Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-апрели № 154
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги тексттин 4-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "земель" деген сөз "угодий" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 5-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган жерлерди же максаттуу багыты - айыл чарба болуп саналган жер участокторун же жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарбада пайдалануу үчүн жараксыз жер участокторун которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын суммасы төлөнбөйт жана алынбай калган пайданын орду толтурулбайт.
Инфратүзүмдү камсыздоо менен байланышкан чыгымдар которулуучу (трансформациялануучу) жеке менчик жер участокторунун ээсине жүктөлөт";
3) 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган жерлерди же максаттуу багыты - айыл чарба болуп саналган жер участокторун же жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарбада пайдалануу үчүн жараксыз жер участокторун которууда жер участокторунун менчик ээлери райондун мамлекеттик администрациясына жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө арыз беришет.";
4) 12-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган жерлерди же максаттуу багыты - айыл чарба болуп саналган жер участокторун же жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле айыл чарбада пайдалануу үчүн жараксыз жер участокторун которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.";
5) 20-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "12-пунктунда" деген сөздөр "12 жана 13-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|