Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-майы № 5
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир жолку материалдык жардам төлөнсүн:
1) Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө - 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө;
2) денесинен оор жаракат алып, жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;
3) денесинен анча оор эмес жаракат алган, ошондой эле денесинен жеңил жаракат алган, ден соолугу кыска мөөнөттүү бузулган, медициналык жардам сурап кайрылган жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык жана амбулатордук дарыланган Кыргыз Республикасынын жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку материалдык жардам төлөө үчүн 51556500 (элүү бир миллион беш жүз элүү алты миң беш жүз) сом суммасында кошумча каражат бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам берүү тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жана жабыркаган жарандарынын тизмесин түзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга Тартипке ылайык акча каражаттарын төлөөнү камсыз кылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | У.Марипов |