Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-июлу № 79
"Ысык-Көл областынын аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" жана "Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, Д.А.Джумабеков демилгелеген "Ысык-Көл областынын аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" жана "Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июлундагы № 79 токтому менен жактырылган |
"Ысык-Көл областынын аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" жана "Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, Д.А.Джумабеков демилгелеген "Ысык-Көл областынын аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" жана "Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кумар оюндарын тыюу салынган иштин түрүнөн чыгаруу жана жарандык-укуктук жүгүртүүгө кайтаруу идеясын колдоого алууну мүмкүн деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кумар оюндарын жарандык-укуктук жүгүртүүгө киргизүү жумушсуздук деңгээлин төмөндөтүүгө, жумуш (кызмат) орундарын түзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт, инфратүзүмдүк объекттерди (мейманканалар, коомдук тамактануу, салондор, соода түйүндөрү) куруу зарылчылыгына түрткү берет, ал эми эң башкысы - мамлекеттик бюджетти толтуруунун кошумча булагы болот деп эсептейт.
"Ысык-Көл областынын аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - Мыйзам долбоору) боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз:
1. Кумар оюндары жүргүзүүгө мүмкүн болгон бир зона менен гана чектелбестен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине иштин мындай түрү уюштурула турган зоналарды (адистештирилген зоналарды) аныктоого мүмкүндүк берүүнү сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун аталышына жана бүткүл текстине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктык укук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган ченемдерди мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынгандыктан, Мыйзам долбоорунан салыктык мамилелерди регламенттөөчү жоболорду алып салууну сунуштайбыз.
Кумар оюндарына салык салуу маселелерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин өзүндө жөнгө салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Ошол эле учурда кумар оюндарына милдеттүү патенттин негизинде, тактап айтканда ар бир оюн столуна, жабдууга, автоматка жана бүтүмгө белгиленген ставка боюнча салык салуу максатка ылайыктуу болуп көрүнүүдө.
3. Кумар оюндарын лицензиялануучу катары аныктоону, ага ылайык Мыйзам долбоорун лицензиялоо, башкаруу жана таасир этүү чараларын көрүү тартиби жөнүндө жоболор менен толуктоону сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде колдонулган айрым терминдерди тактоо максатында "башкаруучу компания" деген аныктаманы төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"башкаруучу компания - Кыргыз Республикасында катталган, адистештирилген зонанын иштешин камсыздоо функциялары жүктөлгөн юридикалык жак.".
Түшүнүк аппаратында (2-берененин он төртүнчү абзацы) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына карата аныктама берилет.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Өкмөт конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан улам, аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү болгон кайсы бир ченемдерди мыйзамдык деңгээлде бекитүү Өкмөттүн ыйгарым укуктарын чектөөгө алып келет жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренесине каршы келет.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунан Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлигинин органынын функциялары боюнча жоболорду алып салууну сунуштайбыз.
Түшүнүк аппаратын жумушта колдонуу үчүн зарыл болгон түшүнүктөрдүн аныктамаларын киргизүү менен кеңейтүүнү сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорун жана анын мамилелерди жөнгө салууга багытталган жоболорун көңүлгө алуу менен Мыйзам долбоорунан 4-беренени алын салууга мүмкүн деп эсептейбиз.
6. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "кумар оюндарынын субъекти" түшүнүгүн белгилөө сунушталууда. Ушуга байланыштуу тиешелүү аныктаманын жоктугун эске алуу менен Мыйзам долбоорунда аталган аныктаманы ачып берүүнү сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун текстин ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирүү максатында юридикалык жактан окуп чыгууну жана экспертиза жүргүзүүнү сунуштайбыз.
"Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
1. Кумар оюндарына тыюуларды алып салууга мүмкүндүк берген сыяктуу өзгөртүүлөрдү "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизбестен, кайра аны күчүн жоготууга берүүнү сунуштайбыз.
2. Аталган Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда адистештирилген административдик райондо бардык салыктардан бошотуу системасын караштырган 159-2-берене менен толуктоо сунушталат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине бул толуктоону киргизүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 32-беренесине ылайык салыктарды белгилөөнүн жалпы шарттарына каршы келет.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар, жергиликтүү салыктар, ошондой эле атайын салык режимдери белгиленгендигин эске алуу зарыл.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 3-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "оюндарга," деген сөздөн кийин "анын ичинде кумар оюндарына," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 348-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15, 16 жана 17-пункттар менен толукталсын:
"15) оюн автоматтарын же компьютердик стимуляторлорду берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
16) казино кызмат көрсөтүүлөрү;
17) букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр.";
3) 349-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15, 16 жана 17-пункттар менен толукталсын:
"
15) оюн автоматтарын же компьютердик стимуляторлорду берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 1 оюн автоматы же компьютердик стимулятор | 50000 сом |
16) казино кызмат көрсөтүүлөрү | 1 оюн столу | 1000000 сом |
17) букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр | ставкаларды кабыл алуунун 1 пункту (касса) | 100000 сом |
";
4) 351-беренесинин 3-бөлүгү "салыкты эсептөөдө бильярд," деген сөздөрдөн кийин "оюн автоматтарын же компьютердик стимуляторлорду, казино, букмекердик же тотализатордук кызматтарды," деген сөздөр менен толукталсын.
6. Мындан тышкары "Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун төмөнкүдөй мазмундагы 7-берене менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз:
"7-берене.
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) кумар оюн мекемелери.".
7. Financial Action Task Force on Money Laundering (FATF) 28-сунуштамасына ылайык казинолор террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча зарыл болгон чараларды натыйжалуу колдонууну камсыз кылуучу ар тараптуу контролдоо жана көзөмөлдөө режиминде болууга тийиш (мындан ары - ТИК/ККЛ). Ушуга байланыштуу ТИК/ККЛ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербөө максатында кумар оюн мекемелерин, анын ичинде казинолорду ТИК/ККЛ субъекттеринин тизмегине кошуу зарыл.