Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 3-майы № 180
"Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жарандык авиация чөйрөсүндөгү уруксаттарды берүү, таануу, узартуу, колдонулушун токтотуп туруу жана жокко чыгаруу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
2) 4-беренесинде:
а) 12-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"лицензиялардын жана уруксаттардын бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестри - Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн бөлүгү болуп саналган лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган маалыматтар базасы";
3) 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "тобокелдигинин жол берилген чектүү деңгээлин" деген сөздөр "тобокелдигин" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 12-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестри
1. Лицензиялардын жана уруксаттардын бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестри (мындан ары - реестр) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз булак болуп саналат.
2. Лицензиялар жана уруксаттар реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Реестр төмөнкүлөрдү камтыйт:
- куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген лицензиялардан жана уруксаттардан тышкары, Кыргыз Республикасында берилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген бардык лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды;
- маалыматтык бөлүктү.
4. Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;
2) юридикалык жактын толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышын, анын ичинде фирмалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, юридикалык дарегин;
3) жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын жашаган жерин, ким экендигин ырастоочу документтин маалыматтарын, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номерин;
4) иштин лицензиялануучу түрүн;
5) иш жүргүзүү аймагы жөнүндө маалыматтарды (эгерде аймактык жактан чектелген болсо);
6) лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулук мөөнөтүн;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген датаны жана каттоо номерин;
8) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизин жана мөөнөтүн;
9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизин жана датасын.
5. Маалыматтык бөлүк төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү лицензиялардын жана уруксаттардын тизмегин;
2) лицензияны жана уруксатты алуу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тизмегин жана ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди;
3) лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;
4) лицензияларды жана уруксаттарды алууга талапкерлерге карата талаптар;
5) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыздарды берүү жана кароо жол-жоболорун баяндоону;
6) лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди;
7) лицензиялоочу органдардын чечимдерин даттануу жол-жоболорун баяндоону;
8) лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү, даттанууларды кароону ишке ашыруучу органдардын, анын ичинде региондук бөлүмдөрүн аталышын, жайгашкан жерин жана иштөө режимин;
9) мамлекеттик алымды төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.
Маалыматтык бөлүктү түзгөн маалыматтардын аныктыгы лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү ишке ашыруучу органдар тарабынан камсыздалат.
6. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача белгиленбесе, лицензиялардын жана уруксаттардын реестринде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат.";
5) 14-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү лицензиялоо субъекттери
1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:
1) лицензия берүүчү - ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган;
2) лицензия алуучу (менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр).
2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензия берүүчүнүн борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.";
6) 15-беренесинде:
а) 19, 20, 59 жана 60-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61) бир тараптуу тартипте убактылуу лицензиялоо киргизилген товарлардын импорту, экспорту.";
7) 17-беренесинде:
а) 21-25 жана 30-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 38-40-пункттар менен толукталсын:
"38) аба кемелерин жер үстүндө тейлөө;
39) атайын учууну аткаруу;
40) борттук радиостанцияларды колдонуу.";
8) 18-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "лицензиялык жыйымды" деген сөздөр "мамлекеттик алымды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1 Лицензия берүүчү компетенттүү мамлекеттик органдардан лицензияларды жана уруксаттарды берүү үчүн зарыл болгон документтерди ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу сурайт. Мындай учурда арыз ээсинен кагаз жүзүндө документтерди берүү талап кылынбайт,";
в) 2-бөлүгүндөгү "белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле убакта ушул беренеде каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн түп нускаларын электрондук форматта тиркейт" деген сөздөр "же Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун эрежелеринде белгиленген тартипте Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында белгиленген формадагы арызды толтурат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "лицензиялык жыйымдын" деген сөздөр "мамлекеттик алымдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 27-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "үч" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын;
11) 28-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Лицензиялык контроль
1. Лицензиялык контроль тийиштүү лицензия берүүчү тарабынан лицензия алуучунун ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген лицензиялык талаптарды сактоосун текшерүү максатында жүргүзүлөт. Лицензиялык контроль жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.
2-1. Лицензиялык текшерүүлөр төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) лицензия алдындагы текшерүүлөр - лицензия берүүчү тарабынан лицензиялануучу иштин билдирилген түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон адистердин, жайлардын, транспорттун, жабдуулардын жана документтердин бар экендиги боюнча арыз ээси лицензия алганга чейин жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;
2) лицензиядан кийинки текшерүүлөр - лицензия берүүчү тарабынан лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча лицензияларды колдонуу мезгилинде жүргүзүлүүчү пландуу текшерүүлөр;
3) пландан тышкары текшерүүлөр - жеке жана юридикалык жактардан лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулушу жөнүндө арыздар келип түшкөндө жана (же) лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү боюнча жеке жана (же) юридикалык жактын лицензия албастан иш жүргүзүүсү жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө лицензия берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлүүчү изилдөөлөр жана текшерүүлөр. Мурдагы лицензиялык контролдун жыйынтыктары боюнча лицензиялык талаптарды бузууларды аныктоо жана жоюу боюнча пландан тышкары лицензиялык контролду ишке ашыруу.
3. Лицензия алуучуну пландуу лицензиялык текшерүү белгиленген тартипте иштелип чыккан жана лицензиялоочу органдын буйругу менен бекитилген пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
Лицензиялык контроль лицензия берүүчү тарабынан формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү лицензиялык текшерүү баракчасын милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.
4. Арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин изилдөө, ошондой эле лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү, лицензия алуучу тарабынан мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын жоюлушун текшерүү, лицензия алуучунун өзүнө карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызы боюнча текшерүү, ошондой эле лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулушу жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтерди жана материалдарды тиркөө менен жеке же юридикалык жактын лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулушу жөнүндө арызы боюнча текшерүү лицензиялык текшерүүнүн предмети болуп саналат.
5. Лицензия алуучуну пландан тышкары текшерүү төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) лицензия алуучу тарабынан лицензиялоочу орган тарабынан мурда берилген лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө тиешелүү актыны аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) лицензиялоочу органга лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинде жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын түшүүсү;
3) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын белгилөө максатында лицензиялоочу орган тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө лицензия алуучунун өтүнүч катынын болушу.
6. Лицензиялоочу орган ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча, лицензия алуучуга алдын ала кабарлоо жибербестен пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
7. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензия берүүчү лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат:
1) эскертүү;
2) айып;
3) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу;
4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.
8. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузуу үчүн лицензия берүүчү эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
9. Лицензиялык талаптарды экинчи жолу бузуу үчүн лицензия берүүчү айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
10. Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ишке ашырылат";
12) 29-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу
1. Лицензия берүүчү лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун төмөнкү учурда токтотуп турат:
1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензия алуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;
3) лицензия алуучу тарабынан документтер анык эмес маалыматтар менен берилген факты аныкталганда;
4) лицензия алуучу тарабынан адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүчү лицензиялык талаптар бузулганда, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган учурларда лицензиялардын жана (же) уруксаттардын колдонулушу бузуунун себептери жоюлганга чейин токтотулуп турат.
Лицензия алуучу ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган бузууларды токсон календардык күндүн ичинде жоюуга милдеттүү.
2. Лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузуулар алар тарабынан жоюлгандыгы жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
3. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү анын колдонулушу токтотулуп турган учурга узартылбайт.
4. Эгерде лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, лицензия жана (же) уруксат ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.
5. Лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.";
13) 31-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу
1. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
- лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө арызы менен кайрылганда;
- лицензия алуучунун иши токтотулганда;
- юридикалык жак жоюлганда;
- жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;
- лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым бир түрү алып салынганда;
- лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- аларды ишке ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жүргүзүүдө;
- иштин айрым түрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмесинен чыгарылганда;
- лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
2. Лицензиялоочу органдын лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечими лицензия алуучуга ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет.
3. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу лицензиялоочу орган тарабынан лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.";
14) 33-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренесинде:
а) 21-абзацындагы "тиешелүү лицензия алгандан кийин" деген сөздөр алып салынсын;
б) 25-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"актуарий - актуардык ишти жүргүзүүчү жеке жак";
2) 9-1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-1-берене. Камсыздандыруу брокерлери
1. Камсыздандыруу брокеринин ишине, камсыздандыруу брокеринин уставдык капиталын түзүүгө, калыптандырууга карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Чет өлкөлүк камсыздандыруу брокерлери Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишин жүргүзө алышат.";
3) 9-2-беренесинде:
а) 3-бөлүгүндөгү ", актуардык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тогуз айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|