Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-апрели № 164
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
- 5-пунктунун он сегизинчи абзацынын мамлекеттик тилдеги текстиндеги "менчик же" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктунун экинчи абзацы "коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын" деген сөздөргө чейин "шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, " деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунда:
жетинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Комиссиянын чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ.";
- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер участогунун чектеринде пайдалуу кендердин болушу же жок экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Комиссиянын корутундусунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кароо үчүн тийиштүү материалдарды жиберет.".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |