Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) санариптик трансформациялоону өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине (мындан ары - Министрлик) жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды үзгүлтүксүз жана талаптагыдай аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналык системасында өзүнчө алыш-бериш эсеби түрүндө түзүлөт.
2. Фондду түзүүнүн булактары
2. Фондду түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) электр жана почта байланышы кызматтарын көрсөтүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндө байланыш тармагын өнүктүрүүгө ар жылдык төлөмдөрдүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 40 пайызы;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ыктыярдуу салымдар.
3. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө;
2) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү илимий-техникалык, инновациялык ишти финансылык камсыздоого, анын ичинде стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
3) Министрликтин кызматкерлерин окутуу, такшалтуу жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш жаатындагы конференцияларга, семинарларга катышууга;
4) Министрликтин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө;
5) Министрликтин жамааттык келишимде каралган милдеттенмелерин аткарууга.
4. Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча конкреттүү багыттарды Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри белгилейт жана бекитет.
4. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
5. Электр жана почта байланышы кызматтарын көрсөтүүчүнүн түшкөн акчасынан ар жылдык төлөмдөрдүн 0,9 пайыз өлчөмүндө каражаттары байланыш тармагын өнүктүрүүге республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которулат жана Министрликке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин топтоочу эсебинде эске алынат.
6. Министрликке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен бирдикте иш жүзүндө келип түшкөн финансы каражаттарын эсепке алуу үчүн ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине (беш) чейин салыштыруу актысын түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Фондго салыштыруу актыларынын негизинде иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын 40 (кырк) пайыз өлчөмүндө финансы каражаттарын ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10уна (он) чейин жиберет.
8. Фонддун каражаттары чыгымдардын бекитилген сметасына жана иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарына ылайык чыгымдалат.
9. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Фонддун каражаттарынын тескөөчүсү жана аларды пайдалануу үчүн жооптуу адам болуп саналат.
10. Министрликтин финансы бөлүмү Фонддун каражаттарын түзүүнү (келип түшүүсүн), бөлүштүрүүнү эсепке алат, каражаттардын белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык багыттарына ылайык максаттуу пайдаланылышын контролдойт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чейрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аталган каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине отчет берет.