Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 14-июну № 29
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр «Санариптик өнүктүрүү министрлигине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктунда:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацындагы "байланыш тармагын өнүктүрүүгө," деген сөздөр алып салынсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |