Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-июну № 42
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Салык салынуучу жеткирүүлөр жана салык салынуучу импорт боюнча төмөнкү мезгилдерге кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы белгиленсин:
1) 2021-жылдын 1-июлу - 31-августунда – кумшекер (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 99 100 коду), иштетилбеген тростник канты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 13 жана 1701 14 коддору), рафинаддалган же рафинаддалбаган, бирок химиялык курамы өзгөртүлбөгөн өсүмдүк, сафлор же пахта майы жана алардын фракциялары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) үчүн;
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
2) 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин - айыл чарба жаныбарлары (ЕАЭБ ТЭИ ТН: жылкы (0101), ири мүйүздүү мал (0102), чочко (0103), кой жана эчки (0104), канаттуулар (0105) коддору) үчүн.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| У.Марипов |