Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июлу № 78
Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө
Кесиптик билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун макулдашылгандыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук квалификациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор" тиркемесинин 28-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 23-июлундагы № 81 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
Улуттук квалификациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"Союзтекстиль" текстилдик өнөр жай ишканалар союзу" юридикалык жактар союзу юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Био-KG" (Био-Кей Джи) органикалык кыймыл ассоциациясы - федерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Легпром" Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Алдыңкы рестораторлордун жана отельерлердин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун Ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун окуу борборунун начальниги (макулдашуу боюнча).
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июлу № 78
Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кесиптик билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун макулдашылгандыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук квалификациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор" тиркемесинин 28-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 23-июлундагы № 81 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
Улуттук квалификациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"Био-KG (Био-Кей Джи) органикалык кыймылынын Ассоциация-Федерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Легпром" Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Алдыңкы рестораторлордун жана отельерлердин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бизнес-ассоциациялардын Улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз кнауф маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);