Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-майы № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жол белгилери жана жол чийиндери боюнча жаңы мамлекеттер аралык стандарттар киргизилгендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылыныи коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- 2.3.4-пунктунда:
экинчи абзацындагы “, салык полициясынын” деген сөздөр алып салынсын;
эскертүүнүн 2-пунктундагы “жана салык полициясынын” деген сөздөр алып салынсын;
эскертүүнүн 4-пунктундагы “мамлекеттик коопсуздук органдарынын жана салык полициясынын” деген сөздөр “улуттук коопсуздук органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.8-пунктунда:
мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“жүргүнчүлөрдү автобустардын, троллейбустардын, трамвайлардын кабиналарында ташууга;”;
19.10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринде:
2-пунктундагы ал эми мындан тышкары автомобилдердин маңдайкы айнегинин ылдыйкы оң бурчуна мамлекеттик техникалык кароодон өткөндүк жөнүндөгү талон жана белгиленген учурларда лицензиялык карточка чапталат” деген сөздөр алып салынсын;
11-пунктунда:
төртүнчү абзацы темөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“жол кыймылы жөнүндө мыйзамдарга ылайык милдеттүү техникалык кароодон, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык рейс алдындагы техникалык кароодон өтпөгөн, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тийиштүү макулдашуусуз кайра жабдылган транспорт каражаттары;”;
12-пунктунун экинчи абзацындагы “мамлекеттик техникалык кароодон” деген сөздөр “милдеттүү жана рейс алдындагы техникалык кароолордон” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. Транспорт каражатына ар түрдүү жарнактарды, фотографияларды, жазууларды, ошондой эле эмблемаларды түшүрүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.”;
экинчи абзацындагы “жол тандабас-автомашиналарга” деген сөздөр “транспорт каражаттарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25-пунктунун биринчи абзацында:
“Соолукту контролдоо” индикаторлук түтүгүн же” деген сөздөр алып салынсын;
“атайын” деген сөздөн кийин “техникалык” деген сөз менен толукталсын;
Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин 1-тиркемесинде:
преамбуласындагы “Автомобиль транспортунун каражаты. Кыймылдын коопсуздугунун шарты боюнча техникалык абалга карата талаптар. Текшерүү ыкмасы” 25478-91 ГОСТу” деген сөздөр “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары. Пайдалануудагы коопсуздукка болгон талаптар жана текшерүү методдору” 33997-2016 ГОСТу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-бөлүмүнүн эскертүүсүнүн 3-пунктундагы “25478-91” деген цифралар “33997-2016” деген цифралар менен алмаштырылсын;
3-бөлүмүнүн 3.2-пунктундагы “25478-91”
“33997-2016” деген цифралар менен алмаштырылсын;
7-бөлүмүнүн 7.8-пунктундагы “50574-93”
“50574-2019” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
Төрага | У.А. Марипов |