ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 147 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция15.04.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-апрели № 147

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жоюлуп жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө" 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй редакциядагы 31-пункту менен толукталсын:

"31. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- органдын жоюлушуна байланыштуу кызматтан бошотулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлерине пенсияга чыгуу укугу менен бир жолку жөлөкпул кызмат өтөө мөөнөтүнө жараша төмөнкүдөй төлөнөт:

10 жылга чейин - акчалай камсыздоо 2 айлык маянасы өлчөмүндө;

10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай камсыздоо 10 айлык маянасы өлчөмүндө;

15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай камсыздоо 12 айлык маянасы өлчөмүндө;

20 жылдан 25 жылга чейин - акчалай камсыздоо 15 айлык маянасы өлчөмүндө;

25 жылдан 30 жылга чейин - акчалай камсыздоо 18 айлык маянасы өлчөмүндө;

30 жана андан ашык жылдары - акчалай камсыздоо 20 айлык маянасы өлчөмүндө;

- жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин Жоюу комиссиясына тартылган ЭККМКнын кызматкерлери укук коргоо органдарында кызмат өтөө жана ЭККМКнын кызматкерлерине акчалай үлүшүн төлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акчалай үлүштөр, жөлөкпулдар, компенсациялар жана төлөмдөр менен камсыздалат;

- ЭККМКнын аттестацияланган курамына кирген, иштеген жылдары боюнча пенсияга укугу бар, бирок аны белгиленген тартипте тариздебеген жана кызмат өтөөнү уланткан адамдарга ЭККМКны жоюу процессинде төлөө мезгилине карата чегерүүгө тийиш болгон пенсиянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм жүргүзүлөт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 5-мартынан тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 37 (3216) жарыяланды

 

Премьер-министр

У.А. Марипов