Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-апрели № 159
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. 2022-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөр белгиленсин:
1) маркаланган товарларды жүгүртүүдөн чыгаруу техникалык оператор тарабынан ушул маркалоо коду жүгүртүүгө киргизилген күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин, "жүгүртүүдөн шарттуу чыгарылган" маркалоо кодунун статусун өзгөртүү аркылуу "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында ишке ашырылат;
2) контролдук-кассалык машина аркылуу "жүгүртүүдөн шарттуу чыгарылган" статусу менен маркаланган товарды жүгүртүүдөн чыгарууда, техникалык оператор маркалоо кодун "жүгүртүүдөн чыгарылган" статусу менен алмаштырат;
3) маркаланган товарларды жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу техникалык операторду Кыргыз Республикасынын аймагына маркаланган товарларды берүү/ташып киргизүү жөнүндө кабарлоо жолу менен ишке ашырылат.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "3-тиркеме |
Алкоголдук продукцияны санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун МЕТОДИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методикалык эрежелер төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) жүгүртүүнүн катышуучуларына карата талаптарды;
2) алкоголдук продукцияны санариптик идентификациялоо каражаттарынын мүнөздөмөлөрүн;
3) жүгүртүүнүн катышуучуларынын функцияларын жана алардын өз ара аракеттенүү тартибин;
4) товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалымат системасынын катышуучуларын каттоонун тартибин (мындан ары - "Товарларды маркалоо" АМС);
5) "Товарларды маркалоо" АМС санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон алкоголдук продукцияны каттоо тартибин;
6) маркаланган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө киргизүүгө чейин алкоголдук продукцияны санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибин.
2. Ушул Методикалык эрежелерде "товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалымат системасы", "маркалоо коду", "салык төлөөчүнүн жеке кабинети", "товарларды жүгүртүү", "техникалык оператор" түшүнүктөрү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. Ушул Методикалык эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) алкоголдук продукцияларды жүгүртүүгө киргизүү - алкоголдук продукцияны өндүрүүдө:
- Кыргыз Республикасынын аймагында (анын ичинде контракттык өндүрүштө) - алкоголдук продукцияны өндүрүүчүдөн жаңы менчик ээсине же аларды ээликтен ажыратуу максатында башка жакка же продукцияны жайылтууга жана (же) колдонууга жеткиликтүү кылып кийин сатуу үчүн баштапкы акылуу же акысыз өткөрүп берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардан тышкары) - ички керектөө же Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү реимпорт үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна ылайык бажы органдары тарабынан алкоголдук продукцияны чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында трансчек аралык сооданын алкагында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген алкоголдук продукцияга карата - юридикалык же жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасына ташып киргизүү;
2) алкоголдук продукцияны жүгүртүүдөн чыгаруу - маркаланган алкоголдук продукцияны жеке жакка жеке керектөө үчүн сатуу; алкоголдук продукцияларга менчик укугун өткөрүп берүүнү, анын ичинде акысыз өткөрүп берүүнү, укуктарды өткөрүп берүүнү, ордун толтурууну же жаңычылдыкты караштырган келишимдердин негизинде жеке адамдарга маркаланган алкоголдук продукцияны жеке керектөө үчүн өткөрүп берүү; алкоголдук продукцияны юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге аларды кийинки сатуу менен байланышпаган жеке муктаждыктары үчүн пайдалануу максатында сатуу; алкоголдук продукцияны алып коюу (конфискациялоо), утилизациялоо, жок кылуу, кайтарымсыз жоготуу, ошондой эле маркаланган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатуу;
3) алкоголдук продукциянын топтук таңгагы (мындан ары - топтук таңгак) - керектөө таңгагынын белгилүү санын бириктирген таңгак, топтук таңгак керектөөчүгө сатылышы мүмкүн;
4) алкоголдук продукциянын импорттоочусу (мындан ары - импорттоочу) - жеке ишкер катары катталган, Кыргыз Республикасынын салык резиденти жана мүчө мамлекеттердин аймактарынан ички керектөө же кайра импорттоо же трансчек аралык өткөрүү бажы жол-жобосуна коюлган товарларды алуучу болуп саналган юридикалык же жеке жак;
5) алкоголдук продукцияларды өндүрүүчү - дүң жана чекене сатып алуучуларга аны андан ары сатуу үчүн товарлардын акыркы өндүрүшүн жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак же товарларды өндүрүү процесси товарлар толугу менен өндүрүлүп бүткөн же жетиштүү иштетүүдөн/кайра иштетүүдөн өткөн стадияга жеткен продукцияны өндүрүү жери;
6) жеке сериялык номери - товардын кодуна негизделген алкоголдук продукциянын бирдигинин (алкоголдук продукциянын керектөө таңгагы) уникалдуу идентификациялоочу символдордун ырааттуулугу;
7) электрондук өз ара аракеттенүү интерфейси - "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүгүртүүнүн катышуучуларынын программалык-аппараттык каражаттары менен "Товарларды маркалоо" АМСинин өз ара байланышын камсыз кылган каражаттардын жана эрежелердин жыйындысы;
8) маркаланган товарлардын каталогу - маркаланган товарлар жөнүндө маалыматтарды каталогдоо жана сактоо үчүн колдонулуучу "Товарларды маркалоо" АМС чакан системасы;
9) товардын коду - товардын тиешелүү номенклатурасы боюнча товарлар жөнүндө анык маалыматтарды эсепке алууну жана сактоону камсыз кылган маалыматтык ресурста сүрөттөөдө товарлардын тобуна ыйгарылган уникалдуу код;
10) идентификациялоо коду - товардын нускасынын уникалдуу номери болгон символдордун ырааттуулугу;
11) текшерүү коду - идентификациялоо кодун криптографиялык өзгөртүүнүн натыйжасында пайда болгон жана фискалдык топтоочуну жана (же) текшерүү кодун текшерүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен аны текшерүү учурунда идентификациялоо кодунун бурмалангандыгын табууга мүмкүндүк берген символдордун ырааттуулугу;
12) транспорттук таңгакты идентификациялоо коду - ушул Методикалык эрежелердин 6-главасында каралган талаптарга ылайык түзүлгөн алкоголдук продукциянын транспорттук таңгагынын уникалдуу нускасы болгон символдордун ырааттуулугу;
13) маркаланган алкоголдук продукция - ушул Методикалык эрежелердин талаптарын сактоо менен санариптик идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөн жана алар жөнүндө анык маалыматтар (ага түшүрүлгөн санариптик идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтар) "Товарларды маркалоо" АМС камтылган алкоголдук продукция;
14) алкоголдук продукцияны санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо - ушул Методикалык эрежелерге ылайык алкоголдук продукциянын керектөө жана топтук таңгагына санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрүү;
15) керектөө таңгагы - сатуу же акыркы керектөөчүгө сатылган алкоголдук продукциянын алгачкы таңгагы үчүн арналган таңгак;
16) алкоголдук продукцияны өндүрүүчү - алкоголдук продукцияны өндүргөн жана саткан юридикалык жак же жеке ишкер;
17) маалыматтарды берүү протоколу - маалыматтардын пакетинин түзүлүшүнө жана маалыматтарды берүү тармагынын түзүлүштөрүнүн ортосунда маалыматтардын пакеттеринин алмашуу алгоритмине талаптардын формалдаштырылган топтому;
18) санариптик идентификациялоо каражаты - экономикалык иштин субъекти тарабынан материалдык алып жүрүүчүгө штрихтик же машинада окула турган формадагы башка код түрүндө колдонулган же радио жыштык белгисине жазылган же башка каражаттарды же автоматтык түрдө идентификациялоочу технологияны колдонуу менен берилген маркалоо коду;
19) алкоголдук продукциянын транспорттук таңгагы (мындан ары - транспорттук таңгак) - керектөө жана/же топтук таңгакка таңгакталган алкоголдук продукцияны бириктирген, ташууда бузулуудан сактоо максатында алкоголдук продукцияны сактоо жана ташуу үчүн колдонулган жана өз алдынча транспорттук бирдикти түзгөн таңгак. Транспорттук таңгакка кичинекей өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорттук таңгактар камтылышы мүмкүн;
20) заказдарды башкаруу станциясы - жүгүртүүнүн катышуучуларына техникалык оператордун булуттуу чечими катары берилген жана жүгүртүүнүн катышуучуларына эмиссия жана маркалоо коддорун түшүрүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган чакан системасына мүмкүндүк берген программалык камсыздоо;
21) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары - алкоголдук продукцияны кийинки сатууга байланышпаган максаттарда сатып алган юридикалык жана жеке жактарды кошпогондо, алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүү жана (же) аны жүгүртүүдөн чыгаруу менен алектенген Кыргыз Республикасынын салык резиденттери болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
22) ыйгарым укуктуу өкүл - Бажы бирлигине мүчө мамлекет тарабынан белгиленген тартипте катталган, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы аймактарында продукциянын шайкештигин баалоодо (ырастоодо) жана жайгаштырууда анын атынан иш алып баруу, ошондой эле продукциянын Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбегендигинен жоопкерчиликти жүктөө үчүн аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде өндүрүүчү тарабынан аныкталган юридикалык же жеке жак;
23) этикетка - товар жөнүндө маалыматты, анын ичинде идентификациялоо каражаттарын түшүрүүгө арналган, товарга, керектөө же топтук таңгакка тиркелген маалымат алып жүрүүчү.
4. Ушул Методикалык эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө арналбаган продукцияга карата колдонулбайт, атап айтканда:
1) убактылуу сактоодо же бажы кампасында бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
2) келген жериндеги бажы органынан чыккан жериндеги бажы органына чейин Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча чет өлкөлүк алкоголдук продукцияны ташуу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
3) келген жериндеги бажы органынан ички бажы органына чейин Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча чет өлкөлүк алкоголдук продукцияны ташуу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
4) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгаруу максатында бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
5) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагына ташып чыгаруу максатында өндүрүлгөн алкоголдук продукцияга (Евразия экономикалык бирлигинин алкагында алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү жөнүндө чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши кабыл алганга чейинки мезгилде же Евразия экономикалык бирлигинин эки же андан ашык мүчө мамлекеттери алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизгенге чейин);
6) алкоголдук продукцияны сактоодо жана ташууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу жаатындагы ченемдик техникалык актыларынын талаптарына шайкештигин баалоо максатында сыноо үчүн арналган керектүү көлөмдөгү үлгүлөрүнө;
7) эл аралык көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин уюштуруучулары жана катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатуу үчүн арналбаган алкоголдук продукцияга;
8) алымсыз соода дүкөндөрүндө сатылган алкоголдук продукцияга;
9) өндүрүүчүдө сакталган алкоголдук продукцияга;
10) алып коюлган, арестке коюлган, конфискацияланган же башка ыкмалар менен мамлекеттин кирешесине айландырылган алкоголдук продукцияга жана аны сактоодо, ташууда Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелер аткарылбаганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан өндүрүп алынган алкоголдук продукцияга, ошондой эле сактоодо жана ташууда жок кылынууга тийиш болгон алкоголдук продукцияга;
11) жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү жана жеке пайдалануу үчүн сатып алынган алкоголдук продукцияга;
12) дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар, алардын өкүлчүлүктөрү, ошондой эле алар менен бирге болгон мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан расмий пайдалануу үчүн арналган алкоголдук продукцияга аны сактоо, ташууда жана пайдаланууда;
13) чекене соода алкагында сатылып алынган жана сатып алуучулар тарабынан сатуучуларга кайтарылып берилген алкоголдук продукцияга, товарларды сактоодо жана ташууда Кыргыз Республикасынын ички соода жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылган товарлардын кайтарылып берилгендигин тастыктаган документтер болгон учурда;
14) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
15) ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
16) эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга;
17) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган алкоголдук продукцияга.
5. Кыргыз Республикасынын аймагына алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүүгө (идентификациялоо каражаттарын койбостон жана "Товарларды маркалоо" АМСинде алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө маалыматтарды бербестен) жана аларды сатууга (берүүгө) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоо киргизилгенге чейин жол берилет.
6. Алкоголдук продукцияларды жүгүртүүнүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу салуу киргизилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоо киргизилгенге чейин жүгүртүүгө киргизилген алкоголдук продукцияны, идентификациялоо каражаттарын чаптабастан, сактоого, ташууга жана сатууга укуктуу.
7. "Товарларды маркалоо" АМСинде техникалык оператор алкоголдук продукцияларды жүгүртүүнүн катышуучуларынан мындай алкоголдук продукцияга идентификациялоо каражаттары коюлганы тууралуу маалыматты алганы чагылдырылса, алкоголдук продукцияларды жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоо киргизилгенге чейин техникалык оператор берген маркалоо коддорунан кайра түзүлгөн идентификациялоо каражаттары менен маркаланган алкоголдук продукциялар тиешелүү үлгүдө маркаланган деп таанылат.
2-глава. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларына карата талаптар
8. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары төмөнкүлөргө тийиштүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө же болбосо өндүрүүчүдө же импорттоочуда алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө киргизүүгө жана (же) жүгүртүүгө байланыштуу иштерди жүзөгө ашыруу зарылчылыгы пайда болгон күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде "Товарларды маркалоо" АМСинде катталууга;
2) өркүндөтүлгөн квалификациялуу электрондук кол тамгага (мындан ары - өркүндөтүлгөн электрондук кол тамга) ээ болууга;
3) өркүндөтүлгөн электрондук кол тамга менен электрондук документтерге кол коюуга, ошондой эле "Товарларды маркалоо" АМС менен керектүү электрондук документтерди, анын ичинде жеке кабинет аркылуу алмашууга жөндөмдүү аппараттык-программалык комплекске ээ болууга.
9. Өндүрүүчүлөр, даярдоочулар жана импорттоочулар ушул Методикалык эрежелердин 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардан тышкары техникалык оператор тарабынан берилген жеке кабинет аркылуу маркалоо коддорунун заказдарын башкаруу станциясына жеткиликтүүлүктү алышы/тариздеши керек.
10. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларына "Товарларды маркалоо" АМС маркалоо коддорунун заказдарын башкаруу станциясына жеке кабинет аркылуу жетүүнү камсыз кылуу техникалык оператор тарабынан акысыз жүргүзүлөт.
Заказдарды башкаруу станциясына жеткиликтүүлүк "Товарларды маркалоо" АМСинде техникалык оператор тарабынан катталат.
3-глава. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын "Товарларды маркалоо" АМСинин техникалык оператору менен маалыматтык өз ара аракеттенүү тартиби
11. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын "Товарларды маркалоо" АМС менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү маалымат өткөрүп берүүнүн стандарттуу протоколдорун жана техникалык оператор тарабынан иштелип чыккан электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган электрондук документтер менен алмашуу аркылуу жүргүзүлөт жана техникалык оператордун Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырылат.
12. "Товарларды маркалоо" АМС алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө катышуучулар тарабынан жиберилген электрондук документтерге алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө катышуучунун өркүндөтүлгөн электрондук колу коюлушу керек.
13. "Товарларды маркалоо" АМСинде жүгүртүүнүн катышуучусун каттоону, алкоголдук продукцияны каттоону, маркалоо коддорун заказ кылууну жана алкоголдук продукцияга санариптик идентификациялоо каражаттарын колдонуу жөнүндө маалыматты берүүнү жүгүртүүнүн катышуучусу ырааттуу түрдө ишке ашырат.
14. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан ушул Методикалык эрежелердин талаптарына жооп берген "Товарларды маркалоо" АМСине жиберилген бардык документтер жана маалыматтар "Товарларды маркалоо" АМСинде чагылдырылууга тийиш.
15. Техникалык оператор документтерди (билдирүүлөрдү, кабарлоолорду) кабыл алуудан же "Товарларды маркалоо" АМСинде алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары берген маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине киргизүүдөн баш тартат, эгерде төмөндөгү негиздердин бири болсо:
1) берилген документтер ушул Методикалык эрежелердин 8-главасында каралган милдеттүү маалыматтарды камтыбаса;
2) берилген маалыматка кол коюлбаса же алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан документке кол коюуга ыйгарым укугу жок адам кол койсо;
3) юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусуна карата юридикалык жактын иши токтотулгандыгы жөнүндө жазуу бар болсо же Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринде жеке ишкер катары жеке адамдын ишин токтотуу жөнүндө жазуусу бар болсо.
16. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу электрондук документтерди тапшырган же "Товарларды маркалоо" АМСине маалыматтарды киргизген күндөн тартып 1 (бир) календардык күндүн ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган документтерди кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу же "Товарларды маркалоо" АМСине маалымат киргизүү жөнүндө кабарлоо алат:
1) алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө катышуучунун документинин каттоо номерин;
2) кабарлоонун (квитанциянын) номерин;
3) кабарлоонун (квитанциянын) датасын;
4) алкоголдук продукцияны идентификациялоо коддорун (топтук же транспорттук таңгактагы идентификациялоо коддору) жана алардын "Товарлардын маркалоо" АМСиндеги статусун (статустун өзгөрүшү) (эгер алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу берген документте алкоголдук продукция жөнүндө маалымат болсо);
5) "Товарларды маркалоо" АМСине документтерди (маалыматтарды) киргизүү жөнүндө же аларды киргизүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө билдирүүнү.
17. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан "Товарларды маркалоо" АМСине берилген документтерди (маалыматтарды) "Товарларга маркалоо" АМСине киргизүү жөнүндө кабарлоо (квитанция) электрондук өз ара интерфейстерди колдонуу менен алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусуна "Товарларды маркалоо" АМСиндеги жеке кабинет же электрондук почта аркылуу техникалык оператор тарабынан жөнөтүлөт.
18. Документти "Товарларды маркалоо" АМСине тапшыруу датасы болуп электрондук документтин кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоодо (квитанцияда) белгиленген күн эсептелет.
Аталган кабарлоолор (квитанциялар) электрондук документтер берилген же маалыматтар "Товарларды маркалоо" АМСине киргизилген күндөн тартып 1 (бир) календардык күндүн ичинде автоматтык түрдө түзүлөт жана өткөрүлүп берилген документтер (маалыматтар) "Товарларды маркалоо" АМСине катталганда, электрондук документ түрүндө "Товарларды маркалоо" АМСинин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусуна жөнөтүлөт.
19. Оператордун аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн маалыматтык-технологиялык жана коммуникациялык инфратүзүм колдонулат.
20. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине өз алдынча жана алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары ыйгарым укук берген жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын атынан иш жүргүзгөн башка юридикалык жактарды же жеке ишкерлерди тартуу менен да беришет.
21. Эгерде ушул Методикалык эрежелерде башкача белгиленбесе, техникалык оператор алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу берген документтерди жана маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине жайгаштырууну мындай документтерди жана маалыматтарды алган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине "Товарларды маркалоо'' АМСине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарлоону милдеттүү түрдө жөнөтүү менен камсыз кылат.
22. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында техникалык оператор "Товарларды маркалоо" АМСинде төмөнкү маалыматтардын болушун камсыз кылат:
1) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары жөнүндө;
2) санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон алкоголдук продукция жөнүндө;
3) алкоголдук продукциянын таңгагына түшүрүлгөн санариптик идентификациялоо каражаттары жөнүндө.
23. Техникалык оператор "Товарларды маркалоо" АМСинин алкагында төмөнкү реестрлерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кылат:
1) документтердин реестрин;
2) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын реестрин;
3) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын ыйгарым укуктуу жактарынын реестрин;
4) алкоголдук продукциянын реестрин;
5) маркалоо коддорунун реестрин.
24. Техникалык оператор "Текшер" мобилдик тиркемеси аркылуу Интернет тармагында жалпыга жеткиликтүү болгон төмөнкүдөй маалыматтарды жайгаштырууну камсыз кылат:
1) соода бирдигинин глобалдык номерин (Global Trade Item Number);
2) товардын бирдигинин жеке сериялык номерин;
3) товарды өндүрүүчү жөнүндө маалыматтарды (юридикалык жактын аталышы, аты-жөнү);
4) алкоголдук продукциянын түрүн (арак, шарап, коньяк ж.б.);
5) соода маркасын (бренд) жана алкоголдук продукциянын аталышын;
6) керектөө идишинин көлөмүн (0,5 литр, 1 литр ж.б.);
7) алкоголдук продукциянын күчтүүлүгүн (30%, 40% ж.б.);
8) чыккан өлкөнү.
Маалыматтар керектөөчүлөргө коомдук контролдоо функцияларын ишке ашыруу үчүн берилет.
4-глава. "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо
25. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларын "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо жана аларга жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгүн берүү ушул Методикалык эрежелерге ылайык алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучуларынын техникалык операторго берген маалыматтарынын негизинде техникалык оператор тарабынан жүргүзүлөт.
26. "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо үчүн алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучулары техникалык оператордун дарегине уюмдун жетекчиси кол койгон жана уюмдун же жеке ишкер катары катталган жеке жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү арызды жөнөтүшөт же "Товарларды маркалоо" АМСинин электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен юридикалык жактын же жеке ишкердин атынан ишеним катсыз иш жүргүзүүгө укуктуу адамдын күчөтүлгөн электрондук кол тамгасы коюлган "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган арызды (мындан ары - катышуучуну каттоо жөнүндө арыз) толтурушат:
1) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аталышы же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аты-жөнү;
2) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун тиби (өндүрүүчү, даярдоочу же импорттоочу);
3) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номери;
4) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун жайгашкан жери же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун жашаган жери;
5) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун байланышуучу адамынын аты-жөнү, телефону жана электрондук почта дареги;
6) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан ишеним катсыз иш жүргүзүүгө укуктуу адамдын аты-жөнү;
7) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун телефону жана "Товарларды маркалоо" АМСинен кабарлоолор жөнөтүлүүчү электрондук почта дареги.
27. Каттоо үчүн арызды иштеп чыгуу жана текшерүү техникалык оператор тарабынан мындай арызды техникалык оператор каттаган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
28. Арыз ээсине төмөнкү учурларда "Товарларды маркалоо" АМСине каттоодон баш тартылат (документтерди кабыл алуудан маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн же ушул Методикалык эрежелердин 15-пунктунда көрсөтүлгөн негиздерден тышкары):
1) арызга кол койгон адамдын аты-жөнү арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбесе;
2) арыз ээси буга чейин "Товарларды маркалоо" АМСине катталган болсо;
3) арызда көрсөтүлгөн арыз ээсине карата маалыматтар жок болсо же юридикалык жактардын электрондук маалыматтар базасындагы маалыматтар менен шайкеш келбесе.
"Товарларды маркалоо" АМСине каттоодон баш тарткан учурда техникалык оператор ушул Методикалык эрежелердин 27-пунктунда каралган мөөнөттө арыз ээсине өзү көрсөткөн электрондук почта дареги боюнча тиешелүү кабарлоо жөнөтөт.
29. Катышуучуну каттоо жөнүндө арызды текшерүүнүн натыйжасы оң болгон учурда, техникалык оператор ушул Методикалык эрежелердин 27-пунктунда каралган мөөнөттө арыз ээсин "Товарларды маркалоо" АМСине каттайт, ага жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгүн берет жана арыз ээсинин арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине катталгандыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
30. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу же ал ыйгарым укук берген жак (мындан ары - ыйгарым укуктуу жак) күчөтүлгөн электрондук кол тамганы текшерүүчү ачкычтын сертификатын колдонуу менен "Товарларды маркалоо" АМСинин жеке кабинетинде авторизацияланат.
31. "Товарларды маркалоо" АМСинин колдонуучуларын идентификациялоо анын ичинде электрондук башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
5-глава. Алкоголдук продукцияны "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо
32. Алкоголдук продукцияны каттоо төмөнкү учурларда "Товарларды маркалоо" АМСинин маркаланган товарлардын санариптик каталогу чакан системасында жүргүзүлөт:
1) алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн учурда - алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан (контракттык өндүрүштүн алкагында алкоголдук продукцияны өндүрүүчүнүн заказы боюнча үчүнчү жактар тарабынан өндүрүлгөн алкоголдук продукцияны кошкондо);
2) алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлгөн учурда - импорттоочу тарабынан (алкоголдук продукция менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин).
33. Алкоголдук продукцияны "Товарлардын маркалоо" АМСине каттоо үчүн катышуучу катталган алкоголдук продукция жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун (өндүрүүчүнүн, даярдоочунун же импорттоочунун) идентификациялык салык номерин;
2) өндүрүүчүнүн/импорттоочунун аталышын;
3) товардын кодун (GTIN);
4) алкоголдук продукциянын түрүн (арак, шарап, коньяк, алкоголь ичимдиктери, күчтүү ичимдиктер. алкоголу аз ичимдиктер, шампан);
5) алкоголдук продукциянын аталышын;
6) алкоголдук продукцияны керектөө таңгагынын түрүн;
7) керектөө идишинин көлөмүн (0,1 л, 0,5 л, 1 л, ж.б.);
8) алкоголдук продукциянын күчүн (30%, 40% ж.б.);
9) ЕАЭБ ТЭИ ТН 10 орундуу кодун;
10) ПМСК кодун (3-версия);
11) соода маркасын (бренд);
12) ЕАЭБ дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык чыккан өлкөнү.
6-глава. Алкоголдук продукцияны санариптик идентификациялоо каражаттарынын, анын ичинде маркалоо коддорунун тутумунун жана форматынын мүнөздөмөлөрү
34. Алкоголдук продукциянын керектөөчүлүк жана топтук таңгагын маркалоо үчүн Data Matrix GS1 2D-символу түрүндө берилген, машинада окуу үчүн жарактуу жана өзүнө төмөнкү маалыматтарды камтуучу санариптик идентификациялоо каражаты колдонулат:
1) биринчи топ 14 цифрадан турат, ушул Методикалык эрежелердин 5-главасына ылайык катышуучу берген маалыматтардын негизинде маркалануучу товарлардын каталогунда катталган колдонуу идентификаторун (01 ) жана товардын кодун (GTIN) камтыйт;
2) экинчи топ 7 символдон турат (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) жана колдонуу идентификатору (21) алдында турган жана техникалык оператор же жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан генерацияланган товардын бирдигинин жеке сериялык номерин камтыйт. Маалыматтардын бул тобу үчүн акыркы символ ASCII символдор таблицасында 29 кодуна ээ болгон бөлүүчү символ болуп саналат;
3) үчүнчү топ 4 белгиден турат жана колдонуу идентификатору (93) алдында турган жана техникалык оператор тарабынан берилүүчү текшерүүчү ачкычты камтыйт.
35. Алкоголдук продукциянын транспорттук таңгагын идентификациялоо коду GSI-128 эл аралык стандартына шайкеш келген бир өлчөмдүү штрих коду түрүндө берилет. Алкоголдук продукциянын транспорттук таңгагын идентификациялоо кодунун курамы алкоголдук продукцияны транспорттук таңгакка бириктирген жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан аныкталат.
7-глава. "Товарларды маркалоо" АМСине киргизүү үчүн алкоголдук продукцияны бириктирүү жөнүндө маалыматты катышуучулар тарабынан "Товарларды маркалоо" АМСине берүү тартиби
36. Алкоголдук продукциянын керектөө таңгактары топтук таңгакка бириктирилгенден кийин бириктирилген таңгакты алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу бул жөнүндө "Товарларды маркалоо" АМСине төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) топтук таңгакты идентификациялоо кодун;
2) бириктирилген керектөө таңгактарын идентификациялоо коддорунун тизмесин;
3) бириктирилген күндү.
Маалыматтар "Товарларды маркалоо" АМСине алкоголдук продукцияны маркалоо жөнүндө маалыматтар менен бир убакта берилиши мүмкүн.
37. Керектөө таңгактарын топтук таңгакка бириктирүү жөнүндө маалымат бириктирилген таңгакты алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин таңгактарды транспорттук таңгакка бириктирүү жөнүндө маалымат менен бир убакта берилиши мүмкүн.
38. Алкоголдук продукциянын таңгактары транспорттук таңгакка бириктирилгенден кийин бириктирилген таңгакты алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бергенге чейин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу бул жөнүндө "Товарларды маркалоо" АМСине төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) транспорттук таңгакты идентификациялоо кодун;
2) бириктирилген таңгактарды идентификациялоо коддорунун тизмесин;
3) бириктирилген күндү.
8-глава. Алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттарын түзүү тартиби
39. Ушул главада каралган процесстердин алкагында алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу техникалык оператордун расмий сайтындагы жеке кабинети аркылуу "Товарларды маркалоо" АМС менен документтерди жана маалыматтарды алмашат.
40. Алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоону камсыз кылуу үчүн жүгүртүүнүн катышуучусу техникалык операторго маркалоо коддорун алууга өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) жөнөтөт.
41. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номерин;
2) суралган маркалоо коддорунун санын;
3) "Товарларды маркалоо" АМСинин маркаланган товарлар каталогу чакан системасында катталган товардын кодун (GTIN);
4) таңгактын түрүн;
5) идентификациялоо каражаттарын түшүрүү ыкмасын (түз түшүрүү же этикеткалоо);
6) эгерде товардын ар бир нускасынын жеке сериялык номерин алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу өз алдынча түзсө, товардын ар бир нускасынын жеке сериялык номерин.
42. Төмөнкү талаптардын бири бузулган учурда маркалоо коддорун берүүдөн баш тартылат:
1) өтүнмө ушул Методикалык эрежелердин 41-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаса;
2) алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу "Товарларды маркалоо" АМСинде катталбаса;
3) идентификациялоо коду буга чейин "Товарларды маркалоо" АМСинде катталган болсо;
4) товардын коду "Товарларды маркалоо" АМСинин маркаланган товарларынын санариптик каталогу чакан системасында катталбаса.
43. Өтүнмө "Товарларды маркалоо" АМСинде катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде техникалык оператор "Товарларды маркалоо" АМСинин каражаттарынын жардамы менен өтүнмөдө көрсөтүлгөн маркалоо коддорунун санын түзөт (генерациялайт) жана аларды алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусуна каттайт.
44. Маркалоо коддорун катталгандан кийин оператор маркалоо коддорунун жарыяланган санын арыз ээсинин жеке кабинетине басып чыгаруу үчүн даярдалган форматта же адистештирилген басып чыгаруучу түзүлүштөргө берүү үчүн машинада окула турган түрдө жөнөтөт.
45. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу маркалоо коддорун алган күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндөн кечиктирбестен алкоголдук продукциянын тиешелүү таңгактарына маркалоо коддорун түшүрүүнү камсыз кылат жана "Товарларды маркалоо" АМСине коддор түшүрүлгөн жер жана күн, колдонулган идентификациялоо каражаттарынын саны жөнүндө маалыматтарды берет.
Маркалоо коддору алынган күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндүн ичинде кабарлоолорго киргизилбеген маркалоо коддору жокко чыгарылат.
46. Санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине каттоодо (документтерди кабыл алуудан же ушул Методикалык эрежелердин 15 жана 42-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды киргизүүдөн жана маркалоо коддордун берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары) төмөнкүлөр аныкталган учурда баш тартылат:
1) отчётто көрсөтүлгөн идентификациялоо коду жөнүндө маалымат "Товарларды маркалоо" АМСинин маркалоо коддорунун реестринде жок болсо;
2) идентификациялоо каражаттарынын реестринде идентификациялоо кодунун жараксыз статусу көрсөтүлсө;
3) идентификациялоо коду арыз ээсине таандык болбосо.
9-глава. Алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттарын түшүрүү тартиби
47. Товар жүгүртүүнүн катышуучусу төмөнкү методдордун бирин колдонуу менен керектөө таңгагына идентификациялоо каражатын түшүрөт:
1) алкоголдук продукцияны өндүрүү линиясына идентификациялоо каражаттарын түз түшүрүү идентификациялоо каражатын товарга, товардын керектөө таңгагына, экинчи таңгагына же этикеткага типографиялык же башка ыкма менен түшүрө алган атайын жабдууларды колдонуу менен ишке ашырылат.
2) кыйыр түшүрүү (этикеткалоо) чаптама, стикер, этикетка түрүндөгү, ага түшүрүлгөн маркалоо коду менен өзү чапталуучу кагазга санариптик идентификациялоо каражатын колдонуу менен ишке ашырылат.
48. Санариптик идентификациялоо каражаттарынын окулушуна тоскоол болуучу кандайдыр бир элементтерди санариптик идентификациялоо каражаттарынын үстүнөн түшүрүүгө жол берилбейт.
49. Санариптик идентификациялоо каражаты техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык керектөө таңгагына түшүрүлгөн маалыматтардын бүтүндүгү бузулбагыдай жайгаштырылууга тийиш.
50. Товарлар аларга жана (же) алардын таңгактарына санариптик идентификациялоо каражаттарын кайрадан колдонууну болтурбоочу ыкма менен идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жолу менен маркаланат.
51. Санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо маркаланган продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин же өндүрүү процессинде жүргүзүлөт.
52. Таңгакка идентификациялоо каражаттарын түшүрүү эрежелери:
1) керектөө таңгагына идентификациялоо каражаттары айнек, пластик жана алюминий идиштердин каптал бөлүгүнө, тетр-пак үчүн идентификациялоо каражаттары продукциянын курамы жөнүндө маалымат жайгаштырылган тарабына түшүрүлөт.
2) топтук таңгакка идентификациялоо каражаты каптал бөлүгүнө түшүрүлөт.
3) транспорттук таңгакка идентификациялоо каражаты алдыңкы же каптал бөлүгүнө түшүрүлөт.
10-глава. Маркалоо коддорун түшүрүү жана окуу үчүн колдонулуучу жабдууларга карата талаптар
53. Товарлардын керектөө таңгагына түшүрүлгөн эки өлчөмдүү штрих кодун түзүүчү айрым символдордун өлчөмдөрүнүн сунушталган диапазону катары 0.255 мм 0.615 мм чегиндеги өлчөмдөр менен чекит символдорун колдонуу сунушталат (идентификациялоо каражатынын минималдуу өлчөмү - 0,9 см * 0,9 см).
54. Санариптик идентификациялоо каражаттарын табуу ыктымалдыгы байкалбагыдай төмөн жана кандай болгон учурда да он миңдин ичинен бирден аз болууга тийиш.
55. Каталарды таануу жана оңдоо функциясы ЕСС200 Data Matrix барабар же андан жогору болот.
56. Штрих коду ISO/IEC 16022:2006 стандартына шайкеш келет.
57. ИСО 15415 (ГОСТР ИСО/МЭК 15415-2012), ГОСТР ИСО 22742-2006 стандартына ылайык С сапатындагы класстын деңгээлинде же андан жогорку деңгээлде түшүрүү;
58. ЕСС-200 каталарды оңдоо методун колдонуу менен басып түшүрүү;
59. ГОСТР ИСО/МЭК 16022-2008 (Data Matrix үчүн) же ГОСТР ИСО/МЭК 18004-2015 (QR коду үчүн) стандартынын негизинде ASCII коддоо таблицасын колдонуу.
60. Эки өлчөмдүү штрих коддорун окуу үчүн жабдуулар ИСО 15415 (ГОСТР ИСО/МЭК 15415-2012), ГОСТР ИСО 22742-2006 стандартына ылайык түшүрүлгөн коддорду окууга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
11-глава. "Товарларды маркалоо" АМСинде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
61. Ушул Методикалык эрежелердин 3-5, 9 жана 10-главаларында каралган маалыматтар өзгөргөн учурда алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу алар өзгөргөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде техникалык операторго бул маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
|
| 4-тиркеме |
Тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун МЕТОДИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методикалык эрежелер тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибин, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларына тамеки продукциясын жүгүртүү, тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттарынын мүнөздөмөсү, идентификациялоо каражаттарын алуучу, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларына карата талаптар жөнүндө маалыматтарды берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Методикалык эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) "бириктирүү" - түзүлүп жаткан топтук жана/же транспорттук таңгакты ачуу зарылдыгысыз, тамеки продукциясынын товарды коштоочу чынжырча боюнча кыймылына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында тамеки продукциясынын ар бир салынган таңгагын идентификациялоо коддорунун түзүлүп жаткан топтук жана/же транспорттук таңгакты идентификациялоо коду менен өз ара байланышы жөнүндө маалыматты сактоо жана топтук таңгакка идентификациялоонун тийиштүү каражатын же транспорттук таңгакка идентификациялоо кодун түшүрүү менен тамеки продукциясын керектөө таңгактарын бир топтук таңгакка жана/же транспорттук таңгакка, же тамеки продукциясынын топтук таңгактарын транспорттук таңгакка, же кичинекей өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорт таңгактарын транспорттук таңгакка бириктирүү процесси;
2) тамеки продукциясын өндүрүүдө тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган өндүрүүчү тарабынан жеткирүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келген товарлардан башка) - Кыргыз Республикасына ташылып келген тамеки продукциясын ички керектөө же реимпорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна ылайык бажы органдары тарабынан тамеки продукциясын чыгаруу;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында трансчек аралык соода жүргүзүүнүн алкагында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келген тамеки продукциясына карата Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары - Кыргыз Республикасына тамеки продукциясын юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан ташып келүү;
3) тамеки продукциясын жүгүртүүдөн чыгаруу - маркаланган тамеки продукциясын жеке керектөө үчүн жеке жактарга сатуу; тамеки продукциясына карата менчик укугуна өтүү, анын ичинде кайтарымсыз берүү, укуктарын өткөрүп берүү, ордун толтуруу же жаңычылдык караштырылган келишимдердин негизинде маркаланган тамеки продукциясын жеке керектөө үчүн жеке жакка берүү; сатууга байланыштуу эмес, жеке муктаждыктары үчүн колдонуу максатында тамеки продукциясын юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге сатуу; тамеки продукциясын алып коюу (конфискациялоо), утилдештирүү, жок кылуу, кайтарылбагандай жоготуу, ошондой эле маркаланган тамеки продукциясын Кыргыз Республикасынан тышка сатуу;
4) тамеки продукциясын топтук таңгактоо (мындан ары - топтук таңгактоо) - керектөө таңгактарынын аныкталган санын бириктирген таңгактоо, топтук таңгактоо керектөөчүгө да сатылышы мүмкүн;
5) импорттоочу - маркалануучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоону/ташып келүүнү ишке ашырган экономикалык иштин субъекти;
6) жеке сериялык номер - товардын кодунун негизинде тамеки продукциясынын бирдигин (тамеки продукциясынын керектөө таңгагын) уникалдуу идентификациялоочу символдордун ырааттуулугу;
7) электрондук өз ара аракеттенүү интерфейси - тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын программалык-аппараттык каражаттары менен Кыргыз Республикасында товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - "Товарларды маркалоо" АМС) өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздаган каражаттардын жана эрежелердин жыйындысы;
8) товардын коду - тиешелүү товардык номенклатура боюнча товарлар жөнүндө так маалыматтарды эсепке алууну жана сактоону камсыз кылган маалыматтык ресурста аларды баяндоодо товарлардын тобуна ыйгарылуучу уникалдуу код;
9) идентификациялоо коду - товардын нускасынын уникалдуу номерин камтыган символдордун ырааттуулугу;
10) текшерүү коду - идентификациялоо кодун криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн жана фискалдык топтоочуну жана (же) текшерүү кодун текшерүүчү техникалык каражатты колдонуу менен аны текшерүүдө идентификациялоо кодунун бурмаланганын табууга мүмкүндүк берген символдордун ырааттуулугу;
11) транспорттук таңгактарды идентификациялоо коду - ушул Методикалык эрежелердин 7-главасында каралган талаптарга ылайык түзүлгөн, тамеки продукциясынын транспорттук таңгагынын уникалдуу нускасын билдирген символдордун ырааттуулугу;
12) маркаланган тамеки продукциясы - ушул Методикалык эрежелердин талаптарын сактоо менен санариптик идентификациялоо каражаты коюлган тамеки продукциясы жана ал тууралуу так маалыматтар (анын ичинде ага коюлган санариптик идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтар) "Товарларды маркалоо" АМСинде камтылат;
13) тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо - ушул Методикалык эрежелерге ылайык тамеки продукциясынын керектөө жана топтук таңгактарына санариптик идентификациялоо каражатын түшүрүү;
14) тамеки продукциясын өндүрүү орду - тамеки продукциясынын өндүрүшү жайгашкан аймак, анын ичинде өндүрүштүк жай, сактоо үчүн жай жана өндүрүүчү тарабынан тамеки продукциясын өндүрүүдө пайдаланылган башка жайлар;
15) керектөө таңгагы - акыркы керектөөчүгө сатылуучу, тамеки продукциясын сатуу же алгачкы таңгактоо үчүн арналган таңгак;
16) тамеки продукциясын өндүрүүчү (мындан ары - өндүрүүчү) -тамеки продукциясын өндүргөн юридикалык жак же жеке ишкер;
17) маалыматтарды берүү протоколу - маалыматтарды берүү тармагынын түзүлүштөрүнүн ортосунда маалымат пакеттерин алмашуу алгоритмине жана маалыматтар пакетинин түзүмүнө карата талаптардын формалдык топтому;
18) заказдарды башкаруу станциясы - техникалык оператордун булутча чечими катары жүгүртүүнүн катышуучуларына сунушталган, жүгүртүүнүн катышуучуларынын эмиссия жана маркалоо коддорун коюу процессин башкаруунун автоматташтырылган чакан системасына жетүүсүн камсыздаган программалык камсыздоо;
19) тамеки продукциясы - ушул Методикалык эрежелердин аракеттери жайылтылган, керектөөчүгө керектөө жана (же) топтук таңгактарда сатылган Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасында (мындан ары - ЕАЭБдин ТЭИ ТН) 2402 жана 2403 коддору менен аныкталган товарлар;
20) тамеки продукциясынын транспорттук таңгагы (мындан ары - транспорттук таңгак) - тамеки продукциясын сактоо жана ташууда зыян келтирүүдөн коргоо максатында колдонулуучу, керектөө жана/же топтук таңгактарга таңгакталган жана өз алдынча транспорттук бирдикти түзгөн таңгак. Транспорттук таңгак чакан өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорттук таңгакты да ичине камтыйт;
21) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары - тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүүнү, жүгүртүүнү жана (же) аларды жүгүртүүдөн чыгарууну ишке ашырган юридикалык жак жана жеке ишкерлер, буга андан ары сатуу менен байланышпаган максаттарда колдонуу үчүн тамеки продукциясын сатып алган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер кирбейт;
22) маркаланган товарлардын санариптик каталогу - маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды сактоо жана каталогдоштуруу үчүн колдонулуучу "Товарларды маркалоо" АМС чакан системасы.
3. Ушул Методикалык эрежелердин колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) убактылуу сактоодо турган же бажы кампаларына бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган тамеки продукциясына;
2) келген жериндеги бажы органынан баруучу жердеги бажы органына чейин чет өлкөлүк тамеки продукциясын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча ташуу (жеткирүү) үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосунда жайгаштырылган тамеки продукциясына;
3) келген жериндеги бажы органынан ички бажы органына чейин чет өлкөлүк товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча ташуу (жеткирүү) үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосунда жайгаштырылган тамеки продукциясына;
4) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгуу максатында бажы жол-жобосунда жайгаштырылган тамеки продукциясына;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына ташып чыгуу максатында өндүрүлгөн тамеки продукциясына (Евразия экономикалык комиссиянын Кеңеши тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тамеки продукциясын милдеттүү түрдө идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү тууралуу чечим кабыл алынганга чейин же Евразия экономикалык бирлигине мүчө болгон эки же андан көп мамлекетке тамеки продукциясын милдеттүү түрдө идентификациялоо каражаттары менен маркалоо киргизилгенге чейин);
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу жаатындагы ченемдик техникалык актыларынын талаптарына шайкештигин баалоо максатында сыноо жүргүзүү үчүн арналган зарыл болгон санда сакталуучу жана ташылуучу тамеки продукциясынын үлгүлөрүнө;
7) сатууга арналбастан, эл аралык көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин уюштуруучулары жана катышуучулары тарабынан үлгү жана экспонат катары Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн тамеки продукциясына;
8) алымсыз соода дүкөндөрүндө сатылуучу тамеки продукциясына;
9) өндүрүүчү тарабынан сакталууда турган тамеки продукциясына;
10) алынган, камакка алынган, тартып алынган же башка ыкма менен мамлекеттин кирешесине айлантылган тамеки продукциясына жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарында каралган, аткарылбаган милдеттенмелеринин эсебине алынган тамеки продукциясына, аларды ыйгарым укуктуу орган тарабынан сактоодо, ташууда жана сатууда, ошондой эле жок кылынууга тийиш болгон тамеки продукциясына, аларды сактоодо жана ташууда;
11) жеке адам өзү жеке колдонушу үчүн сатып алган жана Кыргыз Республикасына ташып келген тамеки продукциясына;
12) дипломатиялык өкүлдөрдүн, консулдук мекемелердин, эл аралык, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле мамлекеттердин алардын алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн расмий колдонуусу үчүн арналган тамеки продукциясына, аларды сактоодо, ташууда жана колдонууда;
13) чекене соода алкагында сатып алган жана товарларды кайтарып бергенин ырастаган документтер болгон шартта, сатып алуучу тарабынан сатуучуга кайтарылып берилген тамеки продукциясына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды сактоодо жана ташууда;
14) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосунда жайгаштырылган тамеки продукциясына;
15) ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосунда жайгаштырылган тамеки продукциясына;
16) эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосунда жайгаштырылган тамеки продукцияларына;
17) эркин кампа бажы жол-жобосунда жайгаштырылган тамеки продукциясына.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү (ага идентификациялоо каражаттарын түшүрүүсүз жана "Товарларды маркалоо" АМСине тамеки продукциясын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө маалыматтарды берүүсүз) жана аларды сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоону киргизүүгө чейин уруксат берилет.
5. Тамеки продукциясын жүгүртүүгө катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу киргизилгенге чейин, идентификациялоо каражаттарын түшүрбөстөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоону киргизүүгө чейин жүгүртүүгө киргизилген тамеки продукциясын сактоого, ташууга жана сатууга укуктуу.
6. "Товарларды маркалоо" АМСинде техникалык оператордун тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынан мындай тамеки продукциясына идентификациялоо каражаттары түшүрүлгөнү тууралуу маалыматты алганы чагылдырылса, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоо киргизилгенге чейин техникалык оператор берген маркалоо коддорунан кайра түзүлгөн идентификациялоо каражаттары менен маркаланган тамеки продукциялары тиешелүү түрдө маркаланган деп таанылат.
2-глава. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларына карата талаптар
7. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары ушул Методикалык эрежелерге ылайык:
1) "Товарларды маркалоо" АМСинде катталууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө же өндүрүүчүдө же импорттоочуда тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүүгө жана (же) жүгүртүүгө байланыштуу иштерди ишке ашыруу зарылчылыгы пайда болгон күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде ишке ашырышат;
2) күчөтүлгөн квалификациялык электрондук кол тамганы колдонот (мындан ары - күчөтүлгөн электрондук кол тамга);
3) электрондук документтерге күчөтүлгөн электрондук кол тамганы коюу жана түзүү, ошондой эле "Товарларды маркалоо" АМС менен, анын ичинде жеке кабинет аркылуу зарыл болгон электрондук документтерди алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон программалык-аппараттык комплексти колдонушат.
8. Импорттоочулар ушул Методикалык эрежелердин 7-пунктунда айтылган талаптардан тышкары, жеке кабинет аркылуу техникалык оператор берген заказдарды башкаруу станциясына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
9. Тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн катышуучуларына "Товарларды маркалоо" АМСинде маркалоо кодунун заказдарын башкаруу станцияларына жетүүсүн камсыздоо техникалык операторлор тарабынан кайтарымсыз негизде ишке ашырылат.
Заказдарды башкаруу станцияларына жетүү техникалык оператор тарабынан "Товарларды маркалоо" АМСинде катталат.
3-глава. "Товарларды маркалоо" АМСинин техникалык операторлору менен тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын маалымат алмашуу тартиби
10. "Товарларды маркалоо" АМС менен тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсү маалыматтарды берүүнүн стандарттык протоколдорун жана техникалык операторлор тарабынан иштелип чыккан электрондук документтерди (арыз, кабарлоо жана башкалар) алмашуу жолу менен электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу аркылуу ишке ашырылат, анын форматын ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт жана Интернет түйүндөрүндөгү техникалык оператордун расмий сайтына жайгаштырылат.
11. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан "Товарларды маркалоо" АМСине жиберилген электрондук документтерге тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын күчөтүлгөн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.
12. Жүгүртүүнүн катышуучусун каттоо, тамеки продукциясын, маркалоо коддорунун заказдарын каттоо, тамеки продукциясына санариптик идентификациялоо каражатын коюу жөнүндө маалыматтарды жана "Товарларды маркалоо" АМСинде тамеки продукциясын бириктирүү жөнүндө маалыматтарды берүү жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ырааты менен ишке ашырылат.
13. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан "Товарларды маркалоо" АМСине жиберилген, ушул Методикалык эреженин талаптарына туура келген бардык документтер жана маалыматтар "Товарларды маркалоо" АМСинде чагылдырылууга тийиш.
14. Документтерди (арыздарды, кабарлоону) кабыл алуудан же "Товарларды маркалоо" АМСинде тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) берилген документтер белгиленген форматты бузуу менен даярдалса, туура эмес маалыматтар камтылса же ушул Методикалык эрежелердин 7 жана 9-главаларында каралган милдеттүү маалыматтар камтылбаса;
2) документке тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан кол коюлбаса;
3) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусуна карата юридикалык жактын ишинин токтогону жөнүндө же жеке ишкер катары жеке жактын ишинин токтотулушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында жазуу болсо.
15. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу электрондук документтерди берген же "Товарларды маркалоо" АМСине маалыматтарды киргизген күндөн тартып бир календардык күндүн ичинде тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусуна электрондук формада кабарлоону (мындан ары - кабарлоо) жиберүү жолу менен берилген документтердин алынганы жана "Товарларды маркалоо" АМСине маалыматтар киргизилгени, же болбосо документтерди кабыл алуудан же "Товарларды маркалоо" АМСине маалыматтарды киргизүүдөн баш тартылганы жөнүндө кабарланат. Кабарлоо төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун документинин каттоо номери;
2) кабарлоонун номери;
3) кабарлоонун датасы;
4) тамеки продукциясын идентификациялоо коду (топтук же транспорттук таңгактоо идентификациясынын коду) жана алардын "Товарларды маркалоо" АМСиндеги статусу (эгерде тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу берген документте тамеки продукциясы жөнүндө маалымат камтылса);
5) "Товарларды маркалоо" АМСине документтерди (маалыматтарды) киргизүү жөнүндө же аларды киргизүүдөн баш тартууга себептер жөнүндө билдирүү.
16. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу "Товарларды маркалоо" АМСине берген документтерди (маалыматтарды) "Товарларды маркалоо" АМСине киргизүү жөнүндө кабарлоо "Товарларды маркалоо" АМСинин техникалык оператору тарабынан "Товарларды маркалоо" АМСинде жеке кабинет же электрондук почта аркылуу электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусуна жиберет.
17. "Товарларды маркалоо" АМСинде документти берүү датасы болуп электрондук документти кабыл алуу жөнүндө кабарлоодо белгиленген дата таанылат.
Аталган кабарлоо электрондук документтер берилген же "Товарларды маркалоо" АМСине маалыматтар киргизилген күндөн тартып бир календардык күндүн ичинде автоматтык түрдө түзүлөт жана берилген документтерди (маалыматтарды) "Товарларды маркалоо" АМСине белгилөө менен электрондук документ формасында "Товарларды маркалоо" АМС тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусуна жиберилет.
18. Оператор менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн маалыматтык-технологиялык жана коммуникациялык инфратүзүмдөр колдонулат.
19. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары "Товарларды маркалоо" АМСине өз алдынча, ошондой эле башка юридикалык жактарды же тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары ыйгарым укук берген жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын атынан иштеген жеке ишкерлерди тартуу менен маалыматтарды берет.
20. Эгерде ушул Методикалык эрежелерде башкасы белгиленбесе, техникалык оператор арыз ээсине, ошондой эле эгер бул, ушул Методикалык эрежелерде каралган болсо, тамеки продукциясын арыз ээсинен алган, же арыз ээсине өткөрүп берген жүгүртүүнүн башка катышуучуларына "Товарларды маркалоо" АМСине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарлоону милдеттүү түрдө жиберүү менен мындай документтерди жана маалыматтарды алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде "Товарларды маркалоо" АМСине тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары берген документтерди жана маалыматтарды жайгаштырууну камсыз кылат.
21. Тамеки продукциясын жүгүртүүгө мониторингди камсыздоо максатында техникалык оператор "Товарларды маркалоо" АМСинде төмөнкүдөй маалыматтардын болушун камсыздайт:
1) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары жөнүндө;
2) санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон тамеки продукциясы жөнүндө;
3) тамеки продукциясынын таңгагына түшүрүлгөн санариптик идентификациялоо каражаттары жөнүндө.
22. Техникалык оператор "Товарларды маркалоо" АМСинин алкагында төмөнкүдөй реестрлердин жүргүзүлүшүн уюштурат жана камсыздайт:
1) документтердин реестри;
2) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларынын реестрин;
3) тамеки продукциясынын реестри;
4) санариптик идентификациялоо каражаттарынын реестри.
23. Техникалык оператор "Текшер" мобилдик тиркемеси аркылуу Интернет тармагында төмөнкүдөй жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды жайгаштырууну камсыз кылат:
1) соода бирдигинин глобалдык номерин (Global Trade Item Number (GTIN));
2) товардын өндүрүүчүсү жөнүндө маалыматты (юридикалык жактын аталышы, аты-жөнү);
3) товардын бирдигинин жеке сериялык номери;
4) товардын соода маркасы (бренди) жана аталышы;
5) өндүрүлгөн өлкөсү.
Маалыматтар коомдук контролдоо функциясын ишке ашыруу үчүн керектөөчүлөргө берилет.
4-глава. "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо
24. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларын "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо жана аларга жеке кабинетке кирүү мүмкүндүгүн берүү техникалык оператор тарабынан тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары ушул Методикалык эрежеге ылайык техникалык операторго берген маалыматтардын негизинде ишке ашырылат.
25. Тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн катышуучулары "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо үчүн уюмдун жетекчисинин колу коюлган жана уюмдун же жеке ишкердин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндө арызды техникалык оператордун дарегине жиберишет же "Товарларды маркалоо" АМСинде электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин пайдалануу менен юридикалык жактын же жеке ишкердин атынан ишеним катсыз аракеттенүү укугуна ээ болгон жактын күчөтүлгөн электрондук кол тамгасы коюлган, "Товарларды маркалоо" АМСине каттоо тууралуу арызды (мындан ары - катышуучуну каттоо жөнүндө арыз) жиберишет, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аталышы же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аты-жөнү;
2) товар жүгүртүүнүн катышуучуларынын тиби (импорттоочу);
3) салык төлөөчүнүн - товар жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык номери;
4) юридикалык жак болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун турган жери же жеке ишкер болуп саналган товар жүгүртүүнүн катышуучусунун турган жери;
5) товар жүгүртүүнүн катышуучусунун аты-жөнү, телефону жана электрондук почтасынын дареги;
6) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун атынан ишеним катсыз аракеттенүү укугуна ээ болгон жактын аты-жөнү;
7) "Товарларды маркалоо" АМСинен кабарлоо жиберилүүчү, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун телефону жана электрондук почтасынын дареги.
26. Каттоого арызды иштеп чыгуу жана текшерүү техникалык оператор тарабынан мындай арыз каттоодон өткөн датадан тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
27. Арыз берүүчү "Товарларды маркалоо" АМСине каттоодон баш тартууну төмөнкүдөй учурларда алат (ушул Методикалык эрежелердин 14-пунктунда аталган документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары):
1) арызга кол койгон жактын аты-жөнү арызда көрсөтүлгөнгө туура келбесе;
2) арыз берүүчү "Товарларды маркалоо" АМСине катталган болсо;
3) арызда көрсөтүлгөн арыз берүүчүгө карата маалыматтар жок болсо же Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасындагы маалыматтарга ылайык келбесе же жеке ишкердин ишинин токтогондугу тууралуу маалымат болсо.
28. "Товарларды маркалоо" АМСине каттоодон баш тартылса, техникалык оператор ушул Методикалык эрежелердин 26-пунктунда каралган мөөнөттө арыз берүүчү көрсөткөн электрондук почтасынын дарегине тиешелүү кабарлоону жиберет.
29. Катышуучуну каттоо жөнүндө арызды текшерүүнүн жыйынтыгы оң болсо, техникалык оператор ушул Методикалык эрежелердин 26-пунктунда каралган мөөнөттө арыз берүүчүнү "Товарларды маркалоо" АМСине каттайт, ага жеке кабинетке кирүү мүмкүндүгүн берет жана арызда көрсөтүлгөн арыз берүүчүнүн электрондук почтасынын дарегине каттоо жөнүндө кабарлоо жиберет.
30. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу же ал ыйгарым укук берген жак (мындан ары - ыйгарым укуктуу адам) күчөтүлгөн электрондук кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу менен "Товарларды маркалоо" АМСинин жеке кабинетине катталат.
31. "Товарларды маркалоо" АМСинин колдонуучуларын идентификациялоо электрондук башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
5-глава. "Товарларды маркалоо" АМСине тамеки продукциясын каттоо
32. Тамеки продукциясы "Товарларды маркалоо" АМСинин "Маркаланган товарлардын санариптик каталогу" чакан системасында, эгерде тамеки продукциясы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлсө, импорттоочу тарабынан тамеки продукциялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин катталат.
33. "Товарларды маркалоо" АМСинде каттоо үчүн тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу "Товарларды маркалоо" АМСине катталуучу тамеки продукциясы жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун (импорттоочунун) идентификациялык салык номери;
2) товардын коду (GTIN);
3) тамеки продукциясынын аталышы;
4) тамеки продукциясынын таңгагынын түрү;
5) топтук таңгактагы керектөө таңгагынын саны (топтук таңгактоолор үчүн);
6) транспорттук таңгактагы топтук таңгактын саны (транспорттук таңгактоолор үчүн);
7) ЕАЭБ ТЭИ ТН 10 орундуу коду;
8) ПМСК коду (3-версия);
9) соода маркасы (бренд);
10) ЕАЭБ дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык чыккан өлкөсү;
11) керектөө таңгактарында продукциянын саны (даана).
6-глава. Тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттарынын, анын ичинде маркалоо коддорунун, идентификациялоо коддорунун жана текшерүү коддорунун түзүмүнүн жана форматынын мүнөздөмөлөрү
34. Тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаты түздөн-түз тамеки продукциясынын керектөө жана топтук таңгактарына эки өлчөмдүү штрих код түрүндө коюлат. Эки өлчөмдүү штрих код ISO/IEC 16022:2006 "Автоматтык идентификациялоо. Штрих кодун коюу. Data Matrix символунун өзгөчөлүгү" эл аралык стандартынын талаптарына ылайык басылат.
35. Керектөө жана топтук таңгактарга санариптик идентификациялоо каражатын түшүрүү сапатына төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) ISO/IEC 16022:2006 "Автоматтык идентификациялоо. Штрих кодун коюу. Data Matrix символунун өзгөчөлүгү" эл аралык стандартынын талаптарына ылайык ЕСС-200 каталарды оңдоо методун колдонуу менен басма ыкмасында түшүрүү;
2) ISO/IEC 16022:2006 "Автоматтык идентификациялоо. Штрих кодун коюу. Data Matrix символунун өзгөчөлүгү" эл аралык стандартынын негизинде ASCII код коюу таблицасын пайдалануу.
36. Штрих код форматындагы идентификациялоо каражаттары төмөнкүдөй талаптарга жооп берет:
1) керектөө жана топтук таңгак үчүн 0,254 миллиметрден кем эмес өлчөмдөгү модуль колдонулат (буга ылайык идентификациялоо каражатынын өлчөмү 5*5 мм кем эмес), транспорттук үчүн 2 мм кем эмес;
2) идентификациялоо каражатын табуу ыктымалдыгы байкалбагыдай төмөн жана кандай болгон учурда да 10000дин ичинен бирден аз болууга тийиш.
37. Каталарды таануу жана оңдоо функциясы ECC200 Data Matrix барабар же андан жогору болот. Керектөө таңгагын санариптик идентификациялоо каражаты өзүнө маалыматтардын 3 милдеттүү тобун камтыган маркалоо кодунан турат, алардын биринчи 2 тобу керектөө таңгагын идентификациялоо кодун түзүшөт, мында:
1) биринчи топ 14 цифрадан турат жана товардын кодун камтыйт;
2) экинчи топ 7 символдон (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турат жана тамеки продукциясынын таңгагынын жеке сериялык номерин камтыйт;
3) үчүнчү топ 8 символдон (цифралардан, латын алфавитинин кичине жана баш тамгаларынан, ошондой эле атайын символдордон) турат жана текшерүү кодун камтыйт.
38. Керектөө таңгагынын санариптик идентификациялоо каражаты Data Matrix форматында эки өлчөмдүү штрих коду түрүндө берилет.
39. Топтук таңгакты санариптик идентификациялоо каражаты маалыматтардын 3 милдеттүү тобун камтыган маркалоо кодун камтыйт, алардын биринчи 2 тобу топтук таңгактын идентификациялоо кодун, ошондой эле тамеки продукциясын өндүрүүчүнүн каалоосу боюнча киргизилүүчү маалыматтардын кошумча каалагандай санын түзөт. Маалыматтардын милдеттүү топтору GS1 эл аралык стандартында каралган төмөнкүдөй атрибуттар менен идентификацияланат:
1) милдеттүү маалыматтардын биринчи тобу AI = '01' колдонуу коду менен идентификацияланат жана топтук таңгактын товардык кодун камтыйт (14 цифра);
2) милдеттүү маалыматтардын экинчи тобу AI = '21' колдонуу коду менен идентификацияланат жана топтук таңгактын жеке сериялык номерин камтыйт (7 символ);
3) милдеттүү маалыматтардын үчүнчү тобу AI = '93' колдонуу коду менен идентификацияланат жана текшерүү кодун камтыйт (8 символ).
40. Топтук таңгакты санариптик идентификациялоо каражаты GS1-Data Matrix форматында эки өлчөмдүү штрих коду түрүндө берилет.
41. Транспорттук таңгакты идентификациялоо коду тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун тандоосу боюнча GS1-128 стандартына шайкеш келген бир өлчөмдүү штрих коду же GS1-Data Matrix форматында эки өлчөмдүү код менен берилет. Транспорттук таңгакты идентификациялоо кодунун курамы тамеки продукциясын транспорттук таңгакка бириктирген тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан аныкталат.
42. Штрих кодунун форматындагы санариптик идентификациялоо каражаттары төмөнкүдөй талаптарга жооп берет:
1) таңгактын бардык түрлөрү (керектөө, топтук жана транспорттук) үчүн 0,254 мм кем болбогон өлчөмдөгү модуль колдонулат (мунун натыйжасында идентификациялоо каражаттары - 5*5 мм кем эмес);
2) санариптик идентификациялоо каражаттарын аныктоо ыктымалдыгы эң эле төмөн жана кандай болсо да он миңдин ичинен бирден аз болушу керек;
3) каталарды таануу жана оңдоо функциясы ЕСС200 Data Matrix барабар же андан жогору;
4) штрих коду ISO/IEC 16022:2006 шайкеш келет.
43. "Товарларды маркалоо" АМСи тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражатында камтылган маркалоо кодун кайталап түзүүгө (генерациялоого) жол бербейт.
7-глава. Санариптик идентификациялоо каражаттарын түзүүнүн тартиби
44. Ушул главада каралган процесстердин алкагында тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу заказдарды башкаруу станциялары аркылуу "Товарларды маркалоо" АМСи менен документтерди жана маалыматтарды алмашат, ага жеке кабинеттери аркылуу техникалык оператор менен уруксат берилет.
45. Санариптик идентификациялоо каражаттары менен тамеки продукциясын маркалоону камсыздоо үчүн тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу техникалык операторго маркалоо коддорун алууга өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) жиберет.
46. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) салык төлөөчүнүн - тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусунун идентификациялык номери;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына тамеки продукциясын жүгүртүүгө киргизүү ыкмасы ("Кыргыз Республикасына ташылып келген");
3) маркалоо коддорун алуунун максаты (импорт);
4) идентификациялоо каражаттарын түшүрүү ыкмасы (түз басуу);
5) таңгактоо тиби;
6) "Товарларды маркалоо" АМСинин "Маркаланган товарлардын санариптик каталогу" чакан системасында катталган товардын (GTIN) коду;
7) суралган маркалоо коддорунун саны;
8) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан өз алдынча түзүлгөн учурдагы товардын ар бир нускасынын жеке сериялык номери.
47. Маркалоо коддорун берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер:
1) өтүнмө ушул Методикалык эрежелердин 46-пунктунда белгиленген маалыматтарды камтыбаса;
2) тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу "Товарларды маркалоо" АМСинде катталбаса;
3) идентификациялоо коду буга чейин "Товарларды маркалоо" АМСинде катталса;
4) товардын коду "Товарларды маркалоо" АМСинин "Маркаланган товарлардын санариптик каталогу" чакан системасында катталбаса.
48. Өтүнмө "Товарларды маркалоо" АМСинде катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде техникалык оператор "Товарларды маркалоо" АМС каражаттары менен өтүнмөдө көрсөтүлгөн сандагы маркалоо коддорун түзөт жана тийиштүү идентификациялоо коддорун "Товарларды маркалоо" АМСинин идентификациялоо каражаттарынын реестрине кошот.
49. Маркалоо коддорун идентификациялоо каражаттарынын реестрине киргизүүдөн кийин техникалык оператор өтүнмө боюнча берилген маркалоо коддорунун курамы жөнүндө маалыматтарды өтүнмө ээсине жиберет.
50. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу маркалоо коддорун санариптик идентификациялоо каражаттарына кайра түзөт, аларды тамеки продукциясынын таңгагына түшүрүүнү камсыз кылат жана тамеки продукциясына түшүрүлгөн санариптик идентификациялоо каражаттарында камтылган идентификациялоо коддору жана санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрүү датасы жөнүндө маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине өткөрүп берет.
51. Эгерде төмөнкүлөр аныкталган болсо, санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине каттоодон баш тартылат (ушул Методикалык эрежелердин 14-пунктунда аталган документтерди кабыл алуудан же маалыматтарды киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиздерден тышкары):
1) идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө кабарлоодо көрсөтүлгөн идентификациялоо коддору "Товарларды маркалоо" АМСинин идентификациялоо каражаттарынын реестринде жок болсо;
2) идентификациялоо коддору жөнүндө маалыматтар ушул Методикалык эрежелердин 47-пунктунда каралган талаптарды бузуу менен берилсе.
52. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусуна ушул Методикалык эрежелердин 15-пунктунда каралган тартипте санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСинде каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо жиберилет.
8-глава. Санариптик идентификациялоо каражаттарын түшүрүү тартиби
53. Санариптик идентификациялоо каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүдөй учурларда тамеки продукциясын ташып келүүдө түшүрүлөт:
1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган өлкөлөрдүн аймагынан товарды ички керектөө же реимпорт үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна жайгаштырууга чейин;
2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналган өлкөнүн аймагынан ташып келүүдө - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө чейин.
54. Идентификациялоо каражаты керектөө таңгагынан идентификациялоо каражатын ажыратып алууга жол бербеген ыкма менен керектөө таңгагына түшүрүлөт.
Керектөө таңгагына түшүрүлгөн идентификациялоо каражаты тунук ороочу пленкага же кандайдыр бир башка тышкы орогон материалга түшүрүлбөшү керек жана башка маалымат менен жабылбашы керек. Мында идентификациялоо каражаты техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык керектөө таңгагына түшүрүлгөн маалыматтын бүтүндүгүн бузбаган түрдө жайгашышы керек.
55. Идентификациялоо каражаттарын таңгакка түшүрүү эрежелери:
1) керектөө таңгагына идентификациялоо каражаты төмөнкү бурчуна же капталына түшүрүлөт;
2) эгерде техникалык жактан мүмкүн болсо, анда топтук таңгакка идентификациялоо каражаты каптал жагына же болбосо каалаган тарабына түшүрүлөт;
3) транспорттук таңгакка идентификациялоо каражаты алдыңкы бетине же каптал жагына түшүрүлөт.
9-глава. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан "Товарларды маркалоо" АМСине киргизүү үчүн тамеки продукциясын бириктирүү жөнүндө маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине берүү тартиби
56. Тамеки продукциясын жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна бириктирилген таңгакты берүүгө чейин тамеки продукциясынын керектөө таңгактарын топтук таңгакка бириктиргенден кийин тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу бул тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине берет:
1) топтук таңгактын идентификациялоо коду;
2) бириктирилген керектөө таңгактарынын идентификациялоо кодунун тизмеси;
3) бириктирүү датасы.
Эскертүү: бул маалыматтар "Товарларды маркалоо" АМСине тамеки продукциясын маркалоо жөнүндө маалыматтар менен бир убакта берилиши мүмкүн.
57. Керектөө таңгактарын топтук таңгактарга бириктирүү жөнүндө маалымат бириктирилген таңгактын тамеки продукциясын жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна берүүгө чейин таңгактарды транспорттук таңгактарга бириктирүү жөнүндө маалымат менен бирге берилиши мүмкүн.
58. Тамеки продукциясынын таңгактарын транспорттук таңгактарга бириктирүүдөн кийин бириктирилген таңгакты тамеки продукциясын жүгүртүүнүн кийинки катышуучусуна берүүгө чейин тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу бул тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды "Товарларды маркалоо" АМСине берет:
1) транспорттук таңгактын идентификациялоо коду;
2) бириктирилген таңгактардын идентификациялоо кодунун тизмеси;
3) бириктирүү датасы.
10-глава. "Товарларды маркалоо" АМСинде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
59. Ушул Методикалык эрежелердин 3-5 жана 9-главаларында каралган маалыматтар өзгөрсө, тамеки продукциясын жүгүртүүнүн катышуучусу алар өзгөргөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоону техникалык операторго жиберет.
___________________
(1) модуль (module): Бир бит маалыматты коддоо үчүн колдонулган жана Data Matrix символунда номиналдык квадраттык формага ээ болгон матрица символунун өзүнчө уячасы.".