Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-майы № 193
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин иштерин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбор жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 193 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбор жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбор (мындан ары - МКБ) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек рыногунда жумушка орношууда көмөк көрсөтүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. МКБ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө", "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик) актыларын, ошондой эле бул Жобону жетекчиликке алат.
3. МКБ юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин казыналык системасында МКБнын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон эсептери болот.
4. МКБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
5. МКБ өзүнүн ишин өз алдынча жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын башка уюмдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу да жүргүзөт.
6. МКБ төмөнкү даректе жайгашкан: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Токтогул көч., 237.
7. МКБнын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбор";
- расмий тилде:
"Информационно-консультационный центр при Департаменте внешней миграции при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики".
МКБнын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Маалыматтык-консультациялык борбор";
- расмий тилде:
"Информационно-консультационный центр".
8. МКБ мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
2. МКБнын максаты жана милдеттери
9. МКБнын ишинин максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек рыногунда жумушка орношууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
10. МКБнын милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө уюшкандыкта жумушка орноштуруу системасын өнүктүрүү;
- тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- чет өлкөдө уюшкандыкта жумушка орноштуруу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
3. МКБнын негизги функциялары
11. МКБ төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) кызмат көрсөтүү функциялары:
- жумуш берүүчүлөр, иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктер жана башка кызыкдар жактар менен өнөктөштүк мамилелерди түзөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт;
- түзүлгөн макулдашуулардын алкагында жумуш берүүчүлөр жана бош орундар, ошондой эле чет өлкөдө жумуш издеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды чогултат жана жаңыртып турат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө жумушка орношуу үчүн керектүү болгон уруксат берүү документтерин тариздөөдө көмөк көрсөтөт;
- жарандарга тышкы эмгек миграциясы жана чет өлкөлөрдө уюшкандыкта жумушка орноштуруу маселелери боюнча маалымат жана консультация берет, алардын жумушка орношуусуна көмөк көрсөтөт;
- жарандарга жумушка орношууга барган өлкөнүн социалдык, маданий жана башка шарттары, жумуш берүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар менен эмгек келишимдерин түзүүнүн укуктук аспекттери жөнүндө маалымдайт;
- жумушка орношуу максатында чет өлкөгө кетүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен кызматкерлерди тандоо боюнча кызматтарды көрсөтөт;
- чет өлкөдө жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын МКБнын талапкерлер маалымат базасында каттайт;
- жумуш берүүчүнүн талаптарына жарандардын квалификациялык шайкеш келишин аныктоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тышкы миграция чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте, чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөктөрүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөп берет;
- өз ара макулдашуу боюнча жана белгиленген тартипте маалыматтык базаларды жана министрликтердин жана ведомстволордун, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын маалымат базаларын мамлекеттик органдарды санариптештирүүнүн алкагында пайдаланат;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишинин алкагында байланыштын мамлекеттик, ошондой эле атайын системаларын жана коммуникацияларды пайдаланат;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жалдоо жана жумушка кабыл алуу шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу маселелери боюнча иштерге методикалык жетекчилик жүргүзөт жана координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иш жүргүзгөн жеке менчик агенттиктердин иштерине мониторинг жүргүзөт;
3) колдоо функциялары:
- бош орундар жармаңкелерин өткөрөт;
- иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алып, чет өлкөгө ишке орношуу үчүн жөнөтүлүүчү жарандардын ден соолугунун абалын медициналык текшерүүдөн өткөрүү маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тартипте эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан демөөрчүлүк, кайрымдуулук, гуманитардык жана башка жардамдарды тартат;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө жумушка орношуу максатында чыгуучу жарандарын жөнөтөр алдында окутуучу уюмдарга көмөк көрсөтөт, ошондой эле өз алдынча да окутат.
4. МКБнын укуктары
12. МКБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте өз алдынча, анын ичинде кызыкдар болгон министрликтер, административдик ведомстволор, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен бирге МКБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
- МКБга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга байланышкан келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана меморандумдарды түзүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка жалдаган же мындай жалдоого түрткү берген жумуш берүүчүлөр менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүргүзүүгө;
- түзүлгөн келишимдерге ылайык иштөө үчүн кадр тандоону, кесиптик жарактуулугуна тестирлөө уюштурууну, тышкы эмгек рыногундагы мыйзамдар менен тааныштырууну жүргүзүүгө;
- координациялык жана кеңеш берүүчү органдардын, анын ичинде ведомстволор аралык органдардын ишине, ошондой эле кеңешмелерге, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга;
- МКБнын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;
- МКБнын ыйгарым укуктарынын алкагында жумуш берүүчүлөр менен түзүлгөн макулдашуулардын (келишимдердин) негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары менен аларды жумушка орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жапа мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана коомдук уюмдардан МКБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат суроого жана алууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акысыз жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө;
- товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте жүргүзүүгө;
- МКБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарнамалык-басма ишин жүргүзүүгө, конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
5. МКБнын иштерин уюштуруу
13. МКБнын кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналат, алар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри (мындан ары - министр) тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. МКБны министрдин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
15. МКБнын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министр бекитет.
16. МКБнын директору:
- МКБнын иштерин уюштурат жана ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга, финансылык-чарбалык иштердин ченемдерин сактоого жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, башка мекемелер, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен болгон мамилелерде МКБнын агынан чыгат;
- белгиленген тартипте МКБнын мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
- Министрликке бекитүү үчүн штаттык ырааттаманы берет;
- тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын тышкы рынокто жумушка орноштуруу жаатында эл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча сунуштарды Министрликтин алдындагы Тышкы миграция департаментинин директору менен макулдашып, Министрликке киргизет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- МКБнын кызматкерлерине карата эмгек мамилелери жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды Министрликтин алдындагы Тышкы миграция департаментинин директорунун макулдугу менен белгиленген тартипте министрге киргизет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде МКБнын атынан ишеним кат тариздөөсүз келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын алкагында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. МКБ директорунун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу орун басары болот.
6. МКБнын мүлкү жана финансы каражаттары
18. МКБнын финансы каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын;
- гранттык, кайрымдуулук жана гуманитардык жардамдардын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын.
19. МКБнын мүлкү негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттардан, ошондой эле наркы өзүнчө баланста чагылдырылуучу материалдык-техникалык баалуулуктардан турат. Бюджеттик каражаттардын жана башка булактардын эсебинен сатып алынган мүлк ыкчам башкаруу укугунда МКБга таандык.
20. Финансылык каражаттарды жана мүлктү тескөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттен бөлүнгөн финансы каражаттары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте пайдаланылат;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринде (тизмесинде) каралган кызматтарды көрсөтүү үчүн финансылык каражаттар МКБнын атайын эсебине которулат.
3) МКБнын атанын эсебиндеги акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна ылайык колдонулат.
21. МКБ мамлекеттик отчет берүүнүн белгиленген формалары боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана отчет берет.
7. МКБны кайра уюштуруу жана жоюу
22. МКБны кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. МКБны жоюуда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.