Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июлу № 83
Объекттерди Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Элдик” мамлекеттик ишканасынын менчигинде турган объекттерди Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- өткөрүлүп берилип жаткан объекттерди максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- өткөрүлүп берилип жаткан объекттерди сактоону камсыз кылуу жана андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча донддун алдындагы “Элдик” мамлекеттик ишканасынын менчигинде турган, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеги
№ | Объекттин аталышы | Дареги жана жайгашкан жери | Объекттин идентификациялык номери | Жалпы аянты |
1 | Скважина | Жалал-Абад шаары, Ляля Бакиров көч., н/ж | 3-10-03-0016-0457 | 0,12 га |
2 | Жер участогу менен өндүрүштүк база | Жалал-Абад шаары, Ляля Бакиров көч., 1-үй (мурунку № 1 кирпич заводу) | 3-10-03-0013-0902 | 4,84 га |
3 | Бассейн | Жалал-Абад шаары, Ляля Бакиров көч.,№ 70 квартал | 3-10-03-0013-0903 | 0,27 га |
4 | Жер участогу менен өндүрүштүк база | Жалал-Абад шаары, О.Кошевая көч., н/ж (мурунку ; № 2 кирпич заводу) | 3-10-03-0010-0901 | 1,11 га |
5 | Жер участогу менен өндүрүштүк база | Жалал-Абад шаары, Промзона көч., 3к-үй | 3-10-01-0022-1618 | 5,04 га |
6 | Жер участогу менен спорттук бассейн | Жаплал-Абад шаары, Ш.Абдраманов көч., 4/1 | 3-10-02-0024-2460 | 0,23 га |
7 | Жер участогу менен турак эмес жай | Жалал-Абад шаары, О.Кошевая көч., 10 | 3-10-03-0013-0904 | 0,95 га |