ТоктомКүчүн жоготту

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178»Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 1-июлу № 57

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын аймагындагы коронавирус инфекциясына (COVID-19) байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 1-пунктунун биринчи абзацындагы “1-июлуна” деген сөздөр “31-декабрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пунктунун биринчи абзацындагы “1-июлуна” деген сөздөр “31-декабрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту “Саламаттык сактоо” деген сөздөрдөн кийин “жана социалдык өнүктүрүү” деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктундагы “Өкмөтүнө” деген сөз “Экономика жана финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы “Өкмөтүнүн Аппаратынын” деген сөздөр “Президентинин Администрациясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

Төрага

У.А. Марипов