Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-майы № 195
К"Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Ушул Мыйзамдын нормаларын бузуу үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын нормаларын бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.".
2-берене.
"Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 12, 574-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Милдеттүү нусканы жеткирүү тартибин бузуу үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.".
3-берене.
"Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1997-жылдын 19-декабры, № 112-113) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-статьясындагы "мыйзамдарга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 97-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Кыргыз Республикасынын китепкана иши жөнүндө мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик
Китепканалардан пайдалануучулар китепканалардан пайдалануу эрежелерин сактоого милдеттүү.
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.".
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
II главасы төмөнкүдөй мазмундагы 81-берене менен толукталсын:
"81-берене. Ушул Мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.".
6-берене.
"Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1283-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
22-беренесинде:
а) 22-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.";
б) 2-бөлүгүндөгү "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 4-августу, № 71) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Ушул Мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.".
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-главасында:
а) аталышы "тил жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", музейлер жана Музей фонду жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) эскертүүсүнүн 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 62-65 жана 652-беренелеринде каралган республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерине, ошондой эле археологиялык эстеликтерге тиешелүү бузуулар жөнүндө иштер маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 62, 63, 65 жана 651-беренелеринде каралган жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерине тиешелүү бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.";
в) глава төмөнкүдөй мазмундагы 652-берене менен толукталсын:
"65-2-берене. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүүдө белгиленген шарттарды аткарбоо
1. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүүнүн тартибин бузуу -эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, эскертүү берилгенден кийин бир айдын ичинде оңдолбогон же алты айдын ичинде кайталанып жасалган иш-аракеттер, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
2) 36-главасында:
а) эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2771-берене менен толукталсын:
"2771-берене. Чыгармачылык ишти бузуу
Аудиовизуалдык чыгармаларды жүгүртүү эрежелерин жана чыгармачыл иштин натыйжаларынын башка түрлөрүн бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
в) 278 жана 279-беренелери төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"278-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары, басма иши жана документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө мыйзамдарды бузуу
Жалпыга маалымдоо каражаттары, басма иши жана документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө мыйзамдарды бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
279-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында монополияга каршы чектөөлөрдү бузуу
Жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында монополияга каршы чектөөлөрдү бузуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
9-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|