Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-октябры № 570
Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесин ишке ашыруу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциядан коргоону камсыздоо, товарларды эсепке алынбаган/контрабандалык ташып өткөрүүнү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмеги жана милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү (мындан ары - Маркалануучу товарлардын тизмеги) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларды жүгүртүүчү экономикалык иш субъекттери төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат деп белгиленсин:
- бул токтом менен бекитилген Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташып келинүүчү, сатылуучу, милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларга маркалоо каражаттарын түшүрөт;
- Маркалануучу товарлардын тизмегинде көрсөтүлгөн маркаланбаган товарларды сатууга тыюу салууну киргизүү мөөнөтү келип жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган товарларды жүгүртөт.
3. Ыйгарым укуктуу салык органы маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору менен бирдикте:
- товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүдө, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо/ташып келүүдө аларга милдеттүү маркалоону киргизүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
- Маркалануучу товарлардын тизмегиндеги товардык топторду кеңейтүүнү эске алуу менен Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалымат системасын системалык негизде жеткире иштеп чыксын;
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүнү, импорттоону/ташып келүүнү жүзөгө ашырган экономикалык иш субъекттеринин арасында түшүндүрүү жана маалыматтык ишти системалык негизде жүргүзсүн.
4. Ыйгарым укуктуу салык органы эки жумалык мөөнөттө бул токтомдун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды маркалоонун методикалык эрежелерин бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Маркалануучу товарлардын тизмегине киргизилүүчү өзгөртүүлөргө ылайык маркалоого тийиш болгон айрым товардык позициялар боюнча 9 белгинин деңгээлиндеги Продукциянын мамлекеттик статистикалык классификаторунун (мындан ары - ПМСК) жана 10 белгинин деңгээлиндеги ЕАЭБ ТЭИ ТН (2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген) коддорун шайкеш келтирүүгө туруктуу негизде көмөк көрсөтүү сунушталсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмеги жана милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү
№ | Товарлардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | ПМСК коду* | Маркалоо киргизүү мөөнөттөрү | Маркаланбаган товарларды сатууга тыюу салууну киргизүү мөөнөттөрү |
1 | Арак | 220860 | 11.01.10.630 11.01.10.850 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
2 | Ликер-арак ичимдиктери | 220830 220870 220890 | 11.01.10.300 11.01.10.810 11.01.10.820 11.01.10.830 11.01.10.840 11.01.10.890 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
3 | Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар | 220840 220850 | 11.01.10.400 11.01.10.500 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
4 | Шараптар | 220410 жана 220430дан тышкары, 2204, 2205, 2206, | 11.02.12.110 11.02.12.170 11.02.12.200 11.02.12.300 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
5 | Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 2208201200- 2208202900, 2208206200- 2208208900 | 11.01.10.220 11.01.10.230 11.01.10.290 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
6 | Шуулдама шараптар, шампанды кошкондо | 2204 2205 2206 | 11.02.11.300 11.02.11.900 11.04.10.000 11.03.10.100 11.03.10.200 11.03.10.300 11.03.10.400 11.03.10.500 11.03.10.600 11.03.10.700 11.03.10.900 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
7 | Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 | 11.01.10.650 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
8 | Тамекилер (чыпкалуу, чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула) | 2402, 2404 | 12.00.11.500 12.00.11.700 12.00.19.990 | 2021-жылдын 1-июлунан тартып | 2022-жылдын 1-январынан тартып |
ПМСК коду* - бул сап маркалоочу товардын карточкасын түзүүдө жана маркалоочу товарлардын каталогуна киргизүүдө ишкердик субъекттердин ишинин ыңгайлуулугу үчүн маалыматтык мүнөзгө ээ.