Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген |
Жол кыймылынын ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136, 2012-жылдын 28-майындагы № 329, 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656, 2015-жылдын 20-октябрындагы № 714, 2016-жылдын 16-январындагы № 9, 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522, 2019-жылдын 31-октябрындагы № 588, 2020-жылдын 5-февралындагы № 62, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 682, 2023-жылдын 24-мартындагы № 165, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613, 2025-жылдын 9-апрелиндеги №191, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324,
2025-жылдын 28-августундагы №535, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 711 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелер.
Эл аралык Концепциялардын жол кыймылы жана жол белгилери менен сигналдары жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ.
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелери(*) (мындан ары - Эрежелер) айрыкча мүнөздүү жол кырдаалдарында көп жылдык практиканын негизинде иштелип чыккан жол кыймылына катышуучулардын жүрүм-турумдарынын комплекстүү чагылдырылышы.
Эрежелердин максаты - кургак жердеги транспорт жана жол кыймылынын башка катышуучулары жолдорду пайдалануусунун бирдей тартибин белгилөө.
Эрежелердин негизин төмөнкүдөй укуктар түзөт:
адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна укук;
жолдордун комплекси, транспорт каражаттар жана материалдык баалуулуктар сакталышына укук;
мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоого укук;
Жол кыймылынын катышуучулардын Эрежелерди сакташын контролдоо укугу.
Бул Эрежелер жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын жана ички иштер органдарынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагында атайын контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин өз ара мамилелерин белгилейт. Жол кыймылына тиешелүү башка нормативдик укуктук актылар, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул Эрежелердин талаптарына негизделүүгө жана аларга каршы келбөөгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136, 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
"Автомагистраль" - автотранспорт каражаттарынын ылдам жүрүшү үчүн арналган, ар бир багыт үчүн экиден кем эмес кыймыл тилкеси бар, бири-биринен бөлүүчү тилке менен ажыратылган (ал жок болсо - жолдун тосмосу менен), башка жолдор менен, темир жол же трамвай жолдор, жөө адам үчүн же велосипед үчүн жолдор менен бир деңгээлде кесилишпеген, 5.1(**) белгиси менен белгиленген, өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогору жол.
"Авариялык кырдаал" - жол кыймылынын процессинде кыймылдын катышуучуларынын аракеттери же аракетсиздиги жол-транспорт кырсыгынын келип чыгуу коркунучун жараткан кырдаал.
"Автопоезд" - чиркегич (чиркегичтер) чиркелген механикалык транспорт каражаты.
Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото-видео фиксациялоо аппараттык-программалык комплекси - фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражат.
"Жол кыймылынын коопсуздугу" - жол кыймылына катышуучулардын жана мамлекеттин жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен корголуу даражасын чагылдыруучу жол кыймылынын абалы.
"Коопсуз дистанция" - ошол эле тилкеде алдыда бара жаткан транспорт каражатына чейинки, ал күтүүсүз тормоз берген же токтогон учурда артта келе жаткан транспорт каражатынын айдоочусуна шашылыш тормоз бербестен кагылышууну болтурбоого мүмкүндүк берүүчү аралык.
"Коопсуз интервал" - жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынын же алар менен башка объекттердин каптал бөлүктөрүнүн арасындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу аралык.
"Коопсуз ылдамдык" - айдоочу транспорт каражатын коопсуз башкарууга жана конкреттүү жол шарттарында анын кыймылын контролдоого мүмкүндүк алуучу ылдамдык.
"Буксирлөө" - бир транспорт каражаты менен экинчи транспорт каражатын катуу же ийилчээк илгич менен же бир бөлүгүн платформага же атайын таяныч түзүлүшкө жүктөө ыкмасы менен сүйрөө, бул транспорттук составдарды эксплуатациялоого кирбейт.
"Велосипед" - майыптар коляскаларынан тышкары эки же андан ашык дөңгөлөгү бар жана анда отурган адамдын булчуң күчү менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты.
"Велосипед жолу" - жол жүрүүчү бөлүктөн жана тротуардан конструкциялык жактан бөлүнгөн, велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына арналган жана 4.4.1 белгиси менен белгиленген жолдун элементи (же өзүнчө жол).
"Велосипед зонасы" - башталышы жана аягы тиешелүү 5.33.1 жана 5.34.1 белгилери менен белгиленген, велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына арналган аймак.
"Көрүнөөлүк" - айдоочунун ордунан жолдун элементтеринин чектерин жана кыймылдын катышуучуларынын жайгашкан жерлерин так көрүүгө мүмкүн болуучу максималдуу аралык, бул айдоочуга транспорт каражатын башкаруу учурунда коопсуз ылдамдыкты тандоо жана коопсуз маневр жасоо үчүн багыт алууга мүмкүндүк берет.
"Транспорт каражатынын ээси" - балансында транспорт каражаты бар юридикалык жак болуп саналган уюм же транспорт каражатына менчик укугу бар жеке адам.
"Айдоочу" - кандайдыр бир транспортту башкарган, жолдо жүк ташуучу, минүүчү жаныбарды же малды айдап бараткан адам. Айдоону үйрөтүп жаткан адам айдоочуга теңештирилет.
"Аргасыздан токтоо" - транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушунан же ташылып жаткан жүк жараткан коркунучтан, айдоочунун (жүргүнчүнүн) абалынан же жолдо тоскоолдук пайда болушунан улам кыймылдын токтотулушу.
"Башкы жол" - кесип өткөн (кошулган) жолго карата 2.1, 2.3.1-2.3.7 же 5.1-белгилери менен көрсөтүлгөн жол же топурак жолго салыштырмалуу катуу кыртыштуу (асфальт- жана цемент бетон, таш материалдар жана ушул сыяктуулар) жол же жанаша жайгашкан аймактардан чыккан жолдорго карата кандай болбосун жол. Түздөн-түз кесилиштеги участоктун алдындагы экинчи даражадагы жолдун төшөлмө капталышы аны мааниси боюнча кесилишип жаткан жолго карата теңдеш кылбайт.
"Тоодогу жолдор" - жүрүүнүн коопсуздугуна таасир этүүчү техникалык мүнөздөмөлөрү менен түз жолдордон айырмаланган жолдор: деңиз деңгээлинен орчундуу бийиктиги, кыйла тик эңкейиштер, чукул радиустагы бурулуштары, серпантини, горизонталдык участоктордун кыскалыгы, бүтөлүп калуу, суу жеп кетүү, таш кулоо, кар көчкү жүрүү мүмкүндүгү, жолго жакын жарлар ж.б.; аба ырайынын шартынын тез өзгөрүшүнүн спецификасы (жаан, кар, суу ташкыны, туман ж.б.).
"Жүк ташуучу автомобиль" - конструкциясы жана жабдуулары боюнча жүктөрдү ташууга арналган автомобиль.
"Араба (чана)" - жаныбарлар чегилип кыймылга келүүчү транспорт каражаты.
"Кызмат адамдары" - өзүнө кызматтан көз каранды эмес адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тескөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган же мындай укук берилген адамдар, мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же административдик-чарбалык функцияларды аткарган адамдарга тете.
"Жол" - транспорт каражатынын кыймылы үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүнкү бети. Жол өзүнө бир же бир нече жүрүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле трамвай жолдорун, тратуарларды, жол жээгин жана алар болгон учурда аларды бөлүштүрүүчү сызыктарды камтыйт.
Жолдогу кырдаал" - жолдун шарттары, жолдун белгилүү бир участогунда тоскоолдуктардын болушу, жол кыймылынын интенсивдүүлүгү жана уюштурулуш деңгээли (жол бетиндеги чийиндердин, жол белгилеринин, жол жабдууларынын, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын болушу, алардын абалы) менен мүнөздөлүүчү факторлордун жыйындысы, алар айдоочу тарабынан ылдамдыкты, жүрүү тилкесин жана транспорт каражатын башкаруу ыкмаларын тандоодо эске алынууга тийиш.
"Жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол кыймылынын процессинде жана анын катышуусу менен келип чыккан, адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, транспорт каражатынын, жүктүн, курулуштун бузулушуна же материалдык зыянга алып келген окуя.
"Жол кыймылы" - жолдордун бетинде транспорт каражаттарынын жардамы менен же аларсыз адамдарды жана жүктөрдү ташуу процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелердин жыйындысы.
"Жол шарттары" - кыймыл багытында көрүнүүнү жолдун жүрүү бөлүгүнүн абалын (тазалыгын, тегиздигин, бүдүрлүүлүгүн, кармашын), ошондой эле анын кеңдигин, түшүүлөрдөгү жана көтөрүлүүлөрдөгү эңкейиштердин чоңдугун, бурулуштарды жана тегеректөөлөрдү, тротуарлардын жана жолдун четинин, жол кыймылын уюштуруучу каражаттардын болушун жана алардын абалын мүнөздөгөн (жыл мезгилин, сутканын мезгилин, атмосфералык кубулуштарды, жолдун жарыктандыруусун эске алуу менен) факторлордун жыйындысы.
"Темир жол өткөөлү" - жолдун темир жол менен бир деңгээлде кесилишкен жери.
"Турак жай зона" - калктуу конуштагы 5.21 жана 5.22 белгилери менен белгиленген аймак.
"Жасалма курулмалар" - жолдор дарыялар, жарлар, тоо кыркалары, жолдор жана башка тоскоолдуктар менен кесилишкенде жасалуучу, кардан, кулоолордон тосуучу курулмалар. Автомобиль жолдорундагы негизги жасалма курулмалар: көпүрөлөр, кабат жолдор, тоннелдер, эстакадалар, түтүктөр, сууну агызуучу түзүлүштөр, галереялар, тирөөчү дубалдар ж.б.
"Жүрүүчү бөлүктүн чети" - белгилөө линиясы менен, ал жок болсо - жол бетинин жээги менен өткөн, ошондой эле жүрүүчү бөлүк трамвай жолу менен кошулган жерде шарттуу линия менен аныкталат. Жол бетинин жээгин, анын ичинде жол шарттары боюнча аныктоого мүмкүн эмес болсо, жүрүүчү бөлүктүн четин айдоочу өзү тапталган тилкенин чети боюнча аныктайт.
"Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал" - транспорт каражатынын жүрүүчү бөлүктүн четинен жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге карата абалы, бул удаалаш бараткан транспорт каражатына (анын ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражатына) жүрүүчү бөлүктүн четине, жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге андан да жакыныраак жүрүүгө мүмкүндүк бербейт.
"Жеңил автомобиль" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 (үч миң беш жүз) кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары отуруучу орундардын саны сегизден ашпаган, конструкциясы жана жабдылышы боюнча зарыл болгон ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздоо менен жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн ташууга арналган транспорт каражаты.
"Маневр жасоо" - транспорт каражатынын жүрүп башташы, токтошу, токтоп турушу, бурулушу (кайрылышы), орун которуусу, тормоз бериши жана артка жүрүшү.
"Маршруттук транспорт каражаты" - жолдор аркылуу адамдарды ташууга арналган жана белгиленген токтоочу пункттары (аялдамасы) бар белгиленген багыт боюнча жүргөн жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты (автобус, троллейбус, трамвай, маршруттук такси).
"Механикалык транспорт каражаты" - мопедден тышкары кыймылдаткыч менен жүрүүчү транспорт каражаты. Термин ошондой эле ар кандай тракторлорго жана өзү жүрүүчү машиналарга жайылтылат.
"Түндүк" мобилдик тиркемеси - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо.
"Мопед" - 50 куб. см ашпаган жумушчу көлөмүндө кыймылдаткыч менен кыймылга келүүчү жана максималдуу конструкциялык ылдамдыгы саатына 50 км ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Орнотулуучу кыймылдаткычы бар велосипеддер жана ушундай мүнөздөмөсү бар башка транспорт каражаттары мопедге теңештирилет.
"Көпүрө" - дарыя, жар жана башка тоскоолдуктар аркылуу өтүүгө арналган курулма, анын чектери өткөрүүчү курулмалардын башталышы жана аягы болуп эсептелет.
"Мотоцикл" - капталында чиркегичи бар же анысы жок болгон эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Жүктөлгөн абалда массасы 400 кг ашпаган үч же төрт дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаттары мотоциклдерге теңештирилет.
"Калктуу конуш" - курулуштары бар аймак, ага кире бериште жана андан чыккан жолдор 5.23.1, 5.23.2, 5.24.1, 5.24.2, 5.25, 5.26 белгилери менен белгиленген.
"Начар көрүнүү" - туманда, жамгыр, кар жааганда жана ушуга окшош шарттарда, ошондой эле күүгүмдө алдыдагы жолдун 300 м ары көрүнбөшү.
"Кулоо" - тик беттерден таштардын, шагылдын жана асканын чоң бөлүктөрүнүн күтүүсүз кулап түшүүсү.
"Ашып өтүү" - жүрүп бара жаткан бир же бир нече транспорт каражатын башка транспорт каражаты ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүшү.
"Жолдун чети" - жолдун түздөн-түз жүрүүчү бөлүгүнө туташ, аны менен бир деңгээлдеги, бетинин капталышы боюнча айырмаланган же 1.2.1 чийиндин жардамы менен бөлүнгөн элементи. Жолдун чети транспорт каражаттарынын аялдамасы жана токтотулушу, жөө адамдардын, мопеддердин, велосипеддердин жана жекече мобилдүүлүк каражаттарынын (тротуарлар, жөө адам, велосипед жолдору жок же алар менен жүрүү мүмкүн эмес болгон учурда), арабалар (чаналар) жүрүшү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
"Айдоого үйрөтүүчү" - билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жана тиешелүү категориялардагы жана кичи категориялардагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын кесиптик окутуунун негизги программаларын ишке ашыруучу уюмдун педагогикалык кызматкери.
"Айдоону үйрөнүүчү" - билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жана тиешелүү категориялардагы жана кичи категориялардагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын кесиптик окутуунун негизги программаларын ишке ашыруучу уюмдарда белгиленген тартипте тиешелүү кесиптик окутуудан өтүүчү адам.
"Көрүүнүн чектелиши" - бараткан багыттагы жол кыймылынын жолдун геометриялык параметрлери, жол боюндагы инженердик курулмалар, өсүмдүктөр жана башка объекттер, ошондой эле транспорт каражаттар менен чектелген көрүнүшү.
"Жүрүүдөгү кооптуулук" - жол кыймылынын процессинде пайда болуп, ошол багытта ошол ылдамдык менен жүрүүнү андан ары улантуу жол-транспорт кырсыгынын келип чыгышына коркунуч жараткан кырдаал.
"Кооптуу жүк" - касиеттерине байланыштуу ташууда адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтириши, материалдык баалуулуктарды бузушу же жок кылышы мүмкүн болгон заттар, алардан жасалган буюмдар, өндүрүштүк же башка чарбалык иштин калдыктары.
"Озуп өтүү" - транспорт каражатынын жанаша тилкелер боюнча удаалаш бараткан транспорт каражаттарынын ылдамдыгынан ашык ылдамдык менен жүрүшү.
"Уюшулган жөө колонна" - жол боюнча чогуу бир багытта бара жаткан, ушул Эрежелердин 4.2-пунктуна ылайык белгиленген адамдардын тобу.
"Жол кыймылын уюштуруу" - жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруучулук-техникалык жана тескөөчү иш-аракеттердин комплекси.
"Уюшулган транспорттук колонна" - жаркылдаган көк түстөгү же айкалышкан көк жана кызыл түстөгү атайын өчүп-күйгөн жарыгы бар эң алдыдагы транспорт каражатынын коштоосунда дайыма күйгүзүлгөн жарыктары менен бир гана тилкеде түздөн-түз биринин артынан бири бараткан үч же андан ашык механикалык транспорт каражаттарынын тобу.
"Токтоо" - транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөткө чейинки убакытка, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү үчүн, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү зарыл болгондо андан узак убакытта атайылап токтотуу.
"Көзгө чагылышуу" - көзгө жарыктын тийишинен улам айдоочу минималдуу аралыктагы жол элементтеринин тоскоолдуктарын көрүүгө же таанууга объективдүү мүмкүн болбой калган физиологиялык абал.
"Жүргүнчү" - транспорт каражатында айдоочудан башка адам, ошондой эле транспорт каражатына кирген (отурган) же транспорт каражатынан чыгып (түшүп) жаткан адам, анын ичинде айдоочунун жардамы менен атайын пандус боюнча.
"Кесилиш" - жолдор бир деңгээлде кесилишкен, кошулган же айрылышкан, боолголонгон сызыктар менен чектелип, жүрүүчү бөлүктүн бурулушунда башталышынын кесилишинин борборунан кыйла алыс тиешелүү түрдө карама-каршы жайгашкан жолду бириктирген жер. Жол боюндагы аймактардан кошулган жолдор кесилиш деп аталбайт.
"Кайра жабдуу (транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү)" - транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин аткарылган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасирин тийгизген конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралган курамдык бөлүктөрдү жана жабдуулардын предметтерин алып салуу же каралбагандарды орнотуу.
"Жолдордун кесилиши" - автомобилдик жолдордун түйүнү, анда бири-бирине кошулган жолдор үзүлүп калбайт жана алардын ар бири боюнча аралап өтүү мүмкүндүгү бар.
"Башка катарга өтүү" - бараткан баштапкы багытты сактоо менен ээлеп турган тилкеден же катардан чыгуу.
"Жөө адам" - транспорт каражатынан тышкары жолдо же болбосо жөө же веложөө адамдар өтүүчү жолдо жүргөн жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын коляскасында бараткан, жекече мобилдүүлүк каражаттарын, велосипед, мопед, мотоцикл айдаган, чана, араба, балдар же майыптар коляскасын сүйрөгөн, ошондой эле жүрүү үчүн ролик конькилерди, самокаттарды жана башка ушул сыяктуу каражаттарды колдонгон адамдар жөө адамга теңештирилет.
"Жөө адам жолу" - 4.5.1 белгиси менен белгиленген, жөө адам жүрүшү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жер тилкеси же жасалма курулманын бети.
"Жөө адам жүрүүчү зона" - башталышы жана аягы тиешелүү 5.33 жана 5.34 белгилери менен белгиленген, жөө адамдардын кыймылы үчүн арналган атайын бөлүнгөн, ыңгайлаштырылган аймак (парктар, гүл бакчалар ж.б.).
"Жөө адам жана велосипед жолу (веложөө адамдар жүрүүчү жол)" - велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жөө адамдар менен өзүнчө же биргелешкен кыймылына арналган жана 4.5.2-4.5.7 белгилери менен белгиленген жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн конструктивдүү бөлүнгөн элементи (же өзүнчө жол).
"Жөө адам өткөөлү" - 5.19.1, 5.19.2 белгилери жана (же) 1.14.1-1.14.3(***) чийини менен белгиленген жана жөө адамдар жолдон жөө өтүү үчүн белгиленип көрсөтүлгөн жүрүүчү бөлүктүн участогу. Чийин жок болгон учурда жөө адамдын өткөөлүнүн туурасы 5.19.1 жана 5.19.2 белгилеринин ортосундагы аралык менен аныкталат.
"Үйлөтмө коопсуздук жаздыгы" - жол-транспорт кырсыгы болгон учурда автомобилде айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү өз ордунда сактап калуучу түзүлүш, ал дароо токтогондо баллондон же газдын генераторунан газ менен бат толтурулуучу атайын каптан турат.
"Кыймыл тилкеси" - жүрүүчү бөлүктүн узатасынан кеткен тилкелеринин ар бири, алар чийин менен белгиленет же белгиленбейт жана туурасы автомобилдердин бир катар кыймылы үчүн жетиштүү болот.
"Велосипедчилер үчүн тилке" - жүрүүчү бөлүктүн калган бөлүгүнөн горизонталдык чийин менен бөлүнгөн жана 5.14.2 белгиси менен белгиленген, велосипеддер жүрүүгө арналган жүрүүчү бөлүктүн тилкеси.
"Артыкчылык (приоритет)" - кыймылдын башка катышуучуларына караганда белгиленген багытта биринчи кезекте жүрүү укугу.
"Жүрүүгө тоскоол" - жүрүүчү бөлүктүн ошол тилкеси же жолдун бүткүл бети боюнча андан ары жүрүүнү кыйындаткан же мүмкүндүк болбогон кандай болбосун материалдык объект.
"Жанаша жайгашкан аймак" - түздөн-түз жол боюнда жайгашкан жана транспорт каражаттары кесип өтүшүнө арналбаган аймак (короолор, турак жай массивдери, автомобиль токтоп туруучу жай, МКС, ишканалар жана башкалар).
"Чиркегич" - кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында жүрүүгө арналган транспорт каражаты. Бул термин жарым-жартылай жүктөлүүчү жана өзүнчө сүйрөлүүчү чиркегичтерге да жайылтылат.
"Жүрүүчү бөлүк" - рельси жок транспорт каражаттар жүрүшү үчүн арналган жолдун элементи.
"Аварияга каршы бурулуш" - транспорт каражатынын тормоздук түзүлүштөрү иштебей калган учурда жүрүүгө тоскоолдукту (өйдөлүштү) көбөйтүү менен мажбурлап токтотууга арналган үстү жумшак материал (кум, шагыл) менен капталган, ылдыйыштын чегинде же аягында жайгашкан жолго катарлаш туюк участок.
"Өткөөл жолдор" - башка жол (темир жол) менен кесилишкен жерде ал боюнча ар кыл деңгээлдерде жүрүүнү камсыздоочу жана башка жолго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү, көпүрө тибиндеги инженердик курулма.
"Ажыратуучу тилке" - конструкциялык жана (же) 1.2 чийининин жардамы менен бөлүнгөн, чектеш жүрүүчү бөлүктөрдү, жүрүүчү бөлүктү бөлүп турган же болбосо маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкелерди жана (же) велосипедчилер үчүн тилкелерди бир жүрүүчү бөлүктүн чегинде калган кыймыл тилкелеринен бөлүп турган жана транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылы үчүн арналбаган жолдун элементи.
"Уруксат берилген максималдуу масса" - жүк, айдоочу жана жүргүнчүлөр менен жабдылган транспорт каражатынын массасы, аны максималдуу жол берилген массасы катарында даярдоочу ишкана белгилейт. Курамга кирген транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу массаларынын суммасы транспорт каражаттарынын курамынын, башкача айтканда бир бүтүн катары чиркелишкен жана кыймылдагы курамдын уруксат берилген максималдуу массасы катары каралат.
"Жөнгө салуучу" - тиешелүү күбөлүгү жана экипировкасы (формалык кийими же айырмалоочу белгиси - билекке таңылган тасма, таякчасы, кызыл сигналы же жарык чыгаргычы бар дискасы, кызыл фонары же желекчеси) бар ички иштер органдарынын, аскер автоинспекциясынын кызматкери, жол-эксплуатациялоо кызматынын жумушчусу, темир жол өткөөлүндөгү, паром өткөөлүндөгү кезметчи, кошуундун адамы, ички иштер органдарынын штаттан тышкаркы кызматкери.
"Рельсте жүрүүчү транспорт каражаты" - трамвай жана трамвайдын жолу менен жүрүүчү атайын жабдылган платформалар. Жол кыймылына катышкан бардык башка транспорт каражаттары рельси жок деп эсептелет.
"Коопсуздук куру" - жол-транспорт кырсыгында айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражатынын ичиндеги өз орундарында кармоого арналган ийкемдүү тасма.
"Жарыкты чагылдыргыч" - жарык нурларды чагылдыргыч, ал тийген жарыктын нурларын кайтарым багытта чагылдырганы менен өзгөчөлөнөт.
"Светофор" - жол кыймылын жөнгө салууга арналган жарык менен сигнал берүүчү түзүлүш.
"Жекече мобилдүүлүк каражаты" - кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсүнө арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты (электр самокаттар, электр скейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар).
"Токтоп туруу" - жүргүнчүлөрдү транспорт каражатына отургузуу же түшүрүү, же болбосо жүк жүктөө же түшүрүү менен байланышпаган себептер боюнча транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөттөн ашык убакытка атайылап токтотуу.
Такси” – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, “Такси” деген таануучу белгиси, оң абалдагы таксометри, ташуучунун аталышы (дареги, телефон номери), айдоочунун аты-жөнү, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси, лицензиянын номери жана жарактуулук мөөнөтү, айдоочунун сүрөтү көрсөтүлгөн табличкасы бар транспорт каражаттары. “Такси” таанытуучу белгиси “Т” деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат.
"Сутканын караңгы мезгили" - кечки күүгүмдөн таңкы күүгүмгө чейинки убакыттын аралыгы.
"Тоннель" - транспорт каражаттарын, сууну ж.б. өткөрүү үчүн арналган, жер катмарынын, тоо массивинин же суу тоскоолунун астынан өтүүчү жер алдындагы инженердик курулма.
"Тормоздук жол" - шашылыш тормоз берген учурда транспорт каражаты тормоздук системанын башкаруу органына (педаль, тутка) таасир эткенден баштап ал толук токтогонго чейинки аралык.
"Транспорт каражаты" - адамдарды жана (же) жүктөрдү ташууга арналган түзүлүш.
"Тротуар" - жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жана жүрүүчү бөлүккө кошулуп же андан газон менен бөлүнүп турган велосипедчилердин жүрүүсү үчүн арналган жана жолдун элементи.
"Көчө" - калктуу конуштун чегиндеги автомобиль жолу.
"Жол бошотуу (тоскоолдук жаратпоо)"- эгерде бул ага караганда артыкчылыгы бар кыймылдын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, кайра баштоого же улантууга, кайсы бир маневрди жасоого болбой тургандыгын билдирген талап.
"Айдоочунун чарчоосу" - транспорт каражатын башкаруу убагындагы иштин натыйжасында көңүл коюунун азайышынан, кыймыл-аракеттин координациясы бузулушунан, уйку келүүдөн улам билинген организмдин физиологиялык абалы.
"Жол кыймылынын катышуучусу" - айдоочу, жөө адам, транспорт каражатынын жүргүнчүсү, малды айдоочу катары кыймылдын процессине түздөн-түз катышкан адам.
"Электромобиль" - электр энергиясынын көз карандысыз булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) азыктандыруусу бар, ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз, бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү автомобиль.
"Транспорт каражатынын экологиялык коопсуздугу" - бул айлана-чөйрөгө терс таасирдин даражасын азайтуучу транспорт каражатынын касиеттери.
"Эстакада" - кесилишкен жерде бир жол экинчи жолдун үстүнөн өткөндө транспорт каражаттарынын жана (же) жөө адамдардын жүрүшү үчүн, ошондой эле бош эмес жерлерди же транспорттордун агымын айланып өтүү максатында жердин деңгээлинен жогору турган жол жасоо үчүн арналган инженердик курулма.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191, 2025-жылдын 28-августундагы №535, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомдорнун редакцияларына ылайык)
1.3. Жол кыймылынын катышуучулары Эрежелердин өздөрүнө тиешеси бар талаптарын, светофорлордун сигналдарын, белгилерди жана чийиндерди билүүгө жана сактоого, ошондой эле жөнгө салуучуларга берилген укуктардын чектеринде иш жүргүзгөн жана жол кыймылын белгиленген сигналдар менен жөнгө салган бул адамдардын буйруктарын аткарууга милдеттүү.
1.4. Жолдордо транспорт каражаттарынын оң тараптуу кыймылы белгиленген.
1.5. Жол кыймылынын катышуучулары кыймыл үчүн коркунуч түзбөгүдөй жана зыян келтирбегидей түрдө жүрүүгө тийиш.
Жолдордун кыртышына зыян келтирүүгө жана аны булгоого, жол белгилерин, светофорлорду жана кыймылды уюштуруунун башка техникалык каражаттарын алып салууга, тосууга, өз алдынча орнотууга, кыймылга тоскоолдук кылуучу буюмдарды жолго таштоого тыюу салынат. Тоскоолдук түзгөн адам аны четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө, ал эми бул мүмкүн болбосо, коркунуч жөнүндө мүмкүн болгон каражаттар менен кыймылдын катышуучуларын маалымдоону камсыз кылууга жана милицияга кабарлоого милдеттүү.
1.6. Эрежелерди бузган адамдар колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
(*) Мындан ары - Эрежелер
(**) Бул жерде жана мындан ары 1-тиркемеге ылайык жол белгилеринин номерлери келтирилет.
(***) Бул жерде жана мындан ары 2-тиркемеге ылайык жол чийиндеринин номерлери келтирилет.
2. Айдоочулардын жалпы милдеттери
2.1. Механикалык транспорт каражатынын айдоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.1.1. Транспорт каражатын токтотууга жана эгерде артыкчылыктуу тартипте "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен документтерди санариптик форматта бөлүшүү мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү берүүгө:
- айдоочулук күбөлүктү;
- транспорт каражатынын каттоо документтерин;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 165 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полиси), кооптуу жүктү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн) же ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча тиешелүү документти;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңдештирилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканы.
Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана (же) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган лицензияларды жана документтерди (анын ичинде электрондук түрдө) алууга жана текшерүү үчүн берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 682, 2023-жылдын 24-мартындагы № 165, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.1.2. Коопсуздук курлары менен жабдылган транспорт каражатында баратканда аны курчанууга жана курду курчанбаган жүргүнчүлөрдү ташыбоого (Эрежелердин 22.8-пунктуна ылайык 12 жашка чейинки балдарга, транспорт каражатын окуп жаткан адам айдап баратканда - айдоону окутуучуга, ал эми калктуу конуштарда, мындан тышкары оперативдүү кызматтардын(*) автомобилдеринин айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө курду тагынбоого жол берилет. Мотоциклди башкарууда мотошлемди байланып кийүүгө жана мотошлемди байланбаган жүргүнчүнү ташыбоого.
2.2. Эл аралык жол кыймылына катышкан механикалык транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга ылайык келген, бул транспорт каражатынын каттоо, укук белгилөөчү документтерин (транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним катты) жана айдоочулук күбөлүктү, Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында каралган, бажы органдарынын бул транспорт каражатынын убактылуу ташып келингендигин ырастоочу белгилери бар документтерди жанында алып жүрүүгө жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн берүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү тартипте убактылуу каттоодон өтүүгө;
бул транспорт каражатында (чиркегичи болсо - жана чиркегичинде) ал катталган мамлекеттин каттоо жана айырмалоочу белгилери болушу керек. Мамлекеттин айырмалоочу белгилери каттоо белгилерине коюлушу мүмкүн.
Эл аралык автомобиль ташууну жүзөгө ашырган айдоочу транспорт чөйрөсүндө көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын талабы боюнча атайын 7.14.2 жол белгиси менен белгиленген транспорттук контролдоо пункттарында токтотууга жана транспорт каражатын текшерүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган уруксаттарды жана башка документтерди көрсөтүүгө
Эскертүү: автоматташтырылган маалыматтык системада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн датасы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда чет мамлекеттин мамлекеттик каттоо белгиси бар механикалык транспорт каражатынын кирген (ташып келинген) күнү болуп 2024-жылдын 31-декабры эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 711 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.3. Транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.3.1. Транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан кызмат адамдарынын милдеттери боюнча Негизги жоболорго(**) ылайык транспорт каражатынын оң техникалык абалын жолго чыгар алдында текшерүүнү жана жолдо жүргөндө камсыз кылууга.
2.3.2 Жумушчу тормоз системасы, рулду башкаруугу иштебеген, чиркеп коюу түзүлүшү иштебеген (поезддин курамында), караңгыда же жол начар көрүнгөн шартта жолдордо жасалма жарыктар жок болгондо фаралары жана арткы габарит жарыктары күйбөгөн (жок болгон), жаан же кар жаап жатканда айдоочу тараптагы терезе тазалагыч иштебеген учурда (***) андан аркы кыймыл токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык).
Жолдо баратканда Негизги жоболордун 1-тиркемесиндеги башка бузулуулар келип чыккан учурда айдоочу аларды четтетүүгө тийиш, ал эми андай кылууга мүмкүн болбосо, ал зарыл сактык чараларын көрүү менен токтоп туруучу же оңдоочу жерге айдап бара алат;
2.3.3. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча алкоголдук, баңги же башка мас абалын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.
Белгиленген учурларда ушул Эрежелерди жана айдоо көндүмдөрүн билүү жагынан текшерүүдөн өтүүгө, ошондой эле транспорт каражатын башкарууга жөндөмдүүлүгүн ырастоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3.4. Транспорт каражатын төмөнкүлөргө сунуш кылууга:
кырсыкка учураганда бузулган транспорт каражаттарын ташуу, жаратылыш кырсыгы болгон жерге жетүү үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган кечиктирүүгө болбогон башка учурларда ички иштер органдарынын, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, кызматкерлерине;
медициналык жардам көрсөтүү үчүн удаалаш багытта бараткан медициналык кызматкерлерге, ошондой эле шашылыш медициналык жардамга муктаж граждандарды дарылоо мекемелерине жеткирүү үчүн медициналык кызматкерлерге, ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине
Эскертүү:
1. Транспорт каражаттарын токтотуу талабы Эрежелердин 6.11 пунктунда каралган.
2. Мамлекеттик коопсуздуктун кызматкерлерине транспорт каражатын сунуш кылуу жөнүндө талаптар граждандарга таандык транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-майындагы № 14, 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Транспорт каражатын пайдаланган адамдар айдоочунун талабы боюнча справка берүүгө же жол барагына жазууга (анда жол жүрүү убактысын, басып өткөн жолдун аралыгын, өз фамилиясын, кызматын, кызматтык күбөлүгүнүн номерин, өзүнүн уюмунун аталышы көрсөтөт), ал эми медициналык кызматкер Белгиленген үлгүдөгү талонду берүүгө тийиш.
4. Транспорт каражатын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине сунуш кылуу менен байланышкан чыгымдарды транспорт каражатынын айдоочусунун талабы боюнча бул органдар белгиленген тартипте ордун толтурат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26 майындагы 14 токтомунун редакциясына ылайык).
2.3.5. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шартта транспорт каражаты токтоого мажбур болгон же жол-транспорт кырсыгына кабылган учурда жолдун жүрүүчү бөлүгүндө же жол четинде турганда жарыкты чагылдыруучу материалдын тилкелери бар куртка, жилет же жеңил жилет кийип жүрүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Транспорт каражатынын айдоочусунун документтерин текшерүүгө жана транспорт каражатын пайдаланууга укугу бар адамдар айдоочунун талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берилүүчү документтерди санариптик форматта онлайн режимде текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык-аппараттык каражатка ээ болууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. "Майып" деген таануу белгиси менен белгиленген жана "Майып" 8-пунктунун "Негизги жоболоруна" жана мотоколяскаларга ылайык майыптыктын белгиленгендигин ырастаган документи (көчүрмөсү же санарип форматында) бар автомобилдерди башкарган майып айдоочулар 3.2; 3.3; 3.28 белгилеринин талаптарынан четтей алышат, 3.27 белгисинин аракеттенүү зонасында 8.18 тактачасы бар болсо токтотууга уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
2.6. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда ага тиешеси бар айдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
транспорт каражатын дароо токтотууга (ордунан жылдырбоого), Эрежелердин 7.2-пунктуна ылайык авариялык жарык сигналын иштетүүгө жана авариялык токтотуу белгисин (күйүп-өчкөн кызыл фонарды) коюуга, кырсыкка тиешеси бар буюмдарды жылдырбоого;
жапа тарткан адамдарга врач келгенге чейин медициналык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө. "Шашылыш медициналык жардамды" чакырууга, ал эми өтө шашылыш учурларда жапа чеккен адамды тиешелүү багытта бараткан транспортко салып жиберүүгө, бул мүмкүн болбогон учурда өз транспорт каражаты менен жакынкы дарылоо мекемесине жеткирүүгө, өз фамилиясын, транспорт каражатынын каттоо белгисин билдирүүгө (мында анын ким экендигин тастыктаган документти "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жана транспорт каражатына каттоо документин көрсөтөт) жана кырсык болгон жерге кайтып келүүгө;
эгерде башка транспорт каражаттарынын кыймылы мүмкүн болбосо, жолдун өтүүчү бөлүгүн бошотууга. Өтүүчү бөлүктү бошотуу жана жапа тарткан адамдарды өз транспорт каражаты менен дарылоо мекемесине жеткирүү зарыл болгон учурда транспорт каражатынын абалын, кырсыкка тиешеси бар издерди жана буюмдарды алдын ала белгилеп коюуга жана аларды сактоо жана кырсык болгон жерди айланып өтүүнү уюштуруу үчүн бардык чараларды көрүүгө;
болгон окуя жөнүндө ички иштер органдарына кабарлоого, көргөн кишилердин фамилияларын жана адресин жазып алууга жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин келишин күтүүгө;
жол-транспорт кырсыгын четтетүү үчүн үн сигналын берүүгө жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
2.7. Эгерде жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жапа чеккендер болбосо, айдоочулар кырсыктын схемасын алдын ала түзүп жана ага кол коюп, болуп өткөн кырдаалга баа берүү үчүн өз ара макулдук менен окуяны жазуу жүзүндө толтуруу үчүн жакын турган ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшүнүн постуна же ички иштер органына келе алышат, ал эми материалдык зыян анча эмес болсо айдоочулар келтирилген зыянды өз ара макулдашуу боюнча төлөө жөнүндө чечимге келе алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
мас абалда (алкоголго, баңги затка жана башкага мас болгондо), ой-жүгүртүүнү жана көңүл бурууну начарлаткан дары-дармектердин таасири астында, ооруксунган же чарчаган абалда транспорт каражатын башкарууга, булар кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирет;
Ушул Эрежелердин 21-бөлүмүнө ылайык айдоону үйрөнгөндөн башка учурларда, транспорт каражатын башкарууну мас абалдагы, дары препараттарынын таасири астындагы, ооруксунган же чарчаган абалдагы адамдарга, ошондой эле жанында транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгү же санарип документи болбогон адамдарга берүүгө;
уюшулган (анын ичинде жөө) колоннаны кесип өтүүгө жана анын арасынан орун алууга.
Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн атайын автомобилдери коштобостон уюшулбаган колонна менен авариялык жарык сигналдарын, тышкы жарык приборлорун, ошондой эле ушул Эрежелерде каралбаган кошумча жарыктандыруу сигналдарын күйгүзүп, үн сигналдарын иштетип алып жүрүүгө;
өзүнүн тиешеси бар жол-транспорт кырсыгынан кийин, же транспорт каражат милиция кызматкеринин талабы боюнча токтотулгандан кийин мастыгын аныктоо үчүн текшерүү же андай текшерүүдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин алкоголь ичимдиктерди, наркотик же психотроптук каражаттарды колдонууга;
транспорт каражатын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген эмгек жана эс алуу режимин бузуу менен башкарууга;
жүрүп бараткан убакта колго кармабастан сүйлөшүүгө мүмкүндүк берчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду пайдаланууга;
токтоп турган транспорт каражатта жолдун жүрүүчү тарабындагы каалганы ачык калтырууга.
коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын пайдаланууга;
коомдук тартипти атайын жана көз көрүнөө бузуу, транспорт каражаттарынын (автомобилдер, мотоциклдер, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр ж.б.) катышуусу менен белгиленген тартипте макулдашылбаган мелдештерди уюштуруу жана катышуу, кыймыл үчүн коркунуч түзүп жүрүүлөр, ошондой эле бештен ашык транспорт каражаттарынын үйлөнүү үлпөт колоннасындагы транспорт каражаттарынын кыймылы.
Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин же делегациянын курамында бештен ашык транспорт каражатынын колоннасында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессиясында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты берилген колоннада жүрүүгө уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136, 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656, 2016-жылдын 16-январындагы № 9, 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(*) "Оперативдүү жана атайын кызматтардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
(**) Мындан ары - Негизги жоболор
(***) Минималдуу ылдамдык менен баратканда да айдоочуга транспорт каражатын токтотууга же маневр жасоого мүмкүндүк бербеген системалар иштебеген система деп эсептелет.
3. Атайын сигналдарды колдонуу
3.1. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык тапшырманы аткаруу менен көк түстөгү жаркылдоочу маягы күйгүзүлүп, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган шартта ушул Эрежелердин 2.8-пунктунун тогузунчу абзацынын (колду колдонбостон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду кыймыл убагында колдонуу), 6-бөлүмүнүн (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары), 8-18-пункттарынын, ушул Эрежелердин 1 жана 2-тиркемелеринин талаптарынан четтей алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Көк түстөгү жаркылдоочу маякка кошумча иретинде кызыл түстөгү маяк иштетилиши мүмкүн.
Кыймылдын башка катышуучуларына караганда артыкчылык алуу үчүн мындай транспорт каражаттарынын айдоочулары көк түстөгү жаркылдоочу маякты же үн чыгаруучу атайын сигналды иштетүүгө тийиш. Булар өздөрүнө жол берилип жаткандыгына ынангандан кийин гана артыкчылыктан пайдалана алат.
Ушундай эле укукту оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттары менен коштолгон транспорт каражаттарынын айдоочулары Эрежелердин ушул пунктунда белгиленген учурларда пайдалана алат.
3.3. Көк жана (же) кызыл түстөгү жаркылдоочу маягы жана атайын үн сигналы күйүп турган транспорт каражаттары жакындаганда айдоочулар фаралардын жакынкы жарыгы күйгүзүлүшү керек болгон ушул жана аларды коштогон башка транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн жол бошотууга, ал эми зарыл болгон учурда токтоого милдеттүү. Көк жана (же) кызыл түстөгү жаркылдак маяктары күйгөн колоннаны жапкан транспорт каражаты өткөндөн кийин гана кыймылды кайра баштоого уруксат берилет.
Көк жана кызыл түстөгү жандырылган маягы жана атайын үн сигналы менен бараткан транспорт каражатты, ошондой эле ал коштоп жүргөн транспорт каражатты (транспорт каражаттарды) кууп өтүүгө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
3.4. Көк түстөгү жаркылдоочу маягы иштеп бир ордунда турган транспорт каражатына жакындаганда айдоочу зарылчылык болсо тез токтой алышы үчүн ылдамдыкты азайтууга тийиш.
3.5. Күрөң-сары же сары түстөгү жаркылдоочу маягы иштетилген транспорт каражаттарынын айдоочулары жолдо курулуш, оңдоо же тазалоо иштерин аткарып жаткан учурда жол белгилеринин жана чийиндеринин, ошондой эле Эрежелердин 9.4-9.8 жана 16.1-пункттарынын талаптарынан четтей алат, мында "кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат. Башка айдоочулар алардын ишине тоскоолдук кылууга тийиш эмес.
Аталган жарык чыгаруучу маяктар ири габариттүү, оор салмактагы жана кооптуу жүктөрдү ташыган же коштогон транспорт каражаттарда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу подразделениесинин уруксаты менен колдонулушу мүмкүн.
Күрөң-сары же сары түстөгү жаркылдоочу маяк кыймыл учурунда артыкчылык бербейт жана коркунуч жөнүндө кыймылдын башка катышуучуларына эскертүү үчүн кызмат кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакцияларына ылайык)
4. Жөө адамдардын укуктары жана милдеттери
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык
4.1. Жөө адамдар тротуар же жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдор менен, ал эми булар жок болгон учурда жолдун чети менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун чети боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук жаратса, анда алар жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой жүрө алат.
Тротуарлар, жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдору же жол чети жок болсо, ошондой эле алар менен жүрүүгө мүмкүн болбосо, анда жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо - жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат. Мындай учурда велосипед жолдору менен баратканда, ошондой эле мындай жолдорду кесип өткөндө жөө адамдар велосипедчендерге жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол берүүгө тийиш.
Жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Майыптар коляскасында бараткандар, мотоцикл, мопед айдап, велосипед тээп, жекече мобилдүүлүк каражаты менен бараткандар, мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.
Сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шарттарда жөө адамдарга жолду кесип өтүүдө жана жолдун чети же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой басууда сунуш кылынат, ал эми калктуу конуштардан тышкары жерлерде жөө адамдар жарыкты чагылдыруучу элементтери бар предметтерди алып жүрүүгө жана транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бул предметтерди көрүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613, 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.2. Жүрүүчү бөлүк боюнча уюшулган жөө колоннага транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты боюнча гана оң тарап менен бир катарда төрт адамдан ашпастан басууга уруксат берилет. Колоннанын алдында жана артында кызыл желекчеси бар, ал эми караңгы учурда жана жол начар көрүнгөн шартта: алдыда - ак түстөгү, артта - кызыл түстөгү күйгүзүлгөн фонарлары бар коштоочулар болууга тийиш.
Балдардын топторун тротуарлар же жөөчөндөр жолдору боюнча гана, ал эми алар жокто - жолдун жээги боюнча, бирок күн жарыкта жана чоң кишилердин коштоосу менен алып жүрүүгө уруксат берилет.
4.3. Жөө адамдар жолду жөө адамдар өтүүчү, анын ичинде жер астындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр боюнча, ал эми алар жок болгон учурда - тротуарлардын же жол жээктеринин сызыгы боюнча кесилиштерде жолдон өтүүгө тийиш.
Жөнгө салынуучу кесилиште жолдун кесилишинин карама-каршы бурчтарынын ортосунда (диагональ боюнча) ушундай жөө адамдар өтүүчү өткөөлдү билдирген 1.14.3 белгиси болгондо гана өтүүгө жол берилет.
Көзгө көрүнгөн зонада өткөөл же кесилиш жок болгон учурда эки тарапка тең жакшы көрүнгөн бөлүүчү тилкеси жана тосмосу жок участоктордо жолду жүрүүчү бөлүктүн четине карай тик бурч менен өтүүгө уруксат берилет.
Ушул пункттун талаптары велосипед зоналарына жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Кыймыл жөнгө салынган жерлерде жөө адамдар жөнгө салуучунун же жөө адамдар светофорунун, ал эми алар жокто - транспорт светофорунун сигналдарын жетекчиликке алууга тийиш.
4.5. Жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлдөрүндө жөө адамдар жакындап келаткан транспорт каражаттарына чейинки аралыкка, алардын ылдамдыгына баа бергенден жана жолдон өтүү алар үчүн коопсуз болоруна ынангандан кийин жүрүүчү бөлүккө чыга алат. Жөө адам өткөөлүнөн тышкары жерде транспорт жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүдө жөө адамдар мындан тышкары, транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзүүгө жана жакындап келаткан транспорт каражаттарынын жоктугуна ынанбастан токтоп турган транспорт каражатынын же чөйрөнүн көрүнүшүн чектеген башка тоскоолдуктун артынан чыга калууга тийиш эмес.
4.6. Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларды кошпогондо, жүрүүчү бөлүккө чыккандан кийин жөө адамдар ал жерде кармалып калууга же токтолууга тийиш эмес. Өткөнгө жетишпей калган жөө адамдар карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган линияга токтоого тийиш. Андан аркы кыймыл коопсуз экендигине ынангандан кийин гана светофордун (жөнгө салуучунун) сигналын эске алуу менен жолдон өтүүнү улантууга болот.
4.7. Көк түстөгү жаркылдоочу маягы жана үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындан келаткан учурда жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөн өтпөй турууга, ал эми ал жердегилер бул транспорт каражаттарына жол берүүгө жана жүрүүчү бөлүктү тез арада бошотууга милдеттүү.
4.8. Маршруттагы транспорт каражатын жана таксини жүрүүчү бөлүктөгү бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчаларда, ал эми алар жок болсо - тротуарда же жолдун жээгинде гана күтүүгө уруксат берилет. Бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчалар менен жабдылбаган токтоочу пункттарда транспорт каражатына отуруу үчүн жүрүүчү бөлүккө ал токтогондон кийин гана уруксат берилет. Түшүрүп бүткөндөн кийин кармалбастан жүрүүчү бөлүктү бошотуу зарыл.
Жүрүүчү бөлүк аркылуу токтоочу пунктту карай же андан артты карай баратканда жөө адамдар Эрежелердин 4.4.- 4.7.-пункттарынын талаптарын жетекчиликке алууга тийиш.
4.9. Жөө адам төмөнкүлөргө укуктуу:
- жашоого жана ден соолукка;
- жолду жана транспорт каражатты пайдаланууга;
- жолдордун абалы жөнүндө маалымат алууга;
- тез медициналык жардам алууга;
- ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аны кармагандыгынын себебин билүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жүргүнчүлөрдүн милдеттери
5.1. Жүргүнчүлөрдү транспорт каражатына отургузуу жана андан түшүрүү ал толук токтогондон кийин гана тротуар же жолдун жээги тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде тротуар же жолдун жээги тараптан отургузуу жана жерге түшүрүү мүмкүн болбосо, ал жүрүүчү бөлүк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, мында бул коопсуз болууга жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылбоого тийиш.
Эскертүү: Берилген эрежелердин 5.1-пунктунун абзацтарынын саны, расмий тилдеги тексттин 5.1-пунктунун абзацтарынын санына дал келбейт.
5.2. Жүргүнчүлөргө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
транспорт каражаты жүрүп бараткан учурда айдоочуну аны башкаруудан алагды кылууга;
борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилде баратканда бортко же борттон ашкан жүктүн үстүнө турууга, отурууга;
транспорт каражаты жүрүп бара жаткан учурда анын эшиктерин ачууга, ошондой эле терезе тешиктеринен жана люктарынан чыгып турууга;
жөнгө салуучулар же ички иштер органдарынын кызматкерлери сутканын караңгы мезгилинде транспорт каражатты токтоткон учурда кызматкердин негизсиз болушу мүмкүн деп болжолдонгон аракеттерин далилдөө үчүн автомобилден айдоочу менен кошо чыгууга. Мында жүргүнчүлөр милиция кызматкерине өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууга жолтоо кылбоого тийиш;
жасаган заводдо караштырылган коопсуздук курун арчынданбастан жүрүп бараткан автомобилде болууга;
мотоциклде, мопедде мотоцикл шлемин курчанбоого же ансыз болууга;
транспорт каражатынын ичинде болгон учурда, коомду жана кыймылдын башка катышуучуларын сыйлабай тургандыгын ачык-айкын көрсөтүү менен коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын атайын жана көз көрүнөө бузуу.
Эскертүү: Берилген эрежелердин 5-бөлүмүнүн пунттарынын саны, расмий тилдеги тексттин пнуттарынын санына дал келбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136, 2016-жылдын 16-январындагы № 9, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Светофордун жана жөнгө салуучунун сигналдары
6.1. Светофорлордо жашыл, сары, кызыл жана агыш түстөгү жарык сигналдары колдонулат.
Светофордун сигналдары эмнеге арналгандыгына жараша тегерек, стрелка (жаа), жөө адамдын же велосипеддин көлөкөсү жана X түрүндө болушу мүмкүн.
Тегерек сигналдуу светофорлордо жашыл стрелка (жебе) түрүндөгү сигналы бар бир же эки кошумча секциясы болушу мүмкүн, алар жашыл тегерек сигналдын деңгээлинде жайгашат.
6.2. Светофордун тегерек сигналдары төмөнкүдөй маанини билдирет:
Жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет;
Күйүп-өчүп турган жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет жана анын иштеген убактысы бүтүп бараткандыгына жана жакын арада кыймылга тыюу салуучу сигнал күйө тургандыгын маалымдайт (жашыл сигнал күйүп турушунун аягына чейин калган секундалар убактысы жөнүндө айдоочуларга маалымдоо үчүн цифралуу табло колдонулушу мүмкүн);
Сары сигнал кыймылга тыюу салат. Эрежелердин 6.14-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, сигналдар алмашканы жаткандыгы жөнүндө да эскертет;
Күйүп-өчүп турган сары сигнал жүрүүгө уруксат берет жана жөнгө салынбаган кесилиш же жөө адам өткөөлү бар экендигин маалымдайт, коркунуч жөнүндө эскертет;
Кызыл сигнал, анын ичинде күйүп-өчүп турган кызыл сигнал кыймылга тыюу салат.
Кызыл жана сары сигналдардын чогуу күйүшү кыймылга тыюу салат жана жашыл сигнал күйгөнү жатканы жөнүндө маалымдайт.
6.3. Светофордун кызыл, сары жана жашыл түстөгү стрелка түрүндө аткарылган сигналдары(*) тиешелүү түстөгү тегерек сигналдар сыяктуу эле мааниге ээ болот, бирок алардын күчү стрелка менен көрсөтүлгөн багыттарга (багытка) гана жайылтылат. Мында солго бурулууга уруксат берген стрелка артка кайрылууга да уруксат берет, бирок буга тиешелүү жол белгиси менен тыюу салынбаган учурда гана уруксат болот.
Кошумча секциядагы жашыл жебе да ушундай мааниге ээ. Кошумча секцияда өчүрүлгөн сигнал же анын контуру боюнча күйгүзүлгөн кызыл жарык сигналы бул секция менен жөнгө салынган багытта кыймылга тыюу салынгандыгын билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
6.4. Эгерде светофордун негизги жашыл сигналына кара контурдук стрелка (стрелкалар) тартылган болсо, ал айдоочуларга светофордун кошумча секциясы бар экендиги жөнүндө маалымдайт жана кошумча секциянын сигналыныкынан башка уруксат берилген кыймыл багытын көрсөтөт.
Светофордун астында жайгашкан жөө адамдын силуэти жана ак-ай түсүндө жаркылдаган сигналы бар жебе түрүндөгү маалыматтык жарык секциясы айдоочуга ал бурулуп жаткан багытта жөө адамдар өтүүчү өткөөлдө жөө адамдардын жүрүүсүнө уруксат берүүчү светофор сигналы күйгүзүлгөнүн билдирет. Жебенин багыты жөө адамдардын жүрүүсүнө уруксат берүүчү светофор сигналы күйгүзүлгөн жөө адамдар өтүүчү жолду көрсөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
6.5. Эгерде светофордун сигналы жөө адамдын силуэти түрүндө болсо, анда анын аракети жөө адамдарга гана тиешелүү (алдынкы жекече мобилдүүлүк каражаттары, велосипед алып жүрүүчү). Эгерде светофордун сигналы велосипед түрүндө аткарылса, анда анын аракети велосипедчилерге же жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон жана велосипед тилкесинде жүргөн адамдарга жайылтылат.
Велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылын жөнгө салуу үчүн, ошондой эле кара түстөгү велосипедди чагылдырган 200х200 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу ак түстөгү тактайчалар менен толукталган, кичирейтилген өлчөмдөгү тегерек сигналдары бар светофор колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
6.6. Жүрүүчү бөлүктү кесип өтүшү мүмкүн экендиги жөнүндө азиз жөө адамдарга маалымат берүү үчүн светофордун жарык сигналдары үн чыгаруучу сигнал менен толукталышы мүмкүн.
6.7. Жүрүүчү бөлүктүн тилкелери боюнча, атап айтканда, кыймыл карама-каршы багытка өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон тилкелер боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын жөнгө салуу үчүн X түрүндөгү кызыл сигналы жана төмөн караган жебе түрүндөгү жашыл сигналы бар реверсивдүү светофор колдонулат. Бул сигналдар өздөрү үстүндө жайгашкан тилке боюнча кыймылга тиешелүү түрдө тыюу салат же уруксат берет.
Реверсивдүү светофордун негизги сигналдары диагонал боюнча төмөн оң же сол жакка бурулган жебе түрүндөгү сары сигнал менен толукталышы мүмкүн, анын күйүшү сигнал жакын арада сигналдар алмаша тургандыгын жана жебе көрсөткөн тилкеге өтүү зарылчылыгын маалымдайт.
Эки тараптан тең 1.9 чийини менен белгиленген тилкенин үстүндө жайгашкан реверсивдүү светофордун сигналдары күйүп турганда бул тилкеге кирүүгө тыюу салынат.
6.8. Трамвайлар, ошондой эле башка маршруттагы транспорт каражаттары үчүн бөлүнгөн тилке боюнча алар жүрүп баратканда алардын кыймылын жөнгө салуу үчүн "Т" тамгасы түрүндө жайгашкан агыш түстөгү төрт тегерек сигналы бар бир түстөгү сигнализациялуу светофорлор колдонулат. Кыймылга бир эле учурда төмөнкү сигнал жана бир же бир нече жогорку сигнал күйгөндө гана уруксат берилет, алардын сол жактагысы - солго, ортодогусу - түз, оң жактагысы - оңго уруксат берет. Эгерде үстүңкү үч сигнал гана күйүп турса, анда кыймылга тыюу салынат.
Темир жол өткөөлүндө жайгашкан күйүп-өчүп турган агыш тегерек сигнал өткөөл аркылуу транспорт каражаттарынын кыймылына уруксат берет. Күйүп-өчүп туруучу агыш сигнал жана кызыл сигнал өчүп турганда өткөөлгө жакындан келаткан поезд (локомотив, дрезина) көрүнүүчү чектерде ал жок болгон учурда өтүүгө уруксат берилет.
6.10. Жөнгө салуучунун сигналдары төмөнкүдөй маанини билдирет:
Колдору эки жакка сунулган же түшүрүлгөн:
сол жана оң каптал жактан трамвайга түз, рельсасыз жүрүүчү транспорт каражаттарына түз жана оңго жүрүүгө, жөө адамдарга жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилет;
төш жана арт жагынан бардык транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылына тыюу салынат.
Оң кол алдыга сунулган:
сол каптал тараптан трамвайга солго, рельсасыз транспорт каражаттарына бардык багытта кыймылга уруксат берилген;
төш тарабынан бардык транспорт каражаттарына оңго гана кыймылга уруксат берилген;
оң каптал жана арт жактан бардык транспорт каражаттарына кыймылга тыюу салынган;
жөө адамдарга жөнгө салуучунун артындагы жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилген.
Кол өйдө көтөрүлгөн:
бардык транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын бардык багыттагы кыймылына тыюу салынган, буга Эрежелердин 6.14-пунктунда каралган учурлар кирбейт.
Жөнгө салуучу колунун кыймылдары менен айдоочуларга жана жөө адамдарга түшүнүктүү болгон башка сигналдарды да бере алат.
Сигналдар жакшы көрүнүшү үчүн жөнгө салуучу жезлди же кызыл сигналы (жарык бергичи) бар дисканы пайдалана алат.
6.11. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талап катуу үн чыгаруучу түзүлүштүн жардамы же транспорт каражатына багытталган колдун кыймылы менен берилет. Айдоочу өзүнө көрсөтүлгөн жерге токтоого тийиш.
6.12. Кошумча сигнал кыймылдын катышуучуларынын көңүлүн буруу үчүн ышкырык менен берилет.
6.13. Светофордун (буга реверсивдүү светофор кирбейт) же жөнгө салуучунун тыюу салуучу сигналы берилгенде айдоочу стоп-линиясынын (6.16 белгиси) алдына, ал эми ал жокто төмөнкүчө токтоого тийиш:
кесилиште - жөө адамдарга тоскоолдук кылбастан жүрүүчү бөлүктүн кесилишинин алдына (Эрежелердин 13.7-пунктун эске алуу менен);
темир жол өткөөлүнүн алдында - Эрежелердин 15.4-пунктуна ылайык;
башка жерлерде - кыймылына уруксат берилген транспорт каражаттарына жана жөө адамдарга тоскоолдук кылбастан, светофордун же жөнгө салуучунун алдына.
6.14. Сары сигнал күйүп же жөнгө салуучунун колу көтөрүлүп турганда шашылыш тормоз бербестен Эрежелердин 6.13-пунктунда аныкталган жерлерге токтой албаган айдоочулар кыймылын улантышына уруксат берилет. Сигнал берилген учурда жүрүүчү бөлүктө болгон жөө адамдар аны бошотууга, ал эми буга мүмкүн болбогондо транспорт агымдарын карама-каршы багытка бөлгөн линияга токтоого тийиш.
6.15. Жөнгө салуучунун сигналдарынын тараптары менен буйруктарын, булар светофордун сигналдарына, жол белгилеринин же чийиндеринин талаптарына карама-каршы келген учурда да, айдоочулар жана жөө адамдар аткарууга тийиш.
6.16. Темир жол өткөөлдөрүндө светофордун күйүп-өчкөн кызыл сигналы менен бир эле учурда үн сигналы берилиши мүмкүн. Ал кыймылдын катышуучуларына өткөөл аркылуу өтүүгө тыюу салуу жөнүндө маалымдайт.
(*) Кыймыл жана жашыл стрелкалардын ордуна ошол эле мааниде кара контурлары бар тегерек кызыл жана сары сигналдар пайдаланылышы мүмкүн.
7. Авариялык сигнализацияны жана авариялык токтоп калуу белгисин колдонуу
7.1. Авариялык жарык сигнализациясы төмөнкүдөй учурларда иштетилүүгө тийиш:
жол-транспорт кырсыгы болгон учурда;
токтоого тыюу салынган жерде аргасыздан токтогон учурда;
фаралардын жарыгынан айдоочунун көзү уялган учурда;
сүйрөтүү учурунда (сүйрөтүлүп келаткан транспорт каражатында).
балдарды уюштурулган ташууда аларды салуу жана түшүрүү учурунда;
Айдоочу транспорт каражаты түзүшү мүмкүн болгон коркунуч жөнүндө кыймылдын катышуучуларын эскертүү үчүн башка учурларда да авариялык жарык сигнализациясын иштетүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Авариялык жарык сигнализациясын иштеткенден кийин, ошондой эле ал бузук же жок болгон учурда авариялык токтоп калуу белгиси (күйүп-өчкөн кызыл фонарь) төмөнкүдөй учурларда тез арада коюлууга тийиш:
- жол-транспорт кырсыгынын учурунда;
- токтоого тыюу салынган жерлерде аргасыздан токтогон учурда жана айлананын көрүнүшүнүн шарты транспорт каражатын башка айдоочулар өз учурунда байкабай турган жерлерде.
Бул белги (фонарь) конкреттүү кырдаалда башка айдоочуларды коркунуч жөнүндө өз учурунда эскертүүнү камсыз кылгыдай аралыкка орнотулат. Бирок бул аралык калктуу конуштарда транспорт каражатынан кеминде 15 метр жана калктуу конуштардан тышкары жерде 30 метр болууга тийиш.
7.3. Сүйрөтүлүп келаткан транспорт каражатында авариялык жарык сигнализациясы жок болгон же иштебеген учурда анын арткы бөлүгүнө авариялык токтоп калуунун белгиси бекитилүүгө тийиш.
8. Кыймылды баштоо, маневр жасоо
8.1. Кыймылды баштоо, башка катарга өтүү, бурулуу (артка кайрылуу) жана токтоо алдында айдоочу тиешелүү багытка бурулуунун жарык берүүчү көрсөткүчтөрүнүн сигналын берүүгө, ал эми ал жокто же бузук болсо - кол менен билдирет. Мында маневр коопсуз болууга жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук түзбөөгө тийиш.
Сунулуп турган сол кол же капталга сунулуп чыканактан тик бурч менен жогору караган оң кол солго (артка) бурулуу сигналын билдирет. Сунулуп турган оң кол же капталга сунулуп чыканактан тик бурч менен жогору караган сол кол оңго бурулуу сигналын билдирет. Тормоз берүү сигналы жогору көтөрүлгөн сол же оң кол менен берилет.
Сигналды бурулуу көрсөткүчү же кол менен берүү маневр башталганга чейин эртерээк жүргүзүлүүгө жана ал аяктар замат токтотулууга тийиш (кол менен сигнал берүү түздөн-түз маневрди баштаар алдында токтотулууга тийиш).
Мында сигнал кыймылдын башка катышуучуларын адаштырууга тийиш эмес. Сигнал берүү айдоочуга артыкчылык бербейт жана аны коопсуздк чараларын көрүүдөн бошотпойт.
8.3. Жанаша жайгашкан аймактан жолго чыкканда айдоочу транспорт каражаттарына, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жана ал аркылуу өтүп бара жаткан жөө адамдарга, ал эми жолдон чыгып баратканда жөө адамдарга, велосипедчилерге жана жүрүү үчүн кыймыл жолу кесип өткөн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол бошотууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 191 токтомунун редакциясына ылайык)
8.4. Башка тилкеге өтүү учурунда айдоочу жанындагы тилкеде жогорку ылдамдыкта удаа багытта бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш. Удаалаш багытта келаткан транспорт каражаттары бир эле маалда башка тилкеге өткөн учурда айдоочу оң жактагы транспорт каражатына жол берүүгө тийиш.
8.5. Оңго, солго бурулуунун же артка кайрылуунун алдында айдоочу 2.4 же 2.5 белгилери менен айкалышкан 4.3 белгиси орнотулган айланма кыймылы уюштурулган кесилишке чыгууда бурулган учурдан тышкары, ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү - транспорт каражатынын айдоочусу ушул кесилиш боюнча жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.
Сол жакта жүрүүчү бөлүк менен бир деңгээлде жайгашкан удаалаш багыттагы трамвай жолу бар болсо, эгерде 5.15.1 же 5.15.2 белгилери менен кыймылдын башка тартиби белгиленбесе, андан солго бурулууга жана артка кайрылууга жол берилет. Мында трамвайга тоскоолдук кылынууга тийиш эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522, 2020-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8.6. Жолдордун кесилишинен чыккан транспорт каражаты каршы багыттагы тарапка барып калбагыдай болуп бурулууга тийиш.
Оңго бурулган учурда транспорт каражаты мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын жүрүүгө тийиш.
8.7. Эгерде транспорт каражаты өзүнүн габариттеринен улам же башка себептер боюнча Эрежелердин 8.5-пунктунун талаптарын аткаруу менен бурула албаса, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган шартта жана эгерде бул башка транспорт каражаттарына тоскоолдук кылбаса бул эрежеден четтөөгө жол берилет.
8.8. Кесилишкен тышкары жерде солго бурулганда же артка кайрылганда рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу каршы багытта келаткан транспорт каражаттарына жана удаалаш багыттагы трамвайга жол берүүгө милдеттүү.
Эгерде 1.1. жана 1.3. белгилер жок болсо, кесилиштен тышкаркы жерде артка кайрылуу учурунда жүрүүчү бөлүктүн туурасы маневрди солдогу четки тилкеден аткаруу үчүн жетишсиз болсо, ага жүрүүчү бөлүктүн оң четинен (жолдун четинен) баштап бурулууга жол берилет. Мындай айдоочу удаалаш бараткан жана каршы багыттагы транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш.
Транспорт каражаттарынын кыймыл траекториялары кесилишкен, ал эми өтүүнүн кезеги Эрежелерде айтылбаган учурда айдоочу оң жагындагы транспорт каражатына жол берүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
8.10. Тормоз берүү тилкеси бар болгон учурда токтоого же оңго бурулууга ниеттенип жаткан айдоочу бул тилкеге өз учурунда чыгууга жана ал жерде гана ылдамдыкты азайтууга тийиш.
Жолго чыккан жерде күүлөнө турган тилке бар болсо, айдоочу ал аркылуу жүрүүгө жана жанындагы тилкеге чыгууга тийиш, мында бул жолдо келаткан транспорт каражаттарына жол берет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
8.11. Төмөнкүдөй жерлерде артка кайрылууга тыюу салынат: жөө адам өткөөлүндө;
тоннелде;
көпүрөдө, жолдордун кесилиштеринде, эстакадаларда жана алардын алдында;
темир жол өткөөлдөрүндө;
жолдун бир жак багыты болсо да 100 метрден аз жери көрүнүп турган жерлерде;
токтоочу пункттар жайгашкан жерлерде.
8.12. Транспорт каражатынын артка карай жүрүшү коопсуз болгон жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылбаган учурда мындай маневрге уруксат берилет. Зарылчылык болгон учурда айдоочу башка адамдардын жардамына кайрыла алат.
Кесилиштерде жана Эрежелердин 8.11-пунктуна ылайык артка кайрылууга тыюу салынган жерлерде артка айдоого тыюу салынат.
9. Жүрүүчү бөлүктө транспорт каражаттарынын жайгашуусу
9.1. Рельсасыз транспорт каражаттары үчүн кыймыл тилкелеринин саны чийиндер же 5.15.1, 5.15.2, 5.15.7 белгилери менен, ал эми алар жок болгон учурда жолдун туурасын, транспорт каражаттарынын габариттерин жана алардын ортосундагы зарыл интервалдарды эске алуу менен айдоочулар тарабынан аныкталат. Мында жүрүүчү бөлүктүн туурасынын сол жактагы жарымы каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган тарап болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
9.2. Төрт же андан ашык тилкелүү эки тараптуу кыймылы бар жолдордо каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган жолдун тарабына чыгууга тыюу салынат.
9.1. 1.5 чийин (буга 1.9. чийини кирбейт) менен белгиленген үч тилкеси бар, алардын ортодогусу эки багытта тең жүрүү үчүн колдонулган эки тараптуу кыймылы бар жолдордо бул тилкеге эки багытта жүрүү үчүн гана чыгууга, бул тилкеге озуу, айланып өтүү, солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн чыгууга уруксат берилет. Каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган четки сол тилкеге, ошондой эле жүрүп бараткан багыттагы жолдун сол жаккы четине чыгууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
9.2. Калктуу конуштардан тышкары, ошондой эле калктуу конуштардагы 5.1 же 5.3. белгилери менен белгиленген жана 80 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилген жолдордо транспорт каражаттарынын айдоочулары мүмкүн болушунча жүрүүчү бөлүктүн оң четин жакын айдоого тийиш. Оң жактагы тилкелер бош турганда сол тилкелерди ээлөөгө тыюу салынат.
Калктуу конуштарда ушул пункттун жана Эрежелердин 9.5, 16.1 жана 24.2-пункттарынын талаптарын эске алуу менен транспорт каражаттарынын айдоочулары өздөрү үчүн кыйла ыңгайлуу кыймыл тилкесин пайдалана алат. Тилкени солго же оңго буруулар, артка кайрылаар, озуп өтөөр же токтоор алдында гана алмаштырууга уруксат берилет.
Бирок бир багытта үч же андан ашык тилкедеги кыймылы бар ар кандай жолдордо четки сол тилкени башка тилкелер бош болбогон учурда катуу жүрүп баратканда гана, ошондой эле озуп өтүү, солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн, ошондой эле уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге - солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн гана ээлөөгө жол берилет. Токтоо же токтоп туруу үчүн бир тараптуу кыймылы бар жолдордун сол тилкесине Эрежелердин 12.1-пунктуна ылайык чыгууга жол берилет.
Бир тилкедеги транспорт каражаттарынын анын жанындагы тилкеде бараткандардан катуу ылдамдык менен жүрүшү озуп өтүү деп эсептелбейт.
9.5. Кыймылынын ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган же техникалык себептерден улам мындай ылдам жүрө албаган транспорт каражаттары четки оң тилке менен жүрүүгө тийиш, буга айланып, озуп өткөн же солго буруулар же артка кайрылаар алдында башка тилкеге өткөн учурлар кирбейт.
9.6. Тиешелүү багыттагы бардык тилкелер бош болбогон учурда, ошондой эле 8.5-пунктка ылайык айланып, озуп өткөн же солго бурулган же артка кайрылган учурда жүрүүчү бөлүк менен бир деңгээлде солдо жайгашкан удаалаш багыттагы трамвай жолдору боюнча жүрүүгө уруксат берилет. Мында трамвайга тоскоолдук түзүлүүгө тийиш эмес. Каршы багыттагы трамвай жолдоруна чыгууга тыюу салынат.
9.7. Эгерде жүрүүчү бөлүк чийиндер аркылуу тилкелерге бөлүнгөн болсо, транспорт каражаттары белгиленген тилкелер боюнча гана жүрүүгө тийиш. Башка тилкеге өткөн учурда гана үзүк чийиндерге чыгууга болот.
9.8. Реверсивдүү кыймылы бар жолго бурулган учурда айдоочу транспорт каражатын жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишинен чыккан учурда транспорт каражаты четки оң тилкени ээлегидей кылып айдоого тийиш. Айдоочу бул багыттагы кыймылга башка тилкелер боюнча да уруксат берилгендигине ынангандан кийин гана башка тилкеге өтүүгө уруксат берилет.
9.9. Механикалык транспорт каражаттарын бөлүүчү тилкелер жана жол жээктери, тротуарлар жана жөө адамдар өтүүчү жолдор менен велосипедчилер үчүн тилкелер боюнча жүрүүгө тыюу салынат (ушул Эрежелердин 12.1, 24.2-24.4, 24.7, 25.2-пункттарында каралган учурларды кошпогондо).
Жол-эксплуатациялык жана коммуналдык кызматтардын машиналарынын кыймылына жол берилет
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 191 токтомунун редакциясына ылайык)
9.10. Эки багытта жүрүүчү жолдордо транспорт каражаттардын айдоочулары (эки бөлүүчү тилке же коопсуздук аралчасы жок болсо), эгер жол белгилери жана жол бетиндеги чийиндер башканы көрсөтпөсө, жүрүүчү бөлүктүн оң тарабынын ортосундагы жол курулмасынын элементтерин, тумбаларды (көпүрөлөрдүн, өткөөл жолдордун тирөөчтөрү жана ошол сыяктуулар) айланып өтүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыймылдын ылдамдыгы жана дистанция
10.1. Айдоочу транспорт каражатын белгиленген чектөөдөн ашпаган ылдамдыкта айдоого тийиш, мында кыймылдын ыкчамдыгын, транспорт каражаты менен жүктүн өзгөчөлүгүн жана абалын, жол жана метеорологиялык шарттарды эске алууга тийиш. Атап айтканда, жүрүп бараткан багыттагы айлананын көрүнүшүн эске алууга тийиш. Ылдамдык айдоочуга Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн транспорт каражатынын кыймылына туруктуу контролдукту камсыз кылууга тийиш.
Айдоочу байкай алган кыймыл үчүн коркунуч келип чыккан учурда ал транспорт каражатын дээрлик токтотууга чейин ылдамдыкты азайтуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш.
10.2. Калктуу конуштарда транспорт каражаттарынын 60 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрүшүнө уруксат берилет.
Эскертүү: Эгерде жол шарттары көбүрөөк ылдамдык менен коопсуз кыймылды камсыз кылса, Бишкек шаарында жана (Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл) областтарында айрым участкаларда ылдамдык жогорулатылышы мүмкүн (мында тиешелүү 3.24-белгилери коюлат).
10.3. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде төмөнкүдөй кыймылга уруксат берилет:
жеңил автомобилдер жана уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер - 110 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен, калган жолдордо - 90 км/сааттан ашпайт, ушул пункттун тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары;
шаарлар аралык жана өзгөчө чакан автобустар жана мотоциклдер бардык жолдордо - 90 км/сааттан ашпайт;
башка автобустар, сүйрөгөн чиркегичи бар жеңил автомобилдер, уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер автомагистралдарда - 90 км/сааттан ашпайт, калган жолдордо - 70 км/сааттан ашпайт;
адамдарды кузовуна салып ташыган жүк ташуучу автомобилдер - 60 км/сааттан ашпайт;
механикалык транспорт каражаттарын сүйрөгөн транспорт каражаттары - 50 км/сааттан ашпайт;
коркунучтуу, өтө оор жана ири габариттүү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары - ташуунун шарттарын макулдашкан учурда милдеттендирилген ылдамдык менен.
жеңил автомобилдер жол шарттары коопсуз кыймылды камсыздай турган жолдун өзүнчө участокторунда - 110 км/сааттан ашпайт (тиешелүү 3.24 белгисин орнотуу менен).
Эскертүү: Тогузунчу абзацта каралган жол кыймылынын эң жогорку чектеги ылдамдыгын белгилөө жөнүндө чечим транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 588 токтомунун редакциясына ылайык)
10.4. Айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүндө аныкталган максималдуу ылдамдыктан ашырууга;
транспорт каражатына орнотулган "Ылдамдыкты чектөө"(*) деген аныктоо белгисинде көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырууга;
зарылчылык болбой туруп өтө жай ылдамдыкта жүрүү менен башка транспорт каражаттарына тоскоолдук кылууга;
жол - транспорт кырсыгын четтетүү зарыл болбогон учурда
кесип тормоз берүүгө.
10.5. Айдоочу алдыда жүрүп бараткан транспорт каражатына чейин анын менен сүзүшпөгүдөй дистанцияны, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун камсыз кыла турган капталдагы зарыл интервалды сактоого тийиш.
10.6. Калктуу конуштардан тышкаркы жолдордо ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган транспорт каражаттарынын айдоочулары өз менен алдыда жүрүп бараткан транспорт каражатынын ортосунда алардан озуп бараткан транспорт каражаттары өздөрү мурда ээлеген тилкеге тоскоолдуксуз өтө алгыдай дистанцияны сактоого тийиш. Бул талап, эгерде айдоочу озуп өтүүгө даярданып жатса, ошондой эле уюшулган транспорт колоннасында баратса, колдонулбайт.
11. Озуп өтүү, кайчы өтүү
11.1. Озуп өтүүдөн мурда айдоочу:
ал чыгууга ниеттенип жаткан кыймыл тилкеси озуп өтүү үчүн жетиштүү аралыкта бош экендигине жана бул маневр менен кары багытта келаткан жана бул тилке боюнча бараткан транспорт каражаттарына тоскоолдук түзбөй тургандыгына;
ушул эле тилкеде артта келаткан транспорт каражаты озо баштабагандыгына, ал эми алдыда бараткан транспорт каражаты озуп өтүү, солго бурулуу (башка тилкеге өтүү) жөнүндө сигнал бергендигине;
озуп өткөндөн кийин ал артта калып жаткан транспорт каражатына тоскоолдук кылбастан мурда ээлеген тилкесине кайрыла аларына;
калктуу конуштан тышкары жерде озуп өтүү ниети жөнүндө башка айдоочуларга эскертүү үчүн үн сигналын берүүгө жол бериле тургандыгына ынанууга тийиш.
11.2. Рельсасыз транспорт каражатын сол жагынан гана озуп өтүүгө болот. Айдоочусу солго бурулуу сигналын берип жана маневр жасоого киришкен транспорт каражатын оң тарабынан озуп өтүү керек.
11.3. Озгондо артта калып жаткан транспорт каражатынын айдоочусуна кыймылдын ылдамдыгын жогорулатууга же башка аракеттери менен озууга тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
11.4. Озуп өткөндөн кийин (буга оң тараптан уруксат берилген озуп өтүү кирбейт) айдоочу мурда ээлеген кыймыл тилкесине кайтып келүүгө милдеттүү. Бирок тиешелүү багытта жүрүү үчүн эки жана андан ашык тилке болгон учурда озуп бараткан айдоочу Эрежелердин 9.4-пунктуна ылайык, эгерде мурда ээлеген тилкесине кайра кайтып келгенде дароо кайрадан озууга туура келсе жана эгерде ал артында кыйла жогорку ылдамдыкта келаткан транспорт каражаттарына тоскоолдук кылбаса, сол тилкеде кала алат.
11.5. Озуп өтүүгө төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:
жөнгө салынуучу кесилиштерде каршы багыттагы кыймыл тилкесине чыгуу менен жана башкы жол болуп саналбаган жолдо баратып жөнгө салынбаган кесилиште (буга айланма кыймылдагы кесилиштердеги озуп өтүү, капталдагы чиркегичи болбогон эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын озуп өтүү жана уруксат берилген оң тараптан озуу кирбейт);
жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдө;
темир жол өткөөлдөрүндө жана ага жетпей 100 метрден жакын жерде;
озуп же айланып өтүп бараткан транспорт каражатын;
секинин башында жана жолдордун көрүнүшү чектелүү болгон каршы багыттагы тилкесине чыккан башка участкаларында;
артында жарык бергич маягы (кызгылт сары жана сарыдан башка) жандырылган транспорт каражат келаткан транспорт каражаттардын колоннасын.
көпүрөлөрдө, өтмөктөрдө, эстакадаларда жана анын астында, ошондой эле туннелдерде.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11.6. Калктуу конуштардан тышкаркы жерлерде жай жүргөн же ири габариттүү транспорт каражатынын айдоочусу бул транспорт каражатынан озуп өтүү татаал болгон учурларда мүмкүн болушунча оңго жылууга, ал эми зарылчылык болгон учурда өзүнүн артында топтолгон транспорт каражаттарын өткөрүп жиберүү токтоого тийиш.
11.7. Эгерде кайчы өтүү татаалданган болсо, өзү тарабында тоскоолдук турган айдоочу жол берүүгө тийиш. 1.13. жана 1.14. белгилери менен көрсөтүлгөн жантык жерлерде тоскоолдук бар болгон учурда төмөн карай бараткан транспорт каражатынын айдоочусу жол берүүгө тийиш.
(*) Бул жерде жана мындан ары таануу белгилери Негизги жоболорго ылайык көрсөтүлгөн
12. Транспорт каражаттын аялдашы жана токтоп турушу
12.1. Транспорт каражаттарына жолдун оң тарабындагы четине, эгер андай жер болбосо жүрүүчү тилкенин четине токтоого жана токтоп турууга уруксат берилет.
Жолду сол тарабында кыймылды токтотуу жана токтоп туруу ортосунда трамвай жолу жок болгон ар бир багыт үчүн бир кыймыл тилкеси бар жолдордо жана бир тараптуу кыймылдагы жолдордо уруксат берилет (уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге бир тараптуу кыймылы бар жолдун сол тарабына жүктөө же түшүрүү үчүн токтоого гана уруксат берилет).
12.2. Транспорт каражатын жүрүүчү бөлүктүн четине параллель кылып бир катар токтотуп коюуга уруксат берилет, буга конфигурациясы (жүрүүчү бөлүктүн жергиликтүү кеңейиши) транспорт каражаттарынын башкача жайгашуусуна жол берген жерлер кирбейт. Капталындагы чиркегичи болбогон эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын эки катар токтоп коюуга жол берилет.
Жүрүүчү бөлүк менен чектешкен тротуардын четине унаа токтотууга (токтотуп турууга) бул жөө адамдардын кыймылына тоскоол болбогон шартта жеңил автомобилдерге, мотоциклдерге, мопеддерге, велосипеддерге жана жекече мобилдүүлүк каражаттарына гана уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12.3. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде узакка эс алуу, түнөө жана ушул сыяктуу максатта токтоп турууга бул үчүн каралган аянтчаларда же жолдон тышкары жерде гана уруксат берилет.
12.4. Транспорт каражаттарды токтоого жана токтоп турууга төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:
эгерде трамвайдын кыймылына тоскоолдук кылса, трамвай жолдорунда, ошондой эле ага түздөн-түз жакын жерде;
темир жол өткөөлдөрүндө, тоннелдерде, ошондой эле эстакадаларда, көпүрөлөрдө, жол өткөөлдөрүндө (эгерде бир багытта жүрүү үчүн үчтөн аз тилке болсо) жана алардын алдында;
туташ чийин (буга жүрүүчү бөлүктүн четин билдирген чийин кирбейт) менен токтогон транспорт каражатынын ортосундагы аралык 3 метрден аз болгон жерлерде;
жөө адам өткөөлдөрүндө жана ага чейин 5 метрден жакын жерде;
жок дегенде бир багытта жолдун 100 метрден аз көрүнгөн учурда коркунучтуу бурулуштарга жана жолдун узатасынан дөмпөгүнө жакын жүрүүчү бөлүктө;
аялдама аянтчаларына, ал эми алар жокто - маршруттагы транспорт каражаттарынын же таксинин аялдама көрсөткүчүнө 15 метрден жакын жерде, эгерде бул алардын кыймылына тоскоолдук кылса;
транспорт каражаты светофордун сигналдарын, жол белгилерин башка айдоочулардан калкалап калган же башка транспорт каражаттарынын кыймылына (киришине же чыгышына) мүмкүндүк бербеген же жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук кылган жерлерде;
- кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ички иштер органдарыныкынан жана атайын кызматтардыкынан башка транспорт каражаттарды көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнүн коопсуздук аралчасына токтотуп коюуга.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
12.5. Транспорт каражаттарына токтоп турууга төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:
калктуу конуштардан тышкаркы жерлерде 2.1. белгиси менен көрсөтүлгөн жолдордун жүрүүчү бөлүгүнө;
темир жол өткөөлдөрүнө 50 метрден жакын жерде.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
12.6. Токтоого тыюу салынган жерлерде аргасыздан токтогон учурда айдоочу транспорт каражатын бул жерден алып коюу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө тийиш.
12.7. Транспорт каражатынын эшигинин ачылып турушу кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылса, эшикти ачып коюуга тыюу салынат.
12.8. Эгерде айдоочу транспорт каражатынын өз алдынча жүрүп кетишин же айдоочу жокто пайдаланылышын четтеткен бардык чараларды көргөн болсо, ал ордун таштап же транспорт каражатын калтырып кете алат.
12.9. Жол кыймылына тоскоол болгон транспорт каражаттарды токтотуунун (коюунун) эрежесин бузганы үчүн мажбурлап эвакуациялоого (айдоочусу жок болсо), дөңгөлөктүн блокираторлордун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кесилиштерден өтүү
13.1. Оңго же солго бурулганда айдоочу өзү бурулуп жаткан жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн өтүп бара жаткан жөө адамдарга, ошондой эле велосипедчилерге жана жүрүү үчүн велосипед жолу менен кесип өтүп бара жаткан жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
13.2. Эгерде айдоочуну токтоого мажбурлап, туурасынан кеткен багыттагы транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзгөн топтолуу пайда болсо кесилишке чыгууга же жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүгө тыюу салынат.
13.3. Кезектүүлүк светофордун же жөнгө салуучунун сигналы менен аныкталган кесилиш жөнгө салынуучу кесилиш деп эсептелет.
Иштебеген светофордун сары сигналы күйүп-өчүп турганда же жөнгө салуучу жок болгон учурда кесилиш жөнгө салынбаган кесилиш деп эсептелет жана айдоочулар жөнгө салынбаган кесилиштен өтүү эрежелерин жана кесилиште орнотулган артыкчылык белгилерин жетекчиликке алууга тийиш.
Кесилиштерден транспорт каражат менен солго бурулуп өтүүдө же солго бурулуп артка кайрылууда, транспорт агымдарын бөлүп туруучу 1.1. жол бетиндеги чийин бар бир багытта жүрүүчү көчөлөрдөн башкасында кесилиштин борбору транспорт каражаттан оң жакта калууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
Жөнгө салынуучу кесилиштер
13.4. Светофордун жашыл сигналы боюнча солго бурулган же артка кайрылган учурда рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу каршы багытта түз же оңго бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү. Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул эрежени жетекчиликке алууга тийиш.
Эки же андан көп тилке бар болсо утурлаш келаткан транспорт каражаттардын бир багытка бир учурда бурулушуна уруксат берилет.
13.5. Светофордун сары же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө айдоочу башка багыттарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.
13.6. Эгерде светофордун же жөнгө салуучунун сигналдары бир эле учурда трамвайга жана рельсасыз транспорт каражаттарына жүрүүгө уруксат берсе, өзүнүн кыймылынын багытына карабастан трамвай артыкчылыкка ээ болот. Бирок светофордун сары же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө трамвай башка багыттарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.
13.7. Светофордун уруксат берген сигналынын учурунда кесилишке чыккан айдоочу кесилиштен чыккандан кийинки светофордун сигналдарына карабастан белгиленген багытта кетүүгө тийиш. Бирок, айдоочу бараткан жолдо жайгашкан светофордун алдындагы кесилиште стоп-линия (6.16 белгиси) бар болсо, айдоочу ар бир светофордун сигналын жетекчиликке алууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
13.8. Светофордун уруксат берген сигналы күйгөн учурда айдоочу кесилиштеги кыймылын актап жаткан транспорт каражаттарына жана бул багыттагы жүрүүчү бөлүктөн өтүп бүтө элек жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүү.
Жөнгө салынбаган кесилиштер
13.9. Теңдеш мааниде эмес жолдордун кесилишинде экинчи даражадагы жолдо келаткан транспорт каражатынын айдоочусу башкы жолдо келаткан транспорт каражаттарынын андан аркы кыймылынын багытына карабастан аларга жол берүүгө тийиш.
13.10. Теңдеш маанидеги жолдордун кесилишинде рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу оң жактан келаткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү. Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул эрежени жетекчиликке алууга тийиш.
Мындай кесилиштерде трамвай өзүнүн кыймылынын багытына карабастан рельсасыз транспорт каражаттарынын алдында артыкчылыкка ээ болот.
Бирдей маанидеги жолдордун кесилишине ар тараптан бир нече транспорт каражат бир убакта келгенде айдоочулардын бири кесилиштен биринчи болуп өтүү жөнүндө ниетин башкаларына үн сигналы же башкача ыкма менен эскертүүгө тийиш, андан кийин калган айдоочулар бир маанидеги жолдордун кесилишинен өтүүнүн эрежесин өз ара колдонууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
13.11. Башкы жол кесилиште багытын өзгөрткөн учурда башкы жолдо келаткан айдоочулар өз ара теңдеш маанидеги жолдордун кесилишинен өтүү эрежелерин жетекчиликке алууга тийиш. Экинчи даражадагы жолдо келаткан айдоочулар да ушул эрежелерди жетекчиликке алууга тийиш.
13.12. Солго бурулганда же артка кайрылганда рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу теңдеш маанидеги жолдо каршы багытта түз же оңго бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү. Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул эрежени жетекчиликке алууга тийиш.
13.13. Эгерде айдоочу жолго төшөлгөн нерсе бар экендигин аныктай албаса (караңгы учур, ылай, кар жана ушул сыяктуулар), ал эми артыкчылык белгиси жок болсо, ал экинчи даражадагы жолдомун деп эсептөөгө тийиш.
14. Жөө адам өткөөлдөрү жана маршруттары транспорт каражаттарынын аялдамалары
14.1. Транспорт каражатынын айдоочусу жөнгө салынбаган(*) жөө адам өткөөлү аркылуу жүрүүчү бөлүктөн өтүп бараткан жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүү.
14.2. Эгерде жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлүнүн алдында транспорт каражаты токтоп калса же кыймылын жайлатса, анын жанындагы тилкелерде келаткан башка транспорт каражаттарынын айдоочулары токтоп калган транспорт каражатынын алдында жөө адамдар жок экендигине ынангандан кийин гана кыймылын уланта алат.
14.3. Жөнгө салынуучу жөө адам өткөөлдөрүндө светофордун уруксат берүүчү сигналы күйгөн учурда айдоочу бул багыттагы жүрүүчү бөлүктөн жөө адамдар өтүп кетишине мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш.
14.4. Эгерде өткөөлдө эл толуп кетсе, ал жөө адам өткөөлүнө айдоочунун токтошуна мажбурласа, ал жөө адам өткөөлүнө чыгууга тыюу салынат.
14.5. Бардык учурларда анын ичинде жөө адам өткөөлдөрүнөн тышкары жерлерде айдоочу ак таягы менен белги берген сокур жөө адамдарды өткөрүп жиберүүгө милдеттүү.
14.6. Эгерде транспорт каражатына отургузуу же андан түшүрүү жүрүүчү бөлүктөн же анда жайгашкан отургузуу аянтчасынан жүргүзүлүп жатса, айдоочу аялдамада токтоп турган маршруттагы транспорт каражатына карай бараткан же андан (эшик тараптан) келаткан жөө адамдарга жол берүүгө тийиш.
14.7. "Адамдарды ташыйт" деген таануу белгиси бар токтогон транспорт каражатына жандап келатканда айдоочу ылдамдыкты азайтууга, зарылчылык болгон учурда токтоого жана балдардын тобун өткөрүүгө тийиш.
(*) Жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлү деген түшүнүктөр Эрежелердин 13.1-пунктунда белгиленген жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбаган кесилиш деген түшүнүктөрдөй.
15. Темир жолдордон өтүү
15.1. Транспорт каражаттарынын айдоочулары темир жолдордон темир жол өткөөлдөрү аркылуу гана, поездге (локомотивге, дрезинага) жол бергенден кийин өтө алат. Темир жол өткөөлүнө жакындап келген учурда айдоочу жол белгилеринин, светофорлордун, чийиндердин талаптарын, тосмонун абалын жана өткөөл боюнча кезметчинин көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алууга жана жакындап келаткан поезд (локомотив, дрезина) жоктугуна ынанууга тийиш.
15.3. Өткөөлгө төмөнкүдөй учурларда чыгууга тыюу салынат:
тосмо жабылып турганда же жабыла баштаганда (светофордун сигналына карабастан);
светофордун тыюу салган сигналы күйүп турганда (тосмонун абалына жана бар же жоктугуна карабастан);
өткөөл боюнча кезметчинин тыюу салган сигналынын учурунда (кезметчи жезлди, кызыл фонарды же байракты башынан жогору көтөрүп, же колдорун капталга сунуп айдоочуга көкүрөгүн же далысын салып турушу);
эгерде өткөөлдүн ары жагындагы транспорт каражаттары маталып турса жана ал айдоочуну өткөөлгө токтоого мажбурласа;
эгерде көзгө көрүнгөн жерде өткөөлгө поезд (локомотив, дрезина) жакындап келатса.
Ошондой эле төмөнкүлөргө тыюу салынат:
каршы багыттагы кыймыл тилкесине чыгуу менен өткөөлдүн алдында турган транспорт каражаттарын айланып өтүүгө;
тосмону өз алдынча ачууга;
айыл чарба, жол, курулуш жана башка машиналарын жана механизмдерин транспорттук эмес абалда өткөөл аркылуу ташып өтүүгө;
темир жол дистанциясынын начальнигинин уруксаты болмоюнча ылдамдыгы 8 км/сааттан аз болгон жай жүрүүчү машиналардын, ошондой эле трактордук сүйрөлүүчү чаналарды кыймылына.
15.4. Өткөөл аркылуу кыймылга тыюу салынган учурда айдоочу стоп-линиянын, 2.5. белгисинин же светофордун жанына, эгерде алар жок болсо - тосмого 5 метр жетпей, ал эми ал да жок болсо - жакынкы рельсага 10 метр жетпей токтоого тийиш.
15.5. Өткөөлдө аргасыздан токтогон учурда айдоочу тез арада жүргүнчүлөрдү жерге түшүрүүгө жана өткөөлдү бошотуу үчүн чара көрүүгө тийиш, эгерде транспорт каражатын өткөөлдөн алып салуу мүмкүн болбосо айдоочу:
мүмкүн болсо эки адамды темир жолду бойлото эки тарапка өткөөлдөн 1000 метр жерге (эгерде бир эле адам болсо, жол начар көрүнгөн тарапка) жиберүүгө, анын алдында аларга жакындап келаткан поезддин машинистине токтотуу сигналын берүү эрежелерин түшүндүрүүгө;
транспорт каражатынын жанында турууга жана жалпы коркунуч сигналдарын берүүгө; поезд пайда болгон учурда токтотуу сигналын берүү менен утурлап чуркоого тийиш.
Эскертүү: Колду (күндүз ачык материя же кандайдыр - бир көзгө урунарлык буюм, түнкүсүн - фонарь же от менен) айлантуу токтотуучу сигнал болуп кызмат кылат. Бир узун жана үч кыска үн сигналдары жалпы коркунуч сигналы болуп кызмат кылат.
16. Автомагистралдар аркылуу кыймыл
16.1. Автомагистралдарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
жөө адамдардын, бакма малдын, велосипеддердин, жекече мобилдүүлүк каражаттарынын, мопеддердин, тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын, техникалык мүнөздөмөсү боюнча же алардын абалы боюнча ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган башка транспорт каражаттарынын кыймылына;
уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдердин экинчи тилкеден ары өтүшүнө;
6.4 же 7.11-белгилери менен көрсөтүлгөн токтоп туруу үчүн атайын аянтчалардан башка жерге токтоого;
бөлүп туруучу тилкенин технологиялык ажырымында артка кайрылууга же ага кирүүгө;
артка карай айдоого;
окуу иретинде жүрүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 62, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16.2. Жүрүүчү бөлүккө аргасыздан токтоп калган учурда айдоочу транспорт каражатын Эрежелердин 7-бөлүгүнүн талаптарына ылайык белгилөөгө жана аны бул үчүн арналган тилкеге (жүрүүчү бөлүктүн четин билдирген сызыктан оңго) чыгаруу үчүн чара көрүүгө тийиш.
16.3. Бул бөлүмдүн талаптары 5.3 белгиси менен көрсөтүлгөн жолдорго да жайылтылат.
17. Турак-жай зоналарындагы кыймыл
17.1. Турак-жай зонасында, башкача айтканда кире бериши же чыга бериши 5.21 жана 5.22 белгилери менен көрсөтүлгөн аймакта жөө адамдар тротуар боюнча да, жүрүүчү бөлүк боюнча да басышына уруксат берилет. Турак-жай зонасында жөө адамдар артыкчылыкка ээ, бирок алар транспорт каражаттарынын кыймылына негизсиз тоскоолдук кылууга тийиш эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
17.2. Турак-жай зонасында 10 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүрүүгө, аркылуу өтүүгө, үйрөнүү үчүн айдоого, иштеп жаткан кыймылдаткычы менен токтоп турууга, ошондой эле атайын бөлүнгөн жана белгилер жана (же) чийиндер менен белгиленгенден башка жерлерде уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автомобилдер токтоп турушуна тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
17.3. Турак-жай зонасынан чыгып келатканда айдоочулар кыймылдын башка катышуучуларына жол берүүгө тийиш.
17.4. Бул бөлүмдүн талаптары короо аймактарына да жайылтылат.
18. Маршруттагы транспорт каражаттарынын артыкчылыгы
18.1. Кесилиштен тышкары трамвай жолдору жүрүүчү бөлүктү кесип өткөн жерде трамвай рельсасыз транспорт каражаттарына караганда артыкчылыкка ээ, буга деподон чыга берген учурлар кирбейт.
18.2. 5.14, 5.11, 5.13.1, 5.13.2 белгилери менен көрсөтүлгөн маршруттагы транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолдордо бул тилке боюнча башка транспорт каражаттарынын кыймылына жана токтошуна тыюу салынат.
Эгерде бул тилке калган жүрүүчү бөлүктөн үзүк-үзүк чийин менен ажыратылган болсо, анда бурулуштарда транспорт каражаттары ага өтүүгө тийиш. Мындай жерлерде жолго кире бергенде жана жүрүүчү бөлүктүн оң четинен жүргүнчүлөрдү отургузуу жана жерге түшүрүү үчүн бул тилкеге кирүүгө уруксат берилет, мында ал маршруттагы транспорт каражаттарына тоскоолдук кылууга тийиш эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
18.3. Калктуу конуштарда айдоочулар белгиленген аялдамадан жыла баштаган троллейбустар менен автобустарга жол берүүгө тийиш. Троллейбустар менен автобустардын айдоочулары өздөрүнө жол берилип жаткандыгына ынангандан кийин гана кыймылды баштай алат.
19. Тышкы жарык приборлорун колдонуу
19.1. Караңгы учурда жана айлана жакшы көрүнбөгөн шартта жолдогу жарыктарга карабастан, ошондой эле тоннелдерде жүрүп келаткан транспорт каражатында төмөнкүдөй жарык приборлор күйгүзүлүүгө тийиш:
бардык механикалык транспорт каражаттарында жана мопеддерде - алыскы же жакынкы жарык фаралары, велосипеддерде жана жекече мобилдүүлүк каражаттарында - фаралар же фонарлар, арабаларда - фонарлар (эгер алар бар болсо);
чиркегичтерде - габариттик оттор.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
19.2. Алыс жарык төмөнкүдөй учурларда жакын жарыкка которулууга тийиш:
калктуу пункттарда, эгерде жол жарык болсо;
кайчылаш келатканда транспорт каражатына чейин 150 метрден жакын калганда, ошондой эле андан алыс аралыкта, эгерде мунун зарыл экендигин каршы келаткан транспорт каражаты фараларды мезгил-мезгили менен өчүрүп-күйгүзүп көрсөтсө;
каршы келаткан, ошондой эле удаа бараткан транспорт каражаттарынын айдоочуларынын көзүн уялтуу мүмкүнчүлүгүн четтетүү үчүн ар кандай башка учурларда.
Көзү уялып кеткен учурда айдоочу авариялык жарык сигнализациясын күйгүзүүгө жана жүрүп келаткан тилкесин өзгөртпөстөн ылдамдыкты азайтууга жана токтоого тийиш.
19.3.Караңгыда жолдун жарыгы жок участкаларына токтогон же токтоп турган учурда, ошондой эле айлана жакшы көрүнбөгөн шартта транспорт каражатында габарит жарыктары күйүп турууга тийиш. Айлана жакшы көрүнбөгөн шартта габарит жарыктарына кошумча түрдө жакын жарыктын фаралары, туманга каршы фаралар жана арткы туманга каршы фаралар жана арткы туманга каршы фонарлар күйгүзүлүүгө тийиш.
19.4. Туманга каршы фаралар төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн:
айлана жакшы көрүнбөгөн шартта өзүнчө, ошондой эле фаралардын жакын же алыс жарыктары менен бирге;
караңгыда жолдун жарыгы жок участкаларында фаралардын жакын же алыс жарыктары менен бирдикте;
Эрежелердин 19.6-пунктунда каралган шарттарда фаралардын жакын жарыгынын ордуна.
19.5. Күндүз жүрүп баратканда жылып келаткан транспорт каражатын белгилөө үчүн фаралардын жакын жарыгы төмөнкүчө күйгүзүлүшү мүмкүн:
мотоциклдерде, мопеддерде жана жекече мобилдүүлүк каражаттарында;
уюшулган транспорт колоннасында баратканда;
кыймылдын негизги агымына каршы багытта атайын бөлүнгөн тилке боюнча бараткан маршруттагы транспорт каражаттарында;
автобустарда же жүк ташуучу автомобилдерде балдардын тобун уюшуп ташыганда;
ири габариттүү, оор салмактуу жана кооптуу жүктөрдү ташууда;
механикалык транспорт каражаттарын сүйрөгөндө (сүйрөп келаткан транспорт каражатында).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
19.6. Прожектор - фараны жана издөө-фарасын каршы багытта транспорт каражаттары жокто калктуу конуштардан тышкаркы жерде гана пайдаланууга уруксат берилет. Калктуу конуштарда мындай фараларды оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кызматтык тапшырманы аткаруу учурунда гана колдоно алат.
19.7. Туманга каршы арткы фонарлар айлана жакшы көрүнбөгөн шартта гана колдонулат. Туманга каршы арткы фонарларды стоп-сигналдарга кошууга тыюу салынат.
19.8. "Автопоезд" деген таануу белгиси автопоезд жүрүп баратканда, ал эми түнкүсүн жана айлана жакшы көрүнбөгөн шартта ал токтогондо же токтоп турганда да күйүп турууга тийиш.
19.9. Озуп өтүү жөнүндө эскертүү үчүн үн чыгаруучу сигналдын ордуна (же аны менен бирге) үн чыгаруучу сигнал берилиши мүмкүн, ал күндүзү фаралардын жарыгын кыска мөөнөттүү күйгүзүп-өчүрүүнү, ал эми түнкүсүн - фараларды жакын жарыктан алыс жарыкка бир нече жолу которууну билдирет.
(абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-майындагы № 14 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Механикалык транспорт каражаттарын сүйрөтүү
20.1. Катуу же жумшак сүйрөткүч менен сүйрөө сүйрөлгөн транспорт каражатынын рулунда айдоочу бар болгондо гана жүргүзүлөт, буга катуу сүйрөткүчтүн конструкциясы сүйрөлгөн транспорт каражаты сүйрөгөн транспорт каражатынын траекториясы боюнча түз жүрүшүн камсыз кылган учурлар кирбейт.
20.2. Катуу же жумшак сүйрөткүч менен сүйрөгөн учурда сүйрөлгөн автобус, троллейбус менен жана сүйрөлгөн жүк ташуучу автомобилдин кузовунда адамдарды ташууга, ал эми жарым-жартылай жүктөп сүйрөткөн учурда - сүйрөлгөн транспорт каражатынын кабинасында, ошондой эле сүйрөгөн транспорт каражатынын кузовунда адамдардын болушуна тыюу салынат.
20.3. Жумшак сүйрөткүч менен сүйрөтүүдө сүйрөлгөн жана сүйрөгөн транспорт каражаттарынын ортосунда 4-6 метр өлчөмүндө, ал эми катуу сүйрөткүч менен сүйрөгөндө - 4 метрден ашпаган аралык камсыз кылынууга тийиш.
20.4. Төмөнкүчө сүйрөтүүгө тыюу салынат:
руль башкаруусу иштебеген транспорт каражаттарын (жарым-жартылай жүктөө ыкмасы менен сүйрөөгө жол берилет);
эки же андан ашык транспорт каражаттарын;
тормоз системасы иштебеген транспорт каражаттарын, эгерде алардын иш жүзүндөгү массасы сүйрөгөн транспорт каражатынын иш жүзүндөгү массасынын жарымынан ашпаса. Иш жүзүндөгү массасы аз болгон учурда мындай транспорт каражаттарын катуу сүйрөткүч менен же жарым-жартылай жүктөө жолу менен гана сүйрөтүүгө жол берилет;
капталында чиркегичи жок мотоцикл менен, ошондой эле мындай мотоциклдерди;
жол тайгакта жумшак сүйрөткүч менен.
21. Айдаганга үйрөтүү
21.1. Транспорт каражатын айдаганга алгачкы үйрөтүү жабык аянттарда же автодромдордо жүргүзүлөт.
21.2. Жолдордо айдаганга үйрөтүүгө үйрөтүүчү менен гана же окуп жаткан адамда башкаруу жагынан алгачкы көндүмдөрү болгондо гана жол берилет. Үйрөнүп жаткан адам Эрежелердин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү.
21.3. Үйрөтүүчүнүн жанында транспорт каражатын айдаганга үйрөтүү укугуна документ же 3 жылдан ашык айдоочулук стажы, ошондой эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу бул документти санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкаруу укугуна күбөлүк болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
21.4. Автомобилге үйрөнүп жаткан адамга кеминде 16 жаш, мотоциклге үйрөнүп жаткан адамга кеминде 14 жаш болууга тийиш.
21.5. Окутуу жүргүзүлүп жаткан механикалык транспорт каражатында "Үйрөтүү транспорт каражаты" деген таануу белгиси болууга жана ал үйрөтүүчү үчүн артты көрүүчү күзгү менен, тормоздун, ылдамдыкка которуунун сыңар педалдары жана артты көрүүчү күзгү менен жабдылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
21.6. Тизмеси белгиленген тартипте жарыяланган жолдордо айдаганга үйрөтүүгө тыюу салынат.
21.7. Курсанттардын же окуп жаткан катталган топтордун окуулук айдоосу автодромдордо же автополигондордо 20-30 саат айдагандан кийин окутуучу уюмдардын (автомектептердин, ийримдердин) автомобилдеринде гана көчөлөрдүн жана жолдордун уруксат берилген участокторунда гана ишке ашырылат. Мында жанында айдоо китепчеси болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Адамдарды ташуу
22.1. Адамдарды жүк ташуучу автомобилдин кузовунда "С" категориясындагы (кабинадагы жүргүнчүлөрдү кошкондо 8ден ашык адамды ташууда - "С" жана "Д" категорияларындагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жана бул категориядагы транспорт каражаттарын башкаруунун 3 жылдан ашык стажы бар же болбосо бул документти тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугунун бар экендигин ырастаган "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон айдоочулар ташый алат.
Эскертүү:
1. Жүк ташуучу жана жүргүнчү транспорт каражаттарында адамдарды ташууга айдоочуларга, анын ичинде аскер айдоочуларына Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген өзгөчө тартипте жол берилет.
2. Автобустун айдоочусу катары 3 жылдан ашык үзгүлтүксүз эмгек стажы бар айдоочуларга эл аралык, шаарлар аралык жана тоолуу маршруттарда автобус айдоого уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
22.2. Борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда адамдарды ташуу, эгерде ал Негизги жоболорго ылайык жабдылган болсо, уруксат берилет, мында балдарды өзгөчө учурларда гана ташууга уруксат берилет.
22.3. Жүк ташуучу автомобилдин кузовунда ташылуучу адамдардын саны отуруу үчүн жабдылган орундардын санынан ашууга тийиш эмес.
22.4. Ордунан жылаар алдында жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу кузовго отургузуунун, андан түшүрүүнүн жана жайгаштыруунун тартиби жөнүндө жүргүнчүлөргө түшүндүрмө берүүгө тийиш. Жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу шарттары камсыз болгондугуна ынангандан кийин гана кыймылды баштоого тийиш. Борт платформасы бар, бирок адамдарды ташуу үчүн жабдылбаган жүк ташуучу автомобилдин кузовуна түшүүгө жүктү коштоп же аны алуу үчүн бараткан адамдарга борттун деңгээлинен төмөн жайгашкан отуруучу орун менен камсыз кылынган шартта гана уруксат берилет.
22.6. Автобуста же фургон кузову бар жүк ташуучу автомобилде топ балдарды ташууда алар менен бирге коштоп жүрүүчү чоң киши, ал эми борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда - кеминде эки киши болууга тийиш. Бул транспорт каражаттарында алдында жана артында "Балдарды ташуу" деген таануу белгиси орнотулууга тийиш.
22.7. Айдоочу транспорт каражаты толук токтогондон кийин гана жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө, ал эми кыймылды эшиктери жабылгандан кийин гана баштоого жана аны толук токтогонго чейин ачпоого тийиш.
22.8. Адамдарды төмөнкүчө ташууга тыюу салынат:
автомобилдин кабинасынан тышкары (адамдарды борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда же фургон кузовунда ташуудан башка учурларда), трактордун, башка өзү жүрүүчү машиналардын, жүк чиркегичинде, чиркегич дачада, жүк трициклинин, мотоциклдин, мопеддин кузовунда отуруу үчүн конструкцияда каралган орундардан тышкары;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Адамдарды ташууда транспорт каражатынын иш жүзүндөгү массасы аны чыгарган ишкана белгилеген, уруксат берилген максималдуу массанын чоңдугунан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)
22.9. 12 жашка чейинки курактагы балдарды төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынат:
- мотоциклдин арткы отургучунда;
- борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
- баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда.
Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Жүк ташуу
23.1. Ташылуучу жүктүн массасы жана жүктү бардык остор боюнча бөлүштүрүү бул транспорт каражатын чыгарган ишкана ал үчүн белгилеген чоңдуктан ашууга тийиш эмес.
23.2. Кыймылды баштаар алдында жана жүрүп баратканда айдоочу жүктү түшүп калышын, кыймылга тоскоолдук түзүлүшүн четтетүү үчүн анын жайгашуусуна, бекитилишине жана абалына контролдук кылууга тийиш.
23.3. Жүктү ал:
айдоочунун айлананы көрүшүн чектебеген;
башкарууну татаалдантпаган жана транспорт каражатынын туруктуулугун бузбаган;
тышкы жарык приборлорун жана жарыкты чагылдыргычтарды, каттоо жана таануу белгилерин жаппаган, ошондой эле кол менен берилүүчү сигналдарды кабылдоого тоскоолдук кылбаган;
ызы-чуу кылбаган, жолду жана курчап турган чөйрөнү чаңдатпаган, булгабаган учурда ташууга жол берилет.
Эгерде жүктүн абалы жана жайгашуусу көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырбаса, айдоочу ташуунун саналып өткөн эрежелеринин бузулушун четтетүү үчүн чара көрүүгө же андан аркы кыймылды токтотууга милдеттүү.
23.4. Транспорт каражатынын габаритинен алдынан же артынан 1 метрден ашык же капталынан габарит жарыгынын тышкы четинен 0,4 метрден ашык чыгып турган жүк "Ири габариттүү жүк" деген таануу белгиси менен, ал эми түнкүсүн жана айлана начар көрүнгөн шартта андан тышкары алдынан - ак түстөгү фонарь же жарык чагылдыргыч менен, артынан кызыл түстөгү фонарь же жарык чагылдыргыч менен белгиленүүгө тийиш.
23.5. Өтө оор жана коркунучтуу жүктөрдү, зыянсыздандырылбаган идиштерди ташуу, габариттик параметрлери жүгү менен же жүгү жок туурасы боюнча 2,5 метрден, бийиктиги жүрүүчү бөлүктөн 4 метр, узундугу (бир чиркегичти кошкондо) 20 метрден ашкан, же транспорт каражатынын габаритинин арткы учунан 2 метрден ашык чыгып турган жүгү бар транспорт каражаттарынын кыймылы, эки жана андан ашык чиркегичи бар автопоезддердин кыймылы атайын эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
23.6. Жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө тоскоолдук кылган, ошондой эле запас эшиктерди жаан турган жүктөрдү, кол жүктөрдү автобустун, микроавтобустардын салонунда ташууга тыюу салынат.
24. Велосипеддердин, мопеддердин айдоочуларынын, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына кошумча талаптар
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №191 токтомунун редакциясына ылайык)
24.1. 14 жаштан жогору курактагы велосипедчилердин жана 14 жаштан жогору курактагы жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылы велосипед жолдорунда, веложөө адамдар жолдорунда, велосипед зонанын жүрүүчү бөлүгүндө же велосипедчилер үчүн тилкеде жүргүзүлүүгө тийиш.
24.2. 14 жаштан жогору курактагы велосипедчилерге төмөнкүлөргө уруксат берилет:
жүрүүчү бөлүктүн оң чети боюнча - төмөнкү учурларда:
велосипед жана веложөө адамдар, велосипедчилер үчүн тилке жок болсо же алар менен жүрүүгө мүмкүн болбосо;
велосипеддин, ага чиркегичтин же ташылып бара жаткан жүктүн габариттик туурасы 1 метрден ашса;
велосипедчилердин кыймылы колонналарда жүргүзүлөт;
жол жээгинде - велосипед жана веложөө адамдар жолу жок болгон учурда, велосипедчилер үчүн тилке же анда жүрүүгө же жүрүүчү бөлүктүн оң чети менен жүрүүгө мүмкүн болбосо;
тротуарда же жөө адамдар өтүүчү жолдо - төмөнкү учурларда:
велосипед жана веложөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке жок болсо же анда, ошондой эле жүрүүчү бөлүктүн оң четинде же жээк менен жүрүү мүмкүн болбосо.
24.3. Жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон 14 жаштан жогору курактагы адамдардын кыймылына төмөнкүлөрдө уруксат берилет:
жөө адамдар зонасында - эгерде жекече мобилдүүлүк каражатынын массасы 35 кг ашпаса;
тротуарда, жөө адамдар өтүүчү жолдо - эгерде жекече мобилдүүлүк каражатынын массасы 35 кг ашпаса жана төмөнкү шарттардын бири сакталса:
велосипед жана веложөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке жок болсо же анда жүрүүгө мүмкүн болбосо;
жол жээгинде - велосипед жана веложөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке, тротуар, жөө адамдар үчүн жол жок болсо же анда жүрүүгө мүмкүн болбосо;
төмөнкү шарттар бир убакта аткарылса, жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн оң чети боюнча:
велосипед жана вело жөө адамдар жолу, велосипедчилер үчүн тилке, тротуар, жөө адамдар өтүүчү жол, жол жээги жок болсо же анда жүрүүгө мүмкүн болбосо; жекече мобилдүүлүк каражаты тормоз системасы, үн сигналы, алды жагында ак түстөгү, капталдарында кызгылт сары же кызыл түстөгү, арт жагында кызыл түстөгү жарык чагылдыргычтар, алды жагында ак түстөгү фара (чырак) менен жабдылган болсо.
24.4. 7 жаштан 14 жашка чейинки курактагы велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылы тротуарларда, жөө адамдар, велосипед жана веложөө адамдар жолунда, ошондой эле жөө адамдар өтүүчү зонада гана жүргүзүлүшү керек. 7 жаштан 14 жашка чейинки курактагы велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылы шлем болгондо ишке ашырылышы керек.
24.5. 7 жаштан төмөн курактагы велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын тротуарларда, жөө адамдар жана веложөө адамдар жолунда (жөө адамдар өтүүчү тарапта), ошондой эле жөө адамдар зонасынын чегинде гана жүргүзүлүшү керек.
7 жаштан төмөн курактагы жүрүү үчүн велосипедди жана жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон балдардын кыймылы чоң кишилердин коштоосунда жана шлем болгондо гана жүргүзүлүшү керек.
24.6. Велосипедчилерге жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондорго жүрүүчү бөлүктүн оң чети боюнча бир катарда гана жүрүүгө уруксат берилет.
Велосипедчилердин колоннасынын эки катар жүрүүсүнө, эгерде велосипеддердин габариттик туурасы 0,75 метрден ашпаса жол берилет, мында велосипедчилердин колоннасы 10 жуптан турган топторго бөлүнүшү керек. Ашып өтүүнү жеңилдетүү үчүн топтордун ортосундагы аралык 80-100 м түзүүгө тийиш.
24.7. Жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына 25 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен уруксат берилет.
Эгерде тротуарда, жөө адамдар өтүүчү жолдо, жолдун четинде же жөө адамдар зонасынын чегинде (жөө адамдар зонасындагы велосипед жолдорун кошо алганда) баратканда велосипедчинин же жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдын кыймылы жөө адамдардын кыймылына коркунуч туудурса же тоскоолдук жаратса, жөө адамдардын ылдамдыгына же шашып баратканга чейин ылдамдыкты азайтууга тийиш.
Велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жөө адамдар менен айкалышкан кыймылынын бардык учурларында жөө адамдар велосипедчилерге жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол берүүгө тийиш.
24.8. Велосипедчи же жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адам тарабынан кесилиштен тышкары жерде жүрүүчү бөлүктү кесип өткөндө аталган адамдар жол кыймылынын анда бара жаткан башка катышуучуларына жол бошотууга милдеттүү.
24.9. Мопедди башкаруу укугу он алты жаш куракка толгон адамдарга берилет.
Мопеддердин айдоочулары жолдун оң четинде бир катар менен жүрүшү керек.
Мопеддин айдоочуларына велосипед жолунда, жолдун четинде, тротуарларда же жөө адамдар жүрүүчү жолдо жүрүүгө тыюу салынат.
24.10. Велосипедчилерге, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жана мопеддердин айдоочуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
велосипедди, мопедди жана жекече мобилдүүлүк каражатын (эгерде руль болсо) рулду жок дегенде бир колу менен кармабастан айдоого;
габариттин же жүктөрдүн узундугу же туурасы 0,5 мден ашык башкарууга тоскоол болгон жүктөрдү ташууга;
эгерде бул велосипеддин же жекече мобилдүүлүк каражатынын жабдуусунда же конструкциясында каралбаса, жүргүнчүлөрдү ташууга;
трамвай кыймылы бар жолдордо жана ушул багытта жүрүү үчүн бирден ашык тилкеси бар жолдордо солго бурулуу же кайрылуу (оң тилкеден солго бурулууга уруксат берилген учурларды кошпогондо, велосипед зонасында жайгашкан жолдордон тышкары);
транспорт каражатын айдап бара жатып (велосипед, жекече мобилдүүлүк каражаттары жана мопед) жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөн жолдун жүрүүчү бөлүгүн кесип өтүүгө.
24.11. Велосипед, мопед же жекече мобилдүүлүк каражаттары менен эксплуатациялоого арналган чиркегичти тиешелүү түрдө велосипед, мопед же жекече мобилдүүлүк каражаттары менен сүйрөтүүдөн тышкары, велосипеддерди, жекече мобилдүүлүк каражаттарын жана мопеддерди сүйрөтүүгө, ошондой эле велосипед, жекече мобилдүүлүк каражаттары жана мопеддер менен сүйрөтүүгө тыюу салынат.
24.12. Сутканын караңгы мезгилинде же көрүнүү жетишсиз шарттардагы кыймыл учурунда велосипедчилерге, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жана мопеддердин айдоочуларына жарыкты чагылдыруучу элементтери бар предметтерди өзү менен алып жүрүү жана башка транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан бул предметтердин көрүнүп турушун камсыз кылуу сунушталат.
24.13. Велосипеддик зонада:
Велосипедчилер жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдар механикалык транспорт каражаттарынан артыкчылыкка ээ, ошондой эле ушул Эрежелердин 9.1(1)-9.3 жана 9.6-9.12-пункттарынын талаптарын сактоо менен ушул багытта жүрүүгө арналган жүрүүчү бөлүктүн бардык туурасы боюнча жүрө алат;
жөө адамдарга ушул Эрежелердин 4.4-4.7-пункттарынын талаптары сакталган шартта каалаган жерден жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилет.
25. Арабалардын кыймылына, ошондой эле жаныбарларды айдоого кошумча талаптар
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №191 токтомунун редакциясына ылайык)
25.1. Арабаны (чананы) башкарууга, жүк ташуучу, минүүчү жаныбарларды же үйүрлөрдү жол кыймылында айдоого 14 жаштан жогору адамдарга жол берилет.
25.2. Арабалар (чана), минүүчү жана жүк ташуучу жаныбарлар бир гана катарда, оң тарапка ылайыктап жүрүүгө тийиш. Эгерде бул жөө адамдарга тоскоолдук жаратпаса, жолдун жээги менен жүрүүгө жол берилет.
Арабалардын (чаналардын), жүк ташуучу жана минүүчү жаныбарлардын колонналары жолдун жүрүүчү бөлүгү менен жүрүүдө 10 минүүчү жана жүк ташуучу жаныбарлардан жана 5 арабадан (чаналардан) турган топторго бөлүнүшү керек. Ашып өтүүнү жеңилдетүү үчүн топтордун ортосундагы аралык 80-100 м болушу керек.
25.3. Арабанын (чананын) айдоочусу жанаша аймактан же экинчи даражадагы жолдон чыгып баратканда көрүнүшү чектелген жерлерде жаныбардын тизгинин тартууга тийиш.
25.4. Жаныбарларды жол боюнда, эреже катары күндүзгү убакта айдап чыгуу керек. Аларды жергиликтүү маанидеги жолдордон башка автомобиль жолдорунда жана газондордо жаюуга тыюу салынат. Мал айдоочулар жаныбарларды мүмкүн болушунча жолдун оң четине жакын айдоого тийиш.
25.5. Жаныбарларды темир жол аркылуу айдап өтүүдө үйүр мал айдоочулардын санын эсепке алуу менен ар бир топтун коопсуз өтүүсү камсыз кылынгандай сандагы топторго бөлүү керек.
25.6. Арабаларды (чаналарды), жүк ташуучу, минүүчү жаныбарларды жана малды айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
жолдо жаныбарларды көзөмөлсүз калтырууга;
жаныбарларды темир жолдор жана атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары жолдор аркылуу, ошондой эле сутканын караңгы мезгилинде жана көрүү начар шарттарда айдоого (ар кандай деңгээлдеги мал айдоодон тышкары);
башка жолдор бар болсо, асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жолдор менен жаныбарларды алып жүрүүгө;
арабаны (чананы) арабадан бир метрден ашпаган аралыкта кыймылдын жүрүшү боюнча оң жагына арабага чегилбеген бош жаныбарды байлабастан айдап жүрүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине 1-тиркеме |
ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилерди айдоочуларга коркунучтун мүнөзү жана жолдун кооптуу бөлүгүнө жакындагандыгы, аны менен жүрүү тийиштүү жагдайда чараларды көрүү керектиги жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
1.1 "Шлагбаум коюлган темир жол өткөөлү" жана 1.2 "Шлагбаум коюлбаган темир жол өткөөлү" белгилерин шлагбаумдар менен тиешелүү түрдө жабдылган же жабдылбаган бардык темир жол өткөөлдөрүнүн алдында орнотушат.
1.3.1 "Бир нуктуу темир жол" жана 1.3.2 "Көп нуктуу темир жол" белгилерин тиешелүүлүгүнө жараша бир же эки жана андан ашык нуктуу темир жолу аркылуу шлагбаум коюлбаган бардык темир жол өткөөлдөрүнүн алдында орнотушат.
1.4.1-1.4.6 "Темир жол өткөөлүнө жакындоо" белгилери. Калктуу конуштардан тышкары жайгашкан темир жол өткөөлүнө жакындап калуу жөнүндө кошумча эскертүү.
1.5 "Трамвай линиясы менен кесилишүү" белгиси.
1.6 "Теңдеш жолдор менен кесилишүү" белгиси.
1.7 "Айлампа кыймыл менен кесилишүү" белгиси.
1.8 "Сфетофор менен жөнгө салуу" белгиси. Светофор менен жөнгө салынуучу кесилиш, жөө адам өткөөлү же жол бөлүгү.
1.9 "Экиге ажыратылуучу көпүрө" белгиси. Экиге ажыратылуучу көпүрө же паром өткөөлү.
1.10 "Жээкке чыгуучу жол" белгиси. Жээк көчөсүнө же жээкке чыгуу.
1.11.1 жана 1.11.2 "Кооптуу бурулуш" белгилери. Чакан радиустагы же көрүнүүсү чектелген жолдун бурулушу: 1.11.1 - оңго, 1.11.2 - солго.
1.12.1 жана 1.12.2 "Кооптуу бурулуштар" белгилери. Кооптуу бурулуштары бар жол участогу: 1.12.1 - оңго биринчи бурулушу менен, 1.12.2 - солго биринчи бурулушу менен.
1.13 "Тик ылдый түшүү" белгиси.
1.14 "Тик өйдө чыгуу" белгиси.
1.15 "Тайгалак жол" белгиси. Жүрүүчү бөлүгү өтө тайгалак жол участогу.
1.16 "Тегиз эмес жол" белгиси. Жүрүүчү бөлүгүндө текши эместиктери бар (толкундар, чуңкурлар, көпүрө менен жай кошулбай турган жана ушуларга окшош) жол участогу.
1.17 "Жасалма тегиз эмес жол" белгиси. Ылдамдыкты мажбурлап төмөндөтүү үчүн жасалма тегиз эмес жол участогу.
1.18 "Шагылдын ыргышы" белгиси. Шагыл, таштар жана ушуга окшош нерселер транспорт каражатынын дөңгөлөгүнүн астынан ыргуусу мүмкүн болгон жол участогу.
1.19 "Жолдун кооптуу чети" белгиси. Жолдун четине чыгуу кооптуу болгон жол участогу.
1.20.1-1.20.3 "Жолдордун тарышы" белгилери. Жолдун эки жагынан тарышы - 1.20.1, оң жагынан - 1.20.2, сол жагынан - 1.20.3.
1.21 "Эки тараптуу кыймыл" белгиси. Каршы кыймылы бар жол (жүрүү бөлүгү) участогунун башталышы.
1.22 "Жөө жүргүнчү өткөөлү" белгиси. 5.19.1, 5.19.2 жол белгилери жана (же) 1.14.1 жана 1.14.2 жол чийиндери менен белгиленген жөө жүргүнчү өткөөлү.
1.23 "Балдар" белгиси. Балдар мекемелерине (мектептер, ден соолук чыңдоо лагерлери жана башка ушундай) жакын, анын жүрүүчү бөлүгүндө балдар чыга калышы мүмкүн болгон жол участогу.
1.24 "Велосипед жолу менен кесилишүү" белгиси.
1.25 "Жол иштери" белгиси.
1.26 "Мал айдоо" белгиси.
1.27 "Жапайы жаныбарлар" белгиси.
1.28 "Таштын кулашы" белгиси. Кулоолор, көчкүлөр, таш уроолор мүмкүн болгон жол участогу.
1.29 "Капталдан соккон шамал" белгиси.
1.30 "Жапыз учкан самолет" белгиси.
1.31 "Тоннель" белгиси. Жасалма жарык берүүсү жок болгон тоннель же кирүү порталынын көрүнүп туруусу чектелген тоннель.
1.32 "Тыгын" белгиси. Тыгын пайда болгон жол участогу.
1.33 "Башка коркунучтар" белгиси. Башка эскертүүчү белгилер менен каралбаган коркунучтар бар жол участогу.
1.34.1 жана 1.34.2 "Бурулуштун багыты" белгилери. Көрүнүүсү чектелген чакан радиустагы жолдун бурулушундагы кыймылдын багыты. Жолдун оңдолуучу участогун айланып өтүүнүн багыты.
1.34.3 "Бурулуштун багыты" белгиси. Т-сымал кесилиштеги же жолдордун айрылышындагы кыймылдын багыты. Жолдун оңдолуп жаткан участогун айланып өтүүнүн багыты.
1.35 "Кесилиш участогу" белгиси. 1.26 жол чийини менен белгиленген участогу бар кесилишке жана эгерде жолдо алды жакта, айдоочуну кесилиш багыттагы транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн тоскоолдук жарата турган токтоого аргасыз кылуучу тыгын пайда болсо, ушул Эрежелер менен белгиленген учурларда оңго же солго бурулуудан башка учурларда ага чыгууга тыюу салынган кесилишке жакындоону белгилөө.
Эскертүүчү 1.1, 1.2, 1.5-1.33 белгилери калктуу конуштардан тышкары 150-300 м аралыкта, ал эми калктуу конуштарда - кооптуу участок башталганга чейинки 50-100 м аралыкта орнотулат. Зарыл болгон учурда белгилер башка аралыкта орнотулушу мүмкүн, бул учурда алар 8.1.1 табличкасында көрсөтүлөт.
1.13 жана 1.14 белгилери 8.1.1 табличкасы жок төмөн түшүү же көтөрүлүү башталаардын алдында түздөн-түз орнотулушу мүмкүн, эгерде төмөн түшүүлөр жана көтөрүлүүлөр биринин артынан бири жайгашкан болсо.
1.25 белгиси жүрүүчү бөлүктө кыска мөөнөттүү иштерди жүргүзүү учурунда 8.1.1 табличкасы жок иштерди жүргүзүү жерине 10-15 м чейинки аралыгында орнотулушу мүмкүн.
1.32 белгиси тыгын пайда болгон жол участогун айланып өтүү мүмкүн болгон убактылуу катары же кесилиштин алдында өзгөрүлмөлүү сүрөтү бар белгилерде колдонулат.
1.35 белгиси кесилиштин чегинде орнотулат. Эгерде татаал кесилиштерде жол белгисин кесилиштин чегинде орнотуу мүмкүн болбосо, ал кесилиштин чегине чейинки 30 метрден алыс эмес аралыкка орнотулат.
Калктуу конуштардан тышкары жерлерде 1.1, 1.2, 1.9, 1.10, 1.23 жана 1.25 белгилери кайталанат. Экинчи белги кооптуу участок башталганга чейинки 50 м ден кем эмес аралыкка орнотулат. 1.23 жана 1.25 белгилери кайталанат жана калктуу конуштарда кооптуу участок түздөн-түз башталганда орнотулат.
2. Артыкчылык белгилери
Артыкчылык белгилери кесилиштерден өтүүнүн кезегин, жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүнү же жолдун тар участокторунан өтүү кезегин белгилешет.
2.1 "Башкы жол" белгиси. Жөнгө салынбай турган кесилиштерден артыкчылыктуу укук менен өтүүчү жол.
2.2 "Башкы жолдун бүтүшү" белгиси.
2.3.1 "Экинчи даражадагы жол менен кесилишүү" белгиси.
2.3.2-2.3.7 "Экинчи даражадагы жолго кошулуу" белгилери. Оң жактан кошулуу - 2.3.2, 2.3.4, 2.3.6, сол жактан - 2.3.3, 2.3.5, 2.3.7.
2.4 "Жол бер" белгиси. Айдоочу кесилиш жолдо транспорт каражаттарына жолду бошотууга тийиш, ал эми 8.13 табличкасы бар учурда - башкы жол боюнча кыймылдаган транспорт каражаттарына жолду бошотууга тийиш.
2.5 "Токтобой өтүүгө тыюу салынат" белгиси. Стоп-сызыктын алдында токтобостон кыймылдоого тыюу салынат, эгерде ал жок болсо - жүрүүчү бөлүктүн кесип өтүүчү четинин алдында. Айдоочу жолду кесип өтүүчү, ал эми 8.13 табличкасы бар учурда - башкы жол боюнча кыймылдаган транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш болот.
2.5 белгиси темир жол өткөөлүнүн же карантин постунун алдында орнотулушу мүмкүн. Бул учурларда айдоочу стоп-сызыктын алдына, ал эми ал жок учурда - белгинин алдына токтоого тийиш.
2.6 "Каршы кыймылдын артыкчылыгы бар" белгиси. Эгерде бул алдыдагы кыймылды татаалдаштырышы мүмкүн болсо, жолдун тар участогуна кирүүгө тыюу салынат. Айдоочу тар участокто турган же ага карата карама-каршы кире бериштеги бет маңдайындагы транспорт каражаттарына жолду бошотуп берүүгө тийиш.
2.7 "Каршы кыймылдын алдында артыкчылыгы бар" белгиси. Кыймылдоо учурунда айдоочу бет маңдайындагы транспорт каражаттарына карата артыкчылыктан колдонуучу жолдун тар участогу.
3. Тыюу салуучу белгилер
Тыюу салуучу белгилер кыймылдын белгилүү чектөөлөрүн киргизишет же алып салышат.
3.1 "Кирүүгө тыюу салынат" белгиси. Бул багытта бардык транспорт каражаттарынын кирүүсүнө тыюу салынат.
3.2 "Кыймылга тыюу салынат" белгиси. Бардык транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.3 "Механикалык транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси.
3.4 "Жүк ташуучу автомобилдердин жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси. Жүк ташуучу автомобилдердин жана уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан жогору болгон транспорт каражаттарынын курамдарынын (эгерде белгиде салмагы көрсөтүлбөгөн болсо) же уруксат берилген максималдуу салмагы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын, ошондой эле тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылдарына тыюу салынат.
3.4 белгиси адамдарды ташууга арналган жүк ташуучу автомобилдердин кыймылына, ошондой эле белгиленген зонада турган уруксат берилген максималдуу салмагы 26 тоннадан жогору эмес чиркегичсиз жүк ташуучу автомобилдердин кыймылына тыюу салбайт. Бул учурларда транспорт каражаттары белгиленген зонага кирүүгө жана андан чыгууга көздөлгөн жерден жакынкы кесилиште чыгууга тийиш.
3.5 "Мотоциклдин жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси.
3.6 "Трактордун жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси. Тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылына тыюу салынат.
3.7 "Чиркегич менен жүрүүгө тыюу салынат" белгиси. Каалагандай типтеги чиркегичи бар жүк ташуучу автомобилдердин жана тракторлордун кыймылына, ошондой эле механикалык транспорт каражаттарын буксировкалоого тыюу салынат.
3.8 "Арабалардын жүрүшүнө тыюу салынат" белгиси. Көлүк арабаларынын (чаналардын), жүктөлгөн жана мине турган жаныбарлардын кыймылына, ошондой эле мал-жандыктарды айдап өтүүгө тыюу салынат.
3.9 "Велосипеддин жүрүшүнө тыюу салынат" белгиси. Велосипеддердин жана мопеддердин кыймылына тыюу салынат.
3.10 "Жөө басууга тыюу салынат" белгиси.
3.11 "Массага чек коюу" белгиси. Иш жүзүндөгү жалпы салмагы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору транспорт каражаттарынын, анын ичинде транспорт каражаттарынын курамдарынын кыймылына тыюу салынат.
3.12 "Транспорт каражатынын огуна туура келген массага чек коюу" белгиси. Кайсы бир огуна туура келген иш жүзүндөгү салмагы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.13 "Бийиктикке чек коюу" белгиси. Габариттик бийиктиги (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.14 "Жазылыгына чек коюу" белгиси. Габариттик туурасы (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн ашык болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.15 "Узундугуна чек коюу" белгиси. Габариттик узундугу (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн ашык болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.16 "Минималдуу аралыкка чек коюу" белгиси. Транспорт каражаттарынын ортосундагы аралыкты белгиде көрсөтүлгөндөн төмөн кармап кыймылдоого тыюу салынат.
3.17.1 "Бажы" белгиси. Бажынын (контролдук пункттун) алдында токтоосуз өтүүгө тыюу салынат.
3.17.2 "Коркунуч" белгиси. Жол-транспорт кырсыгына, аварияга, өрткө же башка коркунучка байланыштуу бардык транспорт каражаттарынын андан ары кыймылдоосуна тыюу салынат.
3.17.3 "Контроль" белгиси. Контролдоо пункттары аркылуу токтоосуз өтүүгө тыюу салынат.
3.18.1 "Оңго бурулууга тыюу салынат" белгиси.
3.18.2 "Солго бурулууга тыюу салынат" белгиси.
3.19 "Артка бурулууга тыюу салынат" белгиси.
3.20 "Озуп өтүүгө тыюу салынат" белгиси. Жай жүрүүчү транспорт каражаттарынан, көлүк арабаларынан, велосипеддерден, мопеддерден жана капталдагы чиркегичсиз эки дөңгөлөктүү мотоциклдерден тышкары бардык транспорт каражаттарынан озуп өтүүгө тыюу салынат.
3.21 "Озуп өтүүгө тыюу салуунун бүтүшү" белгиси.
3.22 "Жүк ташуучу автомобилдерге озуп өтүүгө тыюу салынат" белгиси. Уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору болгон жүк ташуучу автомобилдерге бардык транспорт каражаттарынан озуп өтүүгө тыюу салынат.
3.23 "Жүк ташуучу автомобилдерге озуп өтүүгө тыюу салуунун бүтүшү" белгиси.
3.24 "Максималдуу ылдамдыкты чектөө" белгиси. Белгиде көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогорку ылдамдык (км/саат) менен кыймылга тыюу салынат.
3.25 "Максималдуу ылдамдыкты чектөөнүн бүтүшү" белгиси.
3.26 "Үн сигналын берүүгө тыюу салынат" белгиси. Сигнал жол-транспорт кырсыгынын алдын алуу үчүн берилген учурларды кошпогондо, үн сигналдарын колдонууга тыюу салынат.
3.27 "Токтоого тыюу салынат" белгиси. Транспорт каражаттарынын токтоосуна жана токтоп туруусуна тыюу салынат.
3.28 "Токтоп турууга тыюу салынат" белгиси. Транспорт каражаттарынын токтоп туруусуна тыюу салынат.
3.29 "Айдын так сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат" белгиси.
3.30 "Айдын жуп сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат" белгиси.
Өтүүчү бөлүктүн карама-каршы тараптарында 3.29 жана 3.30 белгилерин бир убакта колдонууда өтүүчү бөлүктүн эки тарабында тең саат 19дан тартып саат 21ге чейин (алмашуу убактысы) токтоп турууга уруксат берилет.
3.31 "Бардык чектөөлөрдүн бүтүшү" белгиси. Төмөнкүлөрдүн ичинен бир убакта бир нече белгиси колдонулган зонанын бүтүшүн белгилөө: 3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30.
3.32 "Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат" белгиси. "Кооптуу жүк" таанытуу белгилери (маалымат табличкалары) менен жабдылган транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.33 "Жарылуучу жана тез күйүүчү жүктөрү бар транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат" белгиси. Жарылуучу заттарды жана буюмдарды, ошондой эле тез күйүүчү катары маркаланууга тийиш болгон башка кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын кыймылына көрсөтүлгөн кооптуу заттарды жана буюмдарды ташуунун атайын эрежелери менен белгиленген тартипте аныкталган чектелген санда ташуу учурларын кошпогондо тыюу салынат.
3.34 "Автобустардын кыймылына тыюу салынат" белгиси. Жүргүнчүлөрдү шаардык, шаар четиндеги, шаарлар аралык жана эл аралык маршруттар боюнча үзгүлтүксүз ташууну жүзөгө ашырган автобустардан башка автобустардын кыймылына тыюу салынат.
3.2-3.9, 3.32-3.34 белгилери эки багыттагы транспорт каражаттарынын тиешелүү түрлөрүнүн кыймылына тыюу салат.
Белгилер төмөнкүлөргө колдонулбайт:
3.1-3.3, 3.18.1, 3.18.2, 3.19 - маршруттук транспорт каражаттарына;
3.2, 3.3, 3.5-3.8 - белгиленген зонада жайгашкан ишкананы тейлеген, ошондой эле белгиленген зонада жашаган же иштеген жарандарды тейлеген же жарандарга таандык болгон транспорт каражаттарына. Бул учурларда транспорт каражаттары белгиленген зонага кирүүгө жана андан дайындалган жерге жакын кесилишке чыгууга тийиш;
3.28-3.30 - майыптар тарабынан башкарылуучу, майыптарды, анын ичинде майып-балдарды ташуучу транспорт каражаттарына, эгерде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарында "Майып" таанытуучу белгиси орнотулган болсо.
3.18.1, 3.18.2 белгилери анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине карата колдонулат.
3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30 белгилери колдонулган зона белги орнотулган жерден андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу конуштарда кесилиш жок болгон учурда - калктуу конуш бүткөнгө чейин жайылтылат. Белгилердин аракети жолдорго жакын аймактардан чыккан жерлерде жана талаа, токой жана алардын алдында тиешелүү белгилер орнотулбаган башка экинчи даражадагы жолдор менен кесилишкен (кошулуу) жерлерде үзүлбөйт.
5.23.1 же 5.23.2 белгиси менен белгиленген калктуу конуштун алдында орнотулган 3.24 белгисинин аракети ушул белгиге чейин жайылтылат.
Белгилер колдонулган зона төмөнкүлөр үчүн азайтылышы мүмкүн:
3.16 жана 3.26 белгилери үчүн 8.2.1 табличкасын колдонуу менен;
3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн алар колдонулган зонанын аягында тиешелүү түрдө 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин орнотуу же 8.2.1 табличкасын колдонуу менен. 3.24 белгиси колдонулган зона 3.24 белгисин кыймылдын максималдуу ылдамдыгынын башка мааниси менен орнотуу менен азайтылышы мүмкүн;
3.27-3.30 белгилери үчүн аларды колдонуу зонасынын аягында кайталануучу 3.27-3.30 белгилерин 8.2.3 табличкасы менен орнотуу же 8.2.2 табличкасын колдонуу менен. 3.27 белгиси 1.4 чийини менен, ал эми 3.28 белгиси - 1.10 чийини менен чогуу колдонулушу мүмкүн, ошол эле учурда белгилер колдонулган зона чийин сызыгынын узактыгы менен аныкталат.
3.10, 3.27-3.30 белгилери жолдун алар орнотулган тарабына гана колдонулат.
4. Буйруу белгилери
Буйруу белгилери кыймылдын зарыл болгон багыттарын, шарттарын жана режимдерин белгилөө үчүн колдонулат.
4.1.1 "Түз кетүү", 4.1.2 "Оңго кетүү", 4.1.3 "Солго кетүү", 4.1.4 "Түз же оңго кетүү", 4.1.5 "Түз же солго кетүү", 4.1.6 "Оңго же солго кетүү" белгилери. Белгилерде жебелер менен көрсөтүлгөн багыттарда гана кыймылга уруксат берилет. Солго бурулууга уруксат берүүчү белгилер артка бурулууга да уруксат берет.
Конкреттүү кесилиште кыймылдын белгиленген багыттарына ылайык келген жебелердин өзгөргөн конфигурациясы менен белгилер колдонулушу мүмкүн.
4.1.1-4.1.6 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына карата колдонулбайт.
4.1.1-4.1.6 белгилери анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине колдонулат.
Жолдун участогунун башталышында орнотулган 4.1.1 белгиси жакынкы кесилишке чейин колдонулат. Белги оңго короолорго жана жолго жакын жайгашкан башка аймактарга бурулууга тыюу салбайт.
4.1.1 "Түз кетүү" белгиси.
4.1.2 "Оңго кетүү" белгиси.
4.1.3 "Солго кетүү" белгиси.
4.1.4 "Түз же оңго кетүү" белгиси.
4.1.5 "Түз же солго кетүү" белгиси.
4.1.6 "Оңго же солго кетүү" белгиси.
4.2.1 "Тоскоолдукту оң жагынан айланып өтүү", 4.2.2 "Тоскоолдукту сол жагынан айланып өтүү" белгилери. Айланып өтүүгө жебе менен көрсөтүлгөн тараптан гана уруксат берилет.
4.2.3 "Тоскоолдукту оң же сол жагынан айланып өтүү" белгиси. Кайсы тараптан болбосун айланып өтүүгө уруксат берилет.
4.3 "Айланма кыймыл" белгиси. Жебелер менен көрсөтүлгөн багытта кыймылга уруксат берилет.
4.4.1 "Велосипед жолу" белгиси.
4.4.2 "Велосипед жолунун бүтүшү" белгиси.
4.5.1 "Жөө адамдар өтүүчү жол" белгиси. Жөө адамдарга гана өтүүгө уруксат берилет.
4.5.2 "Айкалышкан кыймыл менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолу (айкалышкан кыймыл менен веложөө адамдар өтүүчү жол)" белгиси.
4.5.3 "Айкалышкан кыймыл менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолунун бүтүшү (айкалышкан кыймыл менен веложөө адамдар өтүүчү жолдун бүтүшү)" белгиси.
4.5.4, 4.5.5 "Кыймылды бөлүү менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолу" белгилери. Жолду жөө адамдар өтүүчү жана велосипед өтүүчү тарапка бөлүү менен конструктивдүү бөлүнгөн жана (же) 1.2.1, 1.23.2 жана 1.23.3 горизонталдуу чийини же башка ыкма менен белгиленген веложөө адамдар өтүүчү жол.
4.5.6, 4.5.7 "Кыймылды бөлүү менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолунун бүтүшү (Кыймылды бөлүү менен веложөө адамдар өтүүчү жолдун бүтүшү)" белгилери.
4.6 "Минималдуу ылдамдыкты чектөө" белгиси. Көрсөтүлгөн же андан жогору ылдамдык менен (км/саат) гана кыймылга уруксат берилет.
4.7 "Минималдуу ылдамдыкты чектөөнүн бүтүшү" белгиси.
4.8.1-4.8.3 "Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты" белгилери. "Кооптуу жүк" таанытуучу белгилери (маалыматтык таблицалары) менен жабдылган транспорт каражаттарынын кыймылына белгиде көрсөтүлгөн багытта гана уруксат берилет: 4.8.1 - оңго, 4.8.2 - түз, 4.8.3 - солго.
5. Өзгөчө буйруу белгилери
Өзгөчө буйруу белгилери кыймылдын белгилүү режимдерин киргизет же алып салат.
5.1 "Автомагистраль" белгиси. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин автомагистралдар боюнча кыймылдын тартибин белгилөөчү талаптары колдонулуучу жол.
5.2 "Автомагистралдын бүтүшү" белгиси.
5.3 "Автомобилдер үчүн жол" белгиси. Автомобилдердин, автобустардын жана мотоциклдердин гана кыймылы үчүн багытталган жол.
5.4 "Автомобилдер үчүн жолдун бүтүшү" белгиси.
5.5 "Бир тараптуу кыймылдагы жол" белгиси. Бүткүл туурасы боюнча механикалык транспорт каражаттарынын кыймылы бир багытта жүзөгө ашырыла турган жол же өтүүчү бөлүк.
5.6 "Бир тараптуу кыймылдагы жолдун бүтүшү" белгиси.
5.7.1 жана 5.7.2 "Бир тараптуу кыймылдагы жолго чыгуу" белгилери. Бир тараптуу кыймылдагы жолго же өтүүчү бөлүккө чыгуу.
5.8 "Реверсивдүү кыймыл" белгиси. Бир же бир нече тилкеде кыймылдын багыты карама-каршыга өзгөрүшү мүмкүн болгон жол участогунун башталышы.
5.9 "Реверсивдүү кыймылдын бүтүшү" белгиси.
5.10 "Реверсивдүү кыймылдагы жолго чыгуу" белгиси.
5.11.1 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол" белгиси. Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке боюнча кыймылга уруксат берилген транспорт каражаттары атайын бөлүнгөн тилке боюнча транспорт каражаттарынын жалпы агымына каршы жүргөн жол.
5.11.2 "Велосипедчендер үчүн тилкеси бар жол" белгиси. Велосипедчендердин жана мопед айдоочуларынын кыймылы атайын бөлүнгөн тилке боюнча транспорт каражаттарынын жалпы агымына каршы жүзөгө ашырылуучу жол.
5.12.1 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолдун бүтүшү" белгиси.
5.12.2 "Велосипедчендер үчүн тилкеси бар жолдун бүтүшү" белгиси.
5.13.1, 5.13.2 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолго чыгуу" белгилери.
5.13.3, 5.13.4 "Велосипедчендер үчүн тилкеси бар жолго чыгуу" белгиси.
5.14 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке" белгиси. Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке боюнча кыймылга уруксат берилген транспорт каражаттары транспорт каражаттарынын жалпы агымы менен кошо жүргөн атайын бөлүнгөн тилке.
5.14.1 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкенин бүтүшү" белгиси.
5.14.2 "Велосипедчендер үчүн тилке" белгиси.
5.14.3 "Велосипедчендер үчүн тилкенин бүтүшү" белгиси.
5.14-5.14.3 белгилери үстүндө белгилер жайгашкан тилкеге колдонулат. Жолдун оң тарабында орнотулган белгилер оң тилкеге колдонулат.
5.15.1 "Тилкелер боюнча кыймылдын багыттары" белгиси. Тилкелердин саны жана алардын ар бири боюнча кыймылдын уруксат берилген багыттары.
5.15.2 "Тилке боюнча кыймылдын багыттары" белгиси. Тилке боюнча кыймылдын уруксат берилген багыттары.
Кыймылдын четки сол тилкесинен солго бурулууга уруксат берген 5.15.1 жана 5.15.2 белгилери ушул эле тилкеден артка бурулууга да уруксат берет. Жебелердин конфигурациясы конкреттүү кесилиштин конфигурациясына ылайык өзгөрүшү мүмкүн.
5.15.1 жана 5.15.2 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына колдонулбайт.
Кесилиштин алдында орнотулган 5.15.1 жана 5.15.2 белгилери эгерде анда орнотулган башка 5.15.1 жана 5.15.2 белгилери башкача көрсөтмөлөрдү бербей турган болсо, бүткүл кесилишке колдонулат.
5.15.3 "Тилкенин башталышы" белгиси. Өрүүдөгү кошумча тилкенин же токтотуу тилкесинин башталышы.
Эгерде кошумча тилкенин алдында орнотулган белгиде, 4.6 "Минималдуу ылдамдыкты чектөө" белгиси (белгилери) тартылса, анда көрсөтүлгөн же андан жогорку ылдамдык менен негизги тилке боюнча кыймылын уланта албай турган транспорт каражатынын айдоочусу анын оң жагында жайгашкан тилкеге которулушу керек.
5.15.4 "Тилкенин башталышы" белгиси. Ушул багыттагы кыймыл үчүн арналган үч тилкелүү жолдун ортонку тилкесинин участогунун башталышы. Эгерде 5.15.4 белгисинде кайсы бир транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салуучу белги тартылса, анда ушул транспорт каражаттарынын тиешелүү тилке боюнча кыймылына тыюу салынат.
5.15.5 "Тилкенин бүтүшү" белгиси. Өрүүдөгү кошумча тилкенин же ылдамдоо тилкесинин бүтүшү.
5.15.6 "Тилкенин бүтүшү" белгиси. Бул багыттагы кыймыл үчүн арналган үч тилкелүү жолдогу ортонку тилкенин участогунун бүтүшү.
5.15.7 "Тилкелер боюнча кыймылдын багыты" белгиси. Эгерде 5.15.7 белгисинде кайсы бир транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салуучу белги тартылса, анда ушул транспорт каражаттарынын тиешелүү тилке боюнча кыймылына тыюу салынат.
5.15.7 белгилери жебелердин тийиштүү саны менен төрт же андан ашык тилкелүү жолдордо колдонулушу мүмкүн.
Алмаштырылуучу сүрөтү бар 5.15.7 белгилеринин жардамы реверсивдүү кыймыл уюштурулушу мүмкүн.
5.15.8 "Тилкелердин саны" белгиси. Кыймылдын тилкелеринин санын жана тилкелер боюнча кыймылдын режимдерин көрсөтөт. Айдоочу жебелерге тартылган белгилердин талаптарын аткарууга милдеттүү.
5.16 "Автобус жана (же) троллейбус токтоочу жер" белгиси.
5.17 "Трамвай токтоочу жер" белгиси.
5.18 "Жеңил таксилер токтоочу жер" белгиси.
5.19.1 жана 5.19.2 "Жөө адам өтүүчү өтмөк" белгилери. Өтмөктө 1.14.1 же 1.14.2 чийини жок болсо, 5.19.1 белгиси жолдун оң тарабында өтмөктүн жакынкы чегинде жакындап келе жаткан транспорт каражаттарына карата, ал эми 5.19.2 белгиси - жолдун сол тарабында өтмөктүн алыскы чегинде орнотулат.
5.19.3д жана 5.19.4д "Жөө адамдар өтүүчү диагоналдуу өтмөк" белгилери. Жөө адамдардын диагонал боюнча өтүүсүнө уруксат берилген кесилиштерди белгилөө үчүн колдонулат.
5.20 "Жасалма тегиз эместик" белгиси. Жасалма тегиз эместиктин чектерин белгилейт. Белги жакындап келе жаткан транспорт каражаттарына карата жасалма тегиз эместиктин жакынкы чегине орнотулат.
5.21 "Турак жай зонасы" белгиси. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин турак жай зонасындагы кыймылдын тартибин белгилөөчү талаптары колдонулган аймак.
5.22 "Турак жай зонасынын бүтүшү" белгиси.
5.23.1 жана 5.23.2 "Калктуу конуштун башталышы" белгилери. Калктуу конуштардагы кыймылдын тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары колдонулган калктуу конуштун башталышы.
5.24.1 жана 5.24.2 "Калктуу конуштун бүтүшү" белгилери. Бул жолдо ошол жерден тартып калктуу конуштардагы кыймылдын тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары күчүн жоготкон жер.
5.25 "Калктуу конуштун башталышы" белгиси. Бул жолдо калктуу конуштардагы кыймылдын тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары колдонулбаган калктуу конуштун башталышы.
5.26 "Калктуу конуштун бүтүшү" белгиси. 5.25 белгиси менен белгиленген калктуу конуштун бүтүшү.
5.27 "Токтоп туруу чектелген зона" белгиси. Токтоп турууга тыюу салынган аймак (жол участогу) башталган жер.
5.28 "Токтоп турууну чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
5.29 "Жөнгө салынуучу токтоп туруу зонасы" белгиси. Токтоп турууга уруксат берилген жана табличкалардын жана чийиндин жардамы менен жөнгө салынган аймак (жол участогу) башталган жер.
5.30 "Жөнгө салынуучу токтоп туруу зонасынын аякташы" белгиси.
5.31 "Максималдуу ылдамдыкты чектөө зонасы" белгиси. Кыймылдын максималдуу ылдамдыгы чектелген аймак (жол участогу) башталган жер.
5.32 "Максималдуу ылдамдыкты чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
5.33 "Жөө жүрүү зонасы" белгиси. Жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына уруксат берилген аймак (жол участогу) башталган жер.
5.33.1 "Велосипедде жүрүү зонасы" белгиси. Велосипедде жүрүү зонасы башталган жер.
5.34 "Жөө жүрүү зонасынын аякташы" белгиси.
5.34.1 "Велосипедде жүрүү зонасынын аякташы" белгиси.
5.35 "Механикалык транспорт каражаттарынын экологиялык классын чектөө зонасы" белгиси. Төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынган аймак (жол участогу) башталган жер:
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык классы белгиде көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болсо;
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөсө.
5.36 "Жүк ташуучу автомобилдердин экологиялык классын чектөө зонасы" белгиси. Төмөнкүдөй жүк ташуучу автомобилдердин, тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылына тыюу салынган аймак (жол участогу) башталган жер:
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык классы белгиде көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болсо;
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөсө.
5.35 жана 5.36 белгилеринин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, ички иштер органдарынын, авариялык-куткаруу кызматтарынын, өрткө каршы кызматынын, медициналык тез жардамдын механикалык транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
5.37 "Механикалык транспорт каражаттарынын экологиялык классын чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
5.38 "Жүк ташуучу автомобилдердин экологиялык классын чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
6. Маалымат берүүчү белгилер
Маалымат берүүчү белгилер калктуу конуштардын жана башка объекттердин жайгашуусу жөнүндө, ошондой эле кыймылдын белгиленген же сунушталган режимдери тууралуу маалымат берет.
6.1 "Максималдуу ылдамдыкты жалпы чектөөлөр" белгиси. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген ылдамдыкты жалпы чектөөлөр.
6.2 "Сунушталуучу ылдамдык" белгиси. Жолдун ушул участогунда сунушталган кыймылдын ылдамдыгы. Белгини колдонуу зонасы жакынкы кесилишке чейин жайылтылат, ал эми эскертүүчү белги менен бирге 6.2 белгисин колдонууда кооптуу участоктун узундугу менен аныкталат.
6.3.1 "Кайрылуу үчүн жер" белгиси. Солго бурулууга тыюу салынат.
6.3.2 "Кайрылуу үчүн зона" белгиси. Артка кайрылуу үчүн зонанын узундугу. Солго бурулууга тыюу салынат.
6.4 "Токтоп туруучу жер" белгиси. Белги транспорт каражаттарынын токтоп туруусу үчүн бөлүнгөн атайын аянтты, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү же тротуардагы зонаны билдирет. Кыймыл багытын, атайын аянтка чейинки аралыкты жана анда токтоп туруунун уруксат берилген шарттарын тактоо үчүн 6.4 белгиси менен табличкалар колдонулушу мүмкүн.
6.5 "Авариялык токтоо үчүн тилке" белгиси. Тик түшүүдө авариялык токтоо тилкеси.
6.6 "Жер алдындагы жөө адамдар өтмөгү" белгиси.
6.7 "Жер үстүндөгү жөө адамдар өтмөгү" белгиси.
6.8.1-6.8.3 "Туюк жол" белгилери. Өтмө жолу болбогон жол.
6.9.1 "Багыттарды алдын ала көрсөткүч" жана 6.9.2 "Багытты алдын ала көрсөткүч" белгилери. Белгиде белгиленген калктуу конуштарга жана башка объекттерге кыймылдын багыттары. Белгилерде 6.14.1 белгисинин сүрөтү, автомагистралдын, аэропорттун символдору жана башка пиктограммалар тартылышы мүмкүн. 6.9.1 белгисинде кыймылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берген башка белгилер тартылышы мүмкүн. 6.9.1 белгисинин төмөнкү бөлүгүндө белгинин орнотулган жеринен тартып кесилишке чейинки жана тормоздоо тилкесинин башталышына чейинки аралык көрсөтүлөт.
6.9.1 белгиси ошондой эле тыюу салуучу 3.11-3.15 белгилеринин бири орнотулган жол участокторун айланып өтүүнү көрсөтүү үчүн колдонулат.
6.9.3 "Кыймылдын схемасы" белгиси. Кесилиште айрым маневрларга тыюу салынган учурдагы кыймылдын маршруту же татаал кесилиште кыймылдын уруксат берилген багыттары.
6.10.1 "Багыттардын көрсөткүчү" жана 6.10.2 "Багыттын көрсөткүчү" белгилери. Маршрут пункттарына кыймылдын багыттары. Белгилерде аларда белгиленген объекттерге чейинки аралык (км) көрсөтүлгөн болушу, автомагистралдын, аэропорттун символдору жана башка пиктограммалар тартылышы мүмкүн.
6.11 "Объекттин аталышы" белгиси. Калктуу конуштан башка объекттин аталышы (дарыя, көл, ашуу, көрүнүктүү жерлер жана ушуга окшош).
6.12 "Аралыктардын көрсөткүчү" белгиси. Маршрутта жайгашкан калктуу конуштарга чейинки аралык (км).
6.13 "Километр белгиси" белгиси. Жолдун башталышына же аягына чейинки аралык (км).
6.14.1 жана 6.14.2 "Маршруттун номери" белгилери. 6.14.1 - жолго (маршрутка) ыйгарылган номер; 6.14.2 - жолдун (маршруттун) номери жана багыты.
6.15.1 - 6.15.3 "Жүк ташуучу автомобилдер үчүн кыймылдын багыты" белгилери. Эгерде кесилиште багыттардын биринде алардын кыймылына тыюу салынган болсо, жүк ташуучу автомобилдер, тракторлор жана өзү жүрүүчү машиналар үчүн кыймылдын сунушталуучу багыты.
6.16 "Стоп-линия" белгиси. Транспорт каражаттары светофордун (жөнгө салуучунун) тыюу салуучу сигналында токтоочу жер.
6.17 "Айланып өтүү схемасы" белгиси. Кыймыл үчүн убактылуу жабык болгон жол участогун айланып өтүү маршруту.
6.18.1 - 6.18.3 "Айланып өтүүнүн багыты" белгилери. Кыймыл үчүн убактылуу жабык болгон жол участогун айланып өтүү багыты.
6.19.1 жана 6.19.2 "Жолдо жүрүүнүн башка бөлүгүнө өтүүнү алдын ала көрсөткүч" белгилери. Бөлүү тилкеси бар жолдун жүрүү бөлүгүнүн кыймыл үчүн жабык участогун айланып өтүүнүн багыты же жолдун оң жактагы жүрүү бөлүгүнө кайтуу үчүн кыймылдын багыты.
6.20.1 жана 6.20.2 "Авариялык чыгуу" белгилери. Тоннелде авариялык чыгуучу жер кайда экендигин көрсөтөт.
6.21.1 жана 6.21.2 "Авариялык чыгууга кыймылдын багыты" белгилери. Авариялык чыгууга багытты жана ага чейинки аралыкты көрсөтөт.
6.22 "Видеоконтроль" белгиси жол белгиси колдонулган зонада же болбосо жолдун ушул участогунда автоматтык режимде иштеген, фото- жана кинотартуу, видеого жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото- жана кинотартуу, видеого жазуу каражаттары менен укук бузууларды каттоо жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.
6.22 белгиси калктуу конуштун сыртында - жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттоо үчүн автоматтык режимде иштеген фото- жана кинотартуу, видеого жазуу функциялары бар стационардык же көчмө атайын техникалык каражаттардын контролундагы зонага чейин 150-300 м аралыкта, калктуу конуштарда 5.23.1, 5.23.2 жана 5.25 белгилери менен орнотулат. Зарыл болгон учурда 6.22 белгиси 8.1.1 жана 8.1.3, 8.1.4 табличкалары менен колдонулат.
Калктуу конуштун сыртында орнотулган 6.9.1, 6.9.2, 6.10.1 жана 6.10.2 белгилеринде жашыл же көк фон көрсөтүлгөн калктуу конушка же объектке карата кыймыл тиешелүүлүгүнө жараша автомагистралда же башка жолдо жүзөгө ашырыла тургандыгын билдирет. Калктуу конуштарда орнотулган 6.9.1, 6.9.2, 6.10.1 жана 6.10.2 белгилеринде жашыл же көк түстөгү фон менен коюмдар көрсөтүлгөн калктуу конушка же объектке кыймыл ушул калктуу конуштан чыккандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша автомагистраль же башка жол менен жүзөгө ашырыларын билдирет; белгинин ак фону көрсөтүлгөн объект ушул калктуу конушта тургандыгын билдирет.
7. Сервис белгилери
Сервис белгилери тиешелүү объекттердин жайгашкандыгы жөнүндө маалымат берет.
7.1 "Медициналык алгачкы жардам пункту" белгиси.
7.2 "Оорукана" белгиси.
7.3 "Автомай куюучу станция" белгиси.
7.4 "Автомобилдерди техникалык тейлөө" белгиси.
7.5 "Автомобилдерди жуучу жай" белгиси.
7.6 "Телефон" белгиси.
7.7 "Тамактануучу жай" белгиси.
7.8 "Ичүүчү суу" белгиси.
7.9 "Мейманкана же мотель" белгиси.
7.10 "Кемпинг" белгиси.
7.11 "Эс алуучу жай" белгиси.
7.12 "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын посту" белгиси.
7.13 "Милиция" белгиси.
7.14 "Транспорт контролу пункту" белгиси.
7.14.1 "Бажы контролу пункту" белгиси.
7.15 "Жол кыймылы жөнүндө маалымат берүүчү радиостанцияны кабыл алуу зонасы" белгиси. Белгиде көрсөтүлгөн жыштыкта радиостанциянын берүүлөрүн кабыл алуу жүзөгө ашырылуучу жол участогу.
7.16 "Авариялык кызматтар менен радио байланыш зонасы" белгиси. Авариялык кызматтар менен 27 МГц жарандык диапазондо радио байланыш системасы колдонулган жол участогу.
7.17 "Бассейн же пляж" белгиси.
7.18 "Даараткана" белгиси.
7.19 "Шашылыш байланыш телефону" белгиси. Оперативдүү кызматтарды чакыруу үчүн телефон турган жерди көрсөтөт.
7.20 "Өрт өчүргүч" белгиси. Өрт өчүргүч турган жерди көрсөтөт.
7.21 "Электромобилдерди заряддоо мүмкүндүгү бар автомай куюучу станция" белгиси.
8. Кошумча маалымат берүүчү белгилер (табличкалар)
Кошумча маалымат берүүчү белгилер (табличкалар) алар менен бирге колдонулган белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт, же болбосо жол кыймылынын катышуучулары үчүн башка маалыматты камтыйт.
8.1.1 "Объектке чейинки аралык" табличкасы. Белгиден кооптуу участок башталганга чейинки, тиешелүү чектөө киргизилген жерге чейинки же кыймылдын жүрүшү боюнча алдыда болгон объектке (жерге) чейинки аралык көрсөтүлөт.
8.1.2 "Объектке чейинки аралык" табличкасы. Эгерде кесилиштин түздөн-түз алдында 2.5 белгиси орнотулса, 2.4 белгисинен тартып кесилишке чейинки аралыкты көрсөтөт.
8.1.3 жана 8.1.4 "Объектке чейинки аралык" табличкалары. Жолдон башка тарапта жайгашкан объектке чейинки аралыкты көрсөтөт.
8.2.1 "Колдонуу зонасы" табличкасы. Эскертүүчү белгилер менен белгиленген кооптуу жол участогунун узундугун же тыюу салуучу белгилерди, ошондой эле 5.16, 6.2 жана 6.4 белгилерди колдонуу зонасын көрсөтөт.
8.2.2-8.2.6 "Колдонуу зонасы" табличкалары:
8.2.2 табличкасы - 3.27-3.30 тыюу салуучу белгилерди колдонуу зонасын көрсөтөт;
8.2.3 табличкасы - 3.27-3.30 белгилерин колдонуу зонасынын аякташын көрсөтөт;
8.2.4 табличкасы - айдоочуларга 3.27-3.30 белгилерин колдонуу зонасында тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
8.2.5 жана 8.2.6 табличкалары - аянттын, имараттын фасадынын жана ушуга окшогондордун бир тарабын бойлото токтоого же токтоп турууга тыюу салуу учурунда 3.27-3.30 белгилеринин багытын жана колдонуу зонасын көрсөтөт.
8.3.1-8.3.3 "Колдонуу багыттары" табличкалары. Кесилиштин алдында орнотулган белгилерди колдонуу багыттарын же түздөн-түз жолдо турган белгиленген объекттерге кыймылдын багыттарын көрсөтөт.
8.4.1-8.4.8 "Транспорт каражатынын түрү" табличкалары. Белгинин колдонулушу жайылтылган транспорт каражатынын түрүн көрсөтөт.
Табличкалар белгинин колдонушун төмөнкүлөргө жайылтат:
8.4.1 - уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 т көп жүк ташуучу автомобилдерге, анын ичинде чиркегичи менен;
8.4.2 - кандай болбосун типтеги чиркегичи же жарым чиркегичи менен жүк ташуучу автомобилдерге же тракторлорго, ошондой эле механикалык транспорт каражаттарын буксирлөөчү транспорт каражаттарына;
8.4.3 - жеңил автомобилдерге, ошондой эле уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 т көп эмес жүк ташуучу автомобилдерге;
8.4.3.1 - тышкы булактан кубаттоо мүмкүнчүлүгү бар электромобилдерге жана гибрид автомобилдерге;
8.4.4 - маршруттук транспорт каражаттарына;
8.4.5 - тракторлорго, башка айыл чарба жана жол техникасына;
8.4.6 - каптал чиркегичи бар же жок мотоциклдерге, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 см3 көп же максималдуу конструктивдүү ылдамдыгы (кандай гана болбосун кыймылдаткычтагы) 50 км/сааттан ашкан скутерлерге, ошондой трициклдерге жана квадроциклдерге;
8.4.7 - велосипеддерге, электровелосипеддерге жана велогибриддерге;
8.4.8 - "Кооптуу жүк" таанытуу белгилери (маалыматтык таблицалар) менен белгиленген транспорт каражаттарына.
8.4.9-8.4.15 "Транспорт каражатынын түрүнөн башка" табличкалары. Белгинин колдонулушу жайылтылбаган транспорт каражатынын түрүн көрсөтөт.
8.4.14 табличкасы жеңил такси катары колдонулуучу транспорт каражаттарына белгинин колдонулушун жайылтпайт.
8.4.15 табличкасы тышкы булактан заряддоо мүмкүндүгү бар электромобилдерге жана гибрид автомобилдерине белгинин колдонулушун жайылтпайт.
8.5.1 "Ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү", 8.5.2 "Жумуш күндөрү", 8.5.3 "Апта күндөрү" табличкалары. Белги колдонулган апта күндөрүн көрсөтөт.
8.5.4 "Колдонуу убактысы" табличкасы. Белги колдонулган сутка убактысын көрсөтөт.
8.5.5-8.5.7 "Колдонуу убактысы" табличкалары. Белги жарактуу болгон жуманын күндөрүн жана күндүн убактысын көрсөтөт.
8.6.1-8.6.9 "Транспорт каражатын токтоп турууга коюу ыкмасы" табличкалары. 8.6.1 табличкасы бардык транспорт каражаттары жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн четине параллель токтоп турууга коюлушу керектигин көрсөтөт; 8.6.2-8.6.9 табличкалары жеңил автомобилдерди жана мотоциклдерди тротуарга жакын токтоп турууга коюу ыкмасын көрсөтөт.
8.7 "Кыймылдаткычты иштетпестен токтоп туруу" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген токтоп турууда транспорт каражаттарын кыймылдаткычты иштетпестен гана токтоп турууга уруксат бериле тургандыгы көрсөтүлөт.
8.8 "Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр" табличкасы. Кызматтар акы төлөө менен гана көрсөтүлө тургандыгын көрсөтөт.
8.9.1 "Токтоп туруунун узактыгын чектөө" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген токтоп турууда транспорт каражатынын туруусунун максималдуу узактыгы көрсөтүлөт.
8.9.2 "Парковкалоого уруксаттын ээлери үчүн гана токтоп туруу" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген токтоп турууда Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте алынган жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген аймактын чегинде колдонулган парковкага алардын ээлеринин уруксаты бар транспорт каражаттары гана жайгаштырылышы мүмкүн экендигин көрсөтөт.
8.9.3 "Дипломатиялык корпустун транспорт каражаттары үчүн гана токтоп туруу" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген парковкада (парковкалык орунда) аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, эл аралык (мамлекеттер аралык) уюмдардын жана мындай уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мындай транспорт каражаттарын белгилөө үчүн колдонулуучу мамлекеттик каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттары гана жайгаштырыла тургандыгын көрсөтөт.
8.10 "Автомобилдерди карап чыгуу үчүн жай" табличкасы. 6.4 же 7.11 белгиси менен белгиленген аянтта эстакада же кароо үчүн чуңкур бар экендигин көрсөтөт.
8.11 "Уруксат берилген максималдуу салмакты чектөө" табличкасы. Белгинин колдонулушу уруксат берилген максималдуу салмагы табличкада көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарына гана жайылтыла тургандыгын көрсөтөт.
8.12 "Коркунучтуу жол жээги" табличкасы. Жол жээгинде оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, ага чыгып кетүү кооптуу экендигин эскертет. 1.25 белгиси менен колдонулат.
8.13 "Башкы жолдун багыты" табличкасы. Кесилиштеги башкы жолдун багытын көрсөтөт.
8.14 "Кыймыл тилкеси" табличкасы. Белгинин же светофордун колдонулушу таасир эткен кыймыл тилкесин көрсөтөт.
8.15 "Азиз жөө адамдар" табличкасы. Жөө адамдар өтмөгүн азиз жөө адамдар колдонуп жаткандыгын көрсөтөт. 1.22, 5.19.1, 5.19.2, 5.19.3д, 5.19.4д белгилери жана светофорлор менен колдонулат.
8.16 "Нымдуу жол" табличкасы. Белгинин колдонулушу жүрүүчү бөлүктүн каптоосу нымдуу мезгилге жайылтыла тургандыгын көрсөтөт.
8.17 "Майыптар" табличкасы. 6.4 белгисинин колдонулушу "Майып" деген таанытуучу белгилер орнотулган мотоколяскаларга жана автомобилдерге гана жайылтыла тургандыгын көрсөтөт.
8.18 "Майыптардан башкалар" табличкасы. Белгилердин колдонулушу "Майып" деген таанытуучу белгилер орнотулган мотоколяскаларга жана автомобилдерге жайылтылбай тургандыгын көрсөтөт.
8.19 "Кооптуу жүктүн классы" табличкасы. Кооптуу жүктөрдүн классынын (класстарынын) номерин көрсөтөт.
8.20.1 жана 8.20.2 "Транспорт каражатынын арабасынын тиби" табличкалары. 3.12 белгиси менен колдонулат. Транспорт каражатынын жакындатылган окторунун саны көрсөтүлөт, алардын ар бири үчүн белгиде көрсөтүлгөн масса чектүү жол берилген болуп саналат.
8.21.1-8.21.3 "Маршруттук транспорт каражатынын түрү" табличкалары. 6.4 белгиси менен колдонулат. Метро станцияларында, автобус (троллейбус) же трамвай аялдамаларында транспорт каражаттары токтоп турган жайды билдирет, анда транспорттун тиешелүү түрүнө кайра отурууга болот.
8.22.1-8.22.3 "Тоскоолдук" табличкалары. Тоскоолдукту жана айланып өтүү багытын белгилейт. 4.2.1-4.2.3 белгилери менен колдонулат.
8.23 "Фотовидеофиксация" табличкасы. Жол белгиси колдонулган зонада же жолдун ошол участогунда иштеп жаткандардын укук бузууларын фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото, кино тартуу жана видео жазуу каражаттары менен автоматтык режимде фиксациялоо мүмкүн экендигин көрсөтөт.
8.24 "Эвакуатор иштеп жатат" табличкасы. Жол белгилери колдонулган зонада транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтөт.
8.25 "Транспорт каражатынын экологиялык классы" табличкасы. 3.3-3.5, 3.18.1, 3.18.2 жана 4.1.1-4.1.6 белгилерин колдонуу төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарына жайылтыла тургандыгын көрсөтөт:
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык класс табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болгон;
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөгөн.
5.29 жана 6.4 белгилерин колдонуу төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарына жайылтыла тургандыгын көрсөтөт:
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык класс табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класска туура келген же табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класстан жогору болгон;
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөгөн.
8.26 "Электромобилдерди заряддоо" табличкасы. Электромобилдерди заряддоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү үчүн колдонулат.
Табличкалар алар менен колдонулган белгинин тике алдына орнотулат. 8.2.2-8.2.4, 8.13 табличкалары белгилер жүрүүчү бөлүктүн үстүндө, жээкте же тротуардын үстүндө жайгашкан учурда белгинин капталына орнотулат.
Жол иштери жасалган жерлерде орнотулган 1.8, 1.15, 1.16, 1.18-1.21, 1.33, 2.6, 3.11-3.16, 3.18.1-3.25 белгилериндеги сары фон бул белгилер убактылуу экендигин билдирет.
Эгерде убактылуу жол белгилеринин жана стационардык жол белгилеринин маанилери бири бирине каршы келсе, айдоочулар убактылуу белгилерди жетекчиликке алууга тийиш.
Эскертүү. Пайдаланууда турган МАМСТ Р 52289-2004 боюнча белгилер аларды белгиленген тартипте МАМСТ Р 52289-2019 боюнча белгилерге алмаштырганга чейин күчүндө болот.
Төмөнкү сандык белгилөөлөргө ээ болгон жол белгилери: 1.13, 1.14, 3.11-3.16, 3.24, 3.25, 4.6, 4.7, 5.15.3, 5.15.8, 5.31, 5.32, 6.2, 6.3.2, 6.9.1, 6.10.1, 6.12, 6.13, 6.14.1, 6.14.2, 7.3, 7.4, 7.21, 8.1.1-8.1.4, 8.2.1-8.2.6, 8.5.4-8.5.7, 8.9, аларда көрсөтүлгөн цифралар реалдуу маанилерден (шарттардан, маалыматтардан ж.б.у.с.) жана ушул участоктогу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам өзгөрүшү мүмкүн.
| Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине 2-тиркеме |
ЖОЛ ЧИЙИНДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Горизонталдык чийиндер
Горизонталдык чийиндер (сызыктар, жебелер, жазуулар жана жүрүүчү бөлүктөгү башка белгилер) кыймылдын белгилүү режимдерин жана тартибин белгилейт же жол кыймылынын катышуучулары үчүн башка маалыматты камтыйт.
Горизонталдык чийин туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн. Туруктуу горизонталдык чийиндер үчүн (анын ичинде жол белгилеринин сүрөттөлүшүн кайталоо) төмөнкүдөй түстөр менен белгиленген: ак, сары, кызыл, көк, кара, жашыл. Убактылуу жол чийиндери үчүн (1.4, 1.10, 1.17.1, 1.17.2 жана 1.26 чийиндеринен тышкары) кызгылт сары түс белгиленген.
Горизонталдык чийиндер:
1.1 - карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлөт жана жолдун кооптуу жерлериндеги кыймыл тилкелеринин чектерин белгилейт; транспорт каражаттарынын токтоочу жайларынын чектерин белгилейт.
1.2 - жүрүүчү бөлүктүн четин же жүрүүчү бөлүктүн кирүүгө тыюу салынган участокторунун чектерин белгилейт.
1.3 - эки багытта жүрүү үчүн төрт же андан көп тилкеси бар жолдордо карама-каршы багыттагы, эки же үч тилкелүү жолдордо -тилкелердин туурасы 3,75 м ашкан транспорт агымдарын бөлөт.
1.4 (түсү - сары) - транспорт каражаттарынын токтоосуна тыюу салынган жерлерди белгилейт.
1.5 - эки же үч тилкеге ээ жолдордогу карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлөт; бир багытта жүрүүгө арналган эки жана андан ашык тилкелери болгондо кыймыл тилкелеринин чектерин белгилейт.
1.6 - карама-каршы же катарлаш багыттардагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.1 же 1.11 чийинине жакындоо жөнүндө эскертет.
1.7 - кесилиштин же парковка зонасынын чектериндеги тилкелерди белгилейт. Көк түстөгү белгилер парковка зонасы акы төлөнүүчү негизде колдонулгандыгын билдирет.
1.8 - күүлөнүү же тормоздоо тилкесинин жана жүрүүчү бөлүктүн негизги тилкесинин ортосундагы чекти белгилейт.
1.9 - реверсивдүү жөнгө салуу жүзөгө ашырылуучу кыймыл тилкелеринин чектерин белгилейт; реверсивдүү жөнгө салуу жүзөгө ашырылып жаткан жолдордо карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын (реверсивдүү светофорлор өчүрүлгөн учурда) бөлөт.
1.10 (түсү - сары) - транспорт каражаттарынын токтоп туруусуна тыюу салынган жерлерди белгилейт.
1.11 - бир тилкеден гана башкасына өтүүгө уруксат берилген жол тилкелеринде карама-каршы же катарлаш багыттагы транспорт агымдарын бөлөт; үзгүлтүктүү сызык тараптан гана кыймылга уруксат берилиши керек болгон жерлерди белгилейт (бурулуш, жанаша аймакка кирүү жана чыгуу жерлеринде).
1.12-2.5 белгиси болгондо же светофордун (жөнгө салуучунун) тыюу салган сигналы болгондо айдоочу токтой турган жерди көрсөтөт.
1.13 - кесилишкен жолдо бара жаткан транспорт каражаттарына жол берүү менен айдоочу зарыл болгон учурда токтой турган жерди көрсөтөт.
1.14.1 жана 1.14.2 - жөө адамдар өтмөгүн белгилейт; 1.14.2 чийининин жебелери жөө адамдардын кыймылынын багытын көрсөтөт.
1.14.3 - жөө адамдардын диагоналдык өтмөгүн белгилейт.
1.15 - велосипеддик жол жүрүүчү бөлүк менен кесилишкен жерди белгилейт.
1.16.1 - карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын, транспорт каражаттарынын токтоп туруу жерлерин велосипеддик тилкелерден бөлүп турган аралчаларды белгилейт.
1.16.2 - бир багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган аралчаларды белгилейт.
1.16.3 - транспорт агымдарынын биригүү жерлериндеги аралчаларды белгилейт.
1.17.1 (түсү - сары) - маршруттук транспорт каражаттарынын токтогон жерлерин жана жеңил такси катары пайдаланылуучу транспорт каражаттарынын токтоп туруу жерлерин белгилейт.
1.17.2 (түсү - сары) - эгерде отургузуу жана түшүрүү жүрүүчү бөлүктөн же анда жайгашкан конуучу аянтчадан жүргүзүлсө, трамвайлар токтой турган жерлерди белгилейт.
1.18 - кесилиште уруксат берилген тилкелер боюнча жүрүү багыттарын көрсөтөт. Туюк жолдун сүрөтү бар чийин жакынкы жүрүүчү бөлүккө бурулууга тыюу салынгандыгын көрсөтүү үчүн тартылат; эң сол тилкеден солго бурулууга уруксат берген чийин артка кайрылууга да уруксат берет.
1.19 - жүрүүчү бөлүктүн (бул багыттагы кыймыл тилкелеринин саны азайып бараткан участокко) же карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.1 же 1.11 чийиндеринин сызыктарына жакындоо жөнүндө эскертет.
1.20-1.13 чийинине жакындоо жөнүндө эскертет.
1.21-1.12 белгиси 2.5 белгиси менен айкалышта колдонулганда жакындоо жөнүндө эскертет.
1.22 - жолдун номерин белгилейт.
1.23.1 - маршруттук транспорт каражаттары үчүн атайын тилкени белгилейт.
1.23.2 - жөө адамдар жолу же жөө адамдардын жана велосипедчендердин чогуу жүрүүсүнө арналган жолдун жөө адамдар жүрүүчү бөлүгүн белгилөө.
1.23.3 - велосипеддик жолду (жолдун бөлүгүн) же тилкесин белгилейт.
1.24.1 - эскертүүчү жол белгилерин кайталоо.
1.24.2 - тыюу салуучу жол белгилерин кайталоо.
1.24.3 - "Майыптар" жол белгисин кайталоо.
1.24.4 - "Фотовидеофиксация" жол белгисин кайталоо жана (же) аларда фотовидеофиксация жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон жол участокторун белгилөө; 1.24.4 чийини өз алдынча колдонулушу мүмкүн.
1.24.5-8.4.3.1 табличкасын кайталоо; 1.24.5 чийини өз алдынча колдонулушу мүмкүн.
1.24.6-5.33.1 "Велосипеддик зона" жол белгисин кайталоо.
1.24.7-8.9.3 "Дипломатиялык корпустун транспорт каражаттары үчүн гана токтоп туруу" белгисин кайталоо.
1.25 - жасалма текши эместиктерди белгилөө.
1.26 (түсү сары) - ушул Эрежелерде белгиленген учурларда оңго же солго бурулууну кошпогондо, алдыда бара жаткан жолдо тыгын пайда болсо, ал айдоочуну токтотууга мажбур кылган транспорт каражаттарынын туурасынан багытта жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан, чыгууга тыюу салынган кесилиштин участогун белгилейт. Чийин өз алдынча же болбосо 1.35 жол белгиси менен бирге колдонулат.
1.1, 1.2 жана 1.3 сызыктарын кесип өтүүгө тыюу салынат.
1.2 сызыгын транспорт каражатын жол жээгине токтотуу үчүн жана ага токтоого же токтоочу жайга турууга уруксат берилген жерлерден кесип өтүүгө жол берилет.
1.2 сызыктан өтүүгө транспорт каражатын жолдун четинде токтотуу үчүн жана андан чыгып баратканда токтоого же токтотууга уруксат берилген жерлерде жол берилет.
1.5-1.8 сызыктарын каалаган тараптан кесип өтүүгө уруксат берилет.
1.9 сызыгын, эгерде ал айдоочунун оң жагында жайгашкан болсо, реверсивдүү светофорлор жок болгондо же алар өчүрүлгөндө кесип өтүүгө уруксат берилет; реверсивдүү светофорлор күйүп турганда - эгерде ал бир багытта жүрүүгө уруксат берилген тилкелерди бөлсө, эки тараптан тең. Реверсивдүү светофорлорду өчүрүүдө айдоочу дароо 1.9 чийининин сызыгынан оңго которулушу керек.
Карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.9 сызыктан реверсивдүү светофорлор өчүрүлгөн учурда өтүүгө тыюу салынат.
1.11 сызыгын үзгүлтүктүү сызык тарабынан, ошондой эле үзгүлтүксүз сызык тарабынан, бирок озуп өтүү же айланып өтүү аяктаганда гана кесип өтүүгө уруксат берилет.
Эгерде жол белгилеринин, анын ичинде убактылуу белгилердин жана горизонталдык чийиндердин сызыктарынын маанилери бири-бирине карама-каршы келсе же чийиндер жетиштүү айырмаланбаса, айдоочулар жол белгилерин жетекчиликке алууга тийиш. Эгерде убактылуу чийин сызыктары жана туруктуу чийин сызыктары бири-бирине карама-каршы келсе, айдоочулар убактылуу чийин сызыктарын жетекчиликке алышы керек.
2. Вертикалдык чийиндер
Жол курулуштарындагы жана жол жабдууларынын элементтериндеги кара жана ак тилкелердин айкалышы катары тик чийин алардын көлөмүн көрсөтөт жана визуалдык багыт берүүчү каражат катары кызмат кылат.
Вертикалдык чийиндер:
2.1.1-2.1.3 - бул элементтер жүрүп бараткан транспорт каражаттары үчүн коркунуч туудурганда жол курулмаларынын элементтерин (көпүрөлөрдүн таянычтарын, жол өткөөлдөрүн, парапеттердин акыркы бөлүктөрүн жана ушул сыяктууларды) белгилейт.
2.2 - туннелдердин, көпүрөлөрдүн жана өтмөктөрдүн төмөнкү четтерин белгилейт.
2.3 - бөлүштүрүү тилкелеринде же коопсуздук аралчаларында орнотулган тегерек тумбаларды белгилейт.
2.4 - багыттоочу мамыларды, оюктарды, тосмо мамыларды жана башкаларды белгилейт.
2.5 - чакан радиустагы тегеректерде, тик түшүүлөрдө жана башка кооптуу участоктордо жол тосмолорунун каптал беттерин белгилейт.
2.6 - башка участоктордогу жол тосмолорунун каптал беттерин белгилейт.
2.7 - кооптуу участоктордогу бордюрларды жана бийик коопсуздук аралчаларын белгилейт.