Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 токтомуна) |
Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Улуттук квалификациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) консультациялык-кеңешме орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин максаты, негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
3. Кеңештин ишинин максаты мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын улуттук квалификациялар системасын өнүктүрүүнү пландоо, киргизүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча ишин координациялоо болуп саналат.
4. Кеңештин негизги милдеттери:
- улуттук квалификациялар системасын ишке ашырууну камсыздоо;
- улуттук квалификациялар системасына байланышкан ишке мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн артыкчылыктуу болуп саналган кадрларды даярдоонун негизги багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- улуттук квалификациялар системасын киргизүүгө тартылган субъекттер менен кызматташуу жана колдоо көрсөтүү жана кесиптик билим берүүнүн санатын камсыздоо;
- улуттук квалификациялар системасынын маселелери боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлде консультацияларды координациялоо;
- улуттук квалификациялар системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүгө тартылган субъекттердин персоналын окутуу максатында чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук квалификациялар системасын ишке ашыруу процессине тартылган субъекттер менен, анын ичинде эл аралык уюмдар жана органдар, башка өлкөлөрдүн мекемелери менен кызматташуу.
5. Кеңештин функциялары:
1) координациялоочу - улуттук квалификациялар системасынын элементтерин комплекстүү өнүктүрүү боюнча бардык кызыкдар тараптардын (мамлекеттик органдар, эмгек рыногунун өкүлдөрү, билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн провайдерлери, эл аралык уюмдар ж.б.) ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыздоо, жол-жоболордун макулдашылгандыгын жана ачык-айкындуулугун, алардын эл аралык методикалар менен салыштырмалуулугун жана региондук, трансулуттук эмгек рынокторунда квалификацияларды таанууну камсыздоо;
2) методикалык - натыйжалардын салыштырмалуулугу үчүн улуттук квалификациялар системасынын элементтерин (тармактык/сектордук алкактар, кесиптик стандарттар, баалоо каражаттары ж.б.) иштеп чыгуу;
3) окутуучу - улуттук квалификациялар системасынын элементтерин иштеп чыгууга тартылган субъекттерди окутууну координациялоо жана колдонуу;
4) маалыматтык - калк үчүн маалыматтарды жайылтууну уюштуруу, улуттук квалификациялар системасын өнүктүрүү боюнча методологиялык жана ченемдик документтерге жетүүнү камсыздоо.
6. Өзүнүн милдеттерине ылайык Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине улуттук квалификациялар системасынын иш-чараларын жана кесиптик билим берүү жана окутуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- улуттук квалификациялар системасын, бардык деңгээлдеги кесиптик билим берүү жана окутуу программаларын натыйжалуу интеграциялоо, координациялоо жана өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
- иш берүүчүлөр бирикмелеринин жыйналыштарын уюштурууга;
- Кеңештин жыйналыштарына катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди чакырууга;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;
- иш берүүчүлөрдүн тармактык бирикмелерин түзүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- кесиптик билим берүүнүн жана окутуунун квалификациялык түзүмү маселелери боюнча сунуштарды кароого жана киргизүүгө;
- колдонмолорго сунуштарды жана компетенцияларга негизделген стандарттарды, окуу программаларын жана материалдарды иштеп чыгуу, программаларды каттоо жана аккредитациялоо системасынын, анын ичинде баалоо жана сертификациялоо системасынын жол-жоболорун кароого жана киргизүүгө.
3. Кеңештин ишин жүргүзүү тартиби
7. Кеңешке төрага - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жетекчилик кылат, ал Кеңештин ишин жетектейт, анын жыйналыштарында төрагалык кылат, Кеңештин иш планын жана регламентин бекитет.
8. Кеңештин жыйналыштары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет.
9. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин иши, кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат ала алышат. ошондой эле Кеңештин компетенциясынын чегинде бардык маселелерди талкууга киргизе алышат.
10. Кеңештин мүчөлөрү жыйналышта каралуучу маселелерди талкуулоодо бирдей укукка ээ.
Кеңештин чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, мында ар бир мүчө бир добуш укугуна ээ. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кеңештин катчылыгы:
- Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин түзөт;
- Кеңештин жыйналышында кароо үчүн кызыкдар тараптардан сунуштарды чогултат;
- Кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кеңештин ишине тартылган адистердин жана эксперттердин ишин координациялайт;
- жумушчу топторду уюштуруу жана түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кеңештин кароосуна киргизет;
- кадрларды даярдоо чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- стандарттар, окуу программалары жана материалдар, программаларды каттоо жана аккредитациялоо, баалоо жана сертификациялоо системасын иштеп чыгуунун инструменти катары стратегияларды, колдонмолорду жана жол-жоболорду Кеңештин кароосуна жана жактыруусуна киргизет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды аткарат.
13. Кеңештин жыйналышын даярдоо жана өткөрүү, тиешелүү документтерди, материалдарды даярдоо жана Кеңештин жыйналышынын протоколун тариздөө боюнча иштерди уюштурууну Кеңештин катчы- референти жүргүзөт. Катчы-референттин милдеттери Катчылыктын штаттык кызматкерлеринин бирине кошумча акы төлөөсүз жүктөлөт. Катчы-референт Кеңештин мүчөсү болуп эсептелбейт.
14. Кеңештин чечимдери протоколдор менен таризделет, ага төрага кол коёт жана тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук жана башка уюмдарга жиберилет.
4. Кеңештин ишин токтотуу
15. Кеңештин ишин токтотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими негиз болуп саналат.