Сравнение редакций…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 708 токтомуна) |
Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартибин аныктайт.
2. Өзгөчө товарлардын экспортун/импортун/транзитин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү лицензиялоо чөйрөсүндөгү актыларга ылайык белгиленет.
3. Электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү үчүн "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эксперт уюм тарабынан берилген өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине оң эксперттик корутунду негиз болуп саналат.
4. Электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) алуу үчүн талап кылынуучу документтер, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасында иштөө боюнча нускама Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасында (http://swis.trade.kg) жеткиликтүү болууга тийиш.
5. Эксперт уюмдар, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасынын оператору, лицензиар орган жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн "бирдиктүү терезе" принциби боюнча электрондук документ түрүндөгү арыздарды, суроо-талаптарды берүүдө, эксперттик корутундуну жана уруксат берүүчү документти берүүдө электрондук кол тамганын болушу милдеттүү шарт болуп саналат.
6. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
арыз ээси - тышкы экономикалык иштин катышуучусу (мындан ары - ТЭИ катышуучусу), ал БТМС аркылуу же маалымат борборуна уруксат берүүчү документти берүүгө арыз берет;
арыз - тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык уруксат берүүчү жана (же) башка документти алуу үчүн арыз ээси тарабынан берилүүчү кагаз жүзүндөгү же электрондук документ түрүндөгү документ;
Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасы (мындан ары - БТМС) - тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тарабынан электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, кабыл алуу, сактоо жана бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, ыкмалардын жана жол-жоболордун комплекси;
БТМС оператору - уруксат берүүчү документти алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кагаз форматындагы кол коюлган уруксат берүүчү документти берүү функциясын жүзөгө ашыруучу сервистик борбордо иштеген "Бирдиктүү терезе" борборунун кызматкери;
эксперт уюм - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечими менен эксперттик корутундуну берүүгө эксперт уюм катары аныкталган, уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү жөнүндө чечимди макулдашууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
лицензиар орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечими менен өзгөчө товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча лицензиар катары аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ал Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берет;
эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу - уруксат берүүчү документти алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуунун себептери так көрсөтүлгөн кагаз жүзүндөгү же болбосо электрондук документ түрүндөгү документ;
эксперттик оң корутунду - уруксат берүүчү документти алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортунун/импортунун/транзитинин мүмкүндүктөрү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө кагаз жүзүндөгү же болбосо электрондук документ түрүндөгү документ;
кагаз жүзүндөгү уруксат берүүчү документ - арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде лицензияр орган тарабынан берилүүчү, атайын даярдалган кагаз бланкта басып чыгарылган жана кол коюлган өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документ (лицензия/корутунду/уруксат);
сервистик борбор - уруксат берүүчү документти алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кагаз форматындагы кол коюлган уруксат берүүчү документти берүү функцияларын аткаруучу "Бирдиктүү терезе" борборунун түзүмдүк бөлүмү;
кабарлоо каражаттары - БТМС кабарлоо каражаттары, алар аркылуу арыз ээсине жана эксперт уюмга, лицензиарга арызды, суроо-талапты берүү, эксперттик корутундуну жана уруксат берүүчү документти берүү жөнүндө маалымдалат, аларга уюлдук телефондорго СМС-билдирүүлөрдү жана/же процесстин катышуучуларынын электрондук почтасына билдирүүлөрдү жөнөтүү кирет;
"Бирдиктүү терезе" борбору - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы;
лицензияр органдын эксперти - өзгөчө товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксат берүүчү документти берүү же уруксат берүүчү документти берүүдөн баш тартуу маселелери боюнча функцияны аткаруучу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери;
эксперт уюмдун эксперти - оң/терс эксперттик корутундуну берүү маселелери боюнча функцияны аткаруучу эксперт уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери;
товарды идентификациялоонун натыйжалары боюнча эксперттик корутунду - уруксат берүүчү документти алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документсиз товарды тариздөө мүмкүндүгүн ырастоочу эксперт уюм тарабынан берилүүчү кагаз жүзүндөгү же электрондук документ түрүндөгү документ;
электрондук кол тамга - "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү күчөтүлгөн квалификациялуу электрондук кол тамга;
электрондук уруксат берүүчү документ - өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук түрдө берилген, тактап айтканда аны документ катары идентификациялоо үчүн атрибуттарга ээ болгон электрондук эсептөөчү машиналарды колдонуу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө берилген лицензиялар, корутундулар, уруксаттар жөнүндө документтештирилген маалымат.

2. Арыз ээсин каттоо
7. Арыз ээсинин эсептик жазуусу арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде БТМС оператору тарабынан БТМСте түзүлөт.
8. Эсептик жазууну түзүү үчүн каттоо жол-жобосунан өтүү, "Бирдиктүү терезе" борбору менен келишим түзүү жана уникалдуу логинди жана паролду алуу зарыл.
9. Арыз ээсинде эсептик жазуунун жана электрондук кол тамганын болушу арыз ээсинин өзү арызды жана коштоочу документтерди тариздөөсүнүн жана БТМС аркылуу "Бирдиктүү терезе" борборуна кайрылуусуз электрондук документ түрүндө жөнөтүүсүнүн негизги шарты болуп саналат.
10. ТЭИ катышуучусу үчүн БТМС интерфейси ТЭИ катышуучусу арызды "Бирдиктүү терезе" борборуна кайрылуусуз түздөн-түз өзү тариздөө мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
БТМС менен иштөө үчүн ТЭИнин катышуучусуна төмөнкүлөр зарыл:
- "Бирдиктүү терезе" борбору менен түзүлгөн келишим;
- электрондук кол тамга.
БТМС менен иштөө үчүн зарыл болгон башка техникалык шарттардын тизмеси "Бирдиктүү терезе" борборунун ресурстарында жарыяланып турат.
3. Арыз берүүнүн тартиби жана шарттары
11. Электрондук уруксат берүүчү документти алууга БТМСке ТЭИнин катышуучусунун электрондук арыз берүүсү төмөнкүдөй эки ыкма менен ишке ашырылышы мүмкүн:
1) БТМС веб-интерфейсинин жардамы менен электрондук арызды өз алдынча берүү;
2) "Бирдиктүү терезе" борбору аркылуу берүү. Бул учурда БТМС оператору арызга тиркелген документтердин сапатына алдын ала текшерүү жүргүзөт (окулуучу, таза, механикалык бузууларсыз же бүтүндүгү бузулбаган). Арызга тиркелген коштоочу документтердин сапатына сын пикирлер жок болсо, БТМС оператору ТЭИнин катышуучусун БТМСте каттайт, арыздын электрондук версиясын түзөт, өзүнүн электрондук кол тамгасын коёт жана арызды БТМСке берет. "Бирдиктүү терезе" борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөнөт.
12. Электрондук арыз берүү боюнча колдонмо лицензиар органдын буйругу менен бекитилет жана лицензиар органдын жана "Бирдиктүү терезе" борборунун сайттарында жайгаштырылат.
13. Эгерде өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документти - лицензияны/уруксатты алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе, электрондук арыз Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 199 чечими менен бекитилген Товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна лицензияны берүүгө арызды тариздөө жөнүндө жана мындай лицензияны тариздөө жөнүндө нускамага ылайык таризделет.
14. Эгерде өзгөчө товарлардын импортуна/экспортуна/транзитине уруксат берүүчү документти - корутундуну алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе арыз 1-тиркемеге ылайык форма боюнча таризделет.
15. Электрондук арызды берүүдө БТМС Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча лицензиарды жана эксперт уюмду автоматтык түрдө (товардын коду боюнча) аныктайт.
Электрондук арыз БТМСтеги лицензиар органдын жана эксперт уюмдун жооптуу адамдарына (эксперттерине) бир убакта келип түшөт.
Кабыл алынуучу электрондук документтердеги электрондук кол тамганын аныктыгын текшерүү жана электрондук арыздарды каттоо БТМСтин техникалык жана программалык каражаттары тарабынан автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
16. Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документтерди алууга берилген арызга Товарлардын экспортуна жана импортуна лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелеринин (Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары жөнүндө протоколдун тиркемеси, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 7 тиркемеси) 10-пунктунда аныкталган документтер жана маалыматтар жана/же Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 жана 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимдери менен бекитилген тиешелүү жоболордо аныкталган документтер жана маалыматтар (http://www.eurasiancommission.org/ru/act/trade/catr/nontariff/Pages/ediny per echen new.aspx.), (http://www.eurasiancommission.org/ru/act/trade/catr/nontariff/Pages/ediny per echen.aspx), ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен каралган документтер жана лицензиялык жыйымды төлөөнү ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.
17. Эгер Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынsy 2012-жылдын 16-августундагы № 134 жана 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимдери менен бекитилген тиешелүү жоболордо ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шилтеме менен кошумча документтер каралса, эксперт уюм БТМСтин башкы бетинде уруксат берүүчү документти берүүнү макулдашуу үчүн тиешелүү документти кошумча берүү зарылдыгы жөнүндө жарыяны жайгаштырууну камсыз кылат.
18. Берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш, чет тилдердеги документтерге нотариалдык күбөлөндүргөн кыргыз же орус тилиндеги котормолору тиркелиши керек.
4. Электрондук арыздарды кароонун жана уруксат берүүчү документти берүүнү макулдашуу тартиби
19. ТЭИнин катышуучусу тарабынан электрондук уруксат берүүчү документти алууга БТМСке берилген электрондук арыз бир убакта лицензиар органдын жана эксперт уюмдун жооптуу адамдарынын интерфейстерине келип түшөт.
20. Лицензиар органдын жана эксперт уюмдун жооптуу кызмат адамдары электрондук арыздар келип түшкөн убактан тартып 2 сааттын ичинде эксперттерди дайындайт.
21. Лицензиар орган тарабынан арызды кароонун, уруксат берүүчү документти берүүнүн регламенти жана тартиби лицензиар органдын буйругу менен бекитилет. Лицензиар орган уруксат берүүчү документти берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
22. Эксперт уюм электрондук арыз келип түшкөн убактан тартып 7 иш күндүн ичинде коштоочу документтерге экспертизаны, билдирилген товарды идентификациялоону жүргүзөт жана эксперттик корутундунун же эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуунун долбоорун ушул Жобонун 2, 3, 4-тиркемелерине ылайык форма боюнча даярдайт, тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген эксперт уюмдун кызмат адамына кол коюуга киргизет жана БТМС аркылуу тиешелүү эксперттик корутундуну берет.
Мында эксперт уюм уруксат берүүчү документти берүү үчүн документтерди экспертизалоо үчүн толук жоопкерчилик тартат.
23. Эксперттик корутунду же эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген эксперт уюмдун кызмат адамы эксперттик корутундуга кол койгон же эксперттик корутундудан баш тарткан учурдан тартып берилди деп эсептелет.
24. Эгерде эксперттик корутунду импортко/экспортко/транзитке лицензия алуу талап кылынбаган товарды идентификациялоонун жыйынтыгы боюнча берилсе, анда мындай эксперттик корутунду товарды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы органдары тарабынан кабыл алынат.
25. Эгерде эксперт уюм тарабынан оң эксперттик корутунду берилсе, анда мындай эксперттик корутунду лицензиар органдын экспертинин интерфейсинде "иште" статусунда турган арыз ээсинин электрондук арызына автоматтык түрдө кошулат. Бул учурда БТМС автоматтык түрдө электрондук уруксат берүүчү документтин долбоорун түзөт. Эксперт зарыл учурда, уруксат берүүчү документтин долбоорун редакциялайт жана ТЭИ катышуучусу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган лицензиялык жыйымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди түзөт. Милдеттенмелер аткарылгандан кийин лицензиар органдын эксперти эксперт уюмдун оң эксперттик корутундусунун негизинде уруксат берүүчү документтин долбоорун тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон лицензиар органдын кызмат адамына кол коюуга жиберет.
26. Электрондук уруксат берүү документи лицензиар органдын тиешелүү жетекчисинин же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин электрондук уруксат берүү документине электрондук колу коюлган учурдан тартып берилди деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Басып чыгарылган электрондук уруксат берүүчү документтин үстүңкү оң бурчунда төмөнкүдөй мазмундагы белги болууга тийиш: "Документке электрондук түрдө кол коюлган. Документтин түп нускасы "Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасында сакталат".
28. Эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу автоматтык түрдө лицензиар органдын дайындалган экспертине келип түшөт, лицензиар органдын экспертинин ырастоосунан кийин БТМСке келип түшөт жана БТМС кабарламалар системасы аркылуу ТЭИ катышуучусуна автоматтык түрдө кабарлайт.
Бул учурда уруксат берүүчү документти берүүдөн баш тартууну тариздөө талап кылынбайт, электрондук арыздын үстүнөн иштөө аяктады деп эсептелет.
5. Эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
29. Эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) эксперттик корутундуну алуу үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтерде толук эмес жана анык эмес маалыматтардын болушу;
2) берилген бир же бир нече документтин күчүнүн токтотулуусу же токтотулуп туруусу;
3) берилген келишимди (контрактты) аткаруунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелеринин бузулуусу;
4) квотанын, ошондой эле тарифтик квотанын бүтүшү же алардын жок болушу (квоталанган товарларга лицензия таризделген учурда);
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

30. Арыз ээси эксперт уюмдун эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте даттанууга укуктуу.

6. Берилген уруксат берүүчү документтерге мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
31. Лицензиар орган БТМСтеги берилген уруксат берүүчү документтердин реестри аркылуу берилген уруксат берүүчү документтерге мониторинг жүргүзөт.
32. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиар органга БТМС аркылуу уруксат берүүчү документтерди аткаруу жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз берип турат.
Уруксат берүүчү документтерди колдонуу жөнүндө маалымдоо тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана лицензиар орган тарабынан биргелешкен буйрук формасында аныкталат.
7. Корутунду жоболор
33. Электрондук документ түрүндөгү уруксат берүүчү документ кагаз жүзүндө берилген уруксат берүүчү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
34. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы операцияларын жүргүзүүдө ушул Жобого ылайык берилген электрондук уруксат берүүчү документтерди кабыл алат жана пайдаланат.
35. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксат берүүчү документтин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин тышкы экономикалык операциянын уруксат берүүчү документте көрсөтүлгөн, ташып келинүүчү/ташып чыгарылуучу товарлардын көлөмүнөн ашпаган ар бир партиясына бирден электрондук уруксат берүүчү документ боюнча бажы операцияларын жүргүзөт.
36. "Бирдиктүү терезе" борборунун, лицензиар органдын, эксперт уюмдун, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан колдонулуучу маалымат ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматтык максаттарда гана колдонулушу мүмкүн.
37. БТМС оператору, лицензиар органдын лицензиялык комиссиясынын мүчөлөрү жана эксперттери, эксперт уюмдун жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери жана жооптуу кызмат адамдары кызматтык иш процессинде алынган маалыматты жарыялоого, жеке максаттарда колдонууга укугу жок.
38. Кызматтык иш процессинде алынган маалыматты жарыялоо үчүн БТМС оператору, лицензиар органдын лицензиялык комиссиясынын мүчөлөрү жана эксперттери, эксперт уюмдун жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери жана жооптуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
39. БТМСтин ишинин техникалык бөлүгү үчүн "Бирдиктүү терезе" борбору жоопкерчилик тартат.
40. БТМСте иштөө үчүн интернеттин болушун жана башка зарыл болгон шарттарды камсыздоо үчүн лицензиар орган жана эксперт уюмдар жоопкерчилик тартат.
41. БТМСтеги техникалык бузулууларда же/жана өнөр жайлык режимде БТМСти ишке киргизгенге чейин "Бирдиктүү терезе" борбору лицензиар органдын жана эксперт уюмдардын уруксат берүүчү документтерди (лицензия/уруксат/корутунду) берүүгө кагаз жүзүндөгү арыздарды өз убагында алууларын камсыз кылат.
Бул учурда эксперт уюм ушул Жободо каралган тартипте кагаз жүзүндөгү тиешелүү эксперттик корутундуну берет жана даректелүүчүлөргө жиберет.
Кагаз жүзүндөгү оң эксперттик корутундуну алган учурда лицензиар орган кагаз жүзүндө уруксат берүүчү документтерди тариздейт жана арыз ээсине берет.

42. Тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 40-пункту сакталбаган учурда, бул мамлекеттик орган ушул Жободо белгиленген тартипте арызды өз убагында кароону жана кагаз жүзүндө тиешелүү документти берүүнү камсыз кылууга тийиш.
|
| Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү корутунду документти алууга АРЫЗ
___________________________________________ № ___________
(каттоо номери жана катталган күнү көрсөтүлөт)
__________________________________________________________________________________________
(уюмдун, жеке жактын аталышы жана ИСН көрсөтүлөт)
"бирдиктүү терезе" маалымат системасы аркылуу
___________________________________________ _______________________________________________
(жөнөтүүчү өлкө көрсөтүлөт) (кайсы өлкөгө багытталганы көрсөтүлөт)

(товардын саны жана өлчөө бирдиги көрсөтүлөт) (товардын баасы жана валютасы көрсөтүлөт)
____________________________________________________________________________ контракт боюнча
(контракттын номери жана күнү көрсөтүлөт)

(товардын аталышы жана ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт)
____________________________________________________________________________ уруксат берүүчү
(экспортуна/импортуна/транзитине) (керектүүсү көрсөтүлөт)
корутунду документти берүүнү өтүнөт.
Тиркелүүчү документтердин тизмеги:
1. (документ көрсөтүлөт)
2. (документ көрсөтүлөт)
3. (документ көрсөтүлөт)
4. (документ көрсөтүлөт)
...
Жетекчинин же |
|
|
ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү |
| _________________________________________ |
Кызматы |

Кол тамгасы |

Тел. |

Электрондук почтанын дареги |

| Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине оң эксперттик корутунду
|
| Лицензиар органдын аталышы |
_____________________________ № _____________

(эксперт уюмдун аталышы көрсөтүлөт)
________________________________________________________ № ________ электрондук арызды жана

тарабынан берилген төмөнкү документтерди карап чыгып,
(бардык документтер көрсөтүлөт)
1. (документ көрсөтүлөт)
2. (документ көрсөтүлөт)
3. (документ көрсөтүлөт)
...
берилген документтерди экспертизалоонун жыйынтыгы боюнча

(товардын/продукциянын/үлгүнүн аталышы жана ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт)
_______________________________________ __________________________________________ берүүнү
(экспортуна/импортуна/транзитине) (лицензия/уруксат/корутунду)
(керектүүсү көрсөтүлөт) (керектүүсү көрсөтүлөт)
макулдашат жана жогоруда аталган товарды/продукцияны/үлгүнү

(КР аймагына ташып келүүгө/КР аймагынан ташып чыгууга) (керектүүсү көрсөтүлөт)
каршы эместигин билдирет.
Кызмат адамынын аты-жөнү |

Эксперттин (жооптуу кызматкердин) аты-жөнү |

| Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Товарды идентификациялоонун жыйынтыгы боюнча эксперттик корутунду (эгерде товар лицензияланбаса)
|
| Арыз ээсинин аталышы |
|
| Бажы органынын аталышы |
|
| Лицензиар органдын аталышы |
_______________________________ № _____________

__________________________________________________ № ______________ электрондук арызды жана

берилген документтерди экспертизалоонун жана товарды идентификациялоонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм төмөнкүлөрдү белгилейт:

_____________________________________ __________________________________________ алуу талап

кылынбайт жана жогоруда аталган товарды/продукцияны/үлгүнү

каршы эмес.
Кошумча маалымат (негиздер көрсөтүлөт)

| Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Форма
Өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине эксперттик корутунду берүүдөн баш тартуу
|
| Арыз ээсинин аталышы |
|
| Лицензиар органдын аталышы |
_________________________________ № ___________

_____________________________________________________ № ___________ электрондук арызды жана

_______________________________________ ________________________________________ эксперттик

корутунду берүүдөн баш тартат жана жогоруда аталган товарды/продукцияны/үлгүнү

каршылыгын билдирет.
Баш тартуунун себептери көрсөтүлөт:

| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 708 токтомуна ылайык) |
Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

22. Эксперт уюм электрондук арыз келип түшкөн убактан тартып 3 иш күндүн ичинде коштоочу документтерге экспертизаны, билдирилген товарды идентификациялоону жүргүзөт жана эксперттик корутундунун же эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуунун долбоорун ушул Жобонун 2, 3, 4-тиркемелерине ылайык форма боюнча даярдайт, тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген эксперт уюмдун кызмат адамына кол коюуга киргизет жана БТМС аркылуу тиешелүү эксперттик корутундуну берет.
Мында эксперт уюм уруксат берүүчү документти берүү үчүн документтерди экспертизалоо үчүн толук жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)