Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2021-жылдын 15-июлундагы № 78 “Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кесиптик билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 “Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогорудагы аталган токтом менен түзүлгөн Улуттук квалификациялык кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:
2) жогоруда токтом менен бекитилген Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө Жобосуна:
- 11 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги болуп саналат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме
“ 1-тиркеме
Улуттук квалификациялык кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча);
“Союзтекстиль” текстилдик өнөр жай ишканаларынын союзу” юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
“Био-kg” (Био-Кей-Джи) органикалык кыймылынын Ассоциация-Федерациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
“Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
“Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзу” юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
“Байланыш операторлору ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
“Легпром” Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
“Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
“Алдыңкы рестораторлордун жана отельерлердин ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
“Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бизнес-ассоциациялардын Улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
“Кыргыз кнауф маркетинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
“Түндүк электр” ачык акционердик коомунун окуу борборунун начальниги (макулдашуу боюнча). ”.