Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-июлу № 64
Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында, "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 17-беренелерине, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 11, 12, 14, 15, 18 жана 28-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Банкроттук процесстин жол-жобосун жүзөгө ашырган администраторлордун ишин лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу жобо 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 22-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 44-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 26-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 59-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.".
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-июлу № 64
Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында, "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 17-беренелерине, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 11, 12, 14, 15, 18 жана 28-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 44-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.".
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |