Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 719
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөөдө коопсуздукту камсыздоо максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Медициналык калдыктар менен иштөө тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Сымаптуу медициналык буюмдар менен иштөө тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары тарабынан тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-январындагы № 5 жарыяланды
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев
|