Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-майы № 185
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды, аукциондорду өткөрүү жолу менен, "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен берилиши мүмкүн.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча берилүүчү жер казынасын пайдалануу укугу жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерине жана жер казынасынын аукциондук тилкелерине жайылтылат.";
в) 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 25-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-берене менен толукталсын:
"25-1-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби.
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерин жана жер казынасынын аукциондук тилкелерин пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга гана берилет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон чарбакер субъекттердин жана мамлекеттик ишканалардын кайрылуусунун негизинде демилгеленет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерине жана жер казынасынын аукциондук тилкелерине жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда конкурс жана аукцион талап кылынбайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|