Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12 августу №123
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы № 42 “Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;
- 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) 2021-жылдын 1-июлу - 31-августунда – кумшекер (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 99 100 коду), иштетилбеген тростник канты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 13 жана 1701 14 коддору), рафинаддалган же рафинаддалбаган, бирок химиялык курамы өзгөртүлбөгөн өсүмдүк, сафлор же пахта майы жана алардын фракциялары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) үчүн;”.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-августундагы № 88 жарыяланды
Төрага |
У.А. Марипов |