Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 5 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28--30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле жабыркаган жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бир жолку материалдык жардам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө берилет:
1) 1000000 (бир миллион) сом - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө;
2) 100000 (жүз миң) сом - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында денесинен оор жаракат алып, жабыркаган жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланган Кыргыз Республикасынын жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо;
3) 50000 (элүү миң) сом - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында денесинен анча оор эмес жаракат алган, ошондой эле денесинен жеңил жаракат алган, ден соолугу кыска мөөнөттүү бузулуп жабыркаган, медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык жана амбулатордук дарыланган Кыргыз Республикасынын жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо.
3. Каза болгондордун бир жолку материалдык жардам алууга укугу бар үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) каза болгон жарандын жубайы;
2) каза болгон жаран никеге турбаган учурда ата-энесинин бири.
Каза болгон жаран никеге турбаса жана ата-энеси жок болсо бир жолку материалдык жардам каза болгон жаран менен бирге туруктуу жашаган, туугандык мамиледе болгон, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджетке ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине төлөнөт.
4. Ушул Тартиптин 3-пунктунда каралбаган башка учурларда туугандыгын аныктоо, ошондой эле башка талаштуу маселелер комиссия тарабынан чечилет. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары - комиссиянын төрагасы;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары/вице-мэр - комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) комиссиянын мүчөлөрү: Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси, мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, саламаттык сактоонун жана социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, финансы жана экономиканын, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери. Зарыл болгон учурда, комиссия айыл өкмөтүнүн башчысын комиссиянын ишине тартууга укуктуу.
5. Материалдар комиссиянын жыйынына зарылдыгына жараша саламаттык сактоонун жана социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүмдөрү тарабынан киргизилет.
6. Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн тизменин негизинде жүргүзүлөт:
1) тизме төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен түзүлөт:
- каза болгон жарандар үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жеке идентификациялык номери, жашаган жери, паспортунун маалыматтары же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери, ошондой эле туугандары жөнүндө маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты, паспортунун маалыматтары, туулгандыгы тууралуу же никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн номери;
- жабыркаган жарандар үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жеке идентификациялык номери, жашаган жери, паспортунун маалыматтары же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери, ошондой эле денесинен алган жаракаттын оорчулук даражасы (оор же анча оор эмес дене жаракаттары);
2) каза болгон жана жабыркаган жарандардын тизмесинин ар бир барагы саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жооптуу жетекчиси тарабынан кол коюлууга жана датасын көрсөтүү менен мөөр басылууга тийиш.
7. Бир жолку материалдык жардам алуу үчүн ушул Тартиптин 3-пунктунда аталган адамдар, ошондой эле жабыркаган жарандар жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун жана социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылууга тийиш. Материалдык жардам төлөө үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) арыз ээсинин паспорту;
2) арыз ээсинин каза болгон адам менен туугандыгын ырастаган никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүгү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
3) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
4) жабырлануучунун соттук-медициналык корутундусу.
8. Бир жолку материалдык жардамды төлөөдө райондук коэффициентти эсептөө каралган эмес.
9. Материалдык жардам алуучулардын тизмесине саламаттык сактоонун жана социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүмүнүн жетекчиси кол коёт жана ал бир жолку материалдык жардамды төлөөгө акча каражаттарын которуу үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
10. Бир жолку материалдык жардамды төлөө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан накталай эмес формада, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келишим түзгөн коммерциялык банктын транзиттик эсебине каражаттарды которуу жолу менен жүргүзүлөт.
11. Мурда жабырлануучу катары бир жолку материалдык жардам алган адам Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында денесинен алган жаракаттын залдарынан эки жылдын ичинде каза болсо, маркумдун үй-бүлөсүнө буга чейин алынган материалдык жардамдын суммасын алып салуу менен каза болгон жаран катары компенсация төлөнөт.
12. Саламаттык сактоонун жана социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүмү учурдагы жылдын 31-декабрына чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку материалдык жардам төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат берет.
13. Ушул Тартиптин 4-пунктунда аталган бир жолку материалдык жардам төлөө боюнча комиссия тарабынан чечилбеген талаш маселелер соттук тартипте чечилет.