Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 токтомуна) |
Сымаптуу медициналык буюмдар менен иштөө ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Сымаптуу медициналык буюмдар менен иштөө тартиби (мындан ары - Тартип) сымап, анын бирикмелери жана сымап толтурулган приборлор, медициналык буюмдар менен иштөө тартибин аныктайт жана төмөнкү саламаттык сактоо уюмдарынын (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) ишинде менчигинин түрүнө карабай колдонулат:
- дарылоо-профилактикалык;
- коомдук саламаттык сактоо уюмдары;
- илимий-изилдөө;
- саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары;
- медициналык-социалдык;
- реабилитациялык;
- медициналык тез жардам станциялары, кан куюучу станциялар, стоматологиялык клиникалар;
- жеке жана аралаш менчиктеги саламаттык сактоо уюмдары.
Эскертүүсү: Берилген тартиптин 1-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
2. Сымаптуу медициналык буюмдарга (мындан ары - сымаптуу буюмдар) металл сымабын же анын бирикмелерин камтыган төмөнкү буюмдар жана түзүлүштөр кирет:
- өлчөөчү приборлор;
- терморегуляторлор;
- сымаптуу барометрлер жана манометрлер;
- лабораториялык, техникалык жана медициналык сымаптуу термометрлер;
- тонометрлер;
- чыгым ченегичтер;
- деңгээл ченегичтер;
- игнитрондор - кубаттуу түздөөчү түзүлүштөрдө колдонулуучу атайын приборлор;
- сымаптуу гальваникалык элементтер;
- сымап толтурулган жогорку жана төмөнкү басымдагы люминесценттүү лампалар;
- стоматологиялык амальгамалар.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
демеркуризация - адамдардын жана жаныбарлардын уулануусуна жол бербөө максатында сымапты жана анын кошулмаларын физикалык-химиялык же механикалык ыкмалар менен алып салуу;
киришүү инструктажы - саламаттык сактоо уюмуна ишке кабыл алынып жаткан бардык кызматкерлерге, саламаттык сактоо уюмуна иш сапарга келген кызматкерлерге, өндүрүштүк практикага жөнөтүлгөн окуу жайларынын студенттерине өткөрүлө турган сымаптуу буюмдар менен иштөөдөгү коопсуздук боюнча инструктаж;
атайын кийим - иш ордунда кызматкердин ден соолугу үчүн зыяндуу жана кооптуу факторлордон коргоо үчүн арналган дененин, колдун терилерин, көздүн былжыр челин, мурундун жана ооздун ичин, дем алуу органдарын жана ичеги карын жолдорун жекече коргой турган каражат;
кокустуктар - ден соолукка, жабдууларга, шаймандарга жана башкаларга зыян келтире турган же зыян келтирген күтүүсүз окуялар;
утилизациялоо - сымаптын калдыктарын жаңы технологиялык циклдерге колдонуу, пайдалуу максаттарга, экинчи кезектеги чийки зат катары жана башка максаттарда пайдалануу.
4. Сымаптуу буюмдар менен иштөөгө медициналык күбөлөндүрүүдөн, киришүү инструктаждан, жумуш орунда алгачкы окуудан жана стажировкадан, эмгекти коргоо талаптарын билүүсүн текшерүүдөн өткөн 18 жаштан ашкан адамдарга уруксат берилет.
5. Саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан сымап менен уулануудан алдын алуу боюнча иш-чараларга персоналды окутуу боюнча семинарларды жылына 2 жолудан кем эмес өткөрүүгө милдеттүү.
2. Сымаптуу буюмдарды сактоо жана алар менен иштөө эрежелери
6. Сымаптуу буюмдар менен иштөөдө саламаттык сактоо уюмдарынын персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул тартипке ылайык сымаптуу буюмдар менен иштөө тартибин аткарууга;
- ички эмгек тартибинин эрежелерин аткарууга;
- жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;
- эмгекти коргоо талаптарын сактоого;
- өзүнүн түздөн-түз же жогору турган жетекчисине адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген ар кандай кырдаал жөнүндө, өндүрүштө болгон ар бир кырсыктуу окуя тууралуу же өзүнүн ден соолугунун начарлагандыгы жөнүндө, анын ичинде кесиптик оорунун катуу кармаган (уулануунун) белгилери байкалганы тууралуу токтоосуз кабарлоого;
- жумушту аткаруунун коопсуз методдоруна жана ыкмаларына жана өндүрүштө жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүүгө, эмгекти коргоо боюнча инструктаждан, эмгекти коргоо талаптарын билүүсүн текшерүүдөн өтүүгө;
- мезгил-мезгили менен милдеттүү (эмгектенүүнүн жүрүшүндө) медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө;
- электр тогунан жабыр тарткандарга жана башка кырсыктуу окуяларда биринчи жардам көрсөтүүнү билүүгө;
- өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонууну билүүгө.
7. Сымаптуу буюмдар менен иштөөдө саламаттык сактоо уюмунун персоналына төмөнкүдөй кооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасир этүүсү мүмкүн:
- жумуш зонасында уулуу чөйрөнүн пайда болушу;
- зыяндуу заттар (сымап);
- жумуш орунга жарыктын жетишсиз берилиши.
8. Сымаптуу буюмдар менен иштөөдө саламаттык сактоо уюмунун персоналы атайын кийим (резина мээлей, фартук, сымаптын буусу өтпөй турган бут кийим) жана башка жеке коргонуу каражаттары (экрандар, маскалар, респираторлор) менен камсыз кылынышы керек.
9. Авария келип чыккан учурда, же аварияларга жана кырсыктуу окуяларга алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарда:
- ишти дароо токтотуу керек;
- авариялардын себептерин же аварияларга жана кырсыктуу окуяларга алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарды четтетүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
Стоматологиялык амальгама жасоо үчүн сымапты суу алдында, жылмаланган тыгынчыктуу айнек банкада гана сактоого жол берилет.
Абасы сордурулуучу шкафтарсыз жана атайын поддондорсуз стоматологиялык амальгама жасоо боюнча иштерге тыюу салынат.
Стоматологиялык жабдуулар шилекей соргуч системасы аркылуу өткөн стоматологиялык амальгама калдыктарын чогултуу үчүн атайын чыпкалар менен жабдылышы керек. Амальгама чогултуучу үчүн чыпкалар тазаланат, ал эми сымаптуу калдыктар атайын контейнерлерге жайгаштырылат жана сакталат.
Стоматологиялык амальгаманы кол менен жасоого тыюу салынат.
10. Сымаптуу буюмдар менен иштөө жана аларды сактоочу жайларда тамак-ашты, сууну ичүүгө, тамеки тартууга болбойт жана сымаптын буулануусуна, тегиздиктин бетине топтолушуна же организмдин ичине кирип кетишине алып келиши мүмкүн ар кандай аракеттерге тыюу салынат.
11. Сымаптуу буюмдарды жыйноо жана сактоо жабык жана бекитиле турган, тарткыч-сордурма же сордурма желдетүү менен жабдылган жайларда гана жол берилет. Мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда аталган жайларда табигый шамалдатуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.
12. Саламаттык сактоо уюмдарынын бөлмөлөрүнүн конструкциясы жана жасалгалары, ошондой эле эмеректери алардын беттерине сымаптын сиңип кетпөөсүн (сорбция) жана демеркуризация жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздашы керек.
13. Сымаптуу буюмдарды сактоо үчүн, металл капкак же тыгыз материалдан жасалган жумшак чехол менен жабдылган стандарттуу конструкциядагы атайын металл контейнерлерди колдонууга уруксат берилет. Металл корпусунун, металл капкактын (жумшак чехолдун) бүтүндүгү бузулган контейнерлерди пайдаланууга жол берилбейт. Ошондой эле конструкциясы стандарттуу үлгүгө ылайык келбеген контейнерлерди пайдаланууга жол берилбейт.
14. Сымаптуу буюмдардын сыныктарын чогултуунун тартиби:
- персоналды жана башка адамдарды бөлмөдөн токтоосуз эвакуациялоо;
- ички бөлмөлөрдө буулардын тарашын азайтуу, башка бөлмөлөргө кетүүчү бардык ички эшиктерди жабуу;
- көрсөтүлгөн жайда терезе аркылуу желдетүүнү күчөтүп, механикалык желдеткич болсо, аны иштетүү;
- бөлмөнү жаап, эшигине мөөр басуу;
- сымаптуу буюмдар ачык аянтта лампаларды ташуу процессинде сынган учурда булганган участоктун айланасына тосмо коюу жана персоналды жана башка адамдарды аталган участокто калууга болбой тургандыгы жөнүндө кабарлоо зарыл;
- авариялык кырдаал орун алган жайда же ачык аянтта адистер тарабынан демеркуризацияны камсыз кылуу максатында өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгын кабарлоо;
- анчалык чоң эмес авариялык кырдаалда (айрым лампанын корпусу бузулганда), булганган участокту калийдин марганец кычкылдуу 1% эритмеси менен иштетүү жолу аркылуу аварияны өз күчү менен жоюуга жол берилет.
15. Сынган жана бүтүн сымаптуу буюмдарды бир эле контейнерлерге бирге чогултууга жана сактоого жол берилбейт. Сынган сымаптуу буюмдарды чогултуу үчүн жабыла турган өзүнчө контейнерлер колдонулушу керек.
16. Лампалардын корпусу бузулгандан кийин пайда болгон айнек сыныктары жана металл деталдары, пайдаланылган сымаптуу буюмдар менен бирдикте утилизацияга берилет.
3. Демеркуризациялоо
17. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар атайын окуудан өтүшү керек, ошондой эле коопсуздук техника боюнча журналга кол коюшат.
18. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар атайын кийимдер (резина кол кап, фартук, сымаптын буулары өтүп кетпей турган жабык бут кийим) жана жеке коргонуу каражаттары (экрандар, маскалар, респираторлор) менен камсыз болууга тийиш.
19. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар, ал аяктагандан кийин жеке гигиенанын эрежелерин сактоосу керек: душ алып, ооз көңдөйүн 0,025% перманганат калий эритмеси менен чайкап, тиштерин тазалашы зарыл.
20. Бөлмөлөрдүн учурдагы демеркуризациялоо комплекси өзүнө төмөнкүдөй этаптарды милдеттүү түрдө камтыйт:
1) булгануу булагын табуу жана бөлмөнүн сымап менен булгануу даражасын аныктоо;
2) фазадагы (суюк) сымапты алып салуу жана тегиздиктерди химиялык иштеп чыгуу үчүн даярдоо.
21. Механикалык тазалоо приборлордун жылчыксыздыгы бузулуп, сымап камтыган түзүлүштөрдөн анча көп эмес сымап төгүлүп кеткен учурда жүзөгө ашырылат.
22. Төгүлүп калган сымап, ошол төгүлгөн жерди милдеттүү түрдө кийин химиялык иштеп чыгуу менен механикалык ыкмалар (суу менен жуу, вакуумдун жардамы менен сордуруу, амальгамаланган жез пластинкасы менен чогултуу ж.б.) аркылуу чогултулушу керек.
23. Чогултулган сымап тамчылары суусу бар, тыгыз капкак менен жабылуучу банкага салынат.
24. Булганган жерлерди химиялык иштеп чыгуу механикалык чогултууга (тазалоого) болбогон булганууларды жок кылуу үчүн аткарылат. Химиялык тазалоо үчүн калий перманганатынын (марганцовка) жана туз кислотасынын эритмеси (1 литр сууга - 2 грамм марганцовка жана 5 грамм туз кислотасы) же 20% хлордуу темир эритмеси (800 грамм сууга 200 грамм темир хлориди) колдонулат.
25. Сымап менен булганган тегиздиктерди тазалоо учурунда химиялык демеркуризация сымапты андан ары жок кылууну жеңилдетүүчү көп активдүү эмес же активдүү эмес абалга которуучу препараттардын жардамы менен жүргүзүлөт.
26. Сымап менен булганган жайларды демеркуризация өткөргөндөн кийин тазалоо керек.
27. Булганган жайларды тазалаган учурда пайдаланылган каражаттар менен башка жайларды тазалоого тыюу салынат. Тазалоо жана шаймандарды демеркуризатордун эритмелери менен иштеп чыгуу аяктагандан кийин шаймандар тиешелүү маркировкасы менен бекем жабылуучу темир кутуга жайгаштырылат.
28. Эгерде демеркуризация аяктагандан кийин бөлмөдө сымап бууларынын ченеми 0,0003 мг/м3 жол берилген чектеги концентрациядан ашпаса, демеркуризация натыйжалуу болуп таанылышы мүмкүн.
29. Сымап менен иштөөдө, сымап жана анын химиялык кошундуларын талдоодо колдонулуучу айнек жана фарфор идиш-аяк, айнек приборлор демеркуризацияланууга тийиш.
30. Сымап тазалоочу колонкаларды, сымаптуу түзүлүштөрдүн айрым деталдарын, ампулаларды, сымап менен булганган башка приборлорду бооруна жармашкан сымап тамчыларын кетирүү үчүн алгач суу же суюлтулган азот кислотасы менен жууйт.
Мында сымап прибордун түбүнө чогулат жана суюктук менен бирге химиялык стаканга куюлат, ал эми приборго азыраак көлөмдөгү концентрацияланган азот кислотасы куюлат, аны бир аз ысытып жана ысык кислота менен бүт приборду жууйт.
Мындан кийин приборду дистилляцияланган суу менен кылдат чайкап, 30% калийдин йоду эритмесиндеги 2-3% йод эритмеси, йоддуу сымапты эритүү үчүн азыраак көлөмдөгү эфир жана спирт менен жууйт, кайра суу менен чайкайт.
Эгерде айнек прибордун сырты сымап менен өтө булганса, аны адегенде нымдуу кагаз менен сүртөт, жогоруда жазылгандай соода эритмеси менен чоң фарфор чөйчөк үстүндө жууйт, мында чөйчөктүн түбүнө прибордун сырткы капталына жармашкан сымап тамчылары чогулат. Чөйчөктөгү сууну куюп жиберип, сымапты химиялык стаканга өткөрүшөт, жана андан ары тазалап же туздарды алуу үчүн кайра иштетишет.
31. Приборлорду раковина үстүндө фарфор чөйчөксүз же башка идишсиз жууганга тыюу салынат.
32. Сымап менен бирге силикондуу майлоочулар болгон учурда тазалана турган айнек деталдарын метанолдун (литрге 20 грамм) жегич натр камтыган 50% эритмесинде 24 саат калтырышат, андан кийин жууйт, перманганат калий менен иштетип чыгат, кайра аккан сууга жууйт жана дистирленген суу менен чайкайт. Бардык операцияларды абасы сордурулуучу шкафта гана жүргүзүү керек.
33. Дат баспас болоттон, ошондой оңой амальгамалануучу металлдардан (жез, латунь же коло) жасалган приборлордун бетин демеркуризациялоо үчүн күкүрттүн порошогун пайдалануу сунуш кылынат. Сымап менен булганган беттерди күкүрт менен сүрткөндө кагаз менен оңой сүрүлүүчү сымаптын сульфидин пайда кылууга жетиштүү жылуулук бөлүнүп чыгат.
34. Сымап менен булганган металл беттерин кислоталардын эритмелери менен демеркуризациялоого болбойт, анткени мында пайда болуучу туздар металл беттери менен цементтешип, сымап кайра майда дисперстүү компоненттер түрүндө түшүп калат.
35. Сактоочу противендерди, аба термостаттарын, кургатуучу шкафтарды жана башка ушул сыяктуу жабдууларды демеркуризациялоонун жалгыз ишенимдүү ыкмасы болуп абасы сордурулуучу шкафта мүмкүн болушунча жогорку температура астында узакка ысытуучу термикалык ыкма саналат.
36. Атайын кийимди демеркуризациялоо сымапты чоң көлөмдө кетирүү зарыл болгон учурда колдонулат, же чоң көлөмдөгү сымап жана сымаптуу калдыктар менен иштегенден кийин жүргүзүлөт.
37. Атайын кийимди жумасына бир жолудан кем эмес алмаштыруу жана жууш керек, мында үй шартында атайын кийимди жууганга тыюу салынат.
38. Сымап менен иштөөдө атайын кийимди жуу эрежелерине ылайык:
- булганган атайын кийимди чаңдан арылтып жана 30 мүнөт бою муздак суу менен жууйт, мында идиштин түбүндө атайын кийимде жүргөн сымаптын калдыктары жыйналып калат;
- идиштеги сууну төгүп, сымапты химиялык стаканга куюп жана андан кийин тазалашат же туздарды алуу үчүн кайра иштетишет;
- атайын кийимди 1 килограмм кийимге 4 литр эсебинде самындуу сода эритмесин куюп, 30 мүнөт бою 70-80 °C жууйт;
- жуулган атайын кийимди щелочту кетирүү үчүн барабанда алгач ысык, андан кийин муздак суу менен жууйт;
- андан кийин атайын кийим 30 мүнөт бою туз кислотасынын 1-2% эритмеси менен иштелип чыгат;
- таза суу менен чайкагандан кийин, атайын кийимди кургатат жана үтүктөйт.
39. Саламаттык сактоо уюмдары сымаптуу буюмдардын ишине өндүрүштүк контролду уюштурат жана ишке ашырат.
Өндүрүштүк контролго төмөнкүлөрдүн визуалдык жана документтик текшерүүсү кирет (айына бир жолу):
- демеркуризациялык каражаттардын болушун;
- персоналдын жекече коргонуу каражаттары менен камсыздалуусун, атайын кийимди борборлоштуруп жууп тазалоосун жана анын тез-тез алмаштырып туруусун уюштурууну.
Мамлекеттик контролдоону экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чегинде ишке ашырышат.