Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 571
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
Муниципалдык менчикте турган жер участокторун түзүү жана аларга болгон укуктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
2. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде колдонуудагы курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерин бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү жобого ылайык келтирүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мындай ченемдик укуктук актылары кабыл алына элек ар бир калктуу конушта 2011-жылдын аягына чейин курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- ушул мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү көрсөтүүчү кызматтарга бааларды бир айлык мөөнөттө кайра карап чыгышып, ушул токтомго ылайык жана белгиленген тартипте тийиштүү чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
- жер-жерлерде бул токтомдун аткарылышын камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги электр, газ жана жылуулук боюнча кызматтарды көрсөтүүчү инженердик-техникалык кызматтардын бул токтомду аткаруусуна мониторинг жүргүзүүнү камсыздасын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы № 334 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 799 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 464 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» токтому.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |