Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 токтомуна) |
Медициналык калдыктар менен иштөө ТАРТИБИ
1. Ушул Медициналык калдыктар менен иштөө тартиби (мындан ары - Тартип) саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар менен иштөө тартибин регламенттейт, ошондой эле медициналык калдыктардын бардык түрлөрүн бөлүүгө, чогултууга, таңгактоого, маркалоого, эсебин алууга, сактоого, ташууга, жугушсуздандырууга/зыянсыздандырууга, көмүүгө карата талаптарды аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу менчик түрүнө карабастан төмөнкү типтеги жана түрдөгү саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат:
- дарылоо-профилактикалык;
- коомдук саламаттык сактоо уюмдары;
- илимий-изилдөө;
- саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары;
- медициналык-социалдык;
- реабилитациялык;
- медициналык тез жардам станциялары, кан куюучу станциялар, стоматологиялык клиникалар;
- жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары.
Эскертүүсү: Берилген тартиптин 2-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 2-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
3. Радиоактивдүү калдыктар менен иштөө радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Сымаптуу калдыктар менен иштөө экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Европа экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы чечими менен кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин "Химиялык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" (ТР ЕАЭБ 041/2017) техникалык регламентине ылайык ишке ашырылат.
5. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
калдыктардын кооптуулук классы - кооптуу калдыктардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна мүмкүн болгон зыяндуу түздөн-түз же кыйыр таасиринин деңгээли;
контаминацияланган медициналык калдыктар - адамдын каны жана/же организминдеги башка суюктуктар же лабораториялык инфекциялык агенттердин культуралары менен аралашкан калдыктар;
медициналык калдыктар - калдыктардын бардык түрлөрү, анын ичинде медициналык иштерди жүргүзүү процессинде, ошондой эле медициналык максатта инфекциялык оорулардын козгогучтарын жана гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу жаатындагы иштерде пайда болгон анатомиялык, патологоанатомиялык, биохимиялык, микробиологиялык жана физиологиялык калдыктар;
медициналык калдыктарды иштеп чыгуу - кооптуу медициналык калдыктардын коркунучун төмөндөтүү боюнча милдеттүү жугушсуздандырууну жана/же дезинтоксикациялоону, ошондой эле көлөмүн мүмкүн болушунча азайтууну жана/же алардын түрүн өзгөртүүнү караган чаралардын комплекси;
медициналык калдыктар менен иштөө - медициналык калдыктарды идентификациялоо жана бөлүштүрүү, чогултуу, жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу, эсебин алуу, сактоо, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;
жугушсуздандыруу - объект/ти/терди микробдордон арылтуу, натыйжада ал адамдар жана жаныбарлар үчүн коопсуз болот. Стерилдөө (автоклавдан өткөрүү) же дезинфекциялоо менен жетишилет;
зыянсыздандыруу (калдыктарды зыянсыздандыруу) - калдыктарды адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн зыянсыз болгон концентрацияга чейин тазалоо же болбосо тазалоого мүмкүн болбогон калдыктарды жылчыксыз көмүү;
калдыктарды өз алдынча чогултуу - калдыктарды белгиленген кооптуулук классына, физикалык касиеттерине жана алардын агрегаттык абалына ылайык чогултуу, убактылуу сактоо иши;
атайын кийим - иш ордунда кызматкердин ден соолугуна зыяндуу жана кооптуу факторлордон денени, колдун терисин, көздүн былжыр челин, мурундун жана ооздун көңдөйүн, дем алуу жана ашказан ичеги органдарын коргоо үчүн арналган жеке коргоо каражаты;
калдыктарды ташуу - калдыктарды алар пайда болгон объекттерден алып чыгуу, сорттоо, сактоо, кайра иштетүү, жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу, көмүү жана жок кылуу;
калдыктарды жок кылуу (алып чыгуу) - калдыктарды дээрлик толук жок кылуу максатында иштетүү;
калдыктарды сактоо - калдыктарды көмүү, жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу максатында аларды алып чыкканга чейин атайын жабдылган топтогучтарда кармоо;
кырсыктуу окуялар - күтүүсүз окуялар, алардын натыйжасында ден соолукка, жабдууларга жана жабдыктарга мүмкүн болгон же келтирилген зыян, ошондой эле зыяндын башка түрлөрү;
калдыктарды утилдештирүү - калдыктарды жаңы технологиялык циклдерге тартуу, пайдалуу максаттарда колдонуу; калдыктарды кайра пайдалануучу чийки зат катары жана башка максаттар үчүн пайдалануу.
6. Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар менен иштөө процесси өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) саламаттык сактоо уюмдарында калдыктарды идентификациялоо жана бөлүштүрүү;
2) саламаттык сактоо уюмдарында калдыктарды чогултуу, таңгактоо жана маркалоо;
3) кооптуу калдыктарды жана көп жолку колдонулуучу шаймандарды тазалоо;
4) калдыктарды бөлүмдөрдөн алып чыгуу жана аларды пайда кылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын аймагында убактылуу сактоо;
5) медициналык калдыктарды эсепке алуу;
6) медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу;
7) калдыктарды пайда кылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан медициналык калдыктарды ташуу;
8) медициналык калдыктарды көмүү же жок кылуу.
7. Медициналык калдыктар саламаттык сактоо уюмдары үчүн кабыл алынган медициналык калдыктар менен иштөө схемасына ылайык чогултулат, убактылуу сакталат, жугушсуздандырылат/зыянсыздандырылат жана ташып чыгарылат.
8. Медициналык калдыктар менен иштөө схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) пайда болгон медициналык калдыктардын сапаты жана саны;
2) медициналык калдыктарды чогултуу үчүн чыгымдалуучу материалдарга жана тараларга керектөөлөр;
3) медициналык калдыктарды чогултуу тартиби;
4) медициналык калдыктарды убактылуу сактоо (топтоо) тартиби, аларды ташып чыгуунун мезгилдүүлүгү;
5) шаймандар жана көп жолку контейнерлер;
6) медициналык калдыктарды жугушсуздандыруунун/зыянсыздандыруунун жана жок кылуунун колдонулуучу ыкмалары;
7) кокустан тери катмары сайылганда/кесилгенде, медициналык калдыктар былжыр челге же тери катмарына түшкөндө жана таңгактын бүтүндүгү бузулганда (медициналык калдыктар чачылганда, төгүлгөндө) медициналык калдыктар менен иштөө процессине тартылган персоналдын иш-аракеттеринин тартиби;
8) персоналга медициналык калдыктар менен иштөөдө эпидемиологиялык коопсуздук эрежелерин окутуу иштерин уюштуруу.
9. Медициналык калдыктар менен иштөө системасын уюштуруу максатында:
1) саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен төмөнкүлөр дайындалат:
- медициналык калдыктар менен иштөөнү уюштурган жана ушул Тартиптин талаптарын сактоону контролдогон адам;
- медициналык калдыктар менен иштөө боюнча инструктаждан өткөн, саламаттык сактоо уюмунун ар бир бөлүмүндө медициналык калдыктар менен иштөөгө жооптуу адамдар;
2) пайда болуучу медициналык калдыктардын көлөмү жана классы эсепке алынат, жылына бир жолудан кем эмес инвентаризация жүргүзүлөт;
3) саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен пайда болуучу медициналык калдыктарга инвентаризация жүргүзүү боюнча комиссиянын курамы аныкталат, инвентаризация башталган жана аяктаган дата, ошондой эле инвентаризациялоого тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөр аныкталат;
4) медициналык калдыктар менен иштөө жаатында өндүрүштүк контроль жүргүзүлөт;
5) ведомстволук статистикалык отчет саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте толтурулат жана берилет;
6) авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптар сакталат;
7) адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн терс кесепеттүү авариялык кырдаал пайда болгондо өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл токтоосуз маалымдалат.
10. Саламаттык сактоо уюмдарында пайда болуучу медициналык калдыктар адамдын каны жана/же организминдеги башка суюктук же инфекциялык агенттердин культурасы менен аралашуусуна жараша контаминацияланган (инфекцияланган) жана контаминацияланбаган болуп эки түргө бөлүнөт. Медициналык калдыктардын бардык түрү менен иштөө алардын пайда болушуна, агрегаттык абалына, физикалык-химиялык касиеттерине, компоненттери менен калктын ден соолугу жана адамдардын жашоо чөйрөсү үчүн кооптуулук классынын саны боюнча катышына жараша болот.
11. Медициналык калдыктар кооптуулук классына карата төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) А классы - курамы боюнча тиричиликтин катуу калдыктарына жакындатылган эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар;
2) Б классы - эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар;
3) В классы - эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар;
4) Г классы - I-IV кооптуулук классындагы токсикологиялык кооптуу медициналык калдыктар;
5) Д классы - радиоактивдүү медициналык калдыктар.
12. Медициналык калдыктардын кооптуулук классы медициналык калдыктардын морфологиялык курамына жараша ушул Тартиптин тиркемесине ылайык аныкталат.
13. Медициналык калдыктар төмөнкү обьекттерге жайгаштырылат:
1) саламаттык сактоо уюмунун аймагында медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жана жыюу объекттерине;
2) медициналык калдыктарды стационардык жайгаштыруу, сактоо жана көмүү үчүн атайын жабдылып курулган стационардык жыюу жана көмүү объекттерине, көмүү полигондоруна.
14. Медициналык калдыктарды трансчек аралык ташуу Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө Базель конвенциясынын жана "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
15. Медициналык калдыктар менен иштөөдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу зарыл, алар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) медициналык калдыктардын адамдын жашоосуна жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин тобокелин жокко чыгаруучу эмгекти коргоо ыкмаларын жана методдорун пайдалануу;
2) персоналга толук көлөмдө өздүк гигиенанын зарыл болгон каражаттарын, жеке коргонуу каражаттарын жана атайын кийимди берүү;
3) персоналды медициналык калдыктар менен коопсуз иштөө чараларына окутуу жана инструктаждоо;
4) медициналык калдыктарды чогултууда идиштерди маркалоо үчүн кооптуулукка карата эскертүүчү белгилердин болушу;
5) медициналык калдыктарды тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар адистештирилген ишканаларда жок кылуу же утилдештирүү;
6) авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
16. Медициналык калдыктарды убактылуу сактоодо жана жайгаштырууда өрт коопсуздугун жана өзүнөн өзү бузулушун, анын ичинде кооптуу продуктулардын пайда болушун жана бири-бири менен коркунучтуу реакцияга киришин жокко чыгаруучу атайын чаралар сакталууга тийиш, алар төмөнкүлөргө алып келүүсү мүмкүн:
1) күйүп кетүүгө жана/же чоң көлөмдөгү жылуулуктун бөлүнүп чыгуусуна;
2) тез жалындоочу уулуу же муундуруучу газдын бөлүнүп чыгуусуна;
3) башка химиялык активдүү жана кооптуу, анын ичинде коррозиялоочу заттардын пайда болуусуна;
4) эпидемиологиялык булгануунун жайылуусуна.
17. Жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган медициналык калдыктарды жайгаштыруу жана жыюу ушул максаттар үчүн жабдылган жана тосулган атайын чатырчасы бар участоктордо/аянтчаларда жүргүзүлүшү керек.
18. Медициналык түрдүү кооптуулук классындагы калдыктарды алардын пайда болгон жеринде жалпы идиште аралаштырууга тыюу салынат. Кооптуу медициналык калдыктар менен коопсуз калдыктар аралашып калган учурда бардык аралашкан калдыктар кооптуу медициналык калдыктардын категориясына кирет жана тиешелүү жугушсуздандырылууга/зыянсыздандырылууга тийиш.
19. Көп жолку контейлерлерди медициналык калдыктар пайда болгон жерлерден убактылуу сактоо, жок кылуу, же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу, түшүрүү жана жүктөө процесстери механизацияланууга тийиш.
20. Саламаттык сактоо уюмдарында жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункттары жок болгон учурда калдыктар саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү уруксаты бар ишканаларда жакынкы жок кылуучу же жугушсуздандыруучу/зыянсыздандыруучу жерге атайын транспорт менен ташып чыгарылат.
21. Медициналык калдыктар менен иштөөгө 18 жашка чейинки адамдарга жол берилбейт. Персонал эмгек мыйзамдарында жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда алдын ала (жумушка кабыл алынганда) жана мезгилдүү медициналык текшерүүлөрдөн өтөт.
22. Персонал улуттук профилактикалык эмдөө календарына ылайык эмделиши керек. В гепатитине жана сенекке каршы иммундаштырылбаган персоналга Б жана В классындагы медициналык калдыктар менен иштөөгө жол берилбейт.
23. Персонал ишке кабыл алынганда жана андан кийин жыл сайын медициналык калдыктар менен коопсуз иштөө эрежелерине милдеттүү түрдө окутулат жана инструктаждан өтүп турат.
24. Персонал атайын кийимдин комплекти (халаттар/комбинезондор, коргоочу алжапкычтар, кол каптар, беткаптар/респираторлор, коргоочу калкамалар/көз айнектер, атайын ным өткөрбөгөн жана тешилбеген бекем бут кийим, жең каптар жана башкалар) менен камсыздалат.
25. Персонал атайын кийимде иштөөгө тийиш, аны менен жумушчу орундан сырткары чыгууга жол берилбейт. Өздүк кийимди жана атайын кийимди ар башка шкафтарда сактоо керек.
26. Атайын кийим саламаттык сактоо уюмунда борборлоштуруп жуулат. Атайын кийимди үйдө жууганга тыюу салынат.
27. Эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар (мындан ары - А классындагы калдыктар) көп жолку контейнерлерге же бир жолку пакеттерге чогултулат.
28. Талап кылынуучу таңгак: бир жолку пластик пакеттер (полиэтилен) же жакшы сапаттагы жана жетиштүү көлөмдөгү көп жолку контейнерлер. Бир жолку пакеттер атайын арабаларга же көп жолку контейнерлерге жайгаштырылат.
29. Толтурулган көп жолку контейнерлер же бир жолку пакеттер аталган класстагы калдыктарды чогултуу үчүн атайын аянтчада (жайда) орнотулган маркаланган контейнерлерге жеткирилет жана жүктөлөт. Калдыктар үчүн контейнерлер "Медициналык калдыктар. А классы" деген жазуу менен маркаланат. Көп жолку контейнерлер бошотулгандан кийин жуулат жана дезинфекцияланууга тийиш. Көп жолку контейнерлерди жуу жана дезинфекциялоо тартиби ар бир конкреттүү саламаттык сактоо уюмдарынын калдыктар менен иштөө схемасына ылайык аныкталат.
30. А классындагы калдыктарды ташуу бул аймак үчүн кабыл алынган санитардык тазалоо схемасын эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдын талаптарына ылайык уюштурулат.
31. А классындагы ири көлөмдүү калдыктар ири көлөмдүү калдыктар үчүн атайын контейнерлерге чогултулат. Инфекцияланган материал же бейтаптар менен контактта болгон ири көлөмдүү калдыктардын үстүңкү беттери жана агрегаттары топтолуучу контейнерге жайгаштыруунун алдында милдеттүү түрдө жугушсуздандырылат/зыянсыздандырылат.
32. Эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар (мындан ары - Б классындагы калдыктар) медициналык калдыктарды башкаруунун кабыл алынган системасына жараша (борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган) жугушсуздандырууга/зыянсыздандырууга жана андан кийин жок кылынууга тийиш. Медициналык калдыктарды башкаруу системасын тандоо медициналык калдыктар менен иштөө схемасын иштеп чыгууда саламаттык сактоо уюмунун мүмкүндүгүнө жараша аныкталат.
33. Саламаттык сактоо уюмунда Б классындагы калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункту же медициналык калдыктарды жугушсуздандыруунун/зыянсыздандыруунун борборлоштурулган системасы жок болгон учурда Б классындагы калдыктар ошол уюмдун персоналы тарабынан алардын пайда болгон жеринде химиялык методдор менен жугушсуздандырат.
34. Б классындагы калдыктар бир жолку пластик пакеттерде жана/же контейнерлерде топтолот. Пакет жана/же контейнер калдыктардын морфологиялык курамына жараша тандалат.
35. Б классындагы калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу жана ташуу үчүн талап кылынуучу таңгак:
1) механикалык таасирге, курч нерселер менен тешилүүгө, жогорку жана төмөнкү температурага, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине карата туруктуу, суу өткөрбөс материалдардан жасалган, капкактары тыгыз жабылган, алардын өзүнөн өзү ачылуусуна жол бербеген контейнерлер;
2) Б классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыз кылуучу атайын бир жолку пластик (полипропилен) пакеттер.
36. Медициналык иш жүргүзгөн уюмдардын иш орундарында жугушсуздандыруунун аппараттык методдорун колдонуу учурунда ийнесин өзүнчө бөлүү менен (ийнелерди бөлүү үчүн ийне чечкичтерди, ийне чогулткучтарды, ийне кескичтерди пайдалануу зарыл) пайдаланылган шприцтерди ажыратылбаган түрдө, кол каптарды, жара таңгыч материалдарды жана башка колдонулган медициналык буюмдарды бир идишке (контейнерге, пакетке) чогултууга жол берилет.
37. Б классындагы калдыктарды чогултуу үчүн пакеттер атайын тирөөч-арабаларга же педаль капкактуу контейнерлерге бекитилиши керек.
38. Пакеттин көлөмү 3/4төн ашык эмес толтурулгандан кийин саламаттык сактоо уюмунун аталган бөлүмүндө калдыктарды чогултууга жооптуу кызматкер пакетти биркалуу боо же Б классындагы калдыктарды төкпөй турган башка шаймандар менен байлайт. Б классындагы калдыктарды бөлүмдүн чегинен тышкары ачык контейнерлерде сактоого жана ташууга жол берилбейт.
39. Б классындагы калдыктарды акыркы таңгактоодо аларды бөлүмдөн (уюмдан) алып чыгуу үчүн Б классындагы калдыктары бар контейнерлер бөлүмдүн аталышын, датасын жана калдыктарды жыйноого жооптуу адамдын фамилиясын жазып, "Кооптуу! Инфекцияланган калдыктар". Медициналык калдыктар. Б классы" деген жазуу менен маркаланат. Кодировкалоо түсү: сары.
40. Б классындагы калдыктарды чогултуу үчүн көп жолку транспорттук контейнерлер жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пунктунда күн сайын дезинфекцияланат.
41. Пакеттерге чогултулган жана транспорттук контейнерлерге жайгаштырылган же көп жолку контейнерлерде чогултулган Б классындагы калдыктар бөлүмдөрдөн саламаттык сактоо уюмунун жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктуна же медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жайына которулат жана андан ары тиешелүү уруксаты бар ишканалардын жок кылуучу же жугушсуздандыруучу/зыянсыздандыруучу жайына адистештирилген транспорт менен ташып жеткирилет. Б классындагы калдыктарды сактоочу бөлмөгө бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат. Аппараттык методдорду пайдалануу менен медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункттарын уюштурууда эпидемиологиялык коопсуздук талаптары камсыздалган шартта Б классындагы калдыктарды пайда болгон жеринде алдын ала жугушсуздандыруусуз чогултууга, убактылуу сактоого, ташууга уруксат берилет.
42. Мында саламаттык сактоо уюмдары бардык керектүү чыгымдоо каражаттары, анын ичинде талап кылынган таңгак менен камсыз болууга тийиш.
43. Б классындагы патологоанатомиялык жана органикалык операциялык калдыктар кремацияланат же башка жогорку температурадагы физикалык метод менен жок кылынат, же биологиялык калдыктар үчүн атайын чуңкурларда же болбосо көрүстөндөрдөгү атайын мүрзөлөрдө өзүнчө бөлүнгөн участокто көмүлөт. Саламаттык сактоо уюмдарынын алыс жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана башка медициналык жардам көрсөтүү жайларынан алып чыгарылган, атайын контейнерлерде таңгакталган Б классындагы жугушсуздандырылбаган калдыктарды саламаттык сактоо уюмдарынын адистештирилген пункттарында жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу үчүн көчүрүүгө жол берилет.
44. Б классындагы калдыктарды чогултууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жугушсуздандыруу максатында калдыктарды, анын ичинде венага инфузия үчүн пайдаланылган системаларды кол менен бузууга, кесүүгө;
2) пайдаланылгандан кийин шприцтен ийнени кол менен чыгаруу, инъекциядан кийин ийнеге калпакчасын кийгизүүгө;
3) таңгакталбаган калдыктарды бир идиштен экинчисине салууга (жүктөөгө);
4) калдыктарды тыгыздоого;
5) калдыктар менен кайсыл операцияларды болбосун кол капсыз же зарыл болгон өздүк коргонуу каражаттарысыз жана атайын кийимсиз жүргүзүүгө;
6) учтуу медициналык инструменттерди жана башка курч буюмдарды чогултуу үчүн бир жолку жумшак таңгакты пайдаланууга;
7) калдыктарды чогултуу үчүн бир жолку жана көп жолку идиштерди жылытуучу приборлордон 1 метрге жетпеген аралыкта орнотууга.
45. Эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар (мындан ары - В классындагы калдыктар) милдеттүү түрдө жугушсуздандырылууга/зыянсыздандырылууга тийиш.
46. Эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар менен иштөө 1 жана 2-топтогу патогендүү козгогучтар менен иштөөнү уюштуруу аймакты санитардык коргоо талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
47. В классындагы калдыктар бир жолку пластик пакеттерде жана/же контейнерлерде топтолот. Пакет жана/же контейнер калдыктардын морфологиялык курамына жараша тандалат. В классындагы калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу жана ташуу үчүн талап кылынуучу таңгак:
1) механикалык таасирге, курч нерселер менен тешилүүгө, жогорку жана төмөнкү температурага, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине карата туруктуу, суу өткөрбөс материалдардан даярдалган, капкактары тыгыз жабылган, алардын өзүнөн өзү ачылуусуна жол бербеген контейнерлер;
2) В классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыз кылуучу атайын бир жолку пластик (полипропилен) пакеттер.
48. В классындагы калдыктар физикалык (аппараттык) методдор менен милдеттүү түрдө жугушсуздандырылат (дезинфекцияланат). Дезинфекциялоонун химиялык методдору тамак-аш калдыктарын жана бейтаптардын бөлүп чыгарууларын зыянсыздандыруу үчүн гана, ошондой эле эпидемия чыккан жерде баштапкы эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууда колдонулат. Жугушсуздандыруу (дезинфекциялоо) методун тандоо калдыктарды чогултуу жана алып чыгуу схемасын иштеп чыгууда жүзөгө ашырылат. Жугушсуздандырылбаган В классындагы калдыктарды саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салынат.
49. В классындагы калдыктарды чогултуу үчүн пакеттер атайын тирөөч-арабаларга же педаль капкактуу контейнерлерге бекитилиши керек.
50. Пакеттин көлөмү 3/4төн ашык эмес толтурулгандан кийин саламаттык сактоо уюмунун аталган бөлүмүндө калдыктарды чогултууга жооптуу кызматкер пакетти биркалуу боо же В классындагы калдыктарды төкпөй турган башка шаймандар менен байлайт. Б классындагы калдыктарды бөлүмдүн чегинен тышкары ачык контейнерлерде сактоого жана көчүрүүгө жол берилбейт.
51. Мында саламаттык сактоо уюмдары бардык керектүү чыгымдоо каражаттары, анын ичинде талап кылынган таңгак менен камсыз болууга тийиш.
52. В классындагы калдыктарды акыркы таңгактоодо аларды бөлүмдөн алып чыгуу үчүн В классындагы калдыктары бар идиштер (пакеттер, контейнерлер) бөлүмдүн аталышын, датасын жана калдыктарды жыйноого жооптуу адамдын фамилиясын жазып, "Кооптуу! Инфекцияланган калдыктар" Медициналык калдыктар. В классы" деген жазуу менен маркаланат. Кодировкалоо түсү: сары.
53. В классындагы калдыктарды чогултууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жугушсуздандыруу максатында калдыктарды, анын ичинде венага инфузия үчүн пайдаланылган системаларды кол менен бузууга, кесүүгө;
2) пайдаланылгандан кийин шприцтен ийнени кол менен чыгаруу, инъекциядан кийин ийнеге калпакчасын кийгизүүгө;
3) таңгакталбаган калдыктарды бир бактан экинчисине салууга (жүктөөгө);
4) калдыктарды тыгыздоого;
5) калдыктар менен кайсыл операцияларды болбосун кол капсыз же зарыл болгон өздүк коргонуу каражаттарысыз жана атайын кийимсиз жүргүзүүгө;
6) учтуу медициналык инструменттерди жана башка курч буюмдарды чогултуу үчүн бир жолку жумшак таңгакты пайдаланууга;
7) калдыктарды чогултуу үчүн бир жолку жана көп жолку идиштерди жылытуучу приборлордон 1 метрге жетпеген аралыкта орнотууга.
54. Г классындагы медициналык калдыктарга тиешелүү болгон пайдаланылган сымаптуу приборлор, лампалар, жабдуулар маркаланган капкагы тыгыз жабылган контейнерге чогултулуп атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдө сакталат.
55. Талап кылынуучу таңгак: калдыктардын мүнөзүнө жана алар менен байланышкан тобокелдиктерге жараша атайын контейнерлер же Г класстагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыздоочу башка таңгак колдонулат.
56. Пайдаланылбаган дары-дармек, диагностикалык, дезинфекциялык каражаттар маркаланган таңгакка топтолот.
57. Г классындагы калдыктар ченемдик документтердин талаптарына ылайык кооптуулук классына жараша маркаланган идиштерде чогултулат жана убактылуу сакталат (уюмдун, бөлүмдүн аталышын, датасын жана калдыктарды жыйноого жооптуу адамдын фамилиясын жазып, "Кооптуу! Сымаптуу калдыктар. Г Классы", "Кооптуу! Кооптуу фармацевттик калдыктар. Г Классы", "Кооптуу! Цитоуулуу калдыктар. Г Классы", "Кооптуу! Тез жалындоочу калдыктар. Г Классы", "Кооптуу! Жарылуу коркунучу бар калдыктар. Г Классы"). Кодировкалоо түсү: күрөң.
58. Бардык сымаптуу медициналык калдыктар жана иштен чыккан медициналык багыттагы сымаптуу шаймандар чогултулууга жана сымапты кийинки регенерациялоо үчүн тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар адистештирилген ишканаларга кайтарылууга тийиш.
59. Иштетилген сымаптуу лампаларды чогултуу жана алмаштыруу иштерине билими боюнча текшерүүдөн жана мындай иштин түрүн аткарууда коопсуздук чаралары жөнүндө инструктаждан өткөн электр монтёрлеру, электр слесарлары тартылат.
60. Сымаптуу медициналык калдыктарды өндүрүш жайларынан өзүнчө жайгашкан атайын жабдылган жайда чогултуу жана сактоо зарыл. Сымаптуу калдыктар коопсуздук техникасынын жана санитардык ченемдердин тартибине ылайык сакталышы керек.
61. Иштетилген сымаптуу лампалардын жылчыксыздыгын сактоо аларды чогултуудагы жана алмаштыруудагы башкы шарт болуп эсептелет.
62. Люминесценттүү лампалардын бүтүн картон кутулары, картон, фанера кутулар, жыгач-таарынды такта (ДСП) кутулары, полиэтилен жана кагаз пакеттер лампаларды сактоо жана чогултуу үчүн таңгак болуп саналат.
63. Таңгакталган иштетилген лампаларды жана башка сымаптуу калдыктарды таңгактардын бузулушуна жол бербеген текчелерде сактоо керек.
64. Сынган сымаптуу лампалар "Сынган сымаптуу калдыктар үчүн" маркасы менен жана ташуу үчүн кармагычы бар жылчыксыз болот идиштерде сакталат жана чогултулат.
65. Сымаптуу медициналык калдыктарды сындырууга жана кооптуу калдыктар үчүн каралбаган таштанды жыйноочу жайларга жана башка жерлерге чыгарууга тыюу салынат.
66. Сынган сымаптуу медициналык калдыктар үчүн металл идиштерден сымапты бөлүп алууну тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар сымап өндүрүүчү жана колдонуучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер жүргүзүшөт.
67. Сымаптуу медициналык калдыктарды ташуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында Кооптуу калдыктарды иштетүү тартибине ылайык жүргүзүлөт.
68. Сымаптуу медициналык калдыктарды ташууда жолдо таңгактын бузулушуна, сымаптын жоголушуна, транспорт каражаттарынын жана жердин сымап менен булганышына жол бербей тургандай сөзсүз түрдө катары менен туура жыюу зарыл.
69. Сынган лампалар кармагычы бар жылчыксыз контейнерлерде ташылышы керек.
70. Сымаптуу медициналык калдыктарды жүктөө, ташуу жана түшүрүү ишкананын жоопкерчиликтүү адамынын катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш. Жүктөө убагында таңгактарды ыргытууга тыюу салынат. Таңгактарды жыюуда бекемирээк таңгакты төмөнкү катарларга жайгаштыруу керек.
71. Саламаттык сактоо уюмдарында иштетилген сымаптуу лампалардын, термометрлердин жана башка медициналык багыттагы сымаптуу буюмдардын калдыктарынын сандык эсеби жүргүзүлүүгө тийиш.
72. Радиоактивдүү медициналык калдыктарды (мындан ары - Д классындагы калдыктар) чогултуу, сактоо, жок кылуу "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны ылайык жүзөгө ашырылат.
73. Д классындагы калдыктарды ташып чыгаруу жана зыянсыздандыруу радиоактивдүү калдыктар менен иштөөгө лицензиясы бар адистештирилген ишканалар тарабынан жүргүзүлөт.
74. Б классындагы калдыктарды жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу борборлоштурулган же борборлоштурулбаган ыкмалар менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
75. Борборлоштурулбаган ыкмада медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункту саламаттык сактоо уюмунун аймагында жайгашат.
76. Борборлоштурулган ыкмада медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункту же болбосо жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу ишканалары саламаттык сактоо уюмунун аймагынан тышкары жайгашат, мында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерине ылайык калдыктарды атайын транспорт менен ташуу уюштурулат.
77. Б классындагы калдыктарды коопсуз жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу методу саламаттык сактоо уюмунун кубаттуулугуна жана профилине, медициналык калдыктарды аппараттык жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу орнотмолорунун жана жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу ишканаларынын болушуна жараша тандалат. Медициналык калдыктарды жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу методун тандоодо көлөмүн алдын ала жугушсуздандыруусуз/зыянсыздандыруусуз олуттуу азайтуу менен Б классындагы медициналык калдыктарды толугу менен жок кылууга мүмкүндүк берүүчү экологиялык коопсуз жогорку температурадагы жок кылуу методу артыкчылыктуу болуп саналат.
78. В классындагы калдыктар борборлоштурулбаган ыкма менен гана жугушсуздандырылат, жугушсуздандырылбаган В классындагы калдыктарды сактоого жана ташууга жол берилбейт.
79. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды ашыкча басымды, температураны, радиациялык электромагниттик нурланууну колдонуп, каныккан суу буусунун таасири менен физикалык (аппараттык) жугушсуздандыруу же жок кылуу методу тиешелүү экологиялык экспертизадан өткөн атайын жабдуу - медициналык калдыктарды жугушсуздандыруучу орнотмолор болгондо колдонулат.
80. Б жана В класстарындагы калдыктарды тийиштүү режимдердеги бактерициддик, вирулициддик, фунгициддик жана спороциддик (зарылдыгына жараша) аракетке ээ болгон дезинфекциялоочу каражаттардын эритмелеринин таасири менен химиялык жугушсуздандыруу методу медициналык калдыктарды дезинфекциялоочу эритмеси бар маркаланган идиштерге салуу ыкмасы менен алар пайда болгон жерлерде жүргүзүлөт.
81. Б классындагы калдыктарды алар пайда болгон жерлерде химиялык жугушсуздандыруу саламаттык сактоо уюмунда калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункту же медициналык калдыктарды борборлоштурулган зыянсыздандыруу системасы жок болгон учурда милдеттүү түрдөгү убактылуу чара катары пайдаланылат.
82. Б классындагы суюк калдыктарды жана ушул сыяктуу биологиялык суюктуктарды алдын ала жугушсуздандырбай туруп борборлоштурулган канализация системасына төгүүгө жол берилбейт.
83. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды жугушсуздандыруунун кайсы методунда болбосун Кыргыз Республикасында катталган дезинфекциялык каражаттар жана жабдуулар аларды пайдалануу боюнча нускамаларга ылайык колдонулат.
84. Б жана В классындагы медициналык калдыктарды борборлоштурулбаган жугушсуздандырууда/зыянсыздандырууда атайын орнотмолор саламаттык сактоо уюмунун аймагында жайгаштырылат.
85. Б жана В класстарындагы калдыктарды физикалык методдор менен аппараттык жугушсуздандыруудан/зыянсыздандыруудан кийин гана утилдештирүү, анын ичинде калдыктарды сорттоо технологияларын колдонууга болот.
86. Б жана В класстарындагы зыянсыздандырылган калдыктарды, алардын тышкы түрүн өзгөрткөн учурда (майдалоо, ысытып эритүү, тыгыздоо) жана кайталап колдонууга мүмкүн болбогондо гана тиричиликтин катуу калдыктар полигонуна көмүүгө жол берилет.
87. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункту саламаттык сактоо уюмунун атайын жабдылган жайларында же өз алдынча аймакта жайгашат жана Б жана В класстарындагы калдыктарды чогултууну, топтоону аппараттык жугушсуздандырууну/зыянсыздандырууну ишке ашырат.
88. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункту кирүүчү жолдору бар өзүнчө турган имараттын чарба зонасында, ошондой эле корпуста, анын ичинде автономдуу тарткыч-сордурма желдетүүсү менен жер төлө жайларында жайгашуусу мүмкүн.
89. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункту канализация, суу түтүктөрү, электр, жылуулук жана автономдуу тарткыч-сордурма желдетүү менен камсыздалышы керек.
90. Пункттун имаратынын көлөмү, пландалышы жана конструкциялары технологиялык процесстин үзгүлтүксүз иштешин, "таза" жана "булганыч" зоналарга бөлүштүрүү принцибин сактоо мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
91. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пунктунун аймагында калдыктарды кабыл алуу, иштетүү (жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу), убактылуу сактоо (топтоо), тирөөч-арабаларды, транспорттук контейнерлерди жана калдыктарды которууда колдонулуучу башка жабдууларды жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо ишке ашырылат.
92. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пунктунун жайы төмөнкү зоналарга бөлүнөт:
1) "булганыч" ага келип түшкөн медициналык калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо жайы, Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу орнотмолору менен жабдылган калдыктарды иштеп чыгуу жайы, жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жайы кирет. Анча чоң эмес көлөмдө келип түшкөн калдыктарды убактылуу сактоого жана аларды бир жерде жугушсуздандырууга/зыянсыздандырууга уруксат берилет. Б жана В класстарындагы жугушсуздандырылбаган/зыянсыздандырылбаган медициналык калдыктар 24 сааттан ашык сакталса муздаткыч жабдуулары каралат;
2) "таза", ага жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган калдыктарды, жууп-тазаланган жана жугушсуздандырылган калдыктарды ташуу каражаттарын (бир жайда убактылуу бирге сактоого мүмкүн) сактоо жайлары, чыгымдалуучу материалдардын кампасы, персоналдын бөлмөсү, санитардык түйүн, душка түшүүчү жай кирет.
93. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча бөлмөлөрдүн дубалынын, полунун жана шыбынын бети жылмакай, нымдын, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу болушу керек. Полу нымга туруктуу, сыйгаланбаган жана механикалык таасирге туруктуу материал менен жабылат.
94. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункттарынын бардык бөлмөлөрүндө турак жай жана коомдук имараттарды табигый, жасалма жана бириктирилген жарыктандыруу боюнча гигиеналык талаптарга ылайык бириктирилген же жасалма жарыктандыруу каралат.
95. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункттарынын бөлмөлөрүндөгү аба алмашуу микроклиматтын жол берилген параметрлерин камсыздоого, жумушчу зонанын абасындагы булгоочу заттардын гигиеналык ченемдерин сактоого тийиш.
96. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункттарынын бөлмөлөрүндө механикалык иштөөчү автономиялуу тарткыч-сордурма желдетүү каралат. Аба алмашуу схемасы технологиялык тапшырма менен аныкталат. Тарткыч боюнча аба алмашуунун мезгилдүүлүгү жана жергиликтүү сордурма орнотуунун зарылдыгы технологиялык жабдуунун түрүнө, санына жана кубаттуулугуна жараша эсептөөлөр боюнча аныкталат.
97. Өндүрүштүк жайларда абанын температурасы жана нымдуулугу гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө жана жумушчу зонанын микроклиматынын жол берилген параметрлерин камсыз кылууга тийиш.
98. Негизги өндүрүштүк жайлар (калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу, шаймандарды жана жабдууларды жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн) суу чачуучу кран, полдогу трап (поддон) менен жабдылууга тийиш. Калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу бөлмөлөрүндө колду жууш үчүн раковина каралат.
99. Жабдуулар, аларды пайдаланууга ыңгайлуу болуп орнотулуп, гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
100. Калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо жайлары таразалар менен жабдылат.
101. Калдыктар, жумуш сменасында алар пайда болгон жерлерде чогултулат. Учтуу жана/же саюучу инструменттер үчүн контейнерлерди бөлүмдө 24 сааттан ашык сактоого жол берилбейт.
102. Саламаттык сактоо уюмдарында муздаткыч жана тоңдургуч бар болсо, жугушсуздандырылбаган Б классындагы калдыктарды муздаткыч жана тоңдургуч камераларында 24 сааттан ашык сактоого жол берилет.
103. Б жана В классындагы калдыктарды чогултуу үчүн колдонулуучу бир жолку полипропилен пакеттер 10 кгдан ашык калдыктарды коопсуз чогултуу мүмкүндүгүн камсыздашы керек.
104. Б жана В классындагы жугушсуздандырылбаган калдыктар башка класстагы калдыктардан өз алдынча, бөтөн адамдар кирбеген атайын жайларда топтолот жана убактылуу сакталат. Анча чоң эмес саламаттык сактоо уюмдарында Б жана В классындагы калдыктарды көмөкчү жайда жайгашкан идиштерде убактылуу сактоого жана топтоого жол берилет.
105. Калдыктарды топтоо үчүн ылайыкталган муздаткычтарды башка максаттарда колдонууга жол берилбейт.
106. А классындагы калдыктар үчүн контейнерлер атайын аянтчада сакталат. Контейнер аянтчасы чарба зонасынын аймагында дарылоо корпустарынан жана тамак-аш блогунан 25 метрден кем эмес аралыкта жайгашып, катуу төшөлмөгө ээ болушу керек. Контейнер аянтчасынын көлөмү контейнерлердин түпкү аянтынын бардык тараптарынан 1,5 метрден ашык болууга тийиш. Аянтча тосулат жана анын чатырчасы болушу керек.
107. Сымаптуу калдыктарды убактылуу сактоо үчүн өзүнчө жабык жай бөлүнүп берилет, ага бөтөн адамдар кирбеши керек. Сактоочу бөлмө сымаптын агып кетишин, сынып калган контейнерлерди, сактоо методдорун, желдеткичтердин иштешин, персоналдын атайын кийимдерин, сымаптын агып кетишин жоюу боюнча комплектинин курамын, эсептик жазууну контролдоо үчүн ар айда текшерилип турат.
108. Сымаптуу калдыктарды сактоочу бөлмөдө абаны сыртка чыгаруу, ошондой эле сымаптуу калдыктар сакталган жердеги абанын имараттын ичине кирип кетишин болтурбоо үчүн активдүү желдетүү системасы болууга тийиш.
109. Сактоочу бөлмө салкын жана кургак болушу керек (калдыктардын абага тарашын минималдаштыруу үчүн температура 25 °Cтан ашпоого, эгерде сактоо үчүн контейнерлер жана текчелер пайдаланылса, коррозияны минималдаштыруу үчүн нымдуулук 40%дан төмөн болууга тийиш).
110. Медициналык калдыктардын кыймылын эсепке алуу жана контролдоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) уюмдун бардык медициналык калдыктарын эсепке алуу журналы. Журналда ташып чыгарылуучу таңгактын бирдигинин саны жана/же калдыктарынын салмагы, ошондой эле калдыктарды ташып чыккан ишкананы көрсөтүү менен аларды ташып чыгуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;
2) медициналык калдыктарды ташууга жана зыянсыздандырууга жана/же жугушсуздандырууга адистештирилген ишканаларга берилген уруксатты ырастаган документтер;
3) медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктунда медициналык калдыктарды эсепке алуу журналы, ал ушул пункттун негизги эсепке алуу жана отчеттук документи болуп саналат. Журналда келип түшкөн медициналык калдыктардын салмагы, алар саламаттык сактоо уюмунун кайсы бөлүмүнөн келип түшкөндүгү, калдыктардын классы, медициналык калдыктарды жеткирген жак жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү) көрсөтүлөт.
111. Саламаттык сактоо уюмдары экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштурат жана жүргүзөт.
112. Медициналык калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, зыянсыздандыруу боюнча өндүрүштүк контролдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) визуалдык жана документтик текшерүүнү (айына 1 жолудан кем эмес):
- чыгымдалуучу материалдардын (пакеттердин, контейнерлердин запасы ж.б.), чакан механизация каражаттарынын, дезинфекциялоочу каражаттардын саны;
- персоналдын жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушун, атайын кийимди борборлоштуруп жууну жана аны үзгүлтүксүз алмаштырууну уюштуруу;
- медициналык калдыктар, контейнерлер, контейнер аянтчалары менен иштөө участокторун жана/же убактылуу сактоо жайларынын санитардык абалын жана дезинфекциялоо режимин;
- жугушсуздандыруу же/жана зыянсыздандыруу режимдеринин сакталышын;
- калдыктардын үзгүлтүксүз чыгарылышын;
2) лабораториялык-инструменттик текшерүүнү:
- орнотмолордогу калдыктарды жугушсуздандыруунун же/жана зыянсыздандыруунун натыйжалуулугуна микробиологиялык контролдоону (жылына 1 жолудан кем эмес);
- микроклиматтын параметрлерин контролдоону (жылына 1 жолудан кем эмес);
- жугушсуздандыруу же/жана зыянсыздандыруу пункттарынын жумушчу зонасындагы абаны учуучу уулуу заттарга контролдоону (жабдуулардын технологиялык регламентине ылайык жүргүзүлөт).
Мамлекеттик контролдоо экологиялык коопсуздукту жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
113. Калдыктар чогултуу системаларынын мезгилдүүлүгү боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
1) контаминацияланган медициналык калдыктар жана/же ири көлөмдө чыгарылуучу калдыктарды үзгүлтүксүз чогултуу системасы. Мындай системаларда калдыктарды үзгүлтүксүз чогултуу графиги жана аларды жугушсуздандыруу пункттарына ташуу жана убактылуу сактоо каралган;
2) анча чоң эмес көлөмдө чыгарылуучу калдыктарды, ошондой эле өзгөчө кооптуу калдыктарды зарыл болгон учурда чогултуу системасы. Мындай системаларда калдыктар зарыл (талап) болгон учурда чогултулат жана ташып чыгарылат.
114. Калдыктар ташуу системаларынын ыкмасы боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
1) калдыктарды түз ташуу системасы. Калдыктар саламаттык сактоо уюмунун персоналы аркылуу түздөн-түз төмөнкү жайларга ташып чыгарылат:
- А классындагы калдыктарды убактылуу сактоо пунктуна (калдыктар үчүн контейнерлер аянтчалары), бардык бөлүмдөрдөн коопсуз жалпы калдыктар;
- бөлүмдөрдөн Б жана В класстарындагы калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пунктуна;
2) санитардык транспорт (автомобиль же атайын араба) менен калдыктарды ташуу системасы. Саламаттык сактоо уюмунун бөлүмдөрүнөн Б классындагы калдыктар санитардык транспорт менен атайын транспорттук контейнерлерге жайгаштырылып, пакеттерде ташылат. Бөлүмдөгү Б классындагы калдыктарды санитардык транспортко графикке ылайык бөлүмдүн персоналы алып чыгышат.
115. Калк жыш жайгашкан пункттардагы (шаарлардагы) саламаттык сактоо уюмунун аймагында кооптуу жана коопсуз медициналык калдыктарды жок кылууга (көмүүгө, өрттөөгө) уруксат берилбейт.
116. А классындагы коопсуз калдыктар өндүрүштүк калдыктарды иштетүү жана керектөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо уюмунун аймагынан тышкары тиричиликтин катуу калдыктар менен чогуу жок кылынат.
117. Кооптуу эмес калдыктарды саламаттык сактоо уюмунун аймагында жагымсыз жыттын таралышын болтурбоо үчүн жумасына эки жолудан кем эмес чыгаруу керек.
118. Эгерде адистештирилген ишкана Б жана В классындагы кооптуу калдыктарды алып салууда же жок кылууда колдонгон методдор жөнүндө толук маалымат болсо, ошондой эле эгерде бул методдор Кыргыз Республикасынын аймагындагы санитардык жана экологиялык талаптарга толук шайкеш келсе, Б классындагы кооптуу калдыктар алдын ала жугушсуздандыруусуз/зыянсыздандыруусуз, ал эми В классындагы калдыктар алдын ала химиялык дезинфекциялоодон кийин, эки класстын тең суюк калдыктарын кошпогондо, адистештирилген ишканаларды тартуу менен алып салынат жана жок кылынат.
119. Б, В класстарындагы кооптуу калдыктар борборлошпогон системада жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруудан кийин А классындагы коопсуз калдыктардын жалпы агымына жайгаштырылат жана муниципалдык коммуналдык кызматтар же башка ишканалар тарабынан саламаттык сактоо уюмунун аймагынан чыгарылат. Б классындагы жугушсуздандырылган калдыктардын агымынан кайра иштетүү үчүн калдыктардын агымы бөлүп алынат - бул пластмасса буюмдарын кайра иштетүү менен алектенген адистештирилген ишкана менен келишим боюнча чыгарылуучу шприцтердин пайдаланылган жана жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган пластик бөлүктөрү.
120. Б, В класстарындагы суюк калдыктар ошол жерден дезинфекциялык каражаттар менен аралаштырылып жугушсуздандырылат жана талап кылынган экспозициядан кийин, кан жана анын компоненттерин кошпогондо, канализацияга төгүлөт.
121. Б, В классындагы кооптуу медициналык калдыктарды иштеп чыгуу жана жок кылуу технологияларын тандоо учурунда калк, персонал жана айлана-чөйрө үчүн коопсуздук, иштеп чыгууда жана жок кылууда ишенимдүүлүк, жеткиликтүүлүк жана натыйжалуулук принциптерине негизделиши зарыл. Артыкчылыктуу болуп Б жана В класстарындагы кооптуу медициналык калдыктарды көлөмүн кыйла азайтуу менен, алдын ала жугушсуздандырбай/зыянсыздандырбай тийиштүү уруксаты бар ишканаларда толук жок кыла турган бийик температурада жок кылуунун (ажыратуунун) экологиялык жана эпидемиологиялык коопсуз технологиялары саналат. В жана Б классындагы медициналык калдыктарды жок кылууда абаны мажбурлап берүү менен бир же эки өрттөө камералары бар өрттөө технологияларын, алардын айлана-чөйрөгө жана калкка экологиялык коркунучтуу экенин эске алуу менен пайдаланууга уруксат берилбейт.
122. Медициналык калдыктарды чыгаруучу медициналык калдыктарды алып чыгуунун жана жок кылуунун тартибин, медициналык калдыктарды алып чыгуу жана жок кылуу менен алектенген, тиешелүү уруксаты бар адистештирилген уюмдун колдонуудагы транспорт каражаттарынын жана жабдыктарынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келишин контролдоого милдеттүү.
123. А классындагы калдыктарды ташуу өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюштурулат.
124. А классындагы калдыктарды ташууда турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын ташуу үчүн пайдаланган транспортту колдонууга уруксат берилет.
125. А классындагы калдыктарды ташуу үчүн көп жолку контейнерлер жумасына кеминде 1 жолу, ал эми Б классындагы калдыктар үчүн - ар бир бошотулгандан кийин жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш.
126. Калдыктарды ташыган уюмдун контейнерлерди жана транспорт каражаттарын жууганга, дезинфекциялоого жана дезинсекциялоого участогу болушу керек.
127. Жугушсуздандырылбаган Б классындагы калдыктарды ташуу үчүн атайын транспорт каражаттары колдонулат, аларды башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
128. Жугушсуздандырылбаган Б классындагы калдыктарды ташуу үчүн арналган транспорт каражаттарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар:
1) айдоочунун кабинасы автомобилдин кузовунан бөлүнүп турушу керек;
2) автомобилдин кузову жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен иштетүүгө, механикалык таасирге туруктуу материалдардан жасалып, ички бети жылмакай жана сырт жагында "Медициналык калдыктар" деген жазуусу, Биологиялык кооптуулуктун эл аралык белгиси түрүндө жакшы көрүнүп турган маркировкасы болушу керек;
3) тоңдуруучу камераларда сакталган калдыктарды 4 сааттан ашык узак ташууда муздатуучу транспорт каралат;
4) кузовунда контейнерлерди фиксациялоого, аларды жүктөөгө жана түшүрүүгө ыкталган куралдар каралышы керек;
5) транспорт каражаты медициналык калдыктар төгүлгөн жана чачылган учурларда шашылыш дезинфекция жүргүзүү үчүн каражаттардын комплектиси менен камсыз болушу керек (пакеттер, кол каптар, суу, дезинфекциялоочу каражаттар, чүпүрөк ж.б.);
6) калдыктарды ташууга тартылган транспорт жумасына кеминде 1 жолу жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Жугушсуздандыруу гидропульттан же чачыраткычтардан сугаруу ыкмасы менен же щетка жана чүпүрөктү колдонуу менен дезинфекциялоочу каражаттардын эритмелери менен сүртүү ыкмасы аркылуу жүргүзүлөт. Мында конкреттүү дезинфекциялоочу каражатты колдонуу боюнча нускамада/методикалык көрсөтмөлөрдө каралган этияттык чараларын сактоо зарыл (коргоочу кийим, респираторлор, коргоочу көз айнек, резина кол каптар);
7) транспорт каражаты мобилдик байланыш каражаттары менен жабдылат.
129. Г классындагы калдыктарды ташуу, жугушсуздандыруу жана көмүү токсиндүү өнөр жай калдыктарын чогултуу, ташуу, зыянсыздандыруу жана көмүү тартибине коюлган гигиеналык талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
130. Сымап толтурулган приборлорду ташуу атайын транспорт менен жүргүзүлүшү керек. Андай транспорт болбогон учурда айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүнү, авариялык кырдаалдын түзүлүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу, тиешелүү маркировкасы бар башка транспорт каражаттары менен ташууга уруксат берилет.
131. Сымап толтурулган таштандылар материалдын сакталышын камсыздаган жылчыксыз таңгакта ташылышы керек. Таранын материалы калдыктын курамындагы заттарга карата инерттүү болушу керек.
132. Люминесценттүү лампаларды ташуу алардын сынышына жол бербей тургандай катарлаш милдеттүү жыюуну камсыз кылуу менен заводдук таңгакта же сыйымдуулугу 100 даанадан ашпаган атайын контейнерде жүргүзүлүшү керек.
133. Сымаптуу калдыктарды жана металл сымабын ташуучу машинанын ар бир рейсине продукциянын түрү көрсөтүлгөн коштоочу документ берилиши керек. Сымаптуу калдыктарды жүктөө жана түшүрүү жооптуу жактын катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш.
134. Сымаптуу калдыктарды жана металл сымабын кабыл алууда калдыктарды утилизациялоо жана кайра иштетүү боюнча адистештирилген ишкана тарабынан кайра иштетүүгө тапшыруу фактысын далилдеген документтер берилүүгө тийиш.
135. Д классындагы калдыктарды ташуу радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
136. Медициналык калдыктарды ташууга тартылган персонал алдын-ала (жумушка кабыл алууда) жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолордон өтүүгө, ошондой эле профилактикалык иммунизацияланууга тийиш.
137. Транспорт каражатынын айдоочусу коопсуздук техника боюнча инструктаждан өтүүсү керек.
138. Медициналык калдыктарды ташууга тартылган персонал атайын кийимдин комплекттери жана жеке коргонуу каражаттары (кол каптар, маскалар/респираторлор/коргоочу тосмолор, атайын бут кийим, фартуктар) менен камсыз кылынат.
139. Кесиптик иш менен байланышкан инфекциялык ооруларды персоналга жугузган учурларды кабарлоо, эсепке алуу жана териштирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык өткөрүлөт.
140. Саламаттыкты сактоо уюмунда төмөнкүдөй инциденттерде жана кырсыктуу окуяларда коопсуздукту камсыздоо жана ишке ашыруу тартиби иштелип чыгышы керек:
1) кан жана суюк биологиялык субстанциялар төгүлгөндө;
2) сайып жана кесип алганда;
3) инфекциялуу калдыктарды ташууда төгүлгөндө/чачылганда.
141. Инциденттерди жана кырсыктуу окуяларды каттоо жана эсепке алуу үчүн саламаттык сактоо уюмунун ар бир бөлүмүнүн деңгээлинде авариялык кырдаалдарды эсепке алуунун атайын журналы болот. Ар бир кырсыктуу окуя (кооптуу калдыктардын төгүлүү/чачылуусу, сайылуу, кесилүү жана кандын, суюк биологиялык субстанциялардын төгүлүшү) аталган журналда тиешелүү жазуу түрүндө чагылдырылат. Журналда кырсыктуу окуя жөнүндө бардык зарыл болгон маалымат көрсөтүлүшү керек: жери, убактысы, аталган кырсык менен байланышкан медициналык кызматкердин аты-жөнү, травманын мүнөзү, кырдаалдын кеңири сүрөттөмөсү, жеке коргонуу каражаттарынын колдонулушу, коопсуздук техникалык эрежелердин сакталышы, травма болгон жердеги адамдарды көргөзүү, ошондой эле колдонулган шашылыш профилактиканын методу.
142. Кесепеттүү жана кесепетсиз инциденттер жана кырсыктуу окуялар тууралуу маалымат келечекте мындай учурларга жол бербөө үчүн алардын себептерин талдоо жана чара көрүү менен инциденттерди жана кырсыктуу окуяларды териштирүү отчетторунда чагылдырылууга тийиш. Саламаттык сактоо уюмунун бардык кызматкерлери мындай учурлар жөнүндө өзүнүн жетекчилерине жана саламаттык сактоо уюмунун инфекциялык контролдоо адисине билдирүүгө милдеттүү. Отчет медициналык таштандылар менен иш алып баруу үчүн жооптуу кызматкерге каттоо жана андан ары талдоо үчүн берилет.
143. Ийнелер жана башка учтуу медициналык шаймандар менен жабыркатууда мүмкүн болгон инфекциянын булагын табууга жана жабыр тартуучуга жуктуруу ыктымалын баалоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
144. Авариялык кырдаал пайда болгондо (медициналык калдыктардын төгүлүшү, кооптуу калдыктардын пакетинин жылчыксыздыгын бузуу) аны жоюу боюнча төмөнкү принциптерди жетекчиликке алуу зарыл:
1) авариялык кырдаалга туш болгон зонадан адамдарды чыгаруу жана аларды коопсуз жерге алып баруу;
2) эгерде төгүлүүнү өз алдынча тазалап жок кылууга мүмкүн болбосо, анда бул жайды/зонаны бөлүп коюу, эскертүү белгисин илүү керек;
3) жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;
4) медициналык таштандылар менен иш алып барууга жооптуу кызматкерди же башка жооптуу жакты (жетекчисин) маалымдоо;
5) бул учурду эсепке алуунун атайын журналында каттоо.
145. Адамдардын катышуусундагы инциденттерде, уколдун, кесилүүнүн, чийилүүнүн, кооптуу субстанциялар менен дем алуунун натыйжасында сырткы тери, ички органдар жабырланган учурда жасала турган аракеттердин тартиби:
1) анча чоң эмес жабырланууда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү керек;
2) чоңураак жабырланууда жана травма алганда врачка кайрылуу керек;
3) оор жабырланган учурда жабырлануучуну тиешелүү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмуна дарыланууга жеткирүү керек;
4) кокустук жөнүндө отчетту түзүү;
5) ийне менен сайып алганда жана медициналык инструменттер менен кесип алганда ВИЧ/СПИД жана вирустук гепатитти алдын алуу жана дарылоо талаптарына, саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын клиникалык протоколдоруна ылайык медициналык жардам көрсөтүлүшү керек;
6) жабырлануучуларга ВИЧ/СПИД жана вирустук гепатитти алдын алуу жана дарылоо талаптарына, саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын клиникалык протоколдоруна ылайык мезгилдүү медициналык байкоо жүргүзүлүшү керек.
146. Биологиялык суюктуктар жана кан төгүлгөндө саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык таштандыларын ташыган медициналык кызматкердин, персоналдын аракеттери:
1) жеке коргонуу каражаттарын кийүү: техникалык кол каптар, фартук, бетти коргоочу калкан же көз айнек;
2) биологиялык калдыктарды атайын жана маркировкаланган тыгыз жабылуучу капкактуу идишке же медициналык калдыктар үчүн полипропилен пакетине этияттык менен чогултуу;
3) төгүлгөн участокту нымды соруучу материал (кагаз салфетка же кебез) менен жаап жана 1% кальций гипохлорит эритмеси, же Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген жана ушул максатта колдонулуучу башка дезинфекциялык каражат менен дезинфекциялоо (20 минут) керек;
4) андан кийин нымды соргон салфетканы же кебезди ошол эле идишке же инфекциялык калдыктар үчүн полипропилен пакетине салып, стерилизациялоого жиберүү керек;
5) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялдык контролдоо адисине билдирүү керек.
147. Курч нерсе (ийне, скальпель ж.б.) менен сайып/кесип алганда жасалуучу аракеттер:
1) жабырланган жерди дароо самын менен жууш керек;
2) кан жарадан тоскоолсуз агышы үчүн жаракат алган жерди суунун агымына кармап туруу (бир нече минут же кан токтогуча);
3) таасири күчтүү каражаттарды: спиртти, агартуучу суюктуктарды жана йодду колдонууга болбойт, анткени алар жаралуу жерди дүүлүктүрүп, жаранын абалын начарлатышы мүмкүн;
4) жабырланган жерди күч менен басууга же сүртүүгө болбойт;
5) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү керек.
148. Биологиялык суюктуктар жабырланган теринин бетине, көздүн былжыр чел кабыгына киргенде жасалуучу аракеттер:
1) көздү жана жабырланган теринин бетин суу же физиологиялык эритме менен дароо жууш керек;
2) отуруп, башты артка карай кайрып, этияттык менен көзгө сууну же физиологиялык эритмени сурманын алдына агып кеткендей кылып мезгил-мезгили менен сурманы кылдат чоюп куюу керек;
3) контакттуу линза болгон учурда, жууп жаткан мезгилде аларды чечпөө керек, анткени алар коргоо тосмосун түзөт;
4) көздү жуугандан кийин контакттуу линзаны чечип, демейдегидей тазалоо керек;
5) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү керек.
149. Биологиялык суюктуктар жабырланган териге тийгенде жасалуучу аракеттер:
1) булганган жерди ошол замат жууш керек;
2) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү керек.
150. Биологиялык суюктуктар ооз көңдөйүнүн былжыр чел кабыгына киргенде жасалуучу аракеттер:
1) оозго кирген суюктукту ошол замат түкүрүү керек;
2) оозду дыкаттык менен суу же физиологиялык эритме менен чайкап, кайрадан түкүрүү керек. Чайкоону бир нече жолу кайталагыла;
3) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү керек.
151. Ташып жаткан учурда инфекциялуу калдыктар төгүлгөндө/чачылганда жасалуучу аракеттер:
1) жеке коргонуу каражаттарын кийүү: техникалык кол каптарды, фартукту, бетти коргоочу калканды же көз айнекти;
2) чачылган инфекциялуу калдыктарды атайын арналган жана маркировкаланган тыгыз жабылуучу капкактуу идишке же инфекциялуу калдыктар үчүн пакетке (идиш бүтүн болсо, ошол калдыктар чачылган/түгөлгөн идишке) этияттык менен чогултуу керек;
3) төгүлгөн участокту химиялык дезинфекциялоо;
4) төгүлгөн участокту соргуч материал менен жабуу;
5) абсорбциялык материалдын соргон катмарын жана айнектин сыныгын шыпыргы жана калакты колдонуу менен "Кооптуу медициналык калдыктар" идишине салуу;
6) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү керек.
152. Сымаптуу медициналык калдыктар менен иштөөгө байланышкан авариялык кырдаалдарда (аварияларда) жасалуучу аракеттер:
1) сымаптын агып кеткен көлөмүн жана өлчөмүн визуалдык аныктоо;
2) сымапты канализацияга же дубалдын жылчыктарына түшүрбөө боюнча чараларды көрүү;
3) бөлмөдөгү адамдардын денесин, бут кийимин жана кийимдерин карап чыгуу. Бут кийим жана/же кийимдер булганган учурда аларды чечүү зарыл. Сымап тийген терини щелочтуу самын менен жууш керек;
4) персоналды жана адамдарды сымап аккан жерден эвакуациялоо, сымап аккан жердин борборунан 2 м радиуста анын таралуу мүмкүндүгүн болтурбоо;
5) сымаптын агышын кездеме же тыгыз материал колдонуу менен токтотуу;
6) башка бөлмөлөргө кеткен бардык ички эшиктерди жабуу, ички бөлмөлөрдө сымаптын бууларынын таркалышын азайтуу. Аталган бөлмөнү терезелер аркылуу жакшы шамалдатып, борбордук вентиляциялык системаны, жылуулук системасын же абаны кондиционерлөөнү өчүрүү;
7) аккан сымапты жыйноочу комплектти даярдоо, жасалгаларды, саат, мобилдик телефон жана башка металл камтыган буюмдарды чечүү;
8) сымап аккан жерге кирүүнүн алдында жеке коргонуу каражаттарын, фартук же жамынгыч, нитрил же резина кол каптар, бир ирет колдонулуучу бут кийим чехолун, бетти коргоочу маска жана көз айнек кийүү. Металл буюмдары, мисалы көз айнектин алкагы жеке коргонуу каражаттары менен жабылганын көрүңүз;
9) көзгө көрүнгөн сымаптын тамчыларын, айнектин сыныктарын чогултуу. Идиш жана контейнерди пластмасса подностун үстүнө коюу. Сымап төгүлгөн жердин сырткы четинен ортосун көздөй жылып көзгө көрүнгөн сымаптын тамчыларын, айнектин сыныктарын кылдат чогултуу. Подноско коюлган идиш же оозу кенен контейнердин ичине айнектин сыныктарын чогултуу үчүн пинцет колдонуу керек. Жыйноо учурунда кыймыл жай, кыска жана шыпырган өңдүү болушу керек. Сымаптын тамчыларын кылдаттык менен жарым-жартылай суу же бууну жармаштыруучу зат менен толтурулган пластмасса контейнерге кылдаттык менен салуу керек. Сымап агып кетпеши үчүн жумушту подностун үстүндө аткаруу керек. Майда тамчыларды чогултуу үчүн пипетка же шприц колдонулат. Пипетка же щприцти полго параллелдүү кармап тамчыны тартып алып, сымап түшүп кетпеши үчүн пипетка же щприцти горизонталдуу кармоо менен пластмасса контейнерге салуу керек;
10) сымаптын майда тамчылары же айнектин майда сыныктары калып калбагандыгын текшерүү керек. Тамчылар абдан майда болгон учурда чогултууну жабышкак тасманын жардамы менен жеңилдетүүгө болот. Жабышкак тасманы колдонуудан кийин жабыла турган пластмасса капка салуу керек;
11) сымап менен контактта болгон жылчыктарга жана жаракаларга, ошондой эле катуу тегиздик беттерине (плитка, линолеум, жыгач ж.б.) күкүрттүн порошогун себүү керек. Порошоктун түсү сарыдан агыш түскө өзгөрсө, жыйноону улантуу керек. Калган бардык сымапты амалгамаландыруу үчүн цинк же жездин кебегин себүү керек. Порошокту же/жана кебек жыйноо үчүн щетка же шыпыргыны колдонуп, аларды жабыла турган пластмасса капка салуу керек.
12) сымап менен булганган жумшак буюмдарды: килемдерди, килемдердин төшөлмөсүн, паластарды, пардаларды, жол килемдерди, пледдерди, шейшептерди жана оңой тазаланбаган башка жумшак материалдарды алып салуу керек. Килемдин, анын төшөлмөсүнүн жана башка жумшак материалдардын сымап төгүлгөн бөлүктөрүн бычак менен кесип салуу керек. Булганган материалдар жабыла турган пластмасса капка салынат;
13) булганган канализацияны тазалоо керек. Эгерде сымап канализацияга, раковина же ваннага агып кетсе, мекеменин инженери менен кызматташып, сифондорду чыгарып алмаштыруу керек. Агып кете турган сымапты кармап калуу үчүн иштөө зонасына пластмасса планкасын же пластмасса подносту коюу керек. Сымапты жылчыксыз контейнерге которуу учурунда эски сифонду подностун үстүндө кармайт. Эски сифонду кооптуу калдык катары жок кылуу керек;
14) сымапты чогултууда колдонулган материалдарды тазалоо керек. Колдонулган материалдарды (анын ичинде пластмасса планкалар, картон, кагаз, сүрткүч каражаттар, кебез (кагаз) шыпыргылар, кагаз сүлгүлөр, жабышкак тасма, самын, щетка же шыпыргы) эч нерсе өткөрбөс жабыла турган пластмасса капка салуу керек. Башка буюмдарды (пинцет, пластмасса калак, поднос, пипетка, бычак ж.б.) булганган буюмдар менен бирге жабыла турган пластмасса капта сактоо үчүн жыйнайт, же тазалоочу эритме менен дыкат тазалоо керек;
15) булганган материалдарды маркировкалоо жана жабуу керек. Жылчыксыз идиште жана контейнерде сымапты жана сынган айнек идиштин үстүн жапканга жетиштүү суу бар экендигин ырастап, идишти жана контейнерди бекем жаап, маркировкалап, ар бирин жабыла турган пластмасса капка салуу керек. Идиш жана контейнерди андан ары колдонуу үчүн дайыма ишенимдүү сактоо зарыл. Сымаптуу калдыктар салынган жабык пластик каптарды экинчи пластик капка салып, кенен жабышкак тасманы колдонуу менен сырткы капты жаап, тиешелүү маркировка коюп, сакталгандын кыскача сүрөттөмөсүн кошуу керек. Сымаптуу калдыктарды дарылоо мекемесинин убактылуу сактоочу атайын жайында сактоого болот;
16) бут кийимдин чехолунан тарта жеке коргонуу каражаттарын чечип, башка жабыла турган капка жайгаштыруу керек. Андан кийин бир кол менен экинчи колдогу кол капты кармап чечүү керек, андан соң бош колдун манжаларын экинчи колдогу кол капка билектин жанынан салып туруп экинчи кол капты чечип жана экөөнү тең жабыла турган пластмасса капка салуу зарыл. Андан кийин тасмасын же алкагын кармоо менен көз айнекти чечүү керек. Фартук же белдемчинин өйдө жагына тийбей ичинен сыртын карай чечүү керек. Андан соң сырт жагына тийбей беттин маскасын же респираторду чечүү керек. Кол каптарды, бут кийимдин чехолдорун, фартук (беттин маскасын эгерде ал атайын масканын ордуна колдонулса) сымаптуу калдыктар менен бирге сакталууга тийиштүү жабыла турган пластик капка жайгаштыруу керек. Көз айнек жана респираторлорду же беттин атайын маскасын тазалоочу суюктукту колдонуу менен тазалоо керек;
17) колдорду жана тобокелдикке кабылган теринин бардык участокторун самын жана суу менен жууш керек;
18) тазалагандан кийин сымап аккан бөлмөнү желдетүү керек. Эгерде бул борбордук жылытууга же абаны желдетүүгө байланыштуу мүмкүн болбогон, сымаптын бууларынын концентрациясын азайтуу үчүн имараттагы аба алмашуу деңгээлин бир нече күнгө жогорулатуу керек.
153. Эгерде сымаптын агып кетишинин жыйынтыгында пациент же медицина кызматкери өтө уугуп кетсе, кандын жана зааранын анализин чыгаруу керек, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функциясына көмөк көрсөтүп, зарыл болгон учурда, оор металлдардан тазалоо үчүн терапияны баштоо керек.
154. Сымап менен өтө уугуу учурун саламаттык сактоо уюмунун жол-жоболоруна ылайык документтештирүү керек. Рапорт уюмдун коопсуздугун жакшыртуу үчүн пайдаланылышы керек.
155. Сымап агып кеткен учурда төмөнкүлөргө катуу тыюу салынат:
1) сымап менен булганган нерселерди жана сымапты чогултууга турмуш-тиричиликтик чаң соргучту пайдаланууга;
2) сымап менен булганган кийимди, кездемеден жасалган буюмдарды турмуш-тиричиликтик кир жуугуч машинада жууганга;
3) шыпыргыны сымапты чогултуу үчүн пайдаланууга;
4) сымапты канализацияга же жергиликтүү суу тазалоочу түзүлүшкө куюуга;
5) атайын тазалоочу суюктукту колдонбой туруп, бут кийимди тазалоого.
|
| Медициналык калдыктар менен иштөө тартибине тиркеме |
Медициналык калдыктардын кооптуулук классынын КЛАССИФИКАТОРУ
Кооптуулук классы | Морфологиялык курамынын мүнөздөмөсү |
А классы (курамы боюнча турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарына жакындатылган эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар) | Пациенттердин, инфекциялуу бейтаптардын биологиялык суюктуктары менен контактта болбогон калдыктар. Керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон канцеляриялык буюмдар, таңгактар, эмерек, инвентарь. Аймакты тазалоодон чыккан шыпырынды ж.б. Борбордук тамак-аш блокторунун, ошондой эле уюмдун медициналык жана/же фармацевттик ишин жүргүзүүчү бардык бөлүмдөрүнүн тамак-аш калдыктары, инфекциялык, анын ичинде фтизиатриялык бөлүмдөрдү кошпогондо |
Б классы (эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар) | Б 1 - адамдын анатомиялык калдыктары (ткандар, органдар, дененин бөлүктөрү, кан) виварийлердин биологиялык калдыктары. Б 2 - курч-саюучу жана кесүүчү калдыктар (ийнелер, шприцтер, скальпелдер, скарификаторлор, микроскопия үчүн айнектер ж.б.). Б 3 - потенциалдуу инфекцияланган: кан жана дененин башка биологиялык суюктуктарын (кан, же дененин башка биологиялык суюктуктары менен контаминацияланган материалдарды) камтыган калдыктар. Б 4 - инфекцияланган: инфекциялык бөлүмдөрдүн бардык калдыктары (анын ичинде тамак-аш калдыктары), патогендүү 3-4-топтогу микроорганизмдер менен иштеген паразитологиялык жана микробиологиялык лабораториялардын калдыктары |
В классы (өтө кооптуу эпидемиологиялык медициналык калдыктар) | Өтө кооптуу инфекциялуу калдыктар - өтө кооптуу инфекциялардын козгогучтары же өзгөчө туруктуу микроорганизмдер менен контаминацияланган, саламаттык сактоо уюмдарынын инфекцияланган калдыктары. Бул класска төмөнкүлөр кирет: - өтө кооптуу инфекциясы бар бейтаптар менен контактта болуучу материалдар: кан жана анын туундулары, башка биологиялык суюктуктар же өтө кооптуу инфекциясы бар пациенттердин экскременттери менен контаминацияланган таңуучу материалдар же жабдуулар; - 1-2-топтогу патогендүү микроорганизмдер менен иштеген лабораториялардын калдыктары; - фтизиатриялык, микологиялык ооруканалардын, бөлүмдөрдүн калдыктары; - анаэробдуу инфекциясы бар пациенттердин калдыктары |
Г классы (1-4-класстагы токсикологиялык кооптуу медициналык калдыктар) | Курамы боюнча өнөр жай калдыктарына жакын саламаттык сактоо уюмдарынын калдыктары, аларды иштетүү кооптуу калдыктарды классификациялоо чөйрөсүндөгү токтомго ылайык токсиндүүлүк даражасы менен аныкталат: Г 1 - фармацевттик калдыктар (мөөнөтү бүткөн дары каражаттары, дары-дармек жана диагностикалык препараттардын калдыктары); Г 2 - цитотоксиндүү фармацевттик калдыктар; Г 3 - жарактуулук мөөнөтү бүткөн, колдонулбай турган дезинфекциялоочу каражаттар; Г 4 - сымаптуу буюмдар, приборлор жана жабдыктар; Г 5 - жеке эле саламаттык сактоо секторуна типтүү эмес башка кооптуу калдыктар, мисалы эриткичтер, химикаттар, батарейкалар, фиксаторлор жана аналитикалык, клиникалык лабораторияларда колдонулуучу башка эритмелер |
Д классы (радиоактивдүү калдыктар) | Мындан ары колдонулбай турган жана курамында радиоактивдүү заттар бар же радиоактивдүү заттар менен булганган, кандай болбосун агрегаттык абалдагы материалдар, алардын камтылышы радиоактивдүү калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү токтом менен каралган жана жөнгө салуучу орган менен белгиленген деңгээлден ашып кеткен |