Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-марты № 65
Жергиликтүү мамлекеттик администрация
башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат
орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо
маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 104, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрларды тандоону жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо боюнча аттестациялык комиссиянын (мындан ары - аттестациялык комиссия) курамы, 3-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аттестациялык комиссия:
- бир жумалык мөөнөттө аттестациялоо графигин бекитсин;
- аттестацияланууга тийиш болгон адамдардын тизмесин түзсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын белгиленген тартипте аттестациялоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүүнү караган тиешелүү мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аттестациялоону өткөрүүгө байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечишсин.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын бош кызмат орду пайда болгондо, дайындоо жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан ишке ашырыла тургандыгы;
- аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн аттестациялоону өткөрүүгө байланышкан командировкалык чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык тийиштүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен төлөнө тургандыгы;
- ушул токтом 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонула тургандыгы.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 12-мартындагы № 18 (3197) саны менен жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| 3-тиркеме |
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын
жана алардын орун басарларын аттестациялоо
боюнча аттестациялык комиссиянын
курамы
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 104 токтомунун редакциясына ылайык)
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору, аттестациялык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кожоев Мирбек Кокулбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары; |
Ташиев Жапаркул Актаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары; |
Рысалиев Сейит Максутович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; |
Аттокуров Алмаз Анарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы (макулдашуу боюнча). |
Эскертүү:
- аттестациялык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан аныкталуучу, тийиштүү облустун аймагында жашаган адамдардын арасынан мамлекеттик же муниципалдык кызматтын эки ардагери киргизилет;
- ээлеген кызмат ордунан бошотулганына байланыштуу аттестациялык комиссиянын мүчөсү чыгарылган учурда, анын милдеттери ошол кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга же ошол кызмат орду боюнча милдеттерди аткаруу жүктөлгөн адамга өтөт.