тартууга;
- мамлекеттик органдарга тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жаатындагы сунуштамаларды жөнөтүүгө;
- Кеңештин алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин жыйындарына, жумушчу топторго катышууга жана талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуштарын жана эскертүүлөрүн киргизүүгө;
- Кеңеш кабыл алган сунуштамаларды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
- Кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалымат менен таанышууга жана аны алууга.
15. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кеңештин жыйынына жеке өзү катышууга же жыйында өзүнүн позициясын билдирүү үчүн добуш берүү укугуна ээ эмес, ишеним адамын жиберүүгө;
- Кеңешке Кеңештин иш пландарынын алкагында ишинин натыйжалары жөнүндө маалымат берүүгө;
- Кеңештин сунуштамаларын ишке ашырууга көмөктөшүүгө;
- Кеңештин иши жөнүндө маалымат берүүчү пресс-конференцияларга катышууга.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
16. Кеңеш өз ишин Кеңештин жыйынында жылына бекитиле турган пландарга ылайык уюштурат.
17. Кеңештин төрагасы жана теңтөрагасы Кеңешти башкарат, күн тартибин жактырат, Кеңештин жыйынына төрагалык кылат, Кеңеш кабыл алган чечимдерге кол коёт.
18. Кеңеш өзүнүн ишин жыйын өткөрүү аркылуу ишке ашырат. Кеңештин жыйындары зарылдыкка жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кеңештин жыйынына бардык кызыкдар болгон тараптардын, анын ичинде бизнес-коомчулуктун, тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө техникалык көмөк көрсөткөн эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
20. Кеңештин жыйынынын күн тартибин Кеңештин Катчылыгы түзөт жана Кеңештин төрагасы же теңтөрагасы бекитет.
21. Кеңештин чечими ачык добуш берүү аркылуу, жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимин кабыл алууда сырттан добуш берүүлөр да эске алынат.
22. Жыйынга жүйөлүү себептен улам катышпай калган Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги маселелер боюнча чечим кабыл алууга сырттан добуш берүүгө укуктуу. Сырттан добуш берүү жазуу жүзүндө жана төмөнкүлөрдү сөзсүз көрсөтүү аркылуу жүргүзүлөт:
- Кеңештин мүчөсүнүн аты-жөнү, кызмат орду жана уюмдун толук аталышы;
- Кеңештин жыйыны өткөрүлгөн күн, орун жана убактысы;
- күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча кабыл алынган чечимдерди жана жүйөлөрдү;
- күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча берилген добуштардын “ооба”, “каршы” же “калыс” варианттары;
- кол коюлган күн жана убактысы.
Сырттан добуш берүүнүн жыйынтыктары электрондук почта аркылуу же башка ыкма менен Кеңештин Катчысына Кеңештин жыйыны өткөн күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүшү керек. Кеңеш өткөрүлгөн күндөн кийин жөнөтүлгөн добуштар кабыл алынбайт.
23. Кеңештин чечимдери иштелип чыккан сунуштар же сунуштамалар менен протокол катары кабыл алынат.
Протокол Кеңештин жыйыны өткөрүлгөн күндөн кийинки үч күндөн кеч эмес убакытта түзүлөт жана ага Төрага жана теңтөрага кол коюшат. Кеңештин белгилүү бир маселе боюнча чечимине макул болбогон Кеңештин мүчөсү жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал протоколго тиркелет.
Кеңештин жыйынынын протоколу Кеңештин бардык мүчөлөрүнө жөнөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин веб-сайтына жыйын өткөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3, 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24. Кеңештин алган чечимдери Кеңештин катчылыгы тарабынан аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарына аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алынышын талап кылган Кеңештин сунуштары жана сунуштамалары Кеңештин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кеңештин чечимдеринин аткарылышына Кеңештин катчылыгы мониторинг жүргүзөт. Кеңештин чечимдеринин аткарылышы боюнча отчёт аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна жарым жылда бир жолудан кем эмес жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Кеңештин Катчылыгынын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- жыйындын күн тартибин иштеп чыгуу;
- Кеңештин жыйынында карап чыгуу үчүн артыкчылыктуу маселелердин тизмесин түзүү;
- Кеңештин жыйындарын даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү;
- жыйын өтө турган күнгө 5 (беш) жумуш күнү калганда Кеңештин мүчөлөрүнө жыйындын күн тартибин жана материалдарды жөнөтүү;
- Кеңештин мүчөлөрүнө жыйындардын протоколдорун жана кабыл алынган документтерди таратуу;
- тышкы соода чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн сунуштарын жалпылоо;
- Кеңештин чечимдеринин аткарылышына жана сунуштамалар менен сунуштар каралып чыккандан кийинки жыйынтыктарга мониторинг жүргүзүү;
- Кеңештин ишинин жүрүшү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин веб-сайтына жайгаштыруу аркылуу Кеңештин ишинин ачыктыгын камсыздоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3, 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Кеңештин Катчысы:
- Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана бизнес-коомчулугунан сурап алууга укуктуу;
- Кеңештин жыйындарына катышат, жыйындардын протоколун жүргүзөт;
- Кеңештин иши тууралуу отчётторду даярдайт;
- Кеңешке маалымат даярдайт, Кеңештин төрагасына, теңтөрагасына жана Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин сунуштары жана сунуштамаларынын каралышы туурасында маалымат берет;
- Кеңештин Катчылыгына жалпы жетекчилик кылат.